Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын төрагасы:
"Элдин бийликке болгон ишенимин кайтарыш керек"
Учурда коомчулукта ким президент болсо дагы шайлоо тынч өтсө экен деген эле сөз. Талапкерлер болсо үгүт иштери менен алек. Ал ортодо кыргыз элинин айрым аттуу-баштуу инсандары мамлекетибиздин бүтүндүгүн, кыргыз элинин келечегин ойлоп, жалпы журттун жүгүн көтөрө алчу талапкерди колдоо зарылдыгын белгилешип, өз ой-пикирлерин айтып жатышат. Мына ушул эң актуалдуу болуп турган шайлоонун айланасында кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, салмактуу саясатчы, мыкты дипломат, саясий илимдеринин доктору Аликбек Жекшенкулов менен маек курдук.

- Сөзүбүздү ток этер жеринен баштасак, азыркы тапта шайлоо өнөктүгү катуу жүрүп жаткан кез. Сиздер кайсы талапкерди колдоо чечимин кабыл алдыңыздар?
- Биз негизинен талапкерлерди каттоо качан бүтөт, алардын программалары кандай багытты камтыйт, байкоо салып турдук. Учурда "Акыйкат" партиясынын саясий кеңеши талапкерлердин жеке сапатын, басып өткөн тарыхын, саясий эркин, сөзү менен иши айкалышабы, кыргыз элинин патриотубу, Кыргыз мамлекетин прогрессивдүү жолго багыттай алабы, элдин арасындагы аброю кандай, баарысын талдап, Алмазбек Атамбаевди колдоону чечтик. Мен Атамбаевдин сабырдуулук сапатын бааладым. Дегеним, оор кырдаалда мамлекеттин бүтүндүгүн, келечегин ойлоп, каршылаш күчтөр менен биримдикке келип, баштарын бириктирип, алар менен иштешүү канчалык кыйын болуп турса да, өкмөттү татыктуу жетектей алды. Эгер Атамбаев президент болуп шайланып калса, бардык күчтөр менен тил табышып иштешип, мамлекетибиздин экономикасын, аброюн көтөрүүгө болгон аракетин жумшайт деп ойлойм. Андыктан Атамбаев бир эле КСДП партиясынын лидери болбостон, жалпы кыргыз элинин лидери катары элдин бийликке болгон ишенимин кайтарып, коомго калыс, адилет мамиле кылат деген ишеним бар.
- Эл арасында шайлоо тынч өтсө экен деген кооптонуулар бар. Мындай тынчсызданууга эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?
- Албетте, эл ичинде кооптонуулар бар экендиги чындык. Мындай көрүнүштү ажолукка ат салышып жаткан талапкерлер өздөрү деле байкап жатса керек. Андыктан баарысы тең мамлекеттин туруктуулугун, Кыргызстандын келечегин ойлоп, ынтымак менен иш жүргүзүүлөрү зарыл. Эгерде талапкерлер бийлик үчүн, же байлык үчүн президенттикке барып жатпаса, анда элдин биримдигин, өлкөнүн келечегин ойлоп, ар бир кадамына жоопкерчилик менен мамиле кылышы шарт. Кырдаал бүгүнкү күндөгүдөй чыңалып турганда, президент болом дегендер элдин психологиясы менен ойнобой, терең ойлонуп иш алып баргандары жөндүү. Кимиси утуп, кимиси жеңилсе да, мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги үчүн бири-бирин түшүнүү аркылуу, саясий маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтө билүүлөрү парз.
Чынын айтыш керек, учурда партиялык жана аймактык топко бөлүнгөн жагдайлар бар. Кокус, чыр-чатак чыгып кетсе, андан эч ким утпайт, кыргыз эли дүйнө жүзүнө жаманатты болуп калышы мүмкүн. Анда чыр чыгарган талапкер жалпы журттун каргышына калат.
- Шайлоо өнөктүгү башталса эле сырткы күчтөр тарабынан кандайдыр бир кийлигишүүлөр орун алчу эле. Сиздин баамыңызда бул жолу кандай болуп жатат?
- Бүгүнкү күндө бир дагы мамлекет кайсы бир талапкерди колдоо тууралуу ачык айткан жок. Ооба, былтыркы парламенттик шайлоодо сырткы күчтөр аралашты делген менен, анын таасири ойдогудай жыйынтык берген жок. Андыктан азыркы тапта чет мамлекеттер Кыргызстандагы шайлоо кандай өтөөр экен деп байкоо гана салып турушат. Анткени Кыргызстандагы туруктуулук менен чыр-чатактар коңшу мамлекеттерге, ал түгүл жалпы эле КМШ өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизет. Башкача айтканда, коңшу мамлекеттер үчүн өлкөбүздөгү туруктуулук оң натыйжа берсе, туруксуздук, митинг-пикет тескери жыйынтык берет. Ошондуктан коңшулар, өзгөчө Россия менен Кытай мамлекеттери кызыкдар эмес.
Бир нерсени белгилей кетейин, Алмазбек Атамбаев сентябрь-октябрь айларында Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Россияга эң жогорку деңгээлдеги өкмөттүк расмий иш сапары менен болду. Бул абдан маанилүү көрүнүш. Өзгөчө Өзбекстанга жасаган сапары оң натыйжа берчү жагдайлардан болду десек болот. Себеби июнь окуяларынан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле мурункудан да кыйла солгундай түшкөн. Ошол жикти тереңдетпей бекемдеп, эки мамлекеттин ортосундагы мамилени оңдоо багытында жакшы иш жасады. Өзбекстан бийлигинин Атамбаевди жакшы маанайда кабыл алышы Кыргызстанда тынчтык, туруктуулук болушун кааларын туюндурат. Ошондой эле Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун Кыргызстанга келип, шайлоо тынч өтүп, туруктуулук сакталса, мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүгө 100 миллион доллар грант же кредит берерин билдирип кетиши, коңшу өлкөлөрдүн биздин мамлекетке көзү түз экенин ачыктады. Биз ушул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланышыбыз керек.
- Коомчулук күбө болуп жаткандай, айрым талапкерлер шайлоодо жеңип президент боло турган болсо, биринчи кезекте Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкарууну алып келерин айтып жатышат. Сиз бул жагдайга кандай карайсыз?
- Мен башынан бери эле, президенттик-парламенттик башкаруу системасы болсо жакшы болорун айтып келем. Анткени дүйнөлүк практикада парламенттик башкаруу системасына саясий элита, карапайым калк даяр болуш керек. Ал үчүн саясий маданияттуулук болушу абзел. Мына, парламенттик башкаруу системасына өткөнүбүзгө бир жылдан ашты. Коомчулук өздөрү күбө болуп жаткандай, парламентте чыр-чатак, эки-экиден чабыш, интрига өкүм сүрүп, жеке кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору туруп жаткандай таасир калтырып жатат. Ошол үчүн менин оюмча, бийликте тең салмактуулук сакталган күчтүү президент, күчтүү өкмөт, күчтүү парламент, күчтүү сот бийлиги болуш зарыл. Ошондо гана өнүгөбүз. Азыр болсо, "өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген көрүнүштөр орун алууда. Мурунку бийликтин тушундагы коррупцияга аралашкан кээ бир адамдар азыркы бийликте да жүрүшөт. Ошондон улам, карапайым элдин парламентке болгон ишеними төмөндөп кетти. Андыктан эгер биз алдыга умтулуп өнүгөбүз десек, Конституцияны өзгөртүп, президенттик-парламенттик башкаруу системасын алып келип, таза, патриот, билимдүү кадрлардан турган күчтүү өкмөт курамын курап, жаңы парламентти шайлап, экономика менен алектенишибиз кажет. Болбосо, бири-бирибизди буттан тарткан абалдан чыга албай тура беребиз.
- Учурда Улуттук Конгресс эмне иш кылып жатат?
- Парламенттик шайлоодон кийин ар кандай саясий партиялардан, күчтөрдөн түзүлгөн Улуттук Конгресс Өкмөттүн аткарып жаткан иштерине сын-пикирлерди айтып, ошону менен катар альтернативдүү программаларды сунуштап келди. Президенттик шайлоо мөөнөтү жарыялангандан кийин элдин баарысы эле ким президент болот деген нерсе менен алек болуп калды. Ошол себептен, биз дагы курулай эле сүйлөй бербейли деп, эл аралап, саясий кырдаалга байкоо салып, шайлоо биринчи тур менен аяктаса, өлкөбүздөгү атмосфера кандай болот, экинчи тур менен аяктаса кандай кырдаал түзүлөт, эгер кандайдыр бир чыр-чатактар чыгып кете турган болсо, анын жүзүн ары кылсын, оор абалдан чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек деген маселелердин тегерегинде талкуу, дискуссияларды жүргүзүп жатабыз.
- Улуттук Конгресс кайсы бир талапкерди колдойбу?
- Биз бул боюнча жыйын өткөрүп, Атамбаевдин талапкерлигине токтодук.
- Сиздер Атамбаев жетектеген өкмөткө сын айтып келсеңер, эмне себептен колдоп жатасыңар?
- Эми мындай да, биринчиден, биздин позициябыз өзгөргөн жок. Туура айтып жатасыз, биз жалпы Өкмөткө сын пикир айтып келгенбиз. Өкмөттө болсо өзүңүздөр жакшы билгендей, ар кандай адамдар отурат. Ошол себептен, Өкмөт курамындагы айрым бир адамдарга байланыштуу Өкмөттүн дарегине сын айтууга туура келчү. Бирок жеке мен Атамбаев менен жылуу мамиледемин. Биздин партиянын мүчөлөрү дагы таза, патриот, ыймандуу адам катары Атамбаевге жакшы пикирде. Албетте, ар бир адамда кемчиликтер болот. Ал эми кемчиликти айткан адамдардын баары эле душман эмес да. Тескерисинче, ошол кемчилигин оңосун, чыйралсын деген ниетте сындар айтылат. Аны да туура кабылдаш керек. Мындан ары деле туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп билдирип турабыз.
- Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлерге элдин, мамлекеттин келечеги үчүн кандай кеңеш айтат элеңиз?
- Мен президент болом деген саясатчылар бир нерсени унутушпаса, бир президенттик шайлоо менен саясат бүтпөйт, турмуш токтоп калбайт. Мамлекетти өнүктүрүү, кыргыз элинин турмушун оңдоо сыяктуу көп кыйынчылыктар бар. Мындан ары кудай буюрса, дагы далай президенттик шайлоо болот. Азыркы шайлоо ким уттурса да келечеги жакшы болуп, кийинки шайлоолордо жеңишке жетиши мүмкүн. Ушул нерсени эске алып, биримдикке келип, балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги үчүн кызмат кылсак, ошондо кыргыз элинин чыныгы патриоту болобуз деп айтар элем. Ошондуктан шайлоодо ким жеңилсе да арданбай, мамлекеттин, элдин келечегин ойлоп сабырдуу болушу парз.

Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу