Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Алтынбек Сапаралиев
"Эл артисти" деген
наамды качан алат?
Жолдошбек
Бусурманкулов,
полковник, акын, журналист:
- Алтынбек ал наамды мындан жыйырма жыл мурун эле алыш керек болчу. Ал наамды берсе Алтынбек сүйүнбөй, наам сүйүнүш керек, Алтынбекке келгени үчүн.
Кыргыздын кээ бир элдик ырларын Алтынбектей аткарган ырчы азырынча чыга элек. Алтынбек эч кимге окшобогон жалгыз талант, кайталангыс талант. Кана, Алтынбекке теңдеше алчу кимиси бар? Жок! Алтынбек обон созгондо Бүтүндөй Ала-Тообуз кулак түрө калгандай элестетем...
Ага наам быйыл берилиши керек деп ойлойм.

Баратбай АРАКЕЕВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
- Ал наамды Алтынбек эмес, мен алчудай болуп эле эңсеп келем... албай келем. Ырасында эле биздин бийлик үчүн өтө эле уят иш болуп калды. Эгерде Алтынбек карапайым бир ырчы болуп, анан наам эңсеп жатса бир жөн эле. Алтынбек деген кыргызына бир келген ырчы. Андай ырчы эми качан келет, билбейбиз.
Кудай анын бетин ары кылсын дечи, эпадам Алтыкебиз "жүрүп берсе" бүтүндөй журт, бийлик биринчи иретте, мактап жатып калат эмеспи.
Элге небак эле "Эл артист" болгон Алтынбек, быйыл анын кагазын алып калышы бар деп мен турам.


Шайлообек
Дүйшеев,
Эл акыны:
- Алтынбекке "элдик" деген наамды тээ илгери СССР Министрлер Советинин төрагасы Косыгин келгенде эле бериш керек болчу. Алтынбектин үнүнө ошол киши да таң калган эмеспи.
"Эл артисти" деген наамды азыр Алтынбектин балдарындай эмес, неберелериндей немелер да алып жатат. Эми ал наамдын Алтынбек үчүн кызыгы деле калбады го...

Каныкей Эралиева,
Кыргыз эл артисти:
- Кыргыз эстрадасына, маданиятына үлкөн эмгеги сиңген Алтынбек Сапаралиевге Эл артисти наамын эчак эле бериш керек эле. Эмнегедир ушул кезге чейин берилбей жатышы өкүндүрөт. Азыркы кезде Алтынбек агадан кичүү муундар Эл артисти наамын алып жатышат. Маданияттын тармагында улуу муундардын катарын толуктаган Алтынбек Сапаралиев менен Келдибек Ниязовго Эл артисти наамын сөзсүз бериш керек. Эл артисти наамын ала элек улуу муундардан ушул экөө эле калды.


Сыймык Бейшекеев,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:
- Алтынбек Сапаралиев агага мурда эле Эл артисти наамын бериш керек болчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин берилбей келе жатат. Алтынбек ага кыргыз эстрадасын түптөөчүлөрдүн бири катары биздин курактагы ырчы-обончуларга, бизден кийинкилерге дагы үлгү катары чоң таасир берди десем болот. Маданият тармагына эбегейсиз эле эмгек сиңирди. Анан ушундай таланттуу адамдан ушул кезге дейре Эл артисти наамын аяп, бербей келе жатышкандарга түшүнбөйм. Сөзсүз эле карыган куракта наам берилиш керек деген түшүнүктөн арылып, ар бир адамдын жаш өзгөчөлүгүнө карап эмес, өтөгөн эмгегине, эл алдында жасаган ак кызматына карап бааласа жакшы болмок. Мына, Алтынбек ага Эл артисти наамын ала турчу эмгекти көптөгөн жылдар мурун эле жасап койгон. Бирок кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги татыктуу бааланбай жатканы өкүндүрөт.
Даярдаган Рахат Досалиева




Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Алмазбек Атамбаевге
Атына заты бап келет,
Ал жүргөн жерге жаз келет.
Атамбаев Алмазбек,
Аңдасам ырга маш келет.

Күнжарык сыяк чыгыштан,
Жүрөгүн элдин жылыткан.
Ушундан улам эмгегин,
Урматтап аңыз кылышкан.

Айжарык мисал жарыгы,
Алп дайра белем агымы.
Өзүнчө чоң сөз түгөнгүс,
Өлкөгө кошкон салымы.

Кыргыздын кыйын жигитин,
Кыйкырып ырдайм күнү-түн.
Жолунда таштар жатса да,
Жоргодой бузбайт жүрүшүн.

Бүркүттөй учтуң көкөлөп,
Бүтүрдүң жумуш өтө көп.
Бизнести жасап далайлар,
Бири да сага жете элек.

Балтайган мурду көкөлөп,
"Баймын!" деп жүргөн өтө көп.
Пайдасы элге тийбесе,
Бай эмес, байкуш көпөлөк.

А сен, жалбырттап күйдүң, кайнадың,
Жарыгың элге арнадың.
Жан дүйнөң жаркын пейилдүү,
Жашыңдан болдуң мээримдүү.

Акаев менен арбаштың,
Бакиев менен кармаштың.
Жериңден кууп экөөнү,
Жетимдей шорун кайнаттың.

Өзгөчө өкмөт башында,
Чындыктын жактың чырагын.
Митингге чыкпай калышты,
Миңдеген врач, мугалим.

Муңданган журтка толгондуң,
Музыка болуп ойнолдуң.
Кордолгон журтка серпилдиң,
Комуздай болуп чертилдиң.

Кыргызстан үчүн тилегиң,
Кырдагы айдай билемин.
Кыйшайып уктап жатсаң да,
"Кыргыз!" деп согот жүрөгүң.

Күнүгө ойлоп эртеңди,
Гүлдөткүң келет өлкөңдү.
Жатаарда ойлоп эртеңди,
Жайкалткың келет өлкөңдү.

Кут түшкөн жарык жолдосуң,
Кубаныч болсун жолдошуң.
Кудайга жаккан киши экен,
Куйручук атаң колдосун!
Кудайым ишиң оңдосун!

Эркалы Өскөналы,
Жумгал району, Чаек айылы.