Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Чачыла…

Асема драматург болобу?..
Алгач актриса катары коомчулукка таанымал болуп, кийин ырчылык өнөрдү да аркалай калып жүргөн Асема эми сценарий жазып, драматург болгону жатыптыр. Буга чейин кыргыз элине белгилүү болгон кайсы бир жазуучунун чыгармасын иштеп чыгып, эми кино тартабыз дегенде автор макулдугун бербей койгон экен. Учурда Асема жаңы бир чыгарманын үстүндө иштеп, жакында даяр болгон сценарийин кино тартканы турат. Буга чейин ырчылардан Айгерим сценарий жазып, кино тартты эле. Эмки кезек кайсы ырчыныкы болду экен? Дегеним, киного эл агылып келе баштаганы, ырчылар да акча табуунун айласын көрө башташкан окшойт.

Айгеримден жаңы ыр…
Актриса, ырчы, сценарист болгон суйкайган сулуу Айгерим Расул кызы "Братандар" тасмасын тартып, көрөрмандардын сынына коёру менен, ырчылык өнөрүн колго алыптыр. Дегеним, Айгерим учурда жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө иштеп жатат. Жаңы жаздырып жаткан ыры сүйүү темасында. "Көптөн бери кино жаатында жүрө берип, ырчылыгыма көп көңүл бурулбай калды. Эми муну да колго алганы жатам. Азыр жаңы ыр жаздырдым, сүйүү темасында. Кандай аталаарын азырынча сыр кыла турайын. Бул жагы күйөрмандарым үчүн табышмак болсун"- дейт ырчы.

Нурлан Насиптен жаңы клип…
Акыркы кездерде чыгармачыл жаатта тынымсыз эмгектенип, талыкпаган эмгегинин арты менен өзгөчө популярдуулукка ээ болуп бара жаткан жаш эстрада ырчысы Нурлан Насип жакында эле Казакстандын Алматы шаарына барып, учурда жаштар арасында хит болуп жаткан эки ырына клип тарттырып келди. Учурда монтаждоо иштери жүрүүдө. Буюрса, жакынкы күндөрү экран беттеринен көрүп калабыз.

Добр мигранттарга ыр арнайт…
"Алга кыргыз, алга!" деп, улуттук сезимди козгогон ырларды ырдап жүргөн жаш рэпер Добр чет жерде иштеп жан багып жүргөн биздин боордошторго арнап "Мигрант" деген ыр чыгарууда. "Бул ыр биздин чет жердеги боордошторго арналат. Бардык адам өз Мекенин сагынат эмеспи. Алардын жашоосу жеңил эмес экендигин баарыбыз эле билебиз. Менин жаңы жазып жаткан ырымда ушул көйгөйлөр камтылган"- дейт ырчы.
Даярдаган
Жаркынай
Кадыркулова