Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Данияр Тербишалиев,
ЖКнын депутаты:
"Биз азырынча парламенттик башкарууга даяр эмес экенбиз..."
- Данияр мырза, парламенттин иштерине ар ким ар кандай баа берип, айрымдар депутаттар иштебей жатат, бизге парламенттик башкаруунун кереги жок экен дешсе, кээ бирөөлөр депутаттар жакшы иштеп жатат дешет. Депутат катары сиз буга кандай баа бересиз?
- Парламент иштеген жок дегенден алысмын, Кудайга шүгүр, депутаттар колдон келишинче аракет кылып иштеп атабыз. Ошого жараша кемчиликтер да жок эмес. Парламенттик башкаруу болгондон кийин иш кылышыбыз керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой, көптөгөн мыйзамдарды кабыл алганыбыз менен, айрымдары чийки болуп жатат. Бул биздин өтө чоң кемчилигибиз. Ушундай кемчиликтерди жаап-жашырбай ачык-айкын айтып турушубуз керек. Эгер биз кемчилигибизди жаап-жашырып, өзүбүздү өзүбүз мактай турган болсок, анда парламенттин иши алга жылбайт. Ачык эле айтайын, көпчүлүк мыйзамдар шашылыш түрдө кабыл алынууда. Бир мыйзамды кабыл алыш үчүн жок дегенде бир жумага жакын убакыт керек. Мисалы, АКШда федералдык республикалык масштабда ашып кетсе бир жылда 3-4 мыйзам кабыл алынат экен. Айтор, бул жагынан биз кемчиликтерге жол берип жатабыз. Ошондой эле парламенттин ичиндеги айрым саясий күчтөр парламенттин иши менен алектенбей, тескерисинче мамлекеттин кызыкчылыгына каршы таасирин тийгизе турган иштерди жасап жатышат. Мисалы, алар сот реформасына түздөн-түз кийлигишип өздөрүнүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюшууда. Бир сөз менен айтканда, биз азырынча парламенттик башкарууга даяр эмес экенбиз. Болгонун болгондой сындап, парламенттен тышкары иштерге дагы аралашып жатканыбыз парламенттин алсыздыгын далилдеп атат. Өткөндө "парламент иштебей атат" деп айтып чыксам, төрагабыз баш болуп мени прокуратурага берип, үстүмөн иш козгош керек деп каралашты. Муну менен мен айрым депутаттар деңгээлинин тайкы экенин, мыйзамды билбегендерин далилдеп коюшту деп эсептейм. "Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп" айтат дегендей, мен алардын жаман жагын айткан жокмун. Болгонун болгондой айттым.
- Парламент менен өкмөттүн ортосунда талаш-тартышты жараткан 5-канал боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Туура, 5-канал боюнча ар кандай талаш-тартыштар жаралып атат. Депутат катары аталган телеканал боюнча кабыл алынган мыйзамды туура эмес деп эсептейм. Мыйзамды кабыл алаардан мурун бардыгын изилдеп, өкмөттүк эмес уюмдардын, граждандык секторлордун, ошол эле 5-каналда эмгектенген журналисттердин пикирин эске алып, мыйзамды компромисстик түрдө кабыл алсак болмок. Парламенттик канал кылуунун кереги жок. Эгер парламенттик кылсак, парламент кайсыл каражатыбыз менен каржылайбыз. Ансыз деле мамлекетибиздин каражаты аз болуп, элибиздин жашоо-турмушун оңдой албай жатабыз. Парламенттин бюджети учурда такталууда, эсеп боюнча 2012-2013-жылга бир жарым миллиардга жакын каражат керектелет экен. Эгер 5-каналды парламенттик каналга айландырсак, анда 2 миллиардга жакын каражат керектелип калышы мүмкүн. Анткени 5-каналды парламенттик кылсак, жылына 300 миллионго жакын каражат кетет. Биз мындай ысырапкорчулукка жол бербешибиз керек. Кандай болгон күндө дагы мамлекеттин каражатын үнөмдүү пайдаланышыбыз зарыл. Мисалы, ар бир облуста КТРК, ЭЛТР өңдүү мамлекеттик теле каналдардын бөлүмдөрү бар. Алар 20 жылдан бери каражаттын тартыштыгынан оңчулуктуу иштей албай турушат. Облустук каналдардын жетекчилери өздөрү келип айтып атышат. "Биздин базаны парламенттик кылып каржылап берсеңер, биз иштеп берет элек" дешип. Чын эле биз облустук каналдарды парламенттик кылсак, 5-каналга караганда алда канча, тактап айтканда, каражат 3 эсеге үнөмдөлөт экен.
- Парламенттик кылууга төрага Келдибеков кызыкдар болуп жатат дегенге кандай карайсыз?
- Жыл башынан бери эле 5-каналдын жетекчилери менен төрага А. Келдибековдун мамилеси начар экенин 5-каналдын жетекчилеринен угуп далилдедим. Алардын айтымында, Келдибековдун жардамчылары, басма сөз кызматында иштеген айрым кызматкерлер 5-каналга телефон чалып, "эмне үчүн силер парламенттик башкаруу болгондон кийин төраганын ишин чагылдырбайсыңар" деп, ар кандай сөздөрдү айтып, кысымга алышыптыр. Кокус, парламенттик башкарууга өтсө, ошондой болуп ар бир депутат эмнеге менин ишимди чагылдырбай атасыңар деп телеканалдын тынчын алаары турган иш. Революцияны биз эмнеге жасадык?! Кырчындай болгон эр-азаматтар эмне үчүн курман болушту. Өлкөдө сөз эркиндиги орноп, элибиз бакубат турмушта жашаса экен деп курман болушпады беле. Ошондуктан телеканал Улутташтырылган канал болгондон кийин, өкмөттүн да, парламенттин да кароосуна өткөрбөй көз карандысыз кылып, аукционго коюп сатышыбыз керек. Келдибеков, ж.б. кызыкчылыгы болсо сатып алып иштетсин.
- Сот системасын реформалоо боюнча нааразы экениңизди билдирип жүрөсүз, себеби эмнеде?
- Жалпыга белгилүү болгондой, сот реформасы боюнча мен эле эмес, көптөгөн адамдар нааразы болуп, акциялардын аягы тыйылбай жатат. Чындыгында реформа иштерине парламенттеги айрым саясий күчтөр себепкер болууда. Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы жетекчиси Базарбеков менен депутат Садыр Жапаровдун байланышы бар деген маалымат чын. Убагында Садыр Жапаров, бир тууган иниси Сабыр Жапаров экөө Караколдогу эркин экономикалык зонада фирма ачып, контрабандалык жол менен бензин ташып иштешкен экен. Жыйынтыгында, мамлекетке эч кандай салык төлөбөптүр. Бардык салыгы 46 миллион сом болуп, ошол кезде эле иши сотко өтүптүр. Ал ишти ошол кезде Каракол сотунун төрагасы болгон Базарбеков "төлөдү" кылып актап койгону үчүн кызматынан айдалыптыр. Ошондон бери С. Жапаров менен Базарбековдун мамилеси жакшы болуп С. Жапаровдун аркасы менен мыйзамсыз түрдө сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп шайланыптыр.
- Сот реформасына нааразы болгондор Садыр Жапаровду сот жана укук комитетинин төрагалыгынан кетсин деп чыгышты, сиз буга кандай карайсыз?
- Парламенттик системада конфликтке аралашкан төрагалар өз эрки менен төрагалыктан кетип калууга тийиш. Дал ушул сот реформасы боюнча Жапаров экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик пайда болду. Мен ал кишиге Сотторду тандоо кеңешине тоскоол болбой сиз экөөбүз тең комитеттен кетели деп бир эмес бир нече жолу айткам. Бирок ал киши менин айткандарымды укпады. Кандай болгон күндө дагы мен сот реформасын аягына чыгарууга колумдан келишинче салымымды кошом деп окурмандарды ишендирип кете алам. Мен билгенден ал жерде жалгыз эле С. Жапаров эмес, анын тегерегиндеги айрым адамдар дагы кийлигишип жатат.
- Төрага А. Келдибеков сизди кагып-силкип, жаш баладай мамиле кылган учурлары көп эле болду. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Мага парламенттен сөз бербей, оозумду тыйганга эч кимдин укугу жок. Мыйзам боюнча, менин статусум менен төрага Келдибековдун статусу бирдей. Экөөбүздү тең эл шайлаган. Анын бир гана артыкчылыгы бар ал депутаттарга сөз берип, парламенттин ишин алып баруу. Андан башка анын эч кандай артыкчылыгы жок. Төрага башкаргыдай парламент төрагалык башкаруу эмес, эгер Келдибеков бүгүн минтип менин оозумду тыйып эртең башканы тыям десе, анда парламенттин келечеги болбойт. Ушуну мен Келдибековдун эсине салар элем.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев