presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Талгарбековго чара көрүлөбү?..
Акаевдин доорунда Айыл чарба министрлигин жетектеп, айыл чарба тармагын нөлгө чейин талкалаган Бекболот Талгарбеков деген неме бар. Аталган тармакты майкандап бүткөндөн кийин Жалал-Абад облусунун губернатору дагы боло койгон. Бирок "эт менен челдин" ортосунда жүрүп, талкалагандан башка кыргызга эч бир жакшы иш жасап көрбөгөн эргул президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиевге буту үзүлгөнчө чуркап иштеген. Албетте, кимге чуркаганы маанилүү эмес. Кептин баары Талгарбековдун Ташиевдин менчик каналы делген Жалал-Абаддагы 7-каналдан чыгып алып, "түштүктүктөр келсе талкалайбыз деп түндүктө куралдуу күчтөр менен камсыздалган топ даярданууда" деп дөөрүгөнүндө болуп жатат. Мунусу аз келгенсип, ушундай кантип болсун деген өңүттө Талгарбековго "Айат" гезити суроо узатса, кайран эргул кебелбей туруп: "Шайлоонун алдында түндүктүн эли өздөрү чыгып, "түштүккө бийликти алдырбайбыз, эгер түштүктүк адам президент болсо талкалайбыз, дароо тактан кулатабыз" деп айтып чыгышты" - деп, кыргыз элинин ынтымагын ыдыратып, бүтүндүгүнө доо кетирген чагымчыл сөздөрдү сүйлөп отурат. Мээси шамалдап калганбы дейин десең, жакшынакай эле жүрөт. Элди бөлүп-жарган мындай "сасыткыларга" эмнеге укук коргоо органдары чара көрбөйт десең?.. Башкы прокуратура эмнени карап отурат?.. Анткени дал ушундайлар элдин, мамлекеттин бүтүндүгүнө жик салып, түндүк-түштүккө бөлүп, ачыктан-ачык кайраштырып жатат. Демек, мындайларга мыйзам чегинде чара көрүлүүгө тийиш. Болбосо, мамлекеттин бүтүндүгү, карапайым калктын ынтымагы тууралуу сөз кылып болобу?..


Курмановдун куру кыялы
"Ляппайчы" мурдагы спикер Зайнидин Курманов Апрель окуясынан кийин келген утурумдук бийликтен коркуп бир топ убакыт Маскөөдө жан сактап келгени эсиңерде болсо керек. Жаңы бийликтин ашкере айкөлдүгүн астыртан аңдап билген Зайникең Кыргызстанга кайтып келип, ар кайсы окуяга өз баасын берип акылдуусуна баштаганына жыл айланып баратат. Кечээ жакында дагы Курмановубуз казактарга барып, "Кыргызстан менен Казакстан бир мамлекет болуп, конфедерацияга биригиши керек"-деп оюна келгенин "оттоп" жибериптир. Баурдаштардын бир нече маалымат булактары Курмановдун бул куру кыялын баса калып, өзүнчө эле кызуу талкуу уюштуруп жибергенге үлгүрүштү. Демократия жолуна түшкөн өлкөбүздү көрө албаган кээ бир аткаминерлери "экономикасы өлөсөлүү Кыргызстандын бизге эмне кереги бар"-деп бизди жээрип ийген жерлери да бар экен. Орто Азиянын чыныгы демократиялык аралчасына эми чындап айланып, туура жолго түшкөн Кыргызстандын авторитардык башкаруудагы коңшубузга кошулушун каалаган Курманов түшүнөн чочуганбы деп көпчүлүк түшүнө албай турат. "Күн тийген жердин күкүгү" атыккан бул "окумуштуу чалыш" саясатчыбыз Нуракенин нуруна муктаж болгон окшобойбу?


Ичкен кудугуна кимдер жугунду куйду?
Кыргызстанда саясий этика дегениңди уруп-ойнобогон саясатчыларыбыз көп. Арасында Кыргызстан социал-демократтардын аркасы менен депутат болгон Исмаил Исаковду айтсак болчудай. Ажолук ат салышта Исмакең бакиевчил Мадумаровго жан тартып, көпчүлүк партиялаштарын катуу капа кылыптыр. Пайгамбар жашына келгенде Бакиевдер чыркыратып камап таштаганда Мадумаров эмес, Атамбаев арачага түшүп, ал үчүн социал-демократтар менен ата мекенчилер ачкачылык жарыялап, акыр-аягына чейин туруп бергенин эсинен чыгарып койсо керек.
Ал эми КСДПнын 51-тизмесиндеги Бактыбек Аманбаев деген эргул МАКтын басма сөз кызматында иштеп, Атамбаевдин үстүнө кандай гана жугундуларды куйган жок.


Ташиевге таң калбагыла!
Биздин саясатчыларда бүгүн башкача, эртеси башкача сүйлөгөн эки жүздүүлүк жакшы өнүккөн. Мына, кайран Камчыкең: "кызмат бийлик үчүн эч кандай соодалашууга барбайм... өкмөттүн курамына илинели деп улкунуп, жулкунбайбыз" - деп, урдуруп жатат. Дегенибиз, кечээки парламенттик шайлоодо "коалиция "Ата-Журт" партиясы жок түзүлбөйт" - деп ар кандай интригалык оюндарды жүргүзүп, улкунуп, жулкунуп соодалашып, гезит-журналдарга чейин бөлүп алганын унутуп калганына тобо дейсиң. Эми эртең коалиция тарап, кайра түзүлө турган болсо, эң биринчилерден болуп дал ушул Ташиев соодалашып, кыйкырып чыкса таң калыштын кереги жок. Анткени табият берген жөндөмдү Ташиев кантип колдонбой отурсун.




  Жоопкерчиликсиз саясат...

Жараксыз көмүрдү алып келгендер жазаланабы?
Бишкек жылуулук борборуна Казакстандан алынып келинген Кулан көмүрүнүн радиоактивдүүлүгү боюнча Мамлекеттик санитардык эпидемиалогиялык көзөмөлдөө департаментинин башкы директору Төлөн Исаков: "Биз өзүбүздүн лабораторияларыбызда изилдөөлөрдү жүргүздүк. Алгач, үстүртөн карап, кийин тереңдетилген экспертиза өткөрдүк. Анда радиоактивдүүлүктүн деңгээли 8-10 эсе жогору экендигин көргөздү. Ал көмүр калориясы аздыгынан эмес, дал ушул радиоактивдүүлүгүнүн жогору болгондугунан колдонууга жарабайт"-деп билдирди маалымат жыйынында.
Эске сала кетсек, элди бушайманга салган бул Кулан көмүрү 8 миңден ашык тонна. Буга чейин белгилүү болгондой, бул көмүрдү Энергетика министрлиги арзан баада алып, ортодо акча жасашкан деген маалымат чыккан. Бул алешемдик ишке спикер Келдибековдун катыштыгы бар экендиги да айтылып келет. Келдибековдун казактардын арзан бул көмүрүн алып келүүгө буйрук бергенин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов айтып чыккан эле. Ал эми Келдибеков өзүнүн артына "калбыр болуп байланган" бул маселени көндүм адатындай так секире түйүлүп, танып чыккан болчу. Кыскасы, кыргыз саясатында мындай көрүнүштөр арбын. Ошого жараша, андай азапка салган саясий оюндардын "ардактуу аксакалдары" да барган сайын азаймак тургай, тескерисинче арбып эле баратат. Ал эми Келдибековдун мындай жагымсыз маселелерге жигердүү салым кошуп келатканын эч ким жокко чыгарбас.
"Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, эл башкарган биздин атка минерлер мындай иштерден акча жасабаса, төөнүн куйругу жерге тийип, күн төбөдөн чыгып кетпейби? Пайдаланууга жараксыз болуп чыккан бул 8 миңден ашык тоннага кеткен кызылдай акчаны ким ордуна тургузат? Жараксыз көмүрдүн саткан казактарбы же арзанына качырышкан, ортодо акча жасашкан биздин атка минерлерби? Албетте, жоопкерчилик биздин чиновниктерде экени Эштекбайдын энөө баласына да дайын. Атайы түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыкканда ал жараксыз көмүрдүн канча бир тоннасы карапайым калкка сатылып кеткендиги айтылууда. Ураны көп Кулан көмүрү экенин билбеген бир топ адамдар көмүр алганына сүйүнүп, жагып баштаса эле, ал уу көмүр, мештердин элегин күйгүзүп салган экен. Элегин эптеп камдап, эми көмүргө жеткен карапайым калкка ким элек сатып берет? Келдибековбу же Энергетика тармагын эптей албай жаткан Шадиевби? Ошентип, ден соолукту талкалагандан тышкары Кулан көмүрү очокторду кошо оңдурбай жаткан экен. Буга ким күнөөлүү? Деги жараксыз көмүрдү алып келген чиновниктер жазаланабы? Же тайраңдап, ушинтип элди "оюнчук" кылып ойной беришеби? Адатта, биздин өлкөдөгү мындай иштер, жең ичинен бүтүп калчу эле. Бул жолкусу деле ошондой болуп калышы толук ыктымал. Себеп дегенде, Келдибеков өзүнө жабышкан мындай чырлуу иштердин жигин билгизбей жайгарып койгонго чоң уста эмеспи.

Айбек Шамшыкеев



Фабула гезити
кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??