Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Учкашып утабыз дейби?
Укканыбызга караганда, ажолук ат салышта артта каларын алдын ала сезип атышкан амбициялуу Адахам Мадумаров, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Суваналиевдер биригип, биринчи турдан бирөөсүн эптеп өткөрүп алуу амалын ойлоп атышыптыр. "Өлө элек аюунун терисин" эртелеп бөлүштүрүп, бири өлкөнү, бири өкмөттү башкарып, бири баш прокурорлук мансапты ээлеп алышкан экен. Мурдагы күнкү телетаймашында "Мен эч кимге бирикпейм, акыр-аягына чейин жалгыз өзүм барам"- деп аткан Өмүкең чын эле өз сөзүнө тураар бекен? Же орто жолдон адашып, берки экөөнө учкашып кетеби? Күтө туралы, аз калды.

Фабула-пресс





Шайлоого катышчу талапкерлердин саны 16ны түздү
Президенттик кызматка талапкер Алмамбет Матубраимов, Жумабек Токтогазиев жана Роман Оморов 26-октябрда талапкерлигинен баш тартуу боюнча расмий арызын БШКга тапшырышты. Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы аталган үч талапкердин каттоосун алып салды. Мындай чечим БШКнын 27-октябрда болгон кезектеги жыйынында кабыл алынды. Эске сала кетсек, талапкерлигин каттоону алып салуу 26-октябрда саат 24:00дө токтотулган. Ошентип, мурда президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны 19 болсо, бүгүнкү күндө анын 16сы калды.


Кеңешбек кимди кекечтентти?
Президентикке талапкер Марат Иманкуловго өткөндөгү теледеги таймашынан кийин мурунку шефи Кеңешбек Дүйшөбаев телефон кагыптыр. "Генералдык чинди ушул бийликтен алдың эле. Аны кайра каралаганың эркектикке жатабы?" - деп кекеткен Кеңешбек мырзага мурунку орун басары "эркектикке жатат" - деген экен. "Жатса, генералдыгыңды элдин көзүнчө тапшырып бергенге "духуң" жетеби?"-деген Дүйшөбаевге кайран Иманкуловуң кекечтенип? жооп бере албай мукактанып калыптыр. Ишенимдүү булактардан алган маалыматыбызда, эки чекисттин ортосунда ушунакай кептешүү болгон экен.


Жеңиле БИЛ!
БШК 2 миллион 870 миңден ашык шайлоо бюллетенин бастырып чыгарды. Демек, Кыргызстанда ушунча шайлоочу бар дегендик. 30-октябрь күнү бул шайлоочулардын 50 пайызы добуш берүүгө келсе, бул 1 миллион 435 миң шайлоочу. 18 талапкердин бири жеңип чыгышы үчүн добуш бергендердин 50 %, б.а. 717 миң 500 жана + 1 добуш алуу жетиштүү. Эгерде шайлоочулардын 75 пайызы добуш берүүгө катышса, жеңиш үчүн 1 миллион 76 миң 250 жана +1 добуш алуусу жетиштүү. Добуш берүүгө шайлоочулардын 80 пайызы катышты десек, бул 2 миллион 296 миң шайлоочу болот. Анда жеңишке жетишүү үчүн 1 миллион 148 миң жана +1 добуш алуусу шарт.
Атамбаевдин биринчи турда жеңип чыгуусуна КСДПнын шайлоочуларынан тышкары "Ата Мекен", "Акшумкар", Жашылдар, "Республика", "Замандаш-Современник", "Туран", "КДК", "Таза табият" сыяктуу саясий партиялардын колдоп чыгышы зор үмүт берет. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП ээ болгон 250 миңдей добушка жогоруда аталган партиялардын акчага, тамак-аш, соткага сатылбаган принципиалдуу жактоочуларын кошсок, 1 миллион 148 миңден ашуун шайлоочу добуш берер деген эсеп бар.
Шайлоонун жыйынтыктары чыккандан кийин жеңген атаандашын 20 минутадан кийин барып куттуктайм деген талапкер Мадумаровдун жигиттик сөзү аткарылса, Кыргызстандагы саясий маданияттын калыптанып келаткандыгынын дагы бир үлгүсү болор эле. Бирок апрель революциясында курман болгондордун көбүн бомждор, аракечтер деп атаган Адахандын акыл-эси мындай кадамга бастыраары - "под вопрос".


Атамбаев аксакалдардан бата алат
Алмазбек Атамбаев үгүт ишин Талас жергесинде аяктамай болду. Бүгүн Таластагы шайлоочулары менен жолугуу менен бирге Манастын күмбөзүнө барып, ата-бабаларыбызга куран окутуп, аксакалдардан бата алганы турат. Эсиңерде болсо, былтыркы парламенттик шайлоодо да Алмаз мырза үгүт ишин Таластан аяктап, аксакалдардын "эл башына, журт башына туруп бер" - деген ак батасын алган. Айтканындай эле Атамбаев бир жыл бою мамлекетибизди оор күндөрдө башкарып берди. Борбордук Ала-Тоо аянтыбызга Айкөл Манас атабыздын айкелин орноттурганы да бекеринен эмес. "Бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт" демекчи, Алмаз мырзанын касиеттүү Манас атабыздын күмбөзүнөн аксакалдардан бата алып атканы - жакшылыктын жышааны.


Кайран казактарга мыш болдук
ЖК спикери Акматбек Келдибеков былтыркы парламенттик шайлоонун алдында Камчы досу экөө казактардын атасы Нуракеге жолугуп келгенин жакшы билебиз. Ошондон бери ЖК спикеринин баурдастарга болгон мамилеси өзгөчө. Ыңгайы келгенде Назарбаевди Нобель сыйлыгына көргөзө коюп, кошоматты коштоп айтып иймей жагы да бар. Мурдагы күнү да казак парламентиндеги жана сенатындагы кесиптештерин эчак эле жоюлуп кеткен "Республика күнү" менен кызуу куттуктап жиберип шермендебизди чыгарды. Көрсө, казактар бул күндү 2009-жылы эле жоюп салышкан экен. Ал эми казактардын маалымат сайттары спикер мырзабыздын "Өзүмдүн жана ЖК депутаттарынын атынан..."- деген олуттуу сөздөр жазылган куттуктоо катын үтүр-чекитине чейин жазып келип, эң акырында бул майрам мынчанчы жылы түп-орду менен жоюлуп кеткен деп, эл караган бетибизди жер каратышыптыр. Эми ЖоКебиздин эл аралык мамилелер боюнча иш алып барып аткан "акылмандарыбыз" тез арада кызматтан айдалбаса, эртең Орусиядагы океңдердин оозун ачырып, жоюлуп кеткен эски майрамдары менен куттуктап ийишпесин...


Милийсаларым, бар болгула!
Жай турмушта айда жамандап, анан башка коркунуч келгенде "милиса, эле милиса"- деп көчүгү түшкөн аюудай бакырып, алардан жардам сурап турчу милийсабыздын кесиптик майрамы менен куттуктайбыз. Чынын айтканда, алардын түйшүгү түмөн, аны менен бирге коркунуч тооруп турчу иш. Мына ошол кыйын ишинде милийсабызга аманчылык каалайбыз. Зарылбек Рысалиевди, Мелис Турганбаевди, Бактыбек Жусубалиевди, Жалил Илиппаевди, Раад Мырзакановду, Калыбек Сатыбалдиев, Капар Батыркановду, Кубанычбек Кадыровду, Марат Буларкиевди, Айбек Ажыгуловду, Рафик Мамбеталиевди, Бакыт Сейитовду алар менен катар бүтүндөй милийсаларды майрамы менен куттуктайбыз.
Ар дайым бар болгула, азаматтар! Бүлөңөр менен, тууган-туушкандарыңар менен, элиңер менен бир болгула!


Адахам "арендага" ат минеби?
Адахам Мадумаровго Кара-Балта шаарынан шайлоочулары алкынтып ат мингизип, чапан жапканын талапкердин үгүт тасмаларынан көргөнбүз. Адахамдын ал аты алты миң сомго ижарага алынганын узун кулактар айтып келишти. Барган жеринен ат минип аткан бул мырза жаныбарлардын ижара акысын шайлоо фондусундагы атайын эсебинде көрсөттү болду бекен?

Фабула-пресс