Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Элдин тандоосу кимдин-ким экенин айгинеледи…

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-октябрда болуп өткөн президенттик шайлоонун областтар боюнча алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. Бул тууралуу маалыматты 1-ноябрда "Баракелдеге" БШКдан "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын негизинде билдирди.
БШКнын расмий жыйынтыгына караганда Алмазбек Атамбаев бардык республика боюнча 5 облустан (Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Ош) жана Бишкек менен Ош шаарынан добуш берүүдө биринчи орунду, Жалал-Абад, Баткен облусунда экинчи орунду багындырып, 63,24 пайыз менен добуш алып, бүтүндөй элдин колдоосуна татып, мамлекеттик деңгээлдеги лидер экенин далилдей алды. Ал эми жеңилгенин мойнуна алгысы келбей шайлоо таза өткөн жок деп жатышкан Ташиев Жалал-Абад, Мадумаров Баткен облусунан гана биринчиликти алышып, аймактык деңгээлден али көтөрүлө электигин айгинелешти. Ошондо бардык талапкерлер биригип Атамбаев алган добуштун жарымын араң алышты. Демек, кайсы талапкердин аброю канчалык бийик экенин президенттик шайлоо дагы бир ирет тастыктады десек болот. Буга төмөндөгү таблицага жакшылап көңүл бурган окурман ынанат.