Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бири кем дүйнө...
Буту менен сүрөт тартып,
үй-бүлөсүн баккан тубаса майып Төлөндүн тагдыры
Нарындын Кочкор районундагы Чолпон айылынын кулуну, тубаса майып Төлөн Жумагуловдун Бишкекке келип, жан багуунун айласын таап жүргөнүнө 9 жылдын жүзү болду. Колу мунжу бул адамды Чүй-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер өткөөлдөн (подземкадан) күнүгө көрсө болот.
Бул дүйнөнү оомал-төкмөл деп бекеринен айтпаса керек. Алты саны аман кайыр сурап отурган адамдардан айырмаланып, өзү майып болсо да, колу жасай албаган ишти буту менен жасап, атасынан калган тубаса таланты менен сүрөт тартып, кайыр сурап, нанын таап жүргөн Төлөн байке менен бир аз убакыт маектештик. Ал 1968-жылы Нарында туулуп өскөн. Бир эжеси, үч иниси бар. Эл катары эле үйлөнүп, бир баланын атасы болгонуна кубанып жүргөн кезинде, баласын таштап, жубайы төркүнүнө кетип калган. 2002-жылы уулу менен Бишкек шаарына көчүп келүүгө аргасыз болуп, ошондон баштап, сүрөт тартып өзүн да, баласын да багып, өлбөстүн күнүн өткөрүп келет. Күнүгө эртең менен жумушка келгендей эле "подземкадагы" өзүнүн муздак цементтин үстүндөгү иш ордуна келип, буту менен сүрөт тартып отурат. Кеч киргенде анча-мынча чогулткан акчасы менен үйүнө келет. Төлөн Жумагуловдун сүйлөө речи дагы жабыркап, оюн жеткиликтүү билдире албагандыгына байланыштуу кыскача суроо жооп кылып, баарлашууга туура келди.
- Саламатсызбы? Тууган туушкандарыңыз барбы?
- Мен беш бир тууганмын, бир эжем, үч иним бар. Аялым төркүнүнө кетип калган. Кийин каза болуп калыптыр. Уулум бар. 1991-жылы туулган. Окуйт.
- Сүрөттү канча жашыңызда тарта баштадыңыз эле?
- Мен эл алдында сүрөттү кийин эле тарта баштагам. 2002-жылы. Бала кезден бери эле сүрөт тартканды жакшы көрөм. Атам сүрөтчү болгон, бул менин атаман калган тубаса талант.
- Батирде турасызбы?
- Күйөө баламдын үйүндө бир жарым жылдан бери жашайм.
- Чогуу жашайсыңарбы?
- Жок, балам экөөбүз эле жашайбыз.
- Туугандарыңыз жардам береби?
- Ооба, колунан келишинче жардам берип турушат, туугандарыма ырахмат айтам.
Элизат Бекболот кызы




Эмдиги президенттик шайлоого сунуш
Америкада Барак Обама элди эмес, эл Обаманы сатып алып президенттик такка отургузушкан. Бизде болсо элдин добушун сатып алышып президент болобуз деп жатышат. Президент болуучу инсан да, эл да кылмыш жасап жатканыбызды эске албай жатабыз. Акча бербе, акчаларын албагыла деген менен баары бир бере да, ала да беришет экен. Кой десең тил алышпайт. Шарият да добушту сатып алганга жол бербейт. Ушуларга байланыштуу элди да убара кылбай, рекламаларга, талааларга көздү жумуп акчаларды чача бербей, мамлекетибизди байытуунун жолун таптым.
Эмдиги шайлоолордо элибиз кылмышка барбай таза жол менен шайлоолорду аукционго коюп президент болом дегендер акчаларын чек аркылуу мамлекеттик казынага төгүшсүн, ким көп акча салса ошол адамды Президент кылып шайлап алалы. Калгандарды акчасынын суммасына карап премьер, губернатор, аз төккөндөрүн бүткүл райондорго акимдерди шайлап, бардыгынын берген акчаларынан кутулалы. Депутаттарды да, сотторду да министрлер замдарынан бери кудум ушундай жол менен шайлайлы. Эч кимиси нааразы да болбойт, бирдеме десе чегиңди көрсөт дейбиз да. Эми биз кыргыздар океандын ар жагындагылардан кем бекенбиз, Америка техника жагынан кыйын болсо биз экономикалык саясат жагынан кыйын болуп жатабыз. Бийликтегилер кыйналып убара болбой эле, байлар өз ыктыяры менен акчаларын мамлекетке салуунун, өлкөбүздүн баюусунун жолун таап, дүйнөдө биринчилерден болуп отурабыз. Мына ушундай кылсак, миң-миңдеген адамдар убара болбой үч эле күндө президенттин тагдыры чечилет экен. Баарынан дагы мамлекетибиз байып калат. Экономика деп ушуну айтсак болгудай. Эки жолу ушундай шайлоолорду уюштурсак үч миллиардга жакын карызыбыздан да кутулабыз.
Урматтууу депутаттар андан көрө бардык шайлоолорду чек менен аукцион сымал акчаларын алып, бийликтегилерди шайлай турган мыйзам чыгарсаңыздар. Мекендештер, ушул жол туура болсо туура, чатак болсо чатак деп жооп берип коюңуздар.
Караш Насер




Кайырчы азиздин тагдыры
"Айта берсең, арман көп" дегендей, кейиштүү тагдырга кабылып көр оокаттын айынан ысык-суукка карабай кайыр сурап жүргөн адамдарыбыздын арыз-муңу кимге?

Шаардын кайсы жерине барба, колун жайып, көзүн жалдыратып турган кайырчыларды кездештиресиң. Аларды көргөн кээ бир адам көңүл буруп караса, кээ бири ыргыта түртүп кетишет. Көр оокаттын айынан же ач курсактын айынан ушинтип кайыр сурашса, калп шылтоолоп тапкан акчаларын ичкиликке салганы да бар.
Тубаса майып болуп төрөлүп, өмүр бою азабын тартып жашап келгендер көчөгө чыксаң дароо эле көзгө илинет. Алардын бири, Ош базары, Аламедин, Дордой жана башка Бишкектин базарларын кыдырып ырдап, комузда кол ойнотуп, күнүмдүк жашоосун өткөргөн Жуманазар Райымкалый агабыз менен азыноолак маектештик.
- Мен 1970-жылы Токтогул районундагы Кайырма айылында тубаса азиз болуп төрөлгөм. 1977-79-жылга чейин Чоң-Арыкта окудум. Майыптыктын айынан Фрунзеге келип, 1979-1988-жылга чейин азиздер мектебинде билим алдым, - дейт байке тагдырына таарынгандай. - Аттиң, - деп, арман кылып, оор үшкүрүнүү менен сөзүн улады. - Мектепти бүтүп, азиздер ишканасында "крышка", пробка жасап иштеп, айына 200 сом айлык алып жүрдүм. Арзыбаган акча ары тартсам да, бери тартсам да жетпейт. Эл катары мен да 1990-жылы үй-бүлө куруп, үч кыз, эки уулдуу болуп, сүйкүмдүү жар, мээрман ата болдум.
Бул бир кем заманда азиз болуп төрөлгөнүмө кейип, кээде жашоодон аша кечип, жанымды кыйып алсам дейм, айла жок балдарымдын бактысына өлбөстүн күнүн көрүп келем. 1993-жылдан баштап, 300 сом пенсиям эч нерсеге жетпегендиктен, колума комуз алып, көчөлөрдү кыдырып ырдап баштадым. Мен комузду 1988-жылы устатым Кеңеш Сулаймановдон үйрөнгөм. Көбүнчө Какен Алмазбековдун арман коштогон кайгылуу ырларын ырдап жүрөм.
Базарларга ар кандай күндөрү чыгып, 3-4 саат ырдап, 600-700 сомго чейин табам. Тапкан акчамды күнүмдүк тамак-ашка, кийим-кечеге жана балдарыма жумшайм. Балдарымдын үчөө азиз, экөөсү көрөт. Беш балам тең эч жерде иштебейт. Биз азыр Фучикадагы мурунку азиздер коомунун жатаканасында жашайбыз. Азыр ал жер батирге берилет. Өкмөт тарабынан берилген арзыбаган акчаны батирге төлөйбүз.
Балдарым деп өлбөстүн күнүн көрүп, кара жанын карч уруп, суукту суук дебей, ысыкты ысык дебей, колуна комузун алып, кыдырып кайыр сурап жүргөн Райымкалый байкенин тагдыры кандай болот? Кандай болгон күндө да аларга ылайыктуу иштер табылып калар деген үмүттөбүз. Ооба, бул сыяктуу тагдырга туш болгон көчөдө селсаяк болуп жүргөндөрдүн саны күндөн-күнгө өсүүдө. Алты саны аман туруп, оңой оокат табуу максатында жүргөндөр да жок эмес. Андыктан окурман, замандаштарыбызга көңүл буруп, аларга кайдыгер карабайлы.
Турдубекова К.,
Нурдин кызы Таттыбүбү.