Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Саатың канча турат?

Миллиондорду тагынган чиновниктер…
Кайда жүрбөсүн тактыкты сүйгөн орус чиновниктери кол саатка абдан маани беришет. Себеби бийлик башында турган, өзгөчө Кремлде иштеген чиновниктердин арасында чиновниктин кандай экени анын кол саатынан байкалат экен. Эгер чиновниктин колунда сааты жок болсо, же арзан саат тагынса, ал чиновникти ишине так эмес чиновник катары эсептешет экен. Интернет барактарын ачып, кайсы чиновниктин сааты канча турат, иликтеп көрдүк. Кийинки сандарыбызда кыргыз саясатчыларына да байкоо салып көрмөкчүбүз…

19100$
Путин менен мамилеси келишпей кызматынан алынган Москванын мурдагы мэри Юрий Лужковдун саатынын үлгүсү Vacheron Constantin, Patrimonu Automatic, ref X85R9006. Баасы - 19100 доллар.

14000$
Финансы министри Алексей Кудриндики Breguet, Classigue, Automatic, ref баасы - 14000 доллар.


29000$
30- августта Кыргызстанга келип, аянттагы улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун айкелинин ачылышына катышкан РФнын администрация башчысы Сергей Нарышкиндин саатынын үлгүсү Patek Phi-lippe Annual Calendar ref баасы - 29000 доллар.

3400$
Ал эми эң арзаны премьер-министр В.Путиндики. Бирок Путиндин эки сааты бар. Бири IWC, Pilot s Watch Mark XV, үлгүсүндөгү 3400 долларлык саат болсо, экинчиси Blancpain, Leman Agualung Grande Date үлгүсүндөгү 10500 долларлык саат.


32000$
Орус президенти Дмитрий Медведевдин саатынын үлгүсү Breguet, Classigue Moon Phase. Баасы - 32000 доллар.

112100$
Баарынан кымбаты "Газпром" ААКнын жетекчиси Алексей Миллердики Breguet, Classigue Grende Complication Tour-billon, үлгүсүндөгү 112100 долларлык саат.

300000$
Ошондой эле Чечен президенти Рамзан Кадыров таза ак алтындан куюлган 300 гр салмактагы Bovet, Fleurier Minute Repeater with Reversed Hand Fitting in үлгүсүндөгү саат тагынат. Баасы - 300000 доллар.