Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Саресеп...

Президент аныкталып калды, коалициянын тагдыры кандай болот?

"Той болот, тойдун эртеси да болот" демекчи, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан президенттик шайлоо аяктап, эл өз тандоосун жасады. Көпчүлүктүн добушун алган Атамбаев ажо болуу бактысына ээ болду. Бул да болсо карапайым калктын тандоосу жана кудайдын каалоосу экенин моюнга алыш керек. Себеп дегенде кудайдын каалоосунан улук чындык жок. Башкача айтууга мүмкүн эмес. Анткени тагдыр насип кылбаса, Атамбаев канчалык административдик ресурс колдонгон күндө да, президенттик шайлоодо утуп чыга алмак эмес. Андыктан Атамбаевдин атаандаштары Мадумаров, Ташиев баш болуп айтып жаткан административдик ресурс маселеси - жөн гана шылтоо. Анын үстүнө жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар, серепчилер деле шайлоо таза өттү деген көз караштарын билдиришти. Демек, утулуп калган талапкерлер ич күйдүлүктөн жогору туруп, каалашабы, каалашпайбы Атамбаевдин жеңишин таануудан башка жол жок экенин жигиттик кылып туура түшүнүшү парз.
Ооба, кимге болбосун жеңилүү ыза менен коштолуп, ачуу кабылданат. Бирок аны татыктуу көтөрө билүү да эрдик. Себеби жарышка түшкөндөрдүн сөзсүз бирөө утат, калгандары утулат. Тээ алмустактан бери келе жаткан жаратылыш мыйзамы ушундай. Татыктуулар менен ийгилик жылоологондор гана мөөрөй алат. Бул жолку ийгиликтин тараза ташы Атамбаевге ооду. Муну танып болбойт. Ал эми жеңиштин түпкүлүгү кандай болот аны мезгил таразалайт. Анан бир кудай билет. Бүгүнкү күндө болсо, кыргыз элинин биримдиги менен мамлекеттин бүтүндүгү баарынан маанилүү. Мындай жагдайды аламан жарышка чыгып, марага жетпей калышкан амбициясы ай чапчыган атка минерлер туура кабылдап, президенттик так мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан бийик турбасын түшүнгөндөрү оң. Албетте, президенттик кызмат бирөө. "Чуркаган эмес, буюрган алат" дегендей, ал Атамбаевге буюруп отурат. Эмнеге Атамбаевге буюруп коёт деп андан кыйкым издөө карапайым адам түгүл кудайга жакпайт. Мына ушул нерсени токтотуш керек. Ызы-чуу менен коштолгон митинг-пикеттен майнап чыкпасын утулуп калган Мадумаров, Ташиевди жактаган жарандар дагы билиши шарт. Баары мыйзам чегинде чечилиши кажет. Көк союл көтөрүп жол бууган ыкма менен маселе чечебиз деген туура эмес. Өзүн жана мыйзамды сыйлаган жарандар мындай терс кадамдарга барбайт. Конституциялык укугумду пайдаланып, добуш бере албай калдым дегендер, укугун сот аркылуу коргошу зарыл. Ошондой эле, шайлоо таза өткөн жок, шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарыш керек деп кайсы бир талапкерди жактагандар да мыйзамдын алкагынан чыкпашы абзел. Анткени добуш бере албай калгандар жана шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп шайлоону жокко чыгарууну талап кылып жаткандар, өз тандоосун жасаган миллиондон ашык элдин укуктары эмне болот дегенди дагы ойлонушу милдет.
Калп айткан менен болобу, ушул жагдайды Камчыбек Ташиев туура кабылдап, бардык маселе мыйзам чегинде чечилиш керектигин айтып, нааразычылык акцияларын уюштуруудан баш тартты. Буга чейинки, "шайлоо жыйынтыгын тааныбайм, шайлоону жокко чыгарыш керек. Болбосо, миллиондогон эл көтөрүлөт. Мамлекетте жаңжал башталышы мүмкүн" - деп, БШКны омуроолоп, "Ормон" опузага салган курулай дооматтарынан кайтты. Мындай жагдайды Камчыбек мырза: "Элибиз кырдын учунда турганда, дагы бир ызы-чуунун кереги жок деп эсептейм. Ошондуктан баарыңыздарды сабырдуулукка, бардык аракеттерди мыйзамдуу нукка салууга чакырам. Мен шайлоону шылтоолоп, ызы-чуу чыгарбаймын." - деп түшүндүрүп, жигиттик кылды. Бир эсептен, болгону 14 пайыз добуш алганына карабай, кадырын кетирип кечке эле ызы-чуу кыла бергенден уялды көрүнөт. Анын үстүнө азганактай топтон башка, жалпы республика боюнча колдоо таба албасын билди. Колдоо табыш үчүн ошончолук кадыр-барк керек. Андай аброй Ташиевде азырынча жок. Келечекте болобу болбойбу, айтуу кыйын. Экинчиден, мындай кадамы аркылуу саясий упай топтоп, өзүнүн ордун, өзүнүн жүзүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурат. Себеп дегенде, келечекте дагы көптөгөн шайлоолор болот. Бүгүнкү күн менен эле жашоо токтоп калбайт. Андыктан кийин дагы шайлоо катышыш үчүн жер карабаганга жүз керек. Бир жагынан жергиликтүү жана абройлуу эл аралык байкоочулар, саясий уюмдар түгүл АКШ, Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Грузия, Турция сыяктуу бир топ мамлекет башчылары Атамбаевдин жеңишин таанып куттукташканы, каалайбы, каалабайбы Атамбаевдин жеңишин таануудан башка жол жок экенин туюнтту. Дал ушул нерселер Ташиевди эсине келүүгө аргасыз кылып отурат. Демек, Ташиев үчүн чыр чыгарып элге жек көрүндү болгондон көрө, майлуу бир кызматты устуканына алып, келерки шайлоого чейин жылуу-жумшак отурганы оң болуп жатпайбы. Муну Камчыбек мырза деле түшүнүп турат.
Ал эми Адахам Мадумаров тууралуу айта турган болсок сөз башка. Бул жигит учурда саясий аренадан аут болуп кетпөө аракети менен алек. Ошол себептен, Мадумаров үчүн митинг-пикеттин болуп турушу кызык. "Атың чыкпаса, жер өрттө" дегендей, жаман да болсо убактылуу аты чыгып турат. Болбосо, Мадумаровдун оозу менен оргондон башка колунан эч нерсе келбесин карапайым калк түшүнүп бүттү. Андыктан аймактык, жердешчилик менен ооруган айрым бир ууч топ АКМди куру намыс кылып колдобосо, жалпы Кыргызстан элинин дээрлик көбү колдомок тургай, атын уккусу деле келбейт. Ошол себептен, араңдан зорго 14 пайыз добушка ээ болуп отурат. Ошого карабастан, эптеп нааразычылык акцияларын уюштуруу аркылуу бийликке кыр көрсөтүп, майлуу кызматка жетүү үчүн соодалашуу керек. Адахамда мындан башка жол жок. Себеби шайлоо учурундагы жорулбаган түшкө окшогон тумандуу жөө жомоктору менен (Маселен, мен президент болсом мигранттар Кыргызстанга кайтат дейт. Бирок миллионго жакын мигрант кайтып келсе аларга кайсы жумушчу орундарды таап берери белгисиз) элдин башын айлантчу учур алыстап барат. Экинчиден, Атамбаевдин жеңишин жогоруда айткандай бир канча өлкөнүн жетекчилери таанышты. Демек, Мадумаров дагы Ташиев сыяктуу эле устуканына бир кызмат алып, каалайбы, каалабайбы Атамбаевдин жеңишин таануудан башка аргасы жок. Антпесе, "иттен жок, же ит байлаган жиптен жок" "саясий өлүккө" айланып калышы мүмкүн. Мындай көрүнүш мансапты баарынан бийик койгон Кимсанбай ажынын уулуна зарыл эмес. Коомчулуктун көңүл сыртында калгандан көрө, бийлик эшалонуна жармашып жүрүүдөн өтөрү жок. Адахамды мындан бөлөк башка эч нерсе кызыктырбайт.
Эми Баш мыйзам боюнча Атамбаев президенттик кызматына киришкенден кийин коалиция тарап, кайра жаңы коалиция түзүлүшү керек. Учурда дал ушул коалициялык көпчүлүктүн кандай түзүлөрү коомчулукта чоң кызыгуу жаратууда. Саясий эксперт, талдоочулардын пикиринде, коалициялык көпчүлүк 3-4 вариант боюнча түзүлүшү ыктымал экендиги айтылууда. Биринчиси, учурдагы коалиция кандай болсо ошондой калып, Акматбек Келдибеков ордун сактап калат. Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы болуп бекип, айрым бир министрликтерде гана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Экинчиси, азыркы коалиция кеңейип, анын курамына "Ар-Намыс" фракциясы кирип, "Ата Мекен" фракциясы оппозицияда калат. Спикер ордунда калып, өкмөт башчысына Бабанов, биринчи-вице-премьер-министрликке Темир Сариев барышы ыктымал. Ошондой эле, башка дагы министрликтерде жылышуулар орун алат. Үчүнчүсү, коалиция кайра түзүлүп, анын курамына КСДП, "Республика", "Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракциялары кирип, "Ата-Журт" фракциясы оппозицияда калышы толук ыктымал. Көпчүлүк саясий серепчилердин пикирине караганда, дал ушул варианттын негизинде коалиция куралышы мүмкүндүгү көбүрөөк сөз болуп жатат. Андай болсо, Өмүрбек Текебаев спикер болуп, Бабанов дале болсо премьер-министр болуп калууга аракет кылат. Өкмөт курамында чоң өзгөрүүлөр болот. Төртүнчү вариант, КСДП, "Республика", "Ар-Намыс", "Ата Мекен" фракцияларынан жаңы коалиция, жаңы өкмөт куралат, бирок спикерликке дагы, премьер-министр кызматка да таптакыр башка адамдар келип калышы мүмкүн.
Бирок коалиция кандай болуп түзүлбөсүн, эң чоң күрөш премьер-министрдин кызматы үчүн жүрөрү күтүлүүдө. Азыркы тапта коалицияга кайсы фракциялардын кирери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учуру. Ошондон улам, Акматбек Келдибеков спикерлик кызматын сактап калуунун аракетин көрүп жандалбастап жатса, Өмүрбек Бабановдун кантип өкмөт башчысы болом деп түн уйкусу бөлүнүүдө. Экөө тең депутаттардын көңүлүн алуу менен алек. Ортодо депутаттардын чөнтөгү жакшы эле калыңдаганы турат. Ошондой эле, премьер-министрликке көз кызарткандардын арасында Феликс Кулов, Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Чыныбай Турсунбеков сыяктуулар бар.
Ошону менен катар, министрликтердеги өзгөрүүлөргө көз салып көрө турган болсок, Тышкы иштер министрлигине Аликбек Жекшенкулов, УКМКнын жетекчилигине Руслан Казакбаев, Транспорт жана коммуникация министрлигине Иса Өмүркулов, Бишкек мэрлигине Нариман Түлеев, болбосо тескерисинче Иса ордунда калат, Түлеев Транспорт жана коммуникация министрлигине, Темир Сариев 1-вице-премьер-министрликке же Каржы министрлигине, дал эле ушул эки орундун бирөөнө Акылбек Жапаров барышы мүмкүн. Мындан башка дагы бир топ министрликтерде орун алмашуулар күтүлөт. Ал эми президенттин админстрция башчылыгына Ош облусунун мурунку губернатору Аалы Карашев барары айтылууда.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу