Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Райымбектин ашында
(Окуянын башталышы өткөн санда)
6. Алтынбаш жөнүндө сөз
Эл арасы кымгуут. Кетмен-төбөлүктөр менен жумгалдыктар чабыша кетчүдөй түрлөнүштү. Жөн-жай киши эмес, атактуу Эрназар баатыр кан жазданып, өлүп жатса, келе бакан, куу союл дечүлөр четтен чыгат да. Кара кыргын, кызыл сүргүн баштала жаздады. Айрыкча, кетмен-төбөлүктөр катуу удургушту. Болуштар, аксакалдар кызуу кандууланган ээн баштарды тыйып, тизгиндеп, араң-зорго токтотуп турушту. Атургай, көзүм жамандыкты көрбөсүн дегендер, кара башын калкалагандар ашты таштап кача баштады. Эл арасы кымгуут.
Ушунун бардыгына көз кырын таштап, Байзак баатыр дөңдө отурду. Алдына төшөлгөн аюу талпактан козголуп да койгон жок. Кетмен-Төбө журту тараптан отуздай киши аттарын жулкунтуп, Байзак баатырга доо коюп келишти. Байгазы болуш кош бөйрөгүн таянып, сөз кычкылын баштады:
- Урматтуу баатыр ажы! Балбан саймай бар эле, башка саймай жок эле! Бу силердин балбан, биздин балбанды башка сайып өлтүрүп отурат. Ата-бабалардан бери көздөй кастарланып, бузулбай келаткан наркты буздуңар, салтты буздуңар! Эмесе, кан төлөйсүңөрбү же кун төлөйсүңөрбү?
Байзак баатыр жан-жагына бүркүттөй сыдыра көз жүгүртүп, жай, калбаат сөзгө өттү.
- Ооба, Эрназардын өлгөнү жаман болду... Кандай болсо дагы жан кыйылды. Өмүр үзүлдү. Ушу жагы өкүндүрөт. Ушу жагы жаман болду. Жараткан Алла Таалам өз пенделерине ар түрлүү ажалды жазган эмеспи. Бирине октон, бирине чоктон, бирине зоодон, бирөөнө суудан, а бирөөнө найзадан! Эрназардын көрөр күнү бүтмөгү, ичер суусунун түгөнмөгү найзадан турбайбы... Алла Тааламдын бу жазганына биз эмине демекчибиз?
Эми, Байгазы тууганым! Сен наркты, салтты буздуңар деген масилетти айтып турасың. Сөзүңө караганда өзүң наркты, салтты жакшы билбейт окшойсуң? Угуп тургунуң!.. Нарктын жолу менен алганда, эр сайышка түшүүчү киши өлүмгө башын байлайт. Бул баатырлыктын салтына да ылайык келет. Ал эми, эки баатырдын кимиси найзадан ажал табарын Алла Тааламдан бөлөк бир дагы жан киши алдын-ала билбейт. Эрназардын бүгүн өлөөрүн силер да билген эмессиңер, биз дагы билген жокпуз! А силер балбаныңарды сайышка саларда, анын кокус өлүп калар жагын ойлогон жок белеңер?.. Ойлонбой салган болсоңор, ата-баба наркы ошондо эле бузулган!
Ээ, түнгатар-түнтөй туугандарым! Эми, "кан бересиңерби же кун бересиңерби?" деп бизди кекетип, коркутуп турасыңар... Ата-баба салтына таянганда, эр сайыштан өлгөн эрдин канына кан бермей жок! Кан бермей бар экенин, мен билбеймин. Эгер билгениңер болсо, айтып көргүлө... А кун төлөө жөнүн айтканда, кеп башка. Салт боюнча найзадан набыт кеткен балбандын куну эр сайыштын байгесинде бычылуу!.. Эки балбандын бири көз жумса, байге ошо тарапка кун ордуна берилет. Салтта ушундай эмеспи.
Эми, эреже-шарт жөнүн айталы. Эр сайыштын эреже-шартын бузган балбан салтка ылайык айып тартат. Муну калыстар тактап, чечип берет. Агерде, Аксакал эреже-шартты бузуп сайган болсо, анда ага айып тарттырабыз! Айып! ... Мен Эрназардын жараатын көргөн жокмун. Буерде былкылдабай отурам. Балбаныңар башка сайды деп айтып турасыңар... Угуп алгыла, туугандарым! Алмадай болгон алтынбаш деп эмнеликтен айтылат? Алтынбаш деген эмине?..
...Акыл-эсти алдына баскан алтын табактын үстүнө чач чыгат. Андан төмөн, таалайың жазылган жазы маңдай жараткан адамга. Мындан соң, келбет-кешпириңе көрктү, сүрдү берген керилген эки кашты, алаканыңа бассаң ага баткан, алаканыңы тарта салсаң, Жер менен Көк баткан, адамдын шамчырагы - эки көздү айткан! Анан, төмөнгө куюлуп мурун түшөт. Ооба, кийинкиси - туз-даамдын, насиптин эшиги - эки эрин эмеспи. Ылдый жагына беш убак намазда эркелетип сылаган сакал өскөн ээк жайгашкан. Мына ушундан өйдө көздөй алмадай болгон Алтынбаш аталат! Адамдын акыл-эсин, тулку боюн башы башкарат. Ошондуктан башты өзгөчө баалап, Алтын деп айтабыз!
Ооз-омуртка алтын башка кошулбайт. Ал дене бойго тиешелүү. Малды муздап сойгондо деле ооз-омуртка денеде калат да...
Байзак баатырдын сөзү баарын ынандырды. Көпчүлүк бир саамга дымый түштү. Ал сөзүн дагы улады:
- Азыр калыстар дайындалсын! Жумгалдан беш киши, Кетмен-Төбөдөн беш киши барып, Эрназардын жараатын көрүп келсин! Найзанын жарааты кокого жетсе, Айып төлөтүү жагын ойлойлу! Калыс башы жалпы калк тааныган Куйручук болсун!
Калыстар баатырдын жараатын көрүштү. (Бу зор адамдын мойну да узун, опсуз жоон экен... Найзанын жарааты кокого бир элидей жетпей калыптыр...). Жанагы он киши ушуну айтып келишти.
Байзак баатыр жан-жагына бүркүттөй сыдыра көз жүгүртүп, калбаат бүтүм чыгарды:
- Эмесе, Аксакал баатыр Эрназар баатырды башка сайбаптыр, денеге сайган экен!
Ошентип, Байзак баатырдын Алтынбаш жөнүндөгү сөзү жана ата-бабалардын наркы менен салтына жөлөнгөн акылман бүтүмү эки журтту чабыштырган жок.
Ушул эле күнү Эрназардын сөөгү жерге берилди. Тер-Жайлактын жашыл жайыгындагы жалгыз мүрзөнү айланып, каргалар каркылдап учуп жүрүштү...





Асыкбек ОМОРОВ
OСМОН ИМПЕРИЯСЫ
"Адам ичпес арам суунун акканынан акпаганы,
Ат жебеген ачуу чөптүн өскөнүнөн өспөгөнү.
Ата баркын билбеген уулдун барынан жогу,
Эне эмгегин баалабаган баланын боюна бүткөндөн бүтпөгөнү жакшы".
Коркут ата

III. ОСМОН ИМПЕРИЯСЫНЫН КАЙРАДАН ЖАРАЛЫШЫ ЖАНА АНЫН ИЧКИ ТЫШКЫ САЯСАТЫ
Кимде ким римдиктердин борборун багынтса, ал жалпы Рим империясынын императору болгонго тете.

Георгий - Трапезунд тарыхчысы
Мурунку замандарда көчмөн түрк элдеринин салты боюнча согушта жеңген тарабы жеңилген баатырларынын башын алып, ал баш сасып кеткичекти элге көргөзүп, денесин кескилеп, улам бир чакырымчалык аралыкта бирден мүчөсүн талааларга ыргытып карга-кузгун, карышкырлар жесин деп ыргытып жүрүп отуруп, акырында кар жиликтерин жерге көрүнбөй калгыча кагып, "бул адамдан мындан ары тукум жаралбасын, эгер жаралса, кайрадан айлана-чөйрөгө будуң чаң салат" деп каргап-шилеп жок кылышчу. Ошол үчүн биздин баатырлар Өгүзхандан баштап Манас, Эдил баатыр (Аттила), Чынгызхан аталарыбыз өлгөндөн кийин коюлган жерлери эч кимге белгисиз.
Ушундай салт көчмөн элдер арасында катуу сакталып келсе дагы улуу эмир "атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" дегендей, Баязедди жеңгенден кийин мазактаса дагы өлтүргөн эмес. Тескерисинче, ак көңүл, кең пейилдигин карматып ага Анатолия аймагын берүүгө көңүлдөнүп, акыры ал аймакты Баязеддин балдарына бөлүп берди.
"Ата баркын бала билеби" дегендей, 1405-Тоок жылында 18-февралда Улуу эмир Темирлан Кытай элине аскердик жүрүш жасап жолдон оорудан көз жумганда, Баязеддин балдары бири-бири менен ыркырашып бийлик талашып, акыры тың чыккан кичүү баласы Мехмед 2 жылдан кийин 1413-Жылан жылында бийлик тагына отурат.
Мехмед бийлик тагына отурган жылы эле Византия империясы менен тынчтык келишимин түзөт. Ал ортодо Мехмед бийлигин чыңдоо, мамлекетти чыңдоонун үстүндө болду. Ата-бабаларынын жолун жолдоп жаш балдардан янычарлардын отрядын түзө баштады.
Осмон империясы ошондон кийин тынчтык мөөнөтүнөн 11 жыл аралыкта кайрадан тамыр жайып, сабагын бийик көтөрүп өсүп, акырындык менен айлана-тегерегине көрүнө баштады. Аны түптөөчүсү жана башкаручусу Мехмед I дин жүзү көрүнүп, аты алыска угула баштады. Мехмед I тогуз жыл ичинде Осмон империясын мурунку Баязед атасы түптөгөн деңгээлге жеткирди. Бирок дүйнөлүк тарых булактарында Мехмеддин алгылыктуу иштери тууралуу так, дайындуу булактар аз кездешет.
Осмон империясынын бийлик тактысын 1421-Уй жылында анын баласы Мурад II мураска алып, ал дээрлик 30 жыл бийлик жүргүздү. Мурад II бийликке келгенде анын негизги максаты Византия империясынын калдыктары болгон Венгрия менен Венецияны багынтуу эле.
Мурад IIнин адегенде Константинополь шаарына чабуулу ийгиликсиз башталган, андан ары Белграддан да жолу болгон эмес. Белграддын венгер, поляк, немец, венециандардан куралган аскеринин башында Янош Хуньяди, ал эми албандарды Искендербек жетектеп турган. Бул жортуул жакшы натыйжа бербегенде 1444-Чычкан жылында Сегедеде тынчтык келишимин түзүшөт. Бирок крест көтөргөндөр келишимди бузуп, өздөрү кол салганда Мураддын армиясы аларды талкалап, Варнаны, анын артынан Косовону 1448-Балык жылында басып алат. (Р.Рахманалиев Империя тюрков).
Осмон империясы Косовону алгандан кийин европалыктардын Византияны сактап калууга эч аргасы жок калат. Мурад чечкиндүү согушуп, атасы Баязеддин жеңилишин европалыктардын эс тутумунан такыр өчүргүсү келет.
Осмон империясынын чек арасынын бирдиктүүлүгү сакталганда ал күчтүү борбордук башкаруу системасын түзгүсү келет. Биринчи кезекте армиянын катарын жаңы "янычарлар" менен көбөйтүп толуктайт. Атчан "янычарлар" курамын жети миң жоокерге жеткирген.
Осмон империясын Мехмед II 1445-Ит жылынан 1481-Уй жылына чейин башкарган. Мехмед экинчи Кытайдан чыккан улуу тумоо (чума, холера деп да аташат) Азиянын түштүк деңиз аймактары менен кемелер аркылуу келген товарларга жабышып, көзгө көрүнбөгөн бүргөлөр менен Европага жугуп, миллиондогон эл кырылган катаал жана ачарчылык заманда туулат. Анын Али жана Ахмед деген агалары жаш кезинде чарчап калышып, жалгыз кыйынчылык заманда чоңойгон.
Мехмеддин эки агасынын энелери аттуу-баштуу, колунда бийлиги бар бардар бийликтүү кишилердин кыздары болгондуктан, байбиче катары баркы бар эле. Ал эми Мехмеддин энеси күң болот. Көчмөн элдердин салтында байбиченин балдары атасынын байлыгына, бийлигине ээлик кылышат эмеспи. Ошондуктан Мехмеддин эки агасынын жаш кезинде чарчап калганы дагы Мехмеддин бийлик ээси болуп калганына шарт түзөт.

Китеп боюнча кызыккан суроолорго автор жооп берет. Тел: 0772 41-13-57