Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Путин менен Медведев Атамбаевди жеңиши менен куттуктады
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен өкмөт башчысы Владимир Путин Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Алмазбек Атамбаевди куттуктап, мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер динамикалуу түрдө өсүп, эки элдин достугу бекемделээрине ишеничи бар экенин билдирген. Ошондой эле, Атамбаевдин жеңиши менен Кыргызстанга ЕвраАзЭСтин кризиске каршы фондунан 106,7 миллион доллар көлөмүндө кредит берерин "Известия" гезити баяндады. Кредит берүү маселесин карап чыгууну Путин Россиянын Каржы министрине тапшырган. Кредит ушул жылдын аягына чейин Кыргызстанга берилиши мүмкүн.
Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салган Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Елена Дубровина Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында, кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыгы күмөн жаратпай турганын билдирген.


Обама кыргызстандыктарды куттуктады
АКШ президенти Барак Обама Кыргызстандагы президенттик шайлоонун демократиялык мүнөздө жана тынч өткөнүн кубаттады. Ал өз сөзүндө: "Кыргызстан элин жана өкмөтүн кечээки демократиялык жана тынч президенттик шайлоо менен куттуктайм. Добуш берүү менен Кыргызстан эли демократияга карай маанилүү жана чечкиндүү кадам таштады жана бийликтин ачык-айкын өткөрүлүп беришине дилгирлигин көргөздү", - деп президент Роза Отунбаеванын дарегине жылуу сөзүн билдирди.



Назарбаев, Саакашвили Атамбаевди куттукташты
Казакстан мамлекетинин башчысы Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевдин президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Казакстандын президенти өзүнүн куттуктоосунда өлкөдөгү бейпилчиликти, саясий экономикалык жана социалдык жактан өсүп-өнүгүүнү жана А.Атамбаевдин Кыргызстандын Президенти кызматындагы ийгиликтерди, кыргыз элине тынчтык, гүлдөп-өсүүнү каалады.
Ошондой эле, Грузиянын президенти М.Саакашвили да А.Атамбаевдин президенттик шайлоодо жеңип чыгышы менен куттуктап, ийгилик каалады.


Түркиянын мамлекет башчылары Атамбаевди куттукташты
Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен аталган мамлекеттин премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган Алмазбек Атамбаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Түркиянын мамлекет башчысы эки республиканын ортосундагы кызматташуу мындан да жогорку деңгээлге жетип, боордош элдердин ортосундагы достук байланыш чыңдала бере тургандыгына ишенгендигин билдирди.






Текебаев Атамбаевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталып жаткан Алмазбек Атамбаевди куттуктап, элдин ишеничин актоо үчүн бардык аракеттер жасалаарына ишенээрин айтты. Куттуктоодо Борбор Азиянын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик бийликтин тынч, конституциялык негизде өткөрүлүп берилиш механизми ишке ашканы, кылмыштуу үй-бүлөлүк башкаруу бийлигинин кулашынан кийин өлкөдө пайда болгон оор, драмалуу мезгил ушуну менен аяктаганы айтылат.


Пан Ги Мун президенттик шайлоого оң баасын берди
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Кыргызстандагы болуп өткөн президенттик шайлоо эл аралык шайлоо стандартына жооп бере турган деңгээлде өткөнүн маалымдап, шайлоонун тынч өткөнүнө оң баасын берди. Ошону менен бирге өлкөнүн саясий лидерлерин пикир келишпестиктерди мыйзам чегинде чечүүгө үндөдү. Мындан ары Кыргызстанда саясий турктуулук сакталып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө тилектеш экенин билдирген.


Х.Клинтон Кыргызстандагы шайлоонун тынч өтүшү менен куттуктады…
Президент Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондон Кыргызстанда болуп өткөн президенттик шайлоого байланыштуу куттуктоо телеграммасын алды. Хиллари Клинтон өз куттуктоосунда: "Кыргызстандын элин демократияга ыктагандыгын ачык көрсөтүп, жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоого активдүү катышкандыгы менен куттуктайм. Бул туруктуу демократияга карай маанилүү кадамдардын бири болуп калды. Талапкерлердин катаал атаандаштыкта өткөн күрөшкө катышууга мүмкүнчүлүгү болду. Шайлоо күнү жергиликтүү да, эл аралык да байкоочулар добуш берүү процессине ээн-эркин көз салуусуна шарт түзүлдү.
Мен тынч жана бейпил шайлоону уюштуруу үчүн эл аралык стандарттарды сактоого умтулган президент Роза Отунбаевага, парламентке, шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирип койгум келет" - деп билдирди.


Кыргызстандагы президенттик шайлоо эркин жана калыс өттү
Жапониядан келген байкоочу топтун жетекчиси Нобухико Суто: "Кыргызстандагы президенттик шайлоо эркин жана калыс өттү" - деп билдирди. Бул туурасында ал: "Биз буга чейин ондон ашык өлкөлөрдөгү шайлоолорго байкоо жүргүзгөнбүз. Былтыркы парламенттик шайлоого да катышкам. Бир жылдын ичинде бир топ эле эффективдүү алдыга жылуулар болуптур", - деген пикирин айтып, шайлоочулардын тизмелериндеги айрым мүчүлүштүктөр шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасирин тийгизбесине токтолду.
Жалпысынан Жапониядан 15 байкоочу келген. Алардын ичинде 5 депутат. Алар Бишкек жана Токмок шаарларындагы жайгашкан 9 участкада байкоо жүргүзүшкөн.


Кыргызстандагы шайлоо эл аралык шайлоо стандартына жооп берет
Шанхай Кызматташтык Уюмунан келген байкоочулар миссиясынын башчысы Михаил Конаровский 1-ноябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Кыргызстандагы президенттик шайлоо ачык жана эркин өткөрүлдү" маалымдады.
Анын айтымында, кээ бир участоктордо гана шайлоочулардын тизмеси туура эмес болуп калгандыгы болбосо, негизинен эл аралык шайлоо стандартына жооп бере турган деңгээлде өттү. Бул туурасында Михаил Конаровский: "Шайлоо Кыргыз Республиканын Конституциясына ылайык өттү. Ар бир талапкерге бирдей шарт түзүлгөн. Шайлоого эл аралык байкоочулар, талапкерлердин, партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да байкоочу катары чакырылган", - деп билдирди.
Эске сала кетсек, жалпысынан ШКУдан 20 байкоочу келип, топ-топко бөлүнүп алышып, Чүй облусундагы 62 участокто байкоо жүргүзүшкөн.