Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айчүрөктөн "Алга, алга!"
- Кыргыз эл артисти Айчүрөк Иманалиева учурда "Кыргызстан! Алга, алга!" деген патриоттук ырына клип тарттырып, чыгармачылыктын үстүндө билек түрүнүп иштеп аткан кербези. Буюрса, келээрки жылдын март айында жаңы ырларын тартуулап, чоң концертин өткөрөт.

Гүлзинат жигиттерди алдабоого чакырат
- Белгилүү ырчы Гүлзинат Суранчиева чыгармачылыктан колу бошобой, жакында эле "Алдаба" деген жаңы ырын жаздырып,бүттү. Учурда угармандарга тартуулоо алдында турат. Аталган ырдын негизги мазмуну жигиттерди алдабоого чакыруу, анткени азыр көпчүлүк жигиттер кыздарды кол жоолук катары пайдаланып, алдап жатышат дейт Суранчиева. Андан тышкары атасынан эрте ажырагандыктан, ырчы атасына арнап "Атаке" деген ыр жаратты. Бирок азырынча аталган ыр толугу менен аягына чыга элек.

Гүлнур Асанова тасмага тартылат
- Комузда кол ойноткон Гүлнур Асанова Ноокатта өткөн атактуу айым Уркуя Салиеванын эскерүү иш-чарасына катышып жеңишке ээ болуп, келген соң, чыгармачылыкка билек түрүнө киришти. Бир гана ырчылык өнөр менен алектенбей, жакында режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Мезгил жана Алыкул" деген аталыштагы көркөм тасмасына тартылуу алдында турат.

Гүлнара Тойгонбаева шайлоодо ырдаган эмес...
- Белгилүү ырчы Гүлнур Тойгонбаева да чыгармачылык менен алектенип жаткан учуру. "Буга чейинки шайлоолордо ырдап келсем, иштерим көп болгондуктан, бул жолку шайлоодо ырдаган жокмун", - дейт Тойгонбаева.

Даярдаган
Мирлан Алымбаев