Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эки "эркени" ээрчиген жигит эми кимди этектеп жүрөт?
Көпчүлүктү көзгө илбей көөп турган бала-Бакиев Максимди кайсы бир тойдо коштоп жүргөн сүрөттөгү Руслан деген сары жигит учурда Өмүрбек Токтогуловичти жандап жүрөт. Ага чейин Айдардын жан сакчысы болгон экен. Өмүкеңдин экс ажолордун эркелери менен алышып-беришип, мамилелеш болуп келгенин жакшы билебиз да…


Депутаттар "тентип" кеткенде…
Кечээ парламент өз ишин толук кандуу уланта албай турду, себеби толгон-токой депутаттар "токой аралап" кетишиптир. Чогулуш алгачкы 15 мүнөттүк тыныгууга чыккандан кийин залда 50гө жетпеген депутат калыптыр.
Төрага орун басары Бөдөш Мамырова доклад менен чыкчу депутаттарды кайра-кайра чакырып жадаган соң, "депутаттар жок дегенде өздөрү иштеп чыккан мыйзамдарды талкуулаганда коргоп катышпайбы" деп капа болуп турду…

Парламент даяр ашка тап берди
Жогорку Кеңеш акыры көздөгөнүнө жетип, 5-каналды ээлеп жаны тынды. Мындай кабарга жетине албаган Дастан Бекешов каналдын кийинки аталышы, штаттагы кабарчылардын саны тууралуу болочок кыялдарын саймедиреп чыкса, кесиптеши Данияр Тербишалиев тескерисинче бүтүндөй журналист журтчулугун парламенттин мындай баскынчылык саясатына каршы турууга чакырып, ЖоКедеги жолдошторунун даяр ашка тап берген кылыгын катуу сынга алыптыр. "5-каналды парламенттин балансына алуунун зарылчылыгы деле жок болчу. Парламенттик телеканал керек болсо, донорлорду таап, кызматкерлерди үйрөтүп, кайра түзүп чыксак болмок. Канал кайсы жана каяктан келген каражатка каржыланат?" - деп жаны кашайды Данияр мырзанын.

Курсандын "кулагы" көрүндү
Адам өлүмүнө тиешеси бар делинип камакка алынган Бишкектеги СИЗО-1дин мурдагы ачендиги Маматкозу Маматалиевди ИИМдин орун басары Курсан Асанов эмнеге эле коргоп жатат десек, көрсө, көмүскөдө көп оюндар жаткан тура. ИИМдеги имиштерге ишенсек, Маматкозу аканын Курсан менен болгон байланыштарынын баарысы ачыкталып, далилдүү документтер Атахановдун алдында жатыптыр. Шамил мырза шайлоодон кийин алардын баарысын Атамбаевдин алдына коёт имиш. Ал ортодо, Атамбаевдин Асановдон алыстай баштаганын эшиттик. Камакка алынган Маматалиевди коргойбуз деп чыккан митингчилерге "Жакында үй камагына чыгарабыз"-деп Курсан мырза да бекеринен айткан эмес экен.


Күрмөнтүгө кимдин көзү түштү?
"Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Эркин Алымбеков Күрмөнтү цемент заводун атайылап банкротко учуратууга Бабанов кызыкдар экендигин айтып чыкты. "Бабанов менен Абдылдаевдин бул ишканага жеке кызыкчылыктары бар. Өздөрүнүн администраторлору аркылуу "убагында салык төлөбөгөндүгүнө байланыштуу" деген шылтоо менен атайын банкротко учуратканы атышат. Мендеги маалымат боюнча, бул ишкана карыздарынан кутулуу боюнча Салык инспекциясы менен атайын график түзүп, толугу менен төлөп берүү милдетин алышкан" - дейт эл өкүлү.


Парламент комиссия түзүү "оорусунан" арылсын
Транспорт министри болуп жүргөндө баланча деген миллиондордун изин таптырбай койгон учурлары бар деген экс-министр, эмдиги депутат Нурлан Сулайманов жакшы ой айтып турат. Анын пикиринде, ар кандай ишканаларды текшерет элек деп парламентте жумушчу топторду, комиссияларды түзө берүү туура эмес. Парламент деген өз күчүн маанилүү ишке-мыйзам чыгаруу ишине жумшаш керек. Ал эми ишканаларды текшерүү үчүн Эсеп палатасы бар, өкмөт деген бар.
Мына ушундай дурус пикирди парламент спикери Келдибеков мырза угуп, аны ишке ашырса дурус болмок. Бирок "комиссиямания" илдетине кабылган парламентчилер андан оңой эле "айыгарына" күмөн чоң...

Бу президенттик шайлоо белгилүү эле кишилерди мээкайык кылып бүтмөй болду

"Эркин Тоо" гезитинин 14-октябрдагы санында Алым Токтомушев менен Келдибек Ниязов президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевди колдоорун мындай билдиришкен, көп сөзүнөн азын алдык:
Алым Токтомушев: -...Шайлоо күнү Камчыбектей болгон эр-азаматтарыбызды шайлап алсак, Кыргызстандын келечеги чоң даңгыр жолго түшөрүнө ишенем.
Келдибек Ниязов: -...Кыргызстандын түндүгүн көтөрө турган жигит (Ташиев-ред.) деп ишенем. Ошондуктан Камчыбекти бүткүл кыргыз эли колдоого алып, алдыдагы шайлоодо президент кылып шайлап алышыбыз керек.
Эми аталган эки мырзанын "Учур" гезитине (20-октябрь) Байболов жөнүндөгү оюн угалы:
Токтомушев: -...Анын (оппозициянын - ред.) ана башында тургандардын бараандуусу - Кубатбек Байболов экендиги белгилүү.
...Кыскасы, К.Байболов башкарган кемеге чогуу түшсөк, адашпайбыз да, алданбайбыз деп ойлойм.
Ниязов: -...Чындыгында "эл - тараза, эл - сынчы" дегендей, элдин сынынан, элегинен өткөн жигит. Ошондуктан карапайым калк "Кубатбек Байболовго добушубузду беребиз" деп ишенимин көрсөтүп жатат. ...Кыргыздын кыраан инсаны экени талашсыз да.
Бул экөөнүн пикирин уккандар кимисине ишенет "Эркин Тоонун" Токтомушеви менен Ниязовунабы, же "Учурдун" Токтомушеви менен Ниязовунабы? Өз жандарын аябай экиге бөлүнүп кеткендерин карачы...
Биздин гезитке келген бир чалакайым айтып турбайбы: "Бул экөөнө кимиси мурун барып жүз грамм куюп берсе эле, ошону колдой беришеби?" деп. Ал чалакайымдын кебине азга уяла түштүк...


Билбеймден башканы билбеген Иманкулов
Гимнибиздин авторлорун так билбеген талапкерлердин бири, 2002-2005-жылдары Жалал-Абад облусунун УККсын башкарып турган Марат Иманкулов КТРКдагы телетаймашта алып баруучулардын "2005-жылдагы ыңкылапты Бакиев баңгитрафиктин эсебинен каржылаганбы?"- деген суроого "биле албайт экенмин"- деп кутулду. Өкүнүчтүүсү 2005-жылы Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалы кимдер тарабынан тонолгон деген суроо берилбей калды. Бирок берилсе деле "билбеймден" башканы айтпаган кыраакы чекистибиз анда деле башын чайкамак болуш керек.


Текебаев туура айтты
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев аз күн мурун бир маегинде Акаев менен Бакиевден "экс-президент" деген саясий статусун алып салууну сунуш кылды. Белгилүү саясатчынын пикиринде, эки президент тең өз каалоосу менен- Акаев Москвада, Бакиев болсо Жамбулда конуп турган аскердик-транспорттук самалетто арызын жазып перзиденттиктен "өз каалоосу" менен кетишкен. Бирок, алар шартка жараша кетишкен. Ал жөнүндө Конституциябызда жазылган эмес. Демек, Акаев да, Бакиев да "Экс-президент" деген статуска ээ боло албайт.