presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атамбаевдин намазга жыгылышы талкуу жаратууда

Мамлекет башчысы
Кудайдан коркуш керекпи?
Президенттик жеңишинин расмий тастыкталышын күтүп турган Алмазбек Атамбаев 6-ноябрь күнү Курман айт намазына келип, куттук сөз айтып тим болбостон, он миңдеген эл менен кошо намазга жыгылды. Ал сөзүндө Кудайдын сотун эске салды:

- Жетекчилер сотко эң акыркы мойнуна чынжыр менен байланып чыгарылат. Бийликтегилер, эл башкаргандар ошону унутпаса. Жөнөкөй мусулмандар ал сотто жөн гана чыкса, эл башкаргандар мойнуна чынжыр менен байланып чыгарылат. Анткени жоопкерчилик өтө оор. Эл башкаргандар биринчи ирет элди ойлоп, Кудайдан коркуш керек.
Мурда-кийин Кыргызстандын президенттери айт намазга жыгылмак түгүл, жөн эле келип, куттуктаганы болбогон. Кээде гана аппарат башчысын жиберип, мамлекет башчысынын атынан куттук сөз окутуп койчу.
Бул сапар президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев дин менен мамлекеттин ушундай эриш-аркак болушун көптөн күтүшкөнүн он миңдеген момун мусулманга жар салды.
- Биз жыйырма жылдан бери тилек кылып, өз ара сүйлөшүп, айрыкча молдокелер, ажы акелер менен жолукканда, "кандай заманда эл башы, журт башчылар биз менен чогуу намаз окуйт" дечү элек. Кудай ошол заманды өзү алып келип жатат.
Бул окуя телеканалдар аркылуу кеңири көрсөтүлдү жана азыр да талкуунун өзөгү болуп турат. Атамбаев шайлоо маалында утур-утур Кудайды оозанганын мисалы, каршылаштары, жеңишке жетүүдө динди курал катары пайдаланды деп да айтышкан болчу. Дагы бир даары Кыргызстан светтик, динден ажыратылган өлкө болгондуктан, мамлекеттик жетекчилер өздөрүнүн диний ишенимдерин сыртка чыгарбашы керек деген ойду карманып турушат.
Маселен, укук коргоочу, "Фридом хаус" коомдук уюмунун өкүлү Алмаз Эсенгелдиевдин пикиринде, мамлекеттик биринчи адамдар көп конфессиялуу коомдо диний бейтараптуулукту сактоого тийиш.
- Эгер диний иштер Атамбаевдин кызматтык учурунда жасала турган болсо, бул туура эмес. Анткени ал бейтараптуу болуп, кайсы бир динди жактаарын ачык көрсөтпөшү керек. Бирок мындай иштер чакан чөйрөдө, жеке, же тууганчылык мамиле учурунда болсо, албетте, анын эч кандай жаман жагы жок. Бирок тескерисинче, кызматтык шартта, жумушун аткарып жатып жасаганы туура эмес. Биздин мамлекет светтик өлкө, кайсы бир диний ишенимди, же көз карашты жактоо болбошу керек.
Алмаз Эсенгелдиев Жогорку Кеңеште намазкананын ачылышын да мамлекеттин бейтараптуулук вазийпасы бузулушу катары эсептейт. Айтор, мамлекет башчысы болору күтүлүп жаткан Атамбаевдин динге ымаласы ал кызматына расмий отургандан кийин уланабы - азырынча белгисиз. Аны менен катар Кыргызстанда исламдын мамлекеттелишине жол ачылабы деген суроолор да пайда болуп турган чагы.
Кыргызстан дин эркиндигинен да алдыда
Айтмакчы, мамлекеттик мекемелер алдында намазга жыгылуу бул чөлкөмдө бир гана Кыргызстанда орун алган. Мисалы, коңшу Казакстанда өткөн айда мамлекеттик мекемелерде намазкана ачууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Кошуна жетекчилердин эл менен намазга жыгылганы да каттала электиги айтылууда.
Талдоочу Санжар Тажиматов Кыргызстан чөлкөмдөгү мамлекеттер ичинен динге көбүрөөк эркиндик берген өлкө катары саналаарын белгиледи.
- Кошуна мамлекеттердин башчылары совет мезгилинде партиялык иштерде иштеген адамдар да. Алар атеизмди көп окуп, ал катуу сиңип калган. Алардын динге болгон мамилеси азыркы талапка жооп бербейт. Ислам же христиан дини зордук-зомбулукка каршы. Динге болгон мамиле биздин мамлекетте салыштырмалуу туура жолго коюлган деп ойлойм.
Ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан жума намазга баргандардын саны жыйырмадан ашса, беш маал намаз окугандардын саны онго жакын экен. Мындан тышкары үч министр беш убак намазга жыгылаары белгилүү.
Заирбек Бактыбаев,
"Азаттык"




Макала алдындагы окурмандардын ой-пикири:
кимден: Улан каяктан: Санкт-Петербург
- Мамлекет башчылар динге нейтралдуулук көз карашта болуш керек деп Атамбаевди көрүп калыштыбы эми, Путин менен Медведев деле Христиан дининин ар бир чоң майрамында деле жүрбөйбү. Президент мусулман болсо, барып намаз окуп койсо анын эмнеси жаман экен.

кимден: БАЛА каяктан: РАША
Эң эле туура нерсе болуптур, ажобузга ыйман берсин, буюрса, жакшы болуп кетет. Атамбаевди тандап туура кылган экенмин...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
Эң сонун көрүнүш! Атамбаев Кудай алдында ыйманын тазартып намазга жыгылганы колдоого ала турган иш, Аллах өзү жолун ачсын, ата-бабалардын арбагы ак батасын берип, ак калпак кыргыз элин албан-албан жакшылыктарга алып барчу ажо болсун!

кимден: Марат каяктан: Ош
Алмаз Эсенгелдиев деген неме келжирептир. Аллах адамзатты светтик же светтик эмес деп жараткан эмес да. Президентпи, жетекчиби же бир жөнөкөй жумушчубу АЛЛАХтын алдында бирдейбиз, жолдош мусулмандар!

кимден: RUSMoscow каяктан: Москва
- Атамбаев азамат! Эми жолунан тайбай эле иштеп кетсе экен, негизи ар бир КР гражданини эркин, дин кармоого укуктуу, ал эми Атамбаевдин дини ислам болгону үчүн, ал өз динин кармоого жана өз дининин майрамдарын майрамдоого укуктуу, мисалы, башка мамлекеттин башкаруучулары (президенттери) дини эмне болсо ачык эркин эле майрамдашат го, мисалы, Орусиянын президенти, же АКШнын президенти чиркөөлөрүнө барып ачык-айкын эле, өз дининин парзын жана өбөлгөлөрүн аткарышып эле жүрүшөт го, бул укук коргоочу, "Фридом хаус" коомдук уюмунун өкүлү ар тараптуу көз караштарды айтып, карапайым элди күмөнгө салат, укпаш керек мындайларды! Кайра Атамбаев азамат! Элине-жерине көп-көп дуа кылып, Кудайдан аманчылык жана токчулук сурай бер демекчимин!!!

кимден: Жумабай каяктан: Кыргызстан
- Кудай өзү колдосун Кыргызстанды, эң сонун болду Президентибиз Курбан Айт намазга барып намаз окуганы.А.Атамбаевге күч-кубат, ден соолук, ыйман берип, Кыргызстанды алдыга жетелей берсин. Жашасын Кыргызстан!

кимден: Жаанбай каяктан: Талас
- Атамбаев намазга жыгылса туура эле болду!! Ал да кыргыз да. Бирок намазкананы ЖК га ачкандары уят эле. Анда баарыбызга (жумушка) уктоочу да бөлмө ачкыла дейли, аларга намазкана ачса???

кимден: Эрулан каяктан: Баткен
- Жетекчилердин намазга жыгылуусу бул жалгыз жакшы белги. Кыргызстанга кудай ырайым кылып жатат го. Кудайга чындап ишенген жана корккон адам гана адилеттүү башчы болот. Кептин баары чындап ишенеби же иши бүткөнгө чейинби.

кимден: Калыс каяктан: местный
- Айт намазында мен да площадда болдум жана Атамбаевдин кыямат күнү жоопкерчилик өтө оор болот деген сөзүн уктум. Бул туура сөз, эгер Атамбаев өзү да ушул сөздү терең түшүнсө, анда жакшылыктан үмүт кылабыз. Жетекчинин эл менен намаз окушу жакшы жышаан.Аллах кабыл кылсын! Ал эми "Фридом Хаустун" өкүлү элди дагы деле караңгы деп ойлойт окшойт. Ислам эпохасынын доору келип калганын Обама өзү да айтып жүрбөйбү.
-

-
-
-
- кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??