Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Шакиевдин шагы сындыбы?
Былтыркы парламенттик шайлоодо Нурлан Шакиев "Бүтүн Кыргызстандын" короосун "шыпырганы" баарыбызга маалым. Кийин "Ата-Журт" Нукеңе кызмат ыроологондо Адахамды алеки саатта аттап өтүп, Маданият министрлигин башкарып калган. Эски лидери ажолукка аттанганы Шакиев да өз милдетин аткарып, кичи мекени Аксыга барып, аксакалдарга чай берип, Адахамды сүрөшүп коюуга чакырган экен. Кийин Мадумаров барганда аксакалдардан Нукеңдин аракети тууралуу угуп, "топ жылкыга, бир эшек кошула албай атса керек" деп этибар албай койгонун эшиттик. Кейпи, партиясын Камчыкенин портфелине алмаштырып кеткенин алигиче кечире албай жүргөн окшобойбу?
Айтмакчы, ажолук аламан байгенин марасы жакындаган сайын өтө эле агрессивдүү болуп, жанын коёрго жер таппай нерви чыңалып, тиштерин кычыратып аткан Адахамдын партиясы былтыркы парламенттик шайлоодо өзүнүн кичи мекени Куршабда төртүнчү орунду араң ээлептир.

Акаевдин "мерси" Исаковдон табылдыбы?
Алгачкы куулган ажо Акаевдин 60 жылдыгына кайсы бир чириген байлар кымбат баалуу брондолгон Мерседес-500 үлгүсүндөгү унаа белекке беришкен экен. 2005-жылдын 24-мартынан кийин кычыраган бул унааны Максим Бакиев баса калып, эч кандай документи жок кийинки революцияга чейин колдонуптур. Аскар Акаев менен Максим Бакиев алкынтып минген, эки ыңкылапты башынан өткөргөн бул "мерстин" кийинки тагдыры эмне болду деп иликтеп көрүшсө, дөңгөлөктүн изи Исмаил Исаковго барып такалыптыр. Коргоо министрлигинин унаа коюучу жайынан дайын-дареги билинбеген бул тулпарды Исмакең бекитип койгон имиш.


"Калпты чындай айтсаң, чындык чычая качат"
Кудайга койдум, Кудайдан тапсын, Кудай көрүп турат деп эки сөзүнүн биринде Кудайды ала чуркаган Адахам Мадумаров Кудайды карабай калп сүйлөгөндү мыкты өздөштүрүптүр. Дегенибиз, Мадумаров бүгүн айткан сөзүн эртең танып кетмей адаты бар. Образдуу айтканда, жанын жегендердин чебери десек жарашат. Мына "аракты оозума албайм, ажынын баласымын, Данияр Үсөновду көрбөгөнүмө далай жыл болду, сүйлөшпөй калгам" деген эргул, Данияр Үсөнов премьер-министр болуп турганда чогуу эле арак ичип, тайраңдап бийлеп жүргөн видеосун көргөндөр жакасын кармап тобо келтирип бүтө албай жатышат. Адалсынган Адахамдын спирттик ичимдиктерди жакшы көрөрүн, кезинде "пиво алып берип койчу" деп эле басып жүргөнүн "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов да "Майдан.kg" гезити аркылуу балп эттирди. Ал эми Адахам эргул болсо эч нерсе болбогондой калпты чындай айтып, оозун куу чөп менен аарчып отурат. Кыргыздар айтышат го "калпты чындай айтсаң, чындык чычая качат" деп. Дал ушул ыкманы Кимсанбай ажынын баласы ийине жеткире өздөштүргөн экен, чиркин. Анан айласыздан өзү айткандай, Кудайдан тапсын дегенден башка сөз жарашпай турат.


Юрсакең сезип атат…
"Ата-Журтка" өтөгөн эмгеги үчүн Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматын башкарып аткан Юруслан Тойчубеков акыркы күндөрү Атамбаевдин штабын айланчыктап, ат тезегин кургатпай каттачу болду. Кокус, эртең жаңы бийлик келип, жаңы шыпыргы менен бийлик бутактарын тазалай баштаганда "таштандыда" калбайын деп жан алакетке түшүп аткандагысы го деп болжоп атышат көпчүлүк. Атамзамандан бери май-талкан мансаптардан колу бошобогон Юрсакең бир нерсенин жытын сезген окшойт. Болбосо, Камчыкенин каарына калып, көчөдө калгыдай башы экөө эмес да.


Ташиев танды, бирок…
Теледебатта Ташиевге: "Айдар Акаев менен жолугуп, андан 500 миң доллар алдыңыз беле? Ал жөнүндө Нариман Түлеев айткан" деген суроого: "Нариман Түлеевдин көзүн мончодогу буу басып, көрбөй калса керек" - деп жооп берди. Бул жооптон улам момундай ой корутундусу туулат: Айдар, Нариман болуп Камчыбектин мончого түшкөнү чын экен. Акча алган-албаганы жөнүндө караманча танган жок, демек, алганы да чын го…Камчыбек Айдардан алса, Адахам Максимден алса, анан президент болуп калса… Куулган эки президенттин бири келип, же бир келип ишмалдабызды чыгарбайбы?!


Бакир уулу президенттиктен чарчады...
Президенттик таймаштын "ардагери" Турсунбай Бакир уулу эмдиги жолу президенттик таймашка чыкпай турганын билдирди.
Ушу биздин заманда кызык адамдар оголе көп болуп кетти го, бу Турсунбай Бакир уулунун эмдиги жолу президенттик таймашка барышы же барбашы кимге кызык. Ал өзүнүн иши эмеспи.
Ушинтип эле популисттиктин жардамы менен элге таанылып, анан тигил, бул саясий оюндарга чакырылбай эле катышып турмуш улай берүү жигитттер үчүн алгылыктуу деле жол эмес.
Эмне кылдык, эмдиги президенттик шайлоого Бакир уулу барбайт экен деп коелу... болду.


Райначальник барымтада эмес дейт…
Вице-спикер Бөдөш Мамырова парламенттин кечээки чогулушунда: "Ала-Бука районунун милийса начальниги барымтага алынып, адам өлтүрдү деген шек менен кармалган алты адамга алмаштырылган" - деп билдирген. Бул билдирүүнү Жалал-Абад облус милийсасынын начальниги Малик Нурдинов туура эмес деп тастыктады. Анын айтуусунда, райондун милийса начальниги Асылбек Бийчиев Софит-Булан айылына барып адам өлтүрдү деген адамды кармап келишкен, аны кармоого жергиликтүү эл да жардам берген. Андан кийин ошол айылга дагы бир жаранды хулиганчылык кылганы үчүн кармоого барышса, жергиликтүү эл каршылык көрсөткөн. Аларга маселени түшүндүргөндөн кийин каршылыгын токтотушкан. Азыр облустук убактылуу кармоочу жайда 2010-жылы хулиганчылык кылган 1989-жылы туулган Толкунбек Исмаилов менен жакында эле бирөөнү мылтык менен атып салган 1977-жылы туулган Кайрат Акбаров камакта.


Түкөбүз эми кара сөздүн катыгын берди
Быйыл алтымышка чыгып турган талантыбыз Түгөлбай Казаков "Эсимде" аттуу эскерүү китебин чыгарды. Өзү эли жактырган обончусу болуп жүрүп эле бир күнү журналист болуп чыга келди да, ал тараптын да катыгын берди. Түкөбүз кээ бир акындарды жер каратып таштачу ырларды да жазчу эле эми минтип прозанын катыгын берип тур. Талантка айла жок деген туура. Түкөнүкүн окуш керек...