Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ак калпак жана жоолук жөнүндө учкай сөз

Кийинки күндөрү гезиттерде дагы, телевидениеде да окуучу кыздар хиджап кийсин-кийбесин деген мсаселенин тегерегинде талаш-тартыш жүрүп келет. Карап олтуруп, таң каласың, капырай, биз каякка бара жатабыз деп. Болбосо, килейген Элге билим берүү министрлигинде, же болбосо, аттуу-баштуу аксакалдарыбыздын арасында (Эл Баатырлары) баш болуп, "эмгек сиңиргендери" төш болуп, кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан ата салты, нарк-нускасы боюнча кыз бала хиджап түгүл жоолук салынбасын билишпейби? Кыргыздын кыздары үкүсүн сеңселтип топу кийген, тойлордо шөкүлө кийишкен, үй ичинде бир байлам кызыл жоолукту желкесине түйүп алышкан. Ошон үчүн такыялуу кыз деп аташкан. Жоолукту келиндер салынган. Анда да оронуп-чулганып алышкан эмес. Дегеле, кыргыздын келиндери, аялдары жүзүн чүмкөгөн эмес.
Ата-бабадан келе жаткан салтты бузууга ким укук берди, кыздарыбыз эмне үчүн жоолук салыныш керек, же алар келин болуп калыптырбы?
Ислам динин кыргыз эли башка элдерге окшоп зордук менен кабыл алган эмес, өз эрки менен кабыл алган элбиз. Ошондуктан исламдагы кээ бир сүннөттөрдү аткарбаган эркин элбиз. Кыргыз эли ислам динине чейин эле Улуу Жаратканга, же болбосо, Көкө Теңирге сыйынып келген эл болгон, же болбосо, Кудайын тааныган эл болгон. Азыркы күндөрдө ислам фанатиктери таңуулап жаткан ашыкбаш сүннөттүн бири ушул мектептеги кыздар хиджап кийиш керек, же жоолук менен оронуп-чулганып алыш керек деген нерсеси кыргыз элинин байыртан бери келе жаткан адатына, салтына төп келише бербейт. Андан көрө, кыздарыбызды ыймандуулукка тарбиялаштын аракетин көрүш керек. "Кызга кырк үйдөн тыюу" - деген ата-бабаларыбыз. Ошондуктан үйдө, коомдук жайларда, мектепте тарбия-таалим иштери такай жүргүзүлүшү шарт. Ыйман бербесе, хиджап кийип, паранжа жамынып алып, анан нары жакта жасалып жаткан тетири жоруктарды угуп-көрүп эле жүрөбүз го.
Кыскартып айтканда, кыргыз эли байыртан бери кайсы муун, кайсы кийимди кийиш керек, кандай кийим жаш куракка жарашып туура келет, миң кылым карыткан тарыхый жолунда тактап койгон, биз андан чыгып кете албайбыз. Тарых музейинде кыргыз калпагынын көргөзмөсү болот дегендеринен барып калсам, көргөзмөнүн ачылышында бир аксакал ак калпакты кыргыздын жоокерлери согушка кийген деп жатпайбы. Кыргыз жоокерлери анда туулганы күйөөлөп барганда кийишиптирби? Ушуга окшогон билбей туруп сүйлөнгөн сөздөр элге, өзгөчө жаштарга туура эмес багыт берип коюп жатпайбы, болбосо, ак калпак ата-бабадан келе жаткан ыйык баш кийим. Ата-бабаларыбыз ак калпакты да муунга, жаш өзгөчөлүгүнө, күндөлүк жашоо-тиричиликте жана шаан-шөкөттө кие турган түрлөрүнө ылайыктап кийишкен. Анан алардын даярдоо ыкмалары да, ошого жараша материалдары да ар кандай болгон. Аларды чечмелөө үчүн өзүнчө кайрылабыз. Көргөзмөгө коюлган калпактарды тааныштырып жатып, экскурсовод жигит илгери кыргыздын аялдары да калпак кийген деп балп эткизип жатпайбы. "Шумдугуң кур" деп, этикага сыйбаса да өз оюбузду айтууга туура келди. Кыргыздын аялдары да, кыздары да калпак кийген эмес. Ата-бабабыз байыртадан бери аздектеп келе жаткан баш кийимди барктабасак болбой калды. Ак калпакты мончого кийгендерди улутуна карабай кыргыздын жигиттери андайларды экинчи мончого калпак менен келгис кылышы шарт (түшүндүрүүнүн маданияттуу жолдору көп эмеспи). Ак калпакты тартууга берүү, өзгөчө бөлөк улуттун өкүлдөрүнө токтолууга тийиш. Депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер эгер кыргыз болсо, сөзсүз ак калпак кийип жүрүшү керек. Себеби алар кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин жүзү болуп саналат эмеспи.
Соотбек Токтогазиев,
Талас облусу, Улуттук оюндар федерациясынын президенти.




30 жыл илгери...

Эсимде абдан сакталып калыптыр, 1981-жылы Турар атам мага мындай деп калды: - Сен Карыбай байкеңе шаарды көргөзүп, киного же театрларга алып бар деп. Мен анда мектепте окуп жүргөн чагым эле. Карыбай байкем жаңы эле мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга өткөн. Ал убакта "Манас" кинотеатрында "АББА" деген кино көргөзүлүп, элдин баары ага кызыгып турган кез болчу. Аны көрүш үчүн керели-кечке кезекте туруп, араңдан зорго 3 билет колума тийди. Сүйүнүп, үйгө жүгүрүп келип: "АББАга" билет алдым жүргүлө тез, кино башталып калат деп Турар атам менен Карыбай байкемди шаштырдым. - Экөөң эле бара бербейсиңерби, деп атам көп көңүлдөнбөдү. Бирок мен: - Таң эртеден бери эптеп бул киного билет таап келбедимби, суранам жүрүңүзчү, бул ансамбль бизге абдан жагат, алар абдан сонун ырдашат да, деп болбой жатып аны араң көндүрдүм. Көңүлүмдү оорутпайын деди окшойт, биз менен кошо "Манас" кинотеатрынын жанына чейин барды. Дагы 10-15 мүнөт бар болгондуктан, атам бизге балмуздак алып келип берди. Ошол киоскадан анча алыс эмес жерде турганыбызда, биздин жаныбыздан бир жакшынакай кыргыз жигит сулуу кыздын колун кармап өтүп баратты. Экөө тең жылмайышып бирдемелерди сүйлөшүп бара жатышат, жүздөрү абдан сүйкүмдүү, ушундай татынакай кыз-жигит экен, тим эле карап тургуң келет. Алар өтүп кетээр менен, Турар атам: - Мен бул баланы тааныйм, анын аты Алмаз. Ал Москвадагы жогорку окуу жайын бүтүрүп, биздин ЖЭУда (турак-жай башкармалыгында) иштейт. Ал жактагылардан уктум, аны абдан билимдүү, кичи пейил, жакшы жигит деп. Анан дагы ал чыгармачылыкка кызыгат экен, жакшы котормочу дейт. Баягыда аны Жазуучулар союзунан көргөм, абдан ыймандуу, мыкты жигит экен, өркөнү өссүн айланайын. Сен да ушундай бол, Карыбай иним, - деди. Аңгыча кинотеатрдын биринчи коңгуроосу шыңгырап, эшиктегилер агылып ич жакка кире башташты. Эл көп. Биз дагы кирүүгө шашылдык. Эшиктин алдында мендей бир секелек кыз билети жок, киного кире албай ыйлап туруптур. Аны көрүп атам: - Ыйлаба кызым, мына, деп өзүнүн билетин дароо анын колуна карматты. Анан ал бизге: - Силер, жаштар, Батыштын ырларын жакшы көрсөңөр, а мага Атай, Ыбырай, Мусанын музыкалары жагат, - деп үйгө кетип калды.
Мен кийин билдим, жанагы сүйкүмдүү жигит Атамбаев Алмазбек Шаршенович экенин. Карачы, кыраакы залкар акындын 30 жыл мурда айткан сөздөрүн. Чын эле биздин калк күбө болуп жатпайбы, Атамбаев ыймандуу, таза, чын жүрөгү менен эл-жери деп күйгөн чыныгы азамат экендигине. Бакиевчилер канча жанталашып, бут тосуп, жалган ушактарды чыгарышып, каралап жатса дагы, кабагым-кашым дебей, ичкен ашын жерге коюп, элине чын дили менен кызмат кылып жатат. Өркөнүңүз өсө берсин, Алмаз байке.
Эми Карыбай байкем жөнүндө да айта кетейин. Ал канча жылдан бери СДПКнын туусун желбиретип көтөрүп келе жатат. 2009-жылы Бакиевдин бийлиги күчөп, оппозицияга каршы кара иштерди тынбай жүргүзүп турганда дагы эч кимден жалтанган жок. Ошол жылдын жайындагы президенттик шайлоодо дагы СДПКнын туусун бийик көтөрүп, бийликтин каарынан эч коркпой, өз үйүнө ал партиянын штабын ачып, бажырайтып Атамбаевдин сүрөтүн, СДПКнын үгүт баннерлерин жайнатып илип койду. Аны көргөндүн баары: - Сен эмне, азыркы бийликтен коркпойсуңбу? Алар эч кимди аяшпайт да. Кантип өз үйүңө штаб ачтың? Бакиев Үсөн агаңды жайлап салбадыбы. Кой, сени да бирдеме кылып жиберишпесин, дешип чурулдашты. Анда ал: - Алардын колунан эч нерсе келбейт, мага андай кылууга алардын духу жетпейт. Мени улуу арбактар колдошот: Турар Кожомбердиев менен Үсөн Кудайбергенов агаларымдын арбагы деп, машинесине дагы жайнатып үгүт-жарнактарын, СДПКнын туусун тагып алып, үгүт иштерин тайманбай жүргүздү. Былтыркы парламенттик шайлоодо дагы өзүнүн жакшы көргөн партиясынын иштери менен жүгүрүп жүрдү. Эң кызыгы, ал шайлоодо ушунчалык партиялардын саны көп болуп, эми кыргыз болгондон кийин 29 партиянын арасында биздин туугандардын көбүнүн куда-сөөк, жек-жааты бар болгондуктан: бирөө "Ак Шумкарга", дагы бирөөсү "Ата Мекенге", башкасы "Замандашка", анан "Республика" менен "Акыйкатка" деп бөлүнүп баштаганда, аларга ачуусу келип, абдан нааразы болгон. Эми жакшы, бул партиялардын лидерлери акылмандык кылышып, Атамбаевди колдоп беришти.
Кожомбердиева
Нургуль Тураровна,
Бишкек шаары.