Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Султан Жумагулов, "Азаттык" үналгысынын жетекчиси:
"Журналисттер - коомдун
санитарыбыз, биз бечара..."
- Журналистиканын коомдогу орду кандай болуш керек?
- Журналистикасыз коомдук өнүгүүнү, дегеле жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Адам, коом эркин болууга тийиш, ал эми журналистика - эркин коомдун кычкылтеги. "Кычкылтек" дегенин илгери эле америкалык бир атактуу журналист айткан, аны мени ойлоп тапты дейсиңби, бул сөздүн маанисинин тереңдиги мурда анча сезилчү эмес, эми ошонун чындыгына көзүм жетти. Журналисттер коомдогу окуяларды, жаңылыктарды боёбой бергенди, ошол окуяларды терең талдаган инсандарга орду менен сөз бергенди билсе, журналистиканын баркы өсөт, коом алдындагы муратына жетип жаткан болот.
- Бүгүнкү күндөгү массалык маалымат каражаттарынын деңгээли сизди канааттандырабы?
- Мен эми эл аралык журналистиканын "дасторконунан" азыктанып калган, "алчы-таасын" жеп калган журналистмин. Ошондуктан дайыма сынчыл көз караштамын. Кээ бир ашыналарым жазып калат, эми бул Жумагулов акылдуусуна берет деп. Ооба, акылдуу, тажрыйбалуу экеним анык. Ошол тажрыйбамды кийинки кесиптештериме сиңирип кетсем деп чырылдаганым да чын. Ар ким өз тармагында билгенин, тажрыйбасын кийинки муунга өткөрүүгө тийиш, ошондо коом алдындагы, кесибибиздин алдындагы парзыбызда өтөгөн болобуз.
Дүйнө ачык болгонуна жараша журналистика да ааламдашып баратат, атаандаштык космостук ылдамдыкка чыкты. Көп тилдүү, мульти же универсал журналисттер саябанга чыгууда. Мульти дегеним - радиого да, телеге да, интернетке да жараган репортёрлордун заманы келүүдө. Кыргыз журналисттери да ушул тенденцияга батыраак ыңгайлашы керек болот.
- Кыргыз гезиттерине болгон көз карашыңыз кандай?
- Эл аралык өңүттөн алганда, кыргыз гезиттери али калыптануу жолунда. Региондук өңүттөн алганда, кыйла алдыга кеттик, анткени каалаганыбызды каалаганча жазабыз, "согобуз". Бирок жоопкерчилик жагынан өксүп калдык. Адамдын убалына карабайбыз, анын үй-бүлөсү, жакындары бар экенин көңүлгө түйбөй согобуз. Мен да кезинде "Асабадан" көрбөй-билбей, тактабай туруп, согуп алуу өнөрүнө ээ болгом. Бирок ал кез романтикалуу заман эле. Андан бери доор өзгөрдү, сөздү, сынды орду менен салабаттуу айтчу кез келди.
Сөз деген ок да. Ал ок эртең айланып келип, өз башыбызга, же жакындарыбыздын башына тиерин этибар албай жатабыз. Биз бири-бирибизди тырпырата баса калып, койдой мууздай салган "касапчылык" салтты коом ичине сиңирип жатканыбызды билип туруп эле жасап жаткандай сезилет. Кээ бир кесиптештерим айтып калат, коом ушундай болсо эмне кылайын деп. Бирок журналисттер интеллигенция катмарына кирет, ал деген коомду ээрчибей, ээрчитиши керек, прогрессивдүү ойлорду алып келиши керек.
Албетте, жаманчылыкты, кыянатчылыкты, жемкорлукту сөз жок ашкерелөөгө тийишпиз, ансыз журналистика журналистика болбой калбайбы. Бирок андай нерселерди сөгүп-сакпай, жамандабай туруп, фактылар менен ачып берели.
- Журналисттерге болгон каалоо-тилегиңиз...
- Журналисттер - коомдун санитарыбыз, биз бечара каерде болсо да жүрөбүз. Же байып кеткенибиз жок, бир фанаттарбыз да. Журналистика - бул кесип эле эмес, бул тагдыр. Бул сыйкырдуу сөз, касиеттүү сөз. Арыбайлы, достор, бизсиз бир да коом жашай албайт, ошон үчүн дайыма чыйрак бололу! Баарыбызга өмүр каалаймын.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев




Орозбек Молдалиев, саясий серепчи:
"ЖККУда бир пикир жок"
4-ноябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун жыйыны өттү. Буга байланыштуу президенттик аппараттын анализдөө бөлүмүнүн башчысы, саясат таануучу Орозбек Молдалиев "Азаттыкка" маек курду.

- Жыйында Борбор Азиядагы коркунучтарды алдын алуу темасы да талкууланары айтылып атат. Кандай коркунучтарды көрүп жатасыз?
- Борбор Азиядагы коркунучтар ЖККУнун ар бир жолугушуусунда эле күн тартибине коюлат. Бул көнүмүш тема болуп калды. Дайыма эле терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды ташууга каршы күрөшүү маселелери көтөрүлөт. Бирок өтө жакшы иш-чаралар жасалбай жүргөнүн мойнубузга алышыбыз керек.
ЖККУнун таасирдүүлүгү жөнүндө эксперттер тарабынан көптөгөн сын пикирлер айтылып жүрөт. Андай сын пикирлердин көбү негиздүү. Жайында өткөн бейформал саммиттин учурунда уюмдун таасирдүүлүгүн күчөтөлү деген маселе көтөрүлдү. Бирок кандай кылып көтөрөбүз, эмне кылабыз деген маселе дагы деле күн тартибинде турат.
Ал эми бул жолку жолугушууда "мындан ары эл аралык, ички маселелер боюнча ЖККУ бир пикирде чыгып жүрөлү" деген негизги болгону турат. Себеби НАТО биргелешкен пикир, билдирүүлөр менен чыгып жүрөт. Бул жакшы нерсе, бирок ал үчүн бирдиктүү саясат болуш керек. Ошол саясат кандай жол менен биригет - анын механизми ойлонто турган иш. Анткени ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бирөө да азыр демократиялык мамлекет боло элек. Демократиянын жолундагы мамлекеттер десек болот.
- Жыйында негизинен ЖККУнун ишин жакшыртуунун жолдору талкууланат экен. Уюм кандай реформаларга муктаж?
- Негизи уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди чечиш керек. Анткени ар бир саммит болордун алдында эле Москва менен Минсктин ортосунда нааразычылыктар чыга калат. Мисалы, Абхазия менен Түштүк Осетияны тааныйм деп убада берип коюп, Минск тааныбай койгон. Тажикстан болсо "аскер базалардын баасын төлөп бергиле, ошону чечип бергиле" деген маселе коёт.
Кыргызстанга былтыр "июнь коогалаңында жардам беребиз" деп сөз жүзүндө айтылган менен, кийин жардам сурап кайрылганда ЖККУдан оң жооп болгон жок. Кийин уюмдун баш катчысы Бордюжа бул Кыргызстандын ички иши болгонун айтты. Өзбекстан, Казакстан жана кошуна мамлекеттерден бизге келген гуманитардык жардамды ЖККУ берип атат деп ошону менен алдамыш болду.
Ал эми бизге убада кылган техниканы албай эле калдык. Жалгыз гана Армения анча-мынча унаа берди. Аларга рахмат айтып коюш керек. Бирок ал деле ЖККУга мүчө болгондугу үчүн эмес, эки тараптуу кызматташуунун негизинде берилди.
- Алмазбек Атамбаевдин шайлоодон кийинки "Манас" базасын чыгарабыз дегени коомчулукта талкууну жаратып атат. Деги эле Борбор Азиядагы коопсуздукту сактоого бул уюмдун күчү жетеби?
- ЖККУнун коопсуздукту сактоого күчү жетпейт. Бирок Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадагы "араб жазы" же "жасмин ыңкылабы" деген окуялардай кырдаал болуп кетсе, бийлигибизди кантип сактап калабыз деген маселе ЖККУ лидерлерин көбүрөөк ойлонтуп атат. Ошондуктан биз бир аз тескери тарапта тургандайбыз.
Кийинки кезде Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жакын болуп, жакшы нукта кетип жатканын айта кетишибиз керек. Бирок бул эки тараптуу кызматташтыктын ЖККУга тиешеси жок.
Ал эми "Манас" транзиттик борбору боюнча келишим 2014-жылга чейин. Ушул жылда Америка жана НАТО Ооганстандан аскер күчтөрүн алып чыгып бүтүшөт. Бирок Ооганстандагы абал ал кезде кандай болот? Америкалыктар го чыгып кетип калат, биз аймактан эч жакка кете албайбыз. Коопсуздук биздин мойнубузга түшкөндө ЖККУнун күчү жетеби деген маселе келип чыгат. ЖККУ ал жакка эмес, түштүктөгү окуяга жардам бере албай койду эле. Ошондуктан базаны чыгарабыз дегени жакшы ой, бирок аны трансформация кылыш керек болот.
Канымгүл Элкеева,
"Азаттык" үналгысы.