Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Алмазбек Атамбаевдин көз жашы…", президенттик жарыш жана "Манас" тууралуу ой
Былтыркы парламенттик шайлоонун алдында жазылып, жарыяланган "Алмазбек Атамбаевдин көз жашы…" ("Форум" 1.10.2010-жыл.) макалага кайрадан көз жүгүртүп олтуруп, айтылуу агабыз Аман Токтогулов жазгандай, "Жарайсың!.." деп өзүмдү-өзүм далыга таптап койдум. Ооба да, калем менен алектенсең, анан алдын ала айткан, жазганың төп келип, ишке ашып атса жаман алдында өзүңдү Калыгул, Арстанбек сезип кетпей… Азил кеп өзү менен, азыркы айтаар ой-пикир нугуна келсек, кепти аталган макаладан цитата келтирүү менен баштап, соңун да андагы ойлор менен тамамдасак туура болгону турат.

"Тарыхты карасаң, "кыргызды жоготом, жоем…" деген карабашыл адам гана эмес, канчалаган элдин, же өлкөнүн өзү жоюлуп кетти. Мына ошондой касиеттүү эл, жерди чайкоочулукка койгон канкор, соодагер Бакиевдерден 7-апрель күнү Ак үй алдында атылып өлүп берип, куткарган күл-ойрон боордошторубуздун эрдигин кантип унутабыз? Алардын жаркын элесин канткенде каңырык түтөтпөй эскере алабыз? Алар сени менен мени, элди эркиндикке чыгарганы менен, жакындарын азапка, арманга салып кетти да, аттиң! Аларды эстеп, элдин ыйманы бары, алардын төгүлгөн каны аркылуу бийликке келгендер кейисе кейигендир, Алмазбек Атамбаев гана митингдерде, көпчүлүк алдында буулугуп: "биз аларды унутсак, арбак уруп кетет, кудай кечирбейт!" - деп бир нече ирет ыйлаганына жумурай журт күбө, бүт дүйнө күбө…
Алмазбек мырзанын, курбалдаш да экенбиз, ошондогу көз жашы мага пенде катары абдан таасир эткени, ага болгон көз карашымдын кыйла жакшырганын, сөздүн кеңири маанисинен алганда андагы айкөлдүк сапатты, жетекчилик чоң потенциалды аңдаганымды эч кандай экиленбей эле айткым келет…"
Акыйкатта, өлкөбүз өз алдынча оокат кылып, күн кечирген жыйырма жыл аралыгындагы эң татаал, кыйчалыш учурда өкмөттү бир жылдай жетектеген Алмазбек Атамбаев айкөлдүк сапатын, жетекчилик чоң потенциалын далилдей алды. Айкөлдүгү ушул, мурда кийин жаза басып жасаганын, эмоцияга алдырып айткан, дегендерин парламент, эл алдында ачык, шар айтып, каталыгын мойнуна алганы, кечирим сураганы; кекээрлеп, кек сактабаганы, өткөндөн сабак алып, жыйынтык чыгара билгендиги; ар кандай кырдаалда, маселен, айт намазда эл менен намаз окуганы, көпчүлүк менен бирге болуп, ачык-айкын, жөнөкөй, калыс, акыйкат мүнөз күтүп, калыптанып баратканы.
Жетекчилик чоң потенциалы - айлык-маяна, пенсия, пособиянын өлчөмүн кылчактап, жалтайлабастан, мурда болуп көрбөгөн деңгээлге шыр көтөргөнү; экономиканын, рыноктун тамыр кагышын аңдап билгендиги; ар кыл кризис абалдан мамлекетти кылдат алып чыгып кетүүгө жөндөмдүүлүгү; империялар баштаган чет өлкө башчылары, уюм жетекчилери, инвесторлор ж.б. менен өз деңгээлинде, тең ата, татыктуу жана үзүрлүү мамиле, келишим түзгөндүгү; эң башкысы эртеңкиге бекем ишеними, элине, Мекенине ниетинин тазалыгы, айкындыгы.
Президенттикке жарыш… 80ден арбын кишинин чыгып алышы жакшылыктын белгиси эмес. Бу, кыргыз элиндеги ыймандын жардыланышы, делбетап (деградациялык) абал, арсыздык. "Байкуш элдин баатыры көп". Сексендин бери болгондо сексен пайызы кызыл кулактык максат менен чыккандар. Ким бийликке келгени аларды кызыктырбайт, иши кылса, бийликтен устукан - сөөк артса болду. Бул бир, экинчиден, Акаев, Бакиевге окшогон келжирбайлардын айынан бийликтин кадыр-баркы кетип, элдин назарынан чыгып, касиети азайып, покко арзыбай калганын далилдейт.
Үчүнчүдөн, бийлик бул эбегейсиз байлык, качып кетсең да, кайсы жерде жүрсөң да акчанын күчү менен беймарал, тайраңдап жашай бересиң да дегендей, терс үлгү, намыс арсыз түшүнүктүн элде кадимкидей калыптанганы.
Акыркы кездерде кыргыз элин, мамлекеттүүлүгүн, эркиндигин жар башына жакындатып келаткан, сырткы же ички күчтөр дейбизби, жаман адат мүнөз: ууру-кески, ач көздүк; көшөкөр, кош жүз, саткындык; көрө албас, ичи тардык; жалганчылык, ушак, кур жалаа, калп; зөөкүрчүлүк, кара күч, мыкаачылык жана мына ушуларга кеңири жол ачкан сабатсыздык менен маданияттан өксүү эпидемиясынын ороп-чулгап баратканы…
Албетте, мындай тушамыш, ит оору элибиздин уңгу рух, касиет, акыл-эс кенчи улуу "Манаста" кайсы бир деңгээлде айтылган, камтылган. Бокмурун, Көзкамандар, Жакып, Абыке, Көбөш, Чынгожо, Канчоро… баары өздөн чыккан жаттар. "Кыргыздын душманы - кыргыз"! Дегеле, "Манас" эпос, жомок, мистика эмес, кыргыздын руху, энциклопедиясы, жол көрсөтөөр маягы, каны-жаны экенин түшүнүп, аңдай алдыкпы… Кайриет тарыхый чыгарманын миң жылдыгын өткөрдүк, Айкөлдүн эстелигин тургуздук. Бул үстүрт маселе, а ишти тамырдан баштоо өтө зарыл. Анткени "Манасты" тыңдап, окуган адамдар азайып барат. Канчалык "Манасты" беш, он кило салмакта көлөмдүү чыгарып, канчалаган кылымдардан келаткан өзөктүү сюжетти оңдоп-түзөп, реставрациялаган "генийлер" пайда болуп, Манас бабабыздын арбагы менен түз "сүйлөшкөн" көзү ачык, бакшылар көбөйгөн сайын, ал бизден алыстап баратат. Демек, эл катары, байыркы түптүү журт, улут катары кайрат, намысыбыз мокоп, биримдигибиз бошоп, береке пайыз басаңдап, оомат, кут да оолактай бермекчи…
А балким, бүткүл дүйнөдө сейрек кездешчү көрүнүш, бир президенттик орунга ушунча талапкер тапырап чапканы менен бытырап, жик-жикке бөлүнүү аң-сезимине жедеп сиңген караламан калкты ким келсе да кайра-кайра кол чаап коштоп, казы-карта жеп, арагын ичип, калпагын кийгизип, "Ар кимдин акчасын ала бергиле да, урнага барганда өз каалаганыңарга добуш бергиле" деген ажыкыз Акаевди, бөйрөгүнүн кайда экенин билбей 21-кылымда "тезек тергиле" деп, кыргызды кырган Бакиевди унутпай, кылганын кылып, үйрөнгөнүн таштай албаган оома, ак көңүл, меймандос, чачылган, качырган, азган… кыргызды бүкүлү ээрчитип, келечекке жетелей турган Ататүрк, Раззаковго окшогон лидерге мамлекет бүгүн зар. Деги жаркын лидер болор жараның барбы? Океандан ары "үркүп" келип, байлыкта, бийликте да, сыналса да дале такыба турмуш сунуштагандан тажабас, баркы кеткен Байболовбу же бардыгын алаканына салып алгандай алчыланып, кесирленген, сталинчил Адахан мырзабы? Эрдиги бар, курч, бирок кимдедир, кеги бардай ызырынган Камчы инимби? Камчы демекчи, мына ушул үкөмө жан тартарымды жашыра албайм. Бакиев бийлигинде өкмөт башкарып, министрлерди катынынча кагып-силкип, дардаңдаган Даниярга каяша айтып, каалганы "тарс" жаба баса берген эрдиги бар. Бирок Камчы али жаш, билим тажрыйбасын байытып, Ала-Тоо койнун кыдырып, эл-журтун, өзүн аңтарып тынымсыз изденсе келечеги кең. Эң башкысы, кыргыз мамлекетин азыр, эртең, арыга Кокон хандыгындай, Сталиндей же бери болгондо Акаев, Бакиевдей башкаруу таптакыр мүмкүн эмес экендигин так түшүнө билүү милдет, парз.
Кечээ-жакында, Алмазбек Атамбаев туулуп-өскөн айылына барып, жөө жайма-жай араладым. Тууган-уругу, дегеле арашандыктар, союз доорунда айтылуу Стрельников атындагы совхоз, бир кылка турмуш кечирген, жөнөкөй, кабак кашы ачык эл. Атамбаевдердин көпчүлүктөн өзгөчөлөнгөн там-ташы, мүлкүн көрбөдүм.
Айылды жаный аккан Аламүдүн дайрасынын боюнда олтурсам, кыраан акын Карбалас досумдун береги ыры эсиме шыр келет:

Төрөлгөн экем шар аккан,
Шаң аккан суунун боюнда
Ошондон окшойт шар айткам,
Эмине болсо оюмда.
Төрөлгөн экем тоолордун,
Жүлүн жол кеткен койнунда
Ошондон окшойт дөөлөрдүн,
Жүгү бар менин мойнумда.

Алмаз мырзанын жүгү оор, өтө оор… Анткени эртеңкини ойлоп, жакшы турмушту самаган кыргыз элинин, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүнүн үмүтү, ишеними да Алмазбек Атамбаевде экени чын. Мухаммад алейхис салам: "Билгиниң, жеңиш чыдамкайлык менен, рахат кайгыдан кийин, жеңилденүү кыйынчылыктан соң болот" - деген экен.
"Атамбаевдин бийликке келишине тилектештигимдин дагы бир орчундуу себеби, академик президент Акаев салынды катындай карабай таштаган, Бакиев итке сөөк ыргыткандай мамиле кылган акын-жазуучу журтун Алмаз мырза өз чөнтөгүнөн ошончо жылдардан бери бапестеп келатканы. Ал Акаев бүлгүнүнөн бир далай өндүрүш ишканаларын сактап калганын угуп жүрөм, бирок Аламүдүн дайрасынын ажайып жээгиндеги Жазуучулар союзунун "Арашан" эс алуу үйүн сактап эле калбай, кароосуз алган калемгерлер армиясын бекер жатак, тамак-ашы, стипендиясы менен жабдып келатканын даана билем. Азил-чыны "армия" деген ошол көркөм сөз өнөр ээлерине Омор акын айткандай, боордоштук өктө сөз оголе көп дечи, бирок да бүгүн "жоорду" чукуй бергенден көрө "илдеттен" арылуунун жолун бирге чаап, бирдиктүү аракеттенүүбүздү өтө кыйчалыш абалда турган өлкөбүздүн тагдыры талап кылып турат. Кыстара кетүүчү маселе, Алмаз мырза бийликтен куугунтукталып жүргөндө да, "мени колдогула, же колдободуңар" дегендей майда пендечиликти бир да акын, жазуучуга билдиргенин эч жерден укпадык. Бул айкөлдүк эмей эмне… Эмесе, Алмаз Атамбаевдин акыбетин кайтарар мезгил келди, агайын! Чын эле сөз баккан, көркөм нарк, насил маданиятты барктап-баалаган улуу элдин урпагы экенибизди моюндасак, элүү жаш курактын айдыңында эл-журтунун эртеңки бакубат жашоосу үчүн ак дилден күйүп-бышып, көөдөндөгү бугун, көз жашын да калкынан катпай, бардык дараметин элине арнап турган эренибизге ак батабызды берип, Алмазбек Атамбаевден добушубузду аябайлы.
Дүйшөн КЕРИМОВ,
Бишкек шаары.