Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:
"Демократияны ЖИНДИКРАТИЯ кылып алганыбыздын бир белгиси ушул... "
- Анатай байке, адис катары бир айга жакын убакыт ажолукка ат салышып жаткан талапкерлерден эне тил боюнча экзамен алуу комиссиясында иштедиңиз. Дал ушул маселе боюнча коомчулукка айта турган алгылыктуу сөзүңүз бардыр. Президент болом деген талапкерлердин эне тилди билүү деңгээлин кандай бааладыңыз?
- Жеке эле, президент болом деп ашыккан адамдар гана эмес, башка да аттуу-баштуу адамдар, бир топ кыргыз тилдүү журналисттер, башкасынан мурда аталыштары эне тилибизде такыр кездешпеген аттар менен аталган бир катар кыргыз тилдүү гезиттер да эне тилибиздин баркын төмөндөтүп жатканын ачык айта жүрсөк ашыкча болбос. Эмне, ошо жайнаган гезиттердин атын кыргызча атаганга болбойбу? Эң сонун болот!
Ал эми президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин эне тил боюнча билимине, деңгээлине баа берүүдөн мурун, башка бир нерсеге токтоло кетейин. Мисалы, бизден башка өлкөлөрдө президенттикке ат салышып жаткан талапкерлерден эне тил боюнча экзамен алуу деген маселе такыр жок. Мен жакында эле Түркмөнстанга барып, бир чоң акындын мааракесине катышып келдим. Ал жактагылардан мына ушул маселе тууралуу кызыгып сурасам, таң калып, такыр түшүнбөй, күлүп: "Кызык мыйзам экен. Өз эне тилин билбеген адам кантип президент болууга умтулсун"- дешти. Мына, чыныгы улут болуп калыптанып, улуттук ар-намысты, наркты, баалуулуктарды жогору койгондор гана ушинтип маселени кабыргасынан коёт. А, биздечи? Тилекке каршы, баары тескерисинен. Акыркы убактарда, улуттук ар-намыс, баалуулук деген ыйык касиеттер төмөндөп, жок болуп баратканы өкүнүчтүү. "Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болуп, "кой, тиги деле талапкер болгон турбайбы, менин андан эмнем кем" деп, бири-бирин туурап чыгып жатышат. Ушундан улам, ажо болом деп демин баса албай чыккандардын саны 80ден ашты. Негизи президент болуу өз деңгээлдерин билбегендер үчүн өзүнчө эле модага айланып кетти. Талапкерлердин саны боюнча биздин өлкө алдыга кетти, мындай көрүнүш тарыхта да сейрек экен. Иранда, Эфиопияда, Чад деген Африканын өлкөсүндө болуптур. Чынында, президент болуп, бир мамлекетти башкара турган адам башкачараак жаралат. Мындайча айтканда, төгөрөгү төп келишип, касиети артып, жылдызы жанып, элди өзүнө тартып турат. Мындай сапаттардан, касиеттерден куру жалак калгандар, талпынып талапкер болуп чыгышса, бир чети жиниң, бир чети күлкүң келет экен. Ушул өңүттөн алганда, күлкү менен жин жанагы талапкерлерден эне тил боюнча экзамен алып жатканда да коштоп олтурду.
- Тил маселеси бизде ар дайым экинчи маселе катары каралып келатпайбы, ошондон улам, бул экзамен керек нерсе дешсе, айрымдар кереги жок деп жатышат го...
- Негизи эне тил боюнча экзамен алуу маселесин Акаев киргизген. Бирок ал эч кандай тилге күйгөндөн улам киргизген эмес. Ал киши ошол кезде президенттикке ат салышып жаткан Куловду кулатуу үчүн киргизген болчу. Бир эсептен алганда, бул мыйзам талапкерлердин эне тилин кандай деңгээлде билерин аныктаганга керек экен. Бирок мен бул ирет экзаменге катышып, талапкерлердин көбү тилди гана эмес, кыргыздын нарк-насилин, үрп-адатын, керек болсо тарыхын да билбейт экен деген ойго жетелендим. Себеби ал экзамен берип аткан талапкерлердин аттарын атабай эле коёюн, жазгандары укмуш, кыргыздар: "иттин көткү шыйрагындай " - деп коёт эмеспи, дал ошондой экен. Белгилүү эле генералдар, белгилүү эле саясатчылар ошондой деңгээлде болуп жаткандан кийин, башкасын айтып не кылам. Мен таң калдым. Ошончо даражага жетип генерал болгончо, ошончо даражадагы саясатчы болгондон кийин өзүнүн кол жазмасын оңдоп алса болот эле го. Ушул жагынан алып караганда, биздей улуттук идеологиясы жок өлкөгө бул экзамен керек экен деп кайра ойлоп калат экенсиң.
- Арасында тилди мыкты билген талапкерлер болдубу?
- Андайлар бар экен. Мисалы, көпчүлүк талапкерлердин баарысы мурдатан бери саясий аренадан көп жолу көрүнүп келатышат. Бирок жаңыдан гана көрүнүп келаткан Темирбек Асанбеков деген 24 жыл бою Москвада жашаса да, эне тилди мыкты билет экен. Кыргызчаны кечээ эле айылдан келгендей сүйлөйт экен. "Москвада кыргызча китеп окучумун" деп айтканына ишендим, көркөм окуганда адабияттан сабак берген мугалимдей эле уккулуктуу окуп, көркөм окуганды мыкты өздөштүрүптүр. А, биздин бул жакта жүргөн көпчүлүк саясатчылар китеп бетин ачпайт. Ошол себептен, сүйлөгөндө түшүнүксүз, орунсуз сүйлөп жатышпайбы. "Музыка речи" деген болот, андайдан такыр кабары жок.
(Уландысы 12-бетте)
- Экзамен алуунун эрежелерине көз карашыңыз кандай?
- Эрежелери негизинен туура эмес түзүлүп калган. Ал аз келгенсип, БШК Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасынын кесиби юрист экен деген шылтоо менен экзамен алуу комиссиясынын курамына киргизбей коюшту. Бул өзү туура эмес болуп калды. Андай мыйзамга такашат экен, БШКны калчап олтурган Абдураимов Туйгунаалынын өз кесиби врач эмеспи, кетпейби анда "мен врачмын" деп. Кеп кесипте эмес, кеп жөндөмдүүлүктө да.
Ал эми эрежени бир аз башкача кылып өзгөртүш керек. Бир аз кеңейтип, тарыхыбызды кандай акын-жазуучуларыбыз, кандай композитор-сүрөтчүлөрүбүз бар экенин да сурашыбыз керек экен. Себеби көпчүлүк саясатчылардын элибиздин эң бир таланттуу инсандарынан да кабары жок экен да. Анан уялбай президент болобуз дешет. Мисалы, жогорку окуу жайына тапшырып жаткан абитуриенттер бир экзаменден кулап калса, экинчисине кирбейт. Ошол бойдон ЖОЖго өтө албай калат. Мына ошондой эрежеде болсо болмок да. Ал тургай тааныштарыбыз чалып алышып: "ой, силер эмне, биринен кулатып алып, экинчисинен өткөзүп атасыңар"- деп шылдыңдашты да. А биз: "Жобону биз түзгөн жокпуз да, биз болгону ошол жобо боюнча иштеп жатабыз "- деп кутулуп аттык. Ушундай оңой эле жобо менен түзүлгөн экзаменди да оңдуу бере албай, өзүн-өзү уят кылышкандарга чыны менен таң калат экенсиң. Колунан келбейби, демек, кайсы арына президент болот? Эне тилин билбеген неме, эл башкарып жыргатмак беле. Кыскасын айтканда, өзүн-өзү күзгүдөн карабаган, күлтүгү жок немелер толуп алыптыр, керек болсо фамилияларын да билбейм, кызыккан да жокмун.
- Экзаменден өтпөй калып чырдагандар да болду да...
- Андайлар болду. Кыргыз болгондон кийин ошончонун арасынан антип чырдагандар болбосо болбой калат го... Мисалы, Абылов деген Акаевдин учурунда министр болуп жүргөн адам. Мен аны абдан билимдүү адам деп ойлоп жүрүптүрмүн. Дагы бир Парманкулов деген депутат болуп жүргөн неме экен. Булар эне тилин жетиштүү деңгээлде билбей туруп, чырдашып, бизди сотко беришти. Эне тилди мыкты билишсе, биз аларга бут тосмок белек? Жазганы толтура ката, сүйлөгөндө да орусча кошуп сүйлөштү. Өзүнүн программасын тыңдап айта албайт да, уялбай жулунат. Сылаң короздой болуп, сыналгыга чыгып алып кооз сүйлөй берсе, эл байкуш ишенет экен да. Кыскасы, Турусбек Маразыков, Суусар Искендерова деген илимдин докторлору мунун баарын сотто далилдеп беришти. Экзаменде уят болуп жаткандары сыналгыларда да көрсөтүлдү, эл бүт көрдү. Элге кызмат кылбай турганы айтпаса да, көрүнүп эле турат. Бирок уялбаган адамдарга айла жок экен да. Мисалы, кызматтан түштүбү, бүт туугандарын чогултуп, аянтка ажылдатып кыйкыртып коёт. Демократия дегенди ЖИНДИКРАТИЯ кылып алганыбыздын бир белгиси дал ушул экенин баса белгилеп көрсөткүм келет. Партия десе, кыргыздар дүүлүгүп эле олтуруп, 150гө жеткизди го. Кыжылдаган Кытайда бир эле партия. АКШда эки эле партия. Биз менен алардын айырмасы асман менен жердей болуп атпайбы. Негизи кыргыздар бийликти жаныбыздай жакшы көрөбүз да, ошон үчүн аты-жыты жок партиялар көбөйүүнүн үстүндө болуп атат. Алардын эң башкы максаты, эң негизги чоң талашы - кызматтык папке. Эгер ошол папкени көлгө ыргытып жиберсе, папкени алам дегендер сүзгөндү билсе да, билбесе да өлөр-тирилерине карабай көлгө киришмек да, папкеге жетпегендер чөгүп өлмөк. Чындап эле ошондой шарт түзүлүп кала турган болсо бир чети кызматка жулунгандар азаймак...
- Шайлоо кандай өтөт деген ойдосуз?
- Жер-жерлердин баарын кыдырып чыксам, бул боюнча бир нерсе айтат элем, кыдырбагандан кийин, "андай, мындай" деп айтуу бир аз туура эмес болуп калат го. Бирок мен Кудайдан тилейм да. Эл каалагандай таза, тынч өтсүн.
- 20 жылдан бери Жазуучулар союзуна мамлекет тарабынан эч көңүл бөлүнбөй, ортодо калып, заты жок, аты эле калды эле. Эми буйруса, Атамбаев президент болуп шайланып калса, Жазуучулар союзуна толук кандуу көңүл бөлүнөт деп ишенесизби?
- Толук ишенем. Анткени Атамбаев өзү жазуучу, мыкты котормочу. Жазуучуларды, алардын көйгөйүн жакындан билген адам. Ошон үчүн жалпы жазуучу-акындар Атамбаевди колдойт. Негизи идеологиянын башында өнөр адамы турушу зарыл. Мурунку президенттер бул жагын эске алып, пайдаланышкан жок. Аягы эмне менен бүткөнү, бизге эле эмес, бүтүндөй дүйнө коомчулугуна белгилүү болду. Анткени эл, кызматка жулунган бир ууч чиновниктери менен эмес, көөнөрбөс эмгектерди жаратып, муундан-муунга мураска калтырган не бир таланттуу өнөр адамдары менен, маданияты, адабияты менен эл болуп эсептелет.
- Жазуучулар союзу демекчи, бул союздун ынтымак маселеси бекем эмес экени элге белгилүү. Буга чейин, бир эле эмес, бир нече топко бөлүнүп да жүрүштү. Азыр ынтымак маселеси кандай? Жетекчилик да алмашты дегендей...
- Мен пенсияга чыктым, президиумдан да чыгып алгам. Жаңы жетекчи иштеп эле атса керек. Мурункудай болуп, жума сайын барып, жыйындарына да катышпай калдым. Ошондуктан бул сурооңо толук жооп бере албайм.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев




  Шайлоо алдындагы коопсуздук маселеси

Контрабанда болсо токтой элек...
Дүйнөнүн кайсыл өлкөсүн албайлы, шайлоо учурунда шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл маселелерден. Анткени элдин көптүгүнөн пайдаланып, койнунда котур ташы бар ар кандай күчтөр кара мүртөздүк ойлорун ишке ашырууга аракет жасоосу мүмкүн. Ал эми Кыргызстандын шартында шайлоо учурундагы коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу өтө актуалдуу маселе болуп турат. Шайлоо учурунда ар кандай жаман иштер болуп кетүүсү мүмкүн деген сыяктуу жалган, ушак маалыматтар таркатылып жаткандыктан, коопсуздугун ойлогон шайлоочулар добуш берүүгө барбай коюулары мүмкүн. Ошондуктан жогорку бийлик добуш берүү иш-чарасынын тынч өтүүсүн камсыз кылуусу зарыл. Шайлоочулардын добуш берүүгө жетиштүү санда келип, кийинки ажолукка кимди көрүүнү каалашарын билдирүүлөрүнөн Кыргызстандын мындан аркы саясий, экономикалык турмушу көз каранды. Өкмөттүн өткөн жума соңундагы көчмө жыйынында дал ушул маселе каралды. Жыйын Ош облустук администрациясында өттү.
Өкмөттүн коопсуздук маселелер боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Ош, Жалал-Абад облусунун губернаторлору, акимдер, мэрлер катышкан жыйында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов таза, ачык, айкын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочулардын добуш берүүгө коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу керектигин белгиледи. Анүчүн профилактикалык иш-чараларды өткөрүү зарыл.
Шайлоо өнөкөтүнүн алдында аткарылган, көрүлгөн иш-чаралар тууралуу ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев, МУКК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, түштүк аймактар боюнча күч структураларынын жетекчилери, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын губернаторлору маалымат беришти. Жыйында ыңгайы келип тургандыктан, күйүүчү майлардын контрабандасы козголду. Бабанов күйүүчү майларды мыйзамсыз пулдоонун абалы учурда кандай болуп аткандыгына кызыкты. Баткен губернатору Арзыбек Бурканов ага бөгөт коюуга бардык аракеттер көрүлүп аткандыгына карабастан, дагы деле күйүүчү майларды контрабанда жолу менен Тажикстанга ташып өтүү уланып жаткандыгын жашырбады. Контрабанда да коррупциядан бетер тамырын кыркуу кыйынга туруп аткан көйгөйгө айланды. Бир караганда ага оңой эле бөгөт коюуга болгондой туюлат. Бирок өкмөт баш болуп кийлигишип жатса да, күйүүчү майларды кошуна өлкөгө мыйзамсыз ташып өтүү уланып аткан кез...
Абалдын жакшы эместигинен маалымат алган Өмүрбек Бабанов күйүүчү майлардын контрабандасына каршы күрөшкөн координациялык штабдын жетекчиси Алик Бейшеновго маселени өз көзөмөлүнө алып, контрабанданы токтотуу тапшырмасы берилди. Чек ара кызматынын төрагасы Закир Тиленовго болсо колго түшүрүлгөн контрабандалык күйүүчү майларды жеринде мыйзам чегинде конфискацияланышы керектигин эскертти.
Марат Шерматов




Бюджет үчүн Антикризистик фонд акча бөлөт
Өткөн жумада Санкт-Петербургда өткөн ЕврАзЭСтин жана КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында биздин өлкөдөн өкмөт башчы катары Өмүрбек Бабанов катышып, анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү, эркин соода аймагын түзүү маселелери каралган болчу. Мындан сырткары Антикризистик фонддон Кыргызстанга кредит берүү жагы да каралган. Казак өкмөтүнүн башчысы Карим Масимов кредиттин бизге берилээрине колдоо көрсөтөрүн Бабанов менен болгон жолугушуусунда билдирген.
Ал эми кечээ убактылуу премьер-министр Өмүрбек Бабанов Антикризистик фонддун кредитин алууга Кыргызстан тараптан арыз берилгендигин маалымдады. Арыз жакынкы күндөрү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана ЕврАзЭСтин мүчөлөрү тарабынан каралып, 106 млн. АКШ доллары бөлүнөрүн айтты. Бул акча Кыргызстандын келерки жылдагы бюджетинин муктаждыктарына жумшалмакчы. Белгилей кетсек, аталган фонддон буга чейин КМШдагы башка өлкөлөр да кредит алышкан.
Аида Дыйканова