Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Фонограмманы жоюуга көз карашыңыз?

Учурда мамлекеттик маанилүү саясий, экономикалык, социалдык чечилбеген оор көйгөйлөрдөн сырткары бизде маданий да маселелер пайда болууда. Анын бири - фонограмма. Бул маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Буга чейин азыркы вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов маданият министри болуп турганда аталган маселени көтөрүп, тилекке каршы, сөз жүзүндө калып калган эле. Эми кайра фонограмманы жоюу маселеси козголууда. Буга эстрада ырчыларынын көз карашы кандай экендигин билүү максатында кээ бир жаш эстрада ырчыларына суроо узаттык.

Алтынбек Каленов, ырчы:
- Аябай жакшы болмок. Саясатчылар эле алдамчы болбой, азыр ырчылар да алдамчы болуп жатат. Мына ошол алдамчылыгы жоюлмак да. Эртерээк жойсо андан жакшы болмок.


Расул Маматкулов, ырчы:
- Мен фонограмманы жоюу керек деп мындан жыйырма жыл мурда эле айткам. Анда менин сөзүмө эч ким кулак салган эмес. Биз ошондо эле жандуу үн менен жеке концерттерибизди берип келгенбиз. Азыр кээ бирөөлөр техниканын начардыгына шылтоо кылып жатышат. Мындан 20 жыл мурда бизде азыркыдай техникалар жок болчу. Кеп техникада эмес, кеп адамдын талантында, техникалар жок деген болбогон шылтоо.


Съездбек Искеналиев, ырчы:
- 5 жылдан бери эле фонограмманы жоёбуз деп эле жатышат, же айткан сөздөрүнүн өтөөсүнө чыгышпайт. Депутаттардын башка кылаар иштери жокпу? Адегенде мамлекеттик маанилүү чечимдерди карашсынчы... Эгер фонограмманы жойсо, ага деле каршы эмесмин. Жандуу үн менен ырдоо колдон келет, андыктан фонограмманы жоёт деп чочулабайм.


Канат Кадыржан, продюсер:
- Албетте, муну колдойм. Эбак эле жоюш керек болчу. Ошондо азыркыдай саны бар, сапаты жок ырчылар көбөймөк эмес. Азыр деле кеч эмес. Эгер фонограмма жоюлса, сахнада чыныгы таланттар калып, эстрада жаатындагы ырчылардын кадыры көтөрүлмөк. Ырчылар үчүн деле жакшы болмок. Менимче, муну өз талантына ишенген ырчылардын баары колдосо керек.


Роза Шакирова, ырчы:
- Толугу менен колдойм. Анткени өз талантыма ишенем. Кайсы жерде болбосун, жандуу үн менен ырдай алам. Эл алдында уят болбосума ишенем. Кудайга шүгүр, үн бар. Ошондуктан фонограмманын жоюлушунан коркпойм, тескерисинче, колдойм. Фонограмма жоюлса, сапаты жок ырчылар азаймак, азыр ырчылардын саны бар, бирок сапаты жок болууда. Бул ачуу чындык. Муну моюнга алыш керек.


Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
- Фонограмманы жоюуга көз карашым түз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жоё беришсин, мен каршы эмесмин. Бир чети жакшы болмок. Себеби азыр көп ырчылар фонограмманын арты менен ырдап жатышат. Башкача айтканда, "алдамчы" ырчылар көбөйдү. Алардын катарында мен дагы бармын. Эгер фонограмма жоюлса, баарыбыз вокалдан сабак алып, чыныгы профессионал ырчы болмокпуз. Анан чыныгы таланттар сахнада көрүнмөк. Убакыттын өтүшү менен, "алдамчылар" четке сүрүлүп чыгып калмак. Кыскасы, таланттуулар менен жөндөмү жоктор иргелмек.


Замир Арыкбаев, ырчы:
- Негизи фонограмманы толугу менен жоюп салууга мүмкүн эмес. Себеп фонограмманы колдоно турган жерлер да бар. Маселен, телекөрсөтүүдөн кете турган концерттерде сөзсүз фонограмма колдонот. Антпесе, сапатсыз болуп калат. Союз учурунда ушундай болгон. Ал эми өкмөт мамлекеттик мекемелерде өткөн концерттерге өз талабын коюп, фонограммасыз концерт берсин. Ошондо да 50 пайызы жандуу үн менен 50 пайызы фонограмма менен коштолушу керек. Анткени бир ырчы үч саат бою жандуу үн менен бир да концерт бере албайт. Эми фонограмма жоюлса, жооп бергенге дарамет жетет.


Дайыр Исмадияров, ырчы:
- Фонограмманы толугу менен жоюп салууга эч кимдин күчү жетпейт. Анткени бизде эле эмес, техникасы өнүккөн Европа өлкөлөрүндө да фонограмма толугу менен жок кылынган эмес. Бул канча жылдан бери жашап келе жатат жана жашай берет. Баса, фонограмманы жоебуз деп буга чейин да чыгышкан. Бирок бири да иш жүзүнө ашыра алган жок. Учурунда сөз бойдон эле калып келген, эми деле ошол көрүнүштү кайталайт деп ойлойм.


Даярдаган Жаркынай Кадыркулова