Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Эркалы ӨскӨналы

Кудай сүйгөн Куйручук
Райымбектин ашында
2. Жез таңдайлар арасында
Аштын биринчи күнү. Тер-Жайлак жайлоосуна кыргыздын оңу менен солунан эл-журт Көкө-Мерен дарыясындай агылып келди. Эл жакшылары, журт башчылары, уруу аксакалдары ийри отуруп, түз кеңешти. Бул ашты башкаруунун эки тизгин, бир чылбыры Байзак баатырга тапшырылды. Ал эми аштын башкарма жардамчылыгына - жарчы башчылыгына Куйручук дайындалды. Ар түркүм жерден, алыс-жуук элден ашка жыйырмадан ашуун алтын жаак, жезтаңдай ырчылар келишкен экен. Ошолорду элге эрмек эттирип ырдатуу, жар чакыртуу жарчы башчынын милдетине жатат...
Мындай чоң аш өткөрүү учурунда илгерки ата-бабалардан бери көздөй уланып келаткан кыргыз элинин салты-наркы, каада-адаты, тартип-ырааты катуу сакталат. Ырасымга ылайык, жергиликтүү байлар конок чыгымын көтөрүшөт. Конок күтүмүн алган ыңкыган байлардын арасында Осоке бай дагы бар эле... Ал сексен жашка серпилип, карылык тушамышына тушалган чагында ышкындай солкулдаган он жетидеги кызды токолдукка алып, калайыкка дүң болгон. Байдын көрөр көзү - Кашымкан айча кер маралдай керилген, кыргыектей көрүнгөн, эр-азаматтарды келбети менен мас кылган ашкере чырайлуу ургаачы!
Ушул ашкере сулуу келиндин чоо-жайын эшитишкен Курман ырчы менен Карамырза ырчы Осоке байдын үйүнө барышат. Комуздарын чалышат, Кашымканды ырга алышат. Жаш токолго көз кысышат. Бечара келин кылчактап чалын карайт. Осоке байдын жини шакардай кайнап, көзүнөн чаары көрүнөт:
- Мусанын тайганындай улуп, бу ырчы деген эмелер, жаман журт болот турбайбы! Кеткиле! Чыккыла үйдөн, кутубузду учурбай! - деп ал эки ырчыны үйүнөн кубалап чыгат.
Ызаланган ырчылар Эшмамбет ырчыга даттанышат. Эшмамбет жанына беш-алты ырчыны алат. "Как башты каптап ырдап, абийирин айрандай төгөлү!" - дешип, алар Осоке байдын үйүнө кайрылып баратышат. Ырчылардын эң кичүүсү Коргоолго "сен биринчи тийишкинди" тапшырышат:
Ошондо жаш ырчы карагер атына өбөктөй калып, комузун чалып, ырчылардын тийишме ырын баштап турган чагы:
- Ой, Осоке абышка,
Атагың кетти алыска.
Качантан бери камындың,
Кашымканды алышка.
Кызыңдын кызынан кичүү Кашымкан,
Казыр түшчү калыска.
Карылыгың жетиптир,
Кашымканды кызганбай,
Мага берчи карызга!
Карыганда напсиң бузулуп,
Калдың окшойт тарыхка!

Чоң кула ат минген эл ырчысы Эшмамбет Коргоолдун ырын улап кетти:
- Карылык басып кысталып,
Катыган тери жыттанып.
Какчаңдаба Осоке,
Кашымканды кызганып.
Көрүң жакын төрүңдөн,
Калаарсың жерге ныкталып.
Карамырза, Курманга,
Качырдың неге тиш салып?
Айтпаймын сөздүн жаздымын,
Артыңда калды жаштыгың,
Картайган кезде кутуруп,
Кашымкан сулуу жаздыгың.
Жанына батты далайдын,
Жаш катын алган пастыгың.

Эми, каптама ырды кыргыйдай илип алып, Курман ырчы термелип, ырдап кирди:
- Кашымкан белиң кындырдай,
Карайсың мени тындырбай.
Өңөрүп алып кетсемби,
Өлөрман чалга кор кылбай.
Алкымың аппак кылайып,
Азапты тарттым муңайып.
Жалынга түшөм сен үчүн,
Жаралдың мага ылайык!
Айтпаймын сөздүн ачасын,
Ар дайым секет капасың.
Алжыган чалдын койнуна,
Ал түндө кантип жатасың?

Ашка келген эл аттуулары, жөөлөрү, аялы-эркеги дебей, ырчыларды тегеректеп калышты... Осоке бай кирерге тешик таппай, чыгарга эшик таппай, айласы кетип, бир жигитине кыйкырды:
- Кокуй! Чаба көр Куйручукка! Береги ажылдаган иттер абийирди айрандай төкмөй болушту... Айт, келип токтотсун! Башка кишинин тилин алышпайт, булар!
Байдын жигити Куйручукка чаап кетти. Ырдамай уланды. Ыр кезмети Токтогулга жетти. Ал ызага муунуп турган байды саал тынчытмакка ырдын нугун бурду:
- Айта бербей жемени,
Акындар сөзгө келели.
Албайлы куру тепкиге,
Абабыз менен жеңени.
Аксымдык кылыш жарабас,
Ар иштин болот ченеми.
Карыны бир аз сыйлайлы,
Карөзгөйлүк кылбайлы.
Карчытынан чымчыбай,
Калыстык кылып ырдайлы.
Карыны жаштар камалап,
Карышкырдай бурдайбы?
Кашымкан жеңең кашкайып,
Кара көз сулуу турбайбы!

Тоо булбулу Токтогул токтоолугунан жанбай ырдап атты... Бирок, Токоң ырдап басыла электе, Кулуке ырчыны кудай урду!.. (Ал акындык көрөңгөсү азыраак, акылы пасыраак, оргу-баргы ырдаган, ырдап атып чырдаган, зөөкүр чалыш киши эле...). Кыялы чатак Кулуке минип турган букасы менен элди жөөлөтүп, ызырынып, Токтогулдун оозунан сөздү жулуп алды. Жагымсыз, корулдаган үнү менен ыр баштап, Токтогулду беттеди:
- Ээй, Эшмамбеттей болбойсуң,
Кесирлүү чалды коргойсуң.
Келжиреген Токтогул,
Керилип барып бир койсом,
Кемегеге сойлойсуң!
Кара көз деп сыздайсың,
Кашымканга ыктайсың.
Калжыраган Токтогул,
Алкынып барып муштасам,
Алты күнү уктайсың!
(Окуянын уландысы бар)