Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Өмүрбек Бабанов
"Интернет эрөөлдүн" коногу болду
Өткөн аптада Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна түз байланышта жооп берди.
Өмүрбек мырзага өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушу тууралуу жана башка окурмандар кызыккан суроолор узатылды.

Эсепчи, Кыргызстан:
- Урматтуу премьер мырза, коррупция тизгинделгенде Грузияда улуттук дүң өнүм (ВВП) кескин өскөн, бизде ыңкылаптан кийин улуттук дүң өнүм канчага өстү?
Кайсы өлкө негизги чарбалык шерик болуп атат? Инвестициялар көбөйө баштадыбы?
Ө.Бабанов:
- Биз 2009-жыл менен (себеби 2010-жылы кандай окуялар болгону белгилүү) салыштырсак, быйыл бюджет кирешеси 40 пайызга өстү. 2. Негизги шерик - Орусия, бирок бизге кол созгон бардык өлкөлөр менен дос мамиледе болушубуз керек. 3. Быйыл 350 млн. доллар болду, бул аз деп ойлойм. Биз азыр үч жылга 8,5 млрд долларды пландаштырып жатабыз.

Сулайман, Бишкек:
- Курманбек, Максим, Жаныш Бакиевдерди экстрадициялоо жагы эмне болуп атат? Кээ бир "сасыткы" саясатчылар Бакиев менен Акаевди ардактап алып келем деп убада кылып атышат, аларга мамилеңиз?
Ө.Бабанов:
- Бул боюнча Укук коргоо органдары иштеп жатат. Соңку ачылган кылмыш иштери аларды экстрадициялоого юридикалык жол ачууда. Аларды "ардактап алып келебиз" дегендер элибиздин душмандары деп эсептейм.

Азамат, Бишкек:
- Саламатсыңарбы, жеңил эле суроо. Кыргыздар жакшы жашоодо канча убактан кийин жашайбыз? Андай деле болбой калды окшойт, чын жүрөгүңүздөн жооп бериңизчи, чындыкты. Ошого чейин санаабыз тынч күтөлү.
Ө.Бабанов:
- Биз сөзсүз жакшы жашайбыз. Жакшы жашап эле тим болбой, алдыңкы беш мамлекеттин бири болобуз. Мен буга ишенем. Баарыбыз кыргызстандыкпыз деп бириккенде гана өнүгүүгө бет алабыз. Биз өнүккөн мамлекетте жашаарыбызга сөзсүз ишенем.

Aidar, Dubai:
- Саламатсызбы, Өмүрбек байке! Балачагыңыз кайда өткөн? Бизнести эмнеден баштадыныз эле? Рахмат.
Ө.Бабанов:
- Балачагым Талас облусундагы Чолпонбай айылында өткөн. Мурда Грозный деп аталчу. Мектепти бүткөнчө ошол жакта жашагам. Бизнести студенттик кезимде армиядан келгенден кийин баштагам. Анда Союз таркап, оор кырдаал болгон, магазинде эч нерсе жок болчу, машине сатып, ошону менен иштегенбиз. Казакстанда мунай компаниясын түздүм, ал алдыңкы компания болду. Биринчи тапкан кирешем Казакстандан болгон.
Бекжан, Бишкек:
- Өмүрбек Токтогулович, сиздей жаш саясатчылардын кеңири "видение" менен узун саясий жашоосу болушун, Кыргызстанды өстүргөн феномен адамдардан болушуңузду каалайм.

Суроолорум:
1) Жакында эле вице-премьер И.Жунусовдун Жогорку окуу жайларынын санын 15ке түшүрүш керек деген интервьюсун Акипресстен окудум. Менин оюм, университеттер Англия, АКШдагыдай "свободный плаваниеге" ташталышы керек. Ошондо таймашып жакшы университеттер өсүп чыгат. Университеттердин коммерциялык негизде иштей алуулары үчүн мыйзамдарды түзүш керек жана АТКАРЫШ керек. Сиз бул маселеге кандай карайсыз?
2) Мектептерди чыгаан (конкурентноспособный) абалга алып келиш үчүн реформанын убактысы жетип, өтүп барат. Менчик мектептер менен таймаша алган мамлекеттик мектептерди колдогу базаны колдонуп жарата алабызбы? Өкмөттүн бул өңүттө программасы барбы?
3) Райондорду бириктирип чоң райондорду түзүү айтылып аткан. Бул тема өкмөттүн программасында барбы?
4) Райондорду экономикалык өзүнө жетээрлик, өзүн-өзү багып байыта алган системаны кура алабызбы? Өкмөттөн бул өңүттө конкреттүү эмнелерди күтсөк болот?
Ө.Бабанов:
- Өлкөбүздө 56 ЖОЖ бар, керектүү гана ЖОЖдордун тизмесин түзүп, реформа жасайбыз, атаандаштыктын негизинде өнүгүп, студенттер мыктысын гана тандап калышат.
2. Бар, бүгүнкү күндө жеке менчик мектептердин пайдасы жылына 500 миң долларга жетет, жеке менчик мектеп, ооруканалардын потенциалы чоң. Реформа жасайбыз, бюджеттен ашкан каражатты мамлекеттик мектеп, ооруканаларды колдоого жумшап, алардын шартын оңдойбуз.
3. Региондордун өнүгүү программасы бар, бул жазылган.
Урматтуу окурмандар, биздин коалициялык өкмөткө 9 ай эле болду.
Бир топ реформаларды ал убакта жасоо мүмкүн эмес болчу.
Саясий кырдаал күчөп кетмек, убакытты утуш керек болчу, оболу 9 айда стабилдүүлүктү сактап калалы дедик.

Мигрант, Москва:
- Суроолордун баары эле саясат болуп кетти. Башка өңүттө да суроо болсун:
- Жакшы көргөн кинолоруңуз?
- Жакшы көргөн китептериңиз?
Рахмат, бай болуңуз!
Ө.Бабанов:
1) Чыңгызхан жөнүндө 36 сериялуу тасма жакты. Ал жерде достук, айкөлдүк, деги баары бар. Ошондой эле жапондордун "Хатико" деген тасмасы жагат. Китептер экономикага байланыштуу болуп атат. Ошондой эле ар бир депутатка китеп таратып бердим, "Почему у Грузии получилось?" деген.
Мындан тышкары жапондун "Самурай" деген чыгармасы жагат.
Ал эми "Сынган кылычты" жыл сайын окуса болот.

Эмилбек, Москва:
- Саламатсызбы, Өмүрбек Токтогулович. Коррупцияга каршы күрөшүп эле жатат жаңы бийлик, бирок бир да чоң мамлекеттик чиновник же университеттин ректорун пара алган жеринен кармап жоопко тарткан материалды окуган да, уккан да жокмун, анан ой келет экен, бул жаңы бийлик ким менен күрөшүп жатат деп. Эгерде мен окубай же укпай калсам, сиз айтып бере аласызбы, канча адам коррупция менен кармалып жоопко тартылганын. Оштогу аэропорттогу окуяга мен да туш болгонмун. Былтыр Москвага келе жатканда бажычылар аялыңдын соттолбогону тууралуу справкасы жок экен деп 200 сом алышкан эле, фуражкасына салып коёт экен. Анан ошол жоруктардан кийин Кыргызстанга баргың да келбей калат экен. Эми эсептеп көрсөк, бир рейсте 150 пассажир учса, ошонун 100нөн 200дөн алса 20000 сом акча болот экен. А бир күндө канча рейс болот Москвага Оштон?! Эми эсептеп коё бергиле, 1 айда түшкөн акчаны, мейли мамлекеттин чөнтөгүнө түшсө ыраазы болот элек, ал акча паракорлордун чөнтөгүнө түшүп жатпайбы. Мына быйыл да жакында Ошко кетип жатам, анан кайтканда да ушундай окуяга туш болсом кимге түздөн-түз кайрылсам болот телефон менен? Алдын ала ыраазычылык билдирип кетемин, иштериңизге ийгилик!
Ө.Бабанов:
- Коррупция менен күрөш өз жемишин бере баштады: Ала-Бука районунун акими пара алып аткан жерден кармалды. Пара алган мугалимдер боюнча тергөө иши жүрүп атат, жакында бир топ иштер айтылат, кагаз түрүндө бул маалыматты "Азаттык" аркылуу беребиз. Эгерде коррупциялык көрүнүштөргө күбө болсоңуз, менин катчым менен байланышыңыз, телефон: 0 312 62 53 81.

Bishkek:
- Акыркы мезгилде Кыргызстанда алтын кендеринин айланасында ызы-чуулар басылбай келет. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Алтын кендерине лицензия берип, акча өндүргөндөрдүн башында "Республика" фракциясы турат деген кептерге кандай жооп бересиз?
Ө. Бабанов:
- Жаратылыш министрлигин жетектеген Эсенаманов биздин саясий кеңештин мүчөсү. Биз келгенден бери 246 лицензия жокко чыгарылды. Анын кыркы алтын кендерине тиешелүү. 9 айдын ичинде бир эле лицензия берилди кен чалгындоого.
Сиз айтып аткан иштердин баары бизге чейин болгон. Азыр аудит жүрүп жатат.
Биз ошол текшерүүнүн негизинде өзгөртүлгөн долбоорду коомчулукка декабрда сунуштап, колдоо тапса парламентке беребиз. Туура, азыр бир топ компанияларда Кыргызстандын кызыкчылыгы жок. Мунун баары жөнгө салынышы керек.
Алмаз, Бишкек:
- Урматтуу Өмүрбек мырза,
Сиз 40 улуттук долбоорун турмушка ашырууга өкмөттүн колунан келээрине ишенесизби? Каражат кайсыл жактан табылат? Ишке ашпай калса ким жооп берет?
Ө. Бабанов:
- Бул бир топ жылдан бери каралып келген долбоорлор. Бирок ишке ашпай келген. Азыркы 40 долбоордун арасында жаңылары да бар. Анын ишке ашаарына ишенем, эгер өлкөдө стабилдүүлүк болсо.

Алмаз, Бишкек:
- Жообуңузга рахмат, бирок ишке ашпай калса ким жооп берет? Бизде көп долбоорлор бар, аны ЖК бекиткен, бирок ишке ашпайт, бийликтен эч ким жооп бербейт, бири-бирине шылтоолоп жүрө беришет. Мындай механизм барбы?
Ө. Бабанов:
- Буга өкмөт жооп берет. Эгер шайлоодон кийин коалициялык жаңы өкмөт түзүлсө, анда ошолор жооп берет.

Эксперт, Москва:
- Өмүрбек мырза! Оштун аэропортундагы коррупция үчүн курөшкөндүгүңүздү угуп кубандым. Ишиңизге ийгилик!
Эми суроолорго келсек:
1. Биздин банктарда эмне үчүн кредиттер жогорку пайызда берилет?
2. "Таарынсаң Таласка бар" дешет, Бабанов таарынса кайда барат?
(Акаев Россияга, Бакиев Белоруссияга...)
Ө.Бабанов:

- Ош аэропорту боюнча, рахмат. Бул маселе боюнча мага дайыма отчет берип атышат. Сиз да коррупция боюнча байкаганыңызды өкмөттүн сайтына жазсаңыз, чара көрөбүз. Аты-жөнүңүздү жазууну унутпаңыз.
1) Пайыздардын жогору болушу - банктардын ресурсу жетишпей жатат. "Центерранын" акцияларын күрөөгө койсок, атаандаштык башталат. Буга чейин чоң банктар келе албай жаткан, буга мурдагы бийлик тоскоолдук кылган. Азыр эми шарт түзүп берип атабыз. "Залкар Банк", "Газпром" өңдүү банктар келсе, атаандаштык болуп, пайыздар төмөндөйт эле.
2) Мен таарынсам кыргыз элиме эле барам.
"Азаттык"
Үналгысы