Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ишенбай Абдуразаков, мамлекеттик ишмер:
"Атамбаев коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүшү керек..."
- Ишенбай агай, учурда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу ар ким ар кандай көз карашын, пикирин айтып жатат. Элибиздин абройлуу аксакал адамы катары бул маселе тууралуу сиздин пикириңизди уксак...
- Биринчиден, президент болууну каалап, БШКга арыз бергендердин саны 80ден ашып кеткени өзүнчө бир кызык көрүнүш болду. Муну эки тараптуу карашыбыз керек. Биринчиси - эркиндиктин толук кандуу болгондугун белгилесек болот. Бул жакшы жагы, ал эми жаман жагы - жоопкерсиздик маселеси. Канча айтканыбыз менен, президент деген президент да. Азыр анын бир топ ыйгарым укуктары кыскарып калганы менен, баары бир анын мамлекетти башкаруудагы орду, таасири абдан чоң. "Мен ушуга жараймынбы?" - деген суроону бербей туруп, "эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болуп жайнаган талапкер чыгып алды. Муну бийликтин аброю түшкөнүнүн белгиси катары карасак болот.
Менин байкашымча, бул шайлоого өтө эле амбициялуу, өздөрүн эл эмес, өзүлөрү эле жогору баалаган адамдар чыгып алышыптыр. Эми бул шайлоонун жыйынтыгы аларга сабак болушу керек деген ойдомун. Эски бийликтин учурундагы шайлоолорду эске албаганда, былтыркы референдум жана парламенттик шайлоого караганда, бул шайлоого эл активдүү катышты. Ошондой эле таза жана тынч өткөнүнө жалпыбыз күбө болдук. Мунун өзү жакшы көрүнүш. Эски бийликтин эрендерине окшоп административдик ресурстарды колдонуу болгон жок. Бакиевди шайлап жатканда бир облуска губернатор болуп иштеп калган таанышымдан укканымды мисал катары айтып берейин. Ошол кезде Ү. Сыдыков президенттин администрациясынын жетекчиси болуп турган. Таанышым: "Сыдыков шайлоонун жыйынтыгын улам-улам сурап турду. Мен биздин облуста Бакиев 50 пайызга жетпеген эл шайлаганын Сыдыковго айтсам, ал адам: "башка облустарда 80, 90 пайыз болуп атса, силердин көрсөткүчүңөр өтө аз. Мунуңар жарабайт"- деп телефондон кодулады. Айлабыз кеткенде, "кудай өзү кечирсин" деп 56 пайызга жеткиздик. Сыдыков эми "жарайт" деп айтат го десе, тескерисинче кекетип, "дагы көбөйткүлө" деген көрсөтмө берди. Ошентип, айлабыз кеткенде, 65 пайызга жеткиздик" -деп айтып берген эле. Мына, эски бийликтин жүзү. Ал эми бул шайлоодо андай көрүнүштөргө такыр жол берилген жок. Бирок азыр шайлоо тууралуу эки тарап тең эки башка пикирлерди айтып жатышат. Ачыгын айтканда, эки тарапта тең апыртмалык бар. Кемчиликтер болбой койгон жок. Биринчи кемчилик бир топ шайлоочулардын тизмеге кирбей калганы болду. Ошентсе да, биздин өлкө шайлоо маселесинде бир кадам алдыга жылганын баса белгилесек болот.
- Жеңилүү ызасын тартып, элди көтөрөбүз деп тынчыбай жаткан талапкерлерге кандай көз караштасыз?
- Шайлоодо утулгандар, ортодогу айырманы акыл-эс менен калчап, жыйынтык чыгарып, жеңген талапкердин жеңишин таанышы абзел. Экинчи, үчүнчү орунду алган жигиттер көп эле чамгарактабай, ачууланбай, элдин да, өздөрүнүн да тынчын албаса дээр элем. Албетте, пенде болгондон кийин, ич күйдүлүк болот да. Азыр жол тосмой, туугун-уруктарын топтомой деген өзүнчө эле модага айланган балээ болбодубу. Бирок бул маселеге саясий көз караш менен карабашы керек. Эгер жол тостуруп, жол жүргөн миңдеген элди кыйнай турушкан болсо, мыйзамдуу түрдө күчкө салып туруп эле, жолду бошотуу зарыл. Антпесе, канча деген адамдардын убалына калып жатат. Бир сөз менен айтканда, элдин күнүмдүк жашоосунда пайдаланылып жаткан жолдор ар дайым ачык болушу керек. Негизи жол тосуу маселеси - адамдардын укугун тепселөө, кемсинтүү болуп саналат. Жеңилген талапкерлер жаш. Ошон үчүн мындай саясий көз караштардан алыс болуп, бул жолу кетирген кемчиликтерин оңдоп, сын көз караш менен карап, жеңишке жеткен талапкердин шайлоодо колдонгон ыкмаларын эске алып, азыр элге зыянын тийгизбей, эмки шайлоого мыкты даярданышса ийгиликке жетиши мүмкүн. Мына ушул кадамга бара албай жатышат. Эгер ошентишсе, анда алар эрдик кылган болот эле. Тилекке каршы, азырынча буга эрктери жетпей турат көрүнөт.
- Түштүктө жайгашкан облустарга караганда түндүктө жайгашкан облустар шайлоого абдан активдүү катышты. Түштүктөгү облустар эмне себептен өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышкан жок?
- Менимче, ал жакта үгүт жана уюштуруу иштери жакшы жүрбөй калса керек. Экинчиден, моюнга алабызбы, албайбызбы - азыр бизде улуттук аң-сезим толук кандуу калыптана элек. Айрымдар "шайлоодон эч нерсе чыкпайт экен" деп ишеним да көрсөтпөй калышкан. Мына ушунун баары шайлоого аздап болсо да өз таасирин тийгизип жатат. Бирок азыр болгонун болгондой карашыбыз абзел. Айрыкча саясатчылар ушул маселеге абдан көңүл буруп, үзүлүп калганды улап, чачылганды жыйнап, элдин турмушун көтөрүүгө болгон аракетин жумшашы керек.
- Элдин ишенимине татыган Алмазбек Атамбаевди мамлекетти жакырчылыктан чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүгү чоң деп ишеним артылып жатат. Бул маселеге сиздин көз карашыңыз кандай?
- Алмаз бардык жагынан такшалып калды. Жогорку Кеңешке депутат болду. Министр да болду. Өкмөттү бир эмес, эки жолу башкарды. Көпчүлүк учурда экономика жана элдин негизги көйгөйлөрү менен алек болуп, ал иштерде алгылыктуу жылыштарды көрсөтүп келди. Ушундан улам, Алмаздын мамлекетти башкарып, элдин турмушун оңдоого мүмкүнчүлүгү, деңгээли жетиштүү. Бирок эми Алмаз мамлекетти башкаруу системасында болуп жаткан бир топ баш аламандыктарга көңүл бөлүшү зарыл. Ал баш аламандыктардын алдыңкы сабында кадр маселеси турат. Азыр партиянын аркасы менен такыр ишке жараксыз, мамлекетти башкаруу деген түшүнүктөн такыр кабары жок, капкаяктагы ишке жөндөмсүз, жараксыз адамдар, бир топ нерсени бузуп, бир топ нерсени былгытып, өтө жоопкерчиликтүү кызматтарда олтурушат. Ошол адамдар элге жакшылык кылып береби? Жок! "Жакшылык кылат, иштеп берет" десек чоң жаңылышабыз. "Кадрлар баарын чечет" - деген сөз бекеринен айтылган эмес. Ошон үчүн биринчи кезекте кадр саясатын жакшыртуу, профессионалдарга көңүл буруу учурдун талабы болуп турат. Экономиканы көтөрүүдө, бир топ чечкиндүү кадамдарга баруу абзел. Алардын бири салык саясатын жакшыртуу, көмүскө экономиканы азайтуу маселеси болуп эсептелет. Анан дагы бир чоң маселе - бул коррупция. Коррупция деген - бул вирус. Ал эми вирусту тазалаш керек, өлтүрүп, жок кылыш керек. Ошон үчүн коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүлүшү керек. Коррупционерлерди катуу жазалабаса, бул маселеде иш алдыга жылып, жыйынтык бербейт. Айтып олтурса, дагы көптөгөн маселелер бар.
- Сиз айтып жаткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн президентке биринчи кезекте парламент жардам бериши керек эмеспи. Ушул өңүттөн алып караганда, учурдагы парламенттин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Азыр мамлекетти башкаруу системасы абдан бошоңдоп калды. Көп мыйзамдар бар, бирок алар аткарылбай жатат. Мыйзам аткарылбаган жерде баш аламандык пайда болуп, кылмыш баш көтөрөт. Кылмыш бийлеп турган жерде, эч убакта тартип орнобойт. Бул маселе мыйзамда абдан тайкы жазылып калыптыр. Коррупция дагы кылмыштын бир түрү. Коррупция гүлдөп турганда, экономика эзели көтөрүлбөйт. Мына ушул маселелерге азыркы парламент активдүү киришкен жок. Эл парламентти ишмердүүлүгүнө анык баа берип, катуу сынга алып, көзөмөл жүргүзө албай жатат. Бирок парламентте олтургандардын баарын эле начар, деңгээли төмөн деп айтуудан алысмын. Арасында мыктылары да бар. Бирок жалпысынан алганда - бул парламент эң начар парламент болуп калды. Азыркы талапка жооп бербей жатат.
- Сиз баа берип жаткандай, "начар" деген деңгээлден көтөрүлө алабы? Же ушул бойдон калабы?
- Азыр айрымдар "Атамбаев президент болуп келген күндө да, Башкы мыйзамды өзгөртпөсө, эч нерсе кыла албайт" деген пикирди айтып жатышат. Алардын ою боюнча, Башкы мыйзамды өзгөртүш керек. Кээ бирлери "парламентти таратыш керек" деп жатышат. Менимче, Башкы мыйзамды өзгөртүүгө шашпаш керек. Башкы мыйзамыбызды өзгөртүү жагынан биз дүйнө чемпиону болдук. Дүйнө коомчулугуна күлкү да, уят да болдук. Туура, Башкы мыйзам чийкирээк болуп калган. Абдан көп кемчиликтери бар. Бирок ошондой болсо да, өтө жаман деп айтууга болбойт. Ушул Башкы мыйзам менен эле иш алып барып, жашап турсак болот. Президент Башкы мыйзамда берилген укуктарын туура колдонсо, ошол эле жетет. Кийинчерээк туруктуулук орногондон кийин, өнүгүү, өсүш пайда болгондон кийин Башкы мыйзамдагы кетирилген мүчүлүштүктөрдү оңдоп, өзгөртүп койсок болот. Чынында, Башкы мыйзамга жеңил-желпи карабашыбыз керек. Былтыр "ураа, ураа" деп атып, шашылыш жазылды. Жок дегенде бир жыл баарын иликтеп чыгып, элдин, коомчулуктун пикирин, сунушун көбүрөөк угуу зарыл болчу.
Экинчиден, азыр парламентти таратып жибергенден көп деле майнап чыкпайт. Азыр парламент өздөрүн сын көз караш менен карап, кетирген кемчиликтерин өз убагында оңдоп, мыйзам жазууда, көйгөйлөрдү чечүүдө талапка ылайык ишмердүүлүгүн көрсөтүшү зарыл. Эгер мындай жыйынтыктарга жетише албаса, өз таасирин күчөтө албаса, анда көпкө созбой, андай пайдасыз парламентти таратыш керек деп эсептейм.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев