Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Менин Түгөлбайым
Түгөлбай жөнүндө басма сөздө азыр кызуу куттуктоолор менен шаңдуу пикирлер анын 60 жашка толгонуна байланыш байма-бай чыгып жатпайбы. Аларды жазгандардын бардыгы аны кийин Түгөлбай Казаков болгондо көрүп-билип таанышкандар. Эми ошол адамдар менен катар болуп, үзөңгү кагыша өзүн обончу, ырчы эле эмес адабиятчы, саясатчы, журналист, дегеле бүгүнкү күндүн нарктуу, барктуу адамы болуп өскөн Түкө тууралуу аны бармактайынан билген мен ооз ачпай калганым арбак-кудайга да жакпасына ишенем.

"Уядан эмнени көрсө, учканда ошону кылат" демекчи, Эсен, Аман, Түгөлбайлардын ушунча даражага жетип, эл уулдары болуп өсүшүнө садасиндеги жигердүүлүк менен Бермет апанын эмгегин баалоо менен сөзүмдү баштаганым оң деп турам.
Табиятынан сыпаа, көп сүйлөбөгөн Бермет апанын өзүнүн да садиси күчтүү, ак сөөк тукумунан тура. Тарбиянын башатын ошол үч уулу энесинин эмчек сүтүнөн эле ала башташкан тура, көрсө.
Айыл жергесинде, өзгөчө өткөн кылымдын 50-60-жылдарында айылга жаңылык аялдар аркылуу таратылчу. Ал "жаңылыктар" көбүнчө "местный значение" болуп, "Ким айтты? Баланча айтты" делинип айылга Таластын атыр жыттуу абасы менен кошо тарала берчү. Кээде маалымат булагын" издешип абысындар болобу, курдаштар болобу "бои местного значенияга" да тартылып кетишер эле.
Кудай акы, бир да жолу "Бермет айтты" дегенди уккан жокпуз. Ал апабыз өзүнүн табият берген сыпаалыгы менен тазалыгынан өзөк сөзгө аралашпачу тура.
Мени адабият, поэзия деген укмуштуу дүйнөгө Керим байкем ээрчитип келген күндөн баштап, Эсен байке жакындатты. Жакында эле 70 жылдыгын белгилеген Эсекемди кутман курагы менен чын дилимден куттуктап, өмүрдүн узунун, бакыт-таалайдын бийигин каалайм.
Эсен байке өзү мектеп окуучусу боло туруп, колхоздун музоолорун бакты. Кийин Аман менен Түгөлбайды окутуп, өзү айылда калды. Айыл чарба институтун сырттан окуп бүтүрдү. Аттиң ай, турмуштун айынан адабиятка аралашпай калган Эсен байке ыр дүйнөсүн кесип кылып кеткенде "мен" деген акындардын алдыңкы катарында жүрөт эле деп өкүнөм. Өзү өкүнбөйт. Аман менен Түгөлбайдын ийгиликтерин өзүнүкүндөй көрүп, эки иниси менен сыймыктанат. Ошого топук кылат. Бул дагы Бермет апанын насилинен өткөн касиет.
Аман ыраматылык менен удаа өстүм. Өздүк көркөм жана адабий ийримдерге чогуу катышып жүрдүк. Ал тууралуу жакында шакирттери чыгарган китепке "Азыр Аман тирүү болгондо" деген макалам чыкты эле, кайталабайын.
Мен Токтогуловдордун үчөө менен тең жакын болгон экенмин. Эң кичүүсү, азыр сөз кылып жаткан Түгөлбай да өзүнөн узун комуз менен Сүйөркул Ысманкулов агайдын жетекчилигинде Аттокур Челекбаев экөө күү чертишчү. Бул үчөөнүн узун-кыскалуу ошол ансамбли биз койгон концерттерди көркүнө чыгарып жиберер эле.
Жакуттай түпсүз мухит катып алган,
Жадымда түн сүйүүнүн аты калган.
Оргутуп кыялымды. Жүрөгүмдү,
Ооруткан он алты жаш асыл арман. - дегендей, 1962-жылы сүйүү темасындагы алгачкы "Тун сүйүү" деген ырымды жазганда Түгөлбай 11 жашта экен азыр эсептесем.
Мактанбайын, бирок ошол ырым "Боз улан" деген ырдын обону менен Көпүрө-Базардын жаштарына тарап кетиптир. Мен кой багып, аскерде жүрүп, анан милицияга иштеп кеткен мезгилдер ичинде Түгөлбай да жетилип "Алтын балалык", "Элегия" ырлары менен оозго алынып калган эле. Айтмакчы, мен кой багып жүргөндө Түгөлбай, маркум инилерим Зардал, Мыктыбек, Токтобайлар келишип, өзгөчө, жазда мил көк кууганда кол кабыш этишип жүрүштү. Аскерде Түгөлбай менен кат алышып турдук. Темама кайра оролоюн.
1972-жылы 28-ноябрында менин кайним Азим Кудайбергенов үйлөнгөн тойго айылдаш катары Түгөлбай да катышты. Ошол күнү Асан Керимбаев (кийин Асанкалый болду) менен тааныштырды, чогуу бардык. Кудай бетин салбасын, Түкөң жаңыдан дүркүрөп, азыр мен атаган эки ыры бүгүнкүчө айтканда шлягер болуп турган чагы. Тойдогу келин-кыздар аны бура бастырбайт.
Ошол тойдо "Алгачкы махабат" деген ырды биринчи уктум. Ал менин ырым "Тун сүйүү" болчу. "Ушул ырдын автору азыр арабызда олтурат. Жоке, туруп коюңузчу" - деп Түгөлбай менин да арбайымды көкөлөтүп салганы.
- Ырыңа обон чыгардым деп айтып койбойсуңбу - десем:
- Өзү милиция болсо, ыр жазат экен деп сага көз тийип кетпесин дедим - деп "Караколдун какырагына" (бул да өзүнчө фольклор) салып барып - обон жагабы жакпайбы, элдин элегинен өткөрүп көрөйүн дедим - деген жообун узаткан.
"Каракол" колхозунун башкармасы Ырысбек Айдаралиев жаңы салдырган маданият үйү Талас өрөөнүндөгү бир эле мыкты имарат болчу. Ага караганда Талас шаарындагы маданият үйү комсоо эле.
Эсен байке аскерден келип, айылдагы маданият үйүнө жетекчи болду. Мына ошондо бир гүлдөдү биздин айыл. Эсекемдин жубайы Гүлбүбү Таштаналиева, комузчу Жунуш Аликеев (Малик Аликеевдин атасы), зоотехник Эсенбек Абдылгазиев, мугалим Сүйөркул Ысманкулов, тракторчулар Сапарбай Райымбеков, Жаныш Осмонов, чабан Койчубай Сагындыков, электрик Аскербек Касымбеков, мектептин окуучулары Жоробек Бусурманкулов, Түгөлбай Казаков болуп, өзөгүн түзгөн ошол жамааттын ичинде жаш чабан мен да болгонума дагы эле сыймыгым зор. Ошондо Эсен байке алдырган эки аккордеондун бирин иним маркум Жоробек - бир түн кыйкылдатып олтуруп, биринчи үйрөндү. Андан Түгөлбай үйрөнүп, айылыбызда эки аккордеонист бир жумада пайда болду (Түгөлбай мурда гармошка тартчу оңой эле өздөштүрдү көрүнөт). Кимибиз ырдасак да ушул экөөсүнүн бири тартып беришчү.
Түгөлбай да агаларындай эле поэзияга жакын болорунан шегим жок эле. Бирок жазганын окуган эмесмин. Бир күнү ал мага жардам берип, кой кайтарышты. Айылдын четиндеги таш короого оторду камап, атам менен кичи апама калтырдык да Түгөлбай экөөбүз айылдагы үйгө жөө келе жатканбыз. Заматта алай-дүлөй түшүп, кар бурганактап жиберди. Мен Түгөлбайга:
- Бурганак жөнүндө ыр жазса эмне деп баштаса болот десем эле:
- Кара жерди капталына урган ак,
Апчып алды аалам бетин бурганак - деп таман астынан эки сапты айтып салганы. Оозум ачылып калды. Анан: бул темаңа киришпейин Түгөлбай, эмне кылам сенин сөзүң бурмалап - деп эптеп кутулуп кеттим, эсиме келгенде. Кара күүгүмдө бурганак беттеп, өтүктөрүбүз ичине чейин суу болуп, көлчүлдөп келаткан каргадай эки бала өзүбүздү ошол Кан-Туугандын жолунда келаткандай сезбей, адабият, поэзия деген сыйкырдуу дүйнөнү аралап жүргөндөй көргөн экенбиз. Ошондо Түгөлбай 13 жашта, мен 18 жашта элек.
Бала чактан бир өскөндүктөн го, Түкөмдү азыр да бир боорумдай көрөм. Ийгиликтерине жетине албай кубана, турмуш эмесин, башына кыйынчылык келгенде ийинимди тосуп, жанында тура албай калган учурларымда өзүмө нааразы болом.
Түгөлбайдын мен ыраазы болгон дагы бир касиети анын топуктуулугу. Ал чыгармачылыгында да ушул калыбынан жазган жок. Обондору калк арасына сиңип кеткенден кийин ырчылык, обончулугуна чекит коюп салды. Себебин сураганымда:
- Улам кийинки чыгарганың мурдагыларыңдан басымдуу, бийик, мыкты болбогон соң, токтотуп эле койгон тура. Алар жеткен бийликти ала албаган алешем ырлар өлүү түшкөн кулундай болорун сезгенде обончулукту токтоткон абзел деп таптым. Элдин табитин бузгум келген жок - деп айтты эле.
Ошонусу абдан туура болгон экен. Түгөлбайдын чыгармачылыгы оболоп чыккан бийиктеги ак жылдыздай бойдон калганы да ошондон. "Лампочка жылдыздардын" арасынан мен аны элестете албай койдум. Ал жеткен бийиктик кол жеткис.
Жолдошбек
Бузурманкулов