Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Арзанга качырсаң,
жарманкеге кел!

Ар кандай продукциялардын баалары колдон-колго өтүп сатылган базарларда эмес, жарманкелерде сатылуусу арзан болот эмеспи. Мында сатуучулар продукцияларын аз убакыттын ичинде сатууга мүмкүнчүлүк алса, алармандардын арзан баада cатып алуу мүмкүнчүлүгү болот. Мындай жарманке базарлары мезгил-мезгили менен Бишкекте, республиканын башка жерлеринде өткөрүлүп турат. 15-октябрь күнү Бишкектин Жал, Асанбай кичи райондорунда айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өттү. Ага өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов барып катышып, андагы тамак-аш азыктарынын баалары менен жакындан таанышты.

Жарманкени өткөрүүдөгү максат ишке ашты десек болчудай. Анын максаты шаар элине арзан баадагы тамак-аш азыктарын сунуш кылуу болсо, жарманкеге келген сатып алуучулар айыл чарба продукцияларынын базар бааларынан 15-20 %га арзан болгондугун белгилешип, ыраазычылыктарын жашырышкан жок. Аны Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда билдирип жатышты.
Күнүмдүк тирликке керектүү азыктардын жарманкеси жума сайын өткөрүлүп турса, эң туура болмок. Анткени айыл жерлеринен алып келинген продукциялар алып сатуучуларга дүңүнөн өткөрүп, натыйжада базарга жеткендеги баалары кыйла кымбат болуп кетүүсү бар. Өндүргөн продукцияларын арзан сатышкандыктан, дыйкандар да ойдогудай киреше көрбөй калышат. Жарманке аркылуу дыйкандар түз керектөөчүлөргө сата башташмак. Жарманкеге келгендер жекшемби күнү эле эмес, жуманын ишемби күнү да өткөрүлсө деген каалоолорун айтышты. Эс алуу күндөрү көпчүлүк үйүндө болуп, жарманкеге келүүгө убактылары болот. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу шаардыктардын жарманке боюнча айткандарын угуп, аны ишке ашырууга аракет кылууга убада берди.
Албетте, тамак-аш азыктардын өндүрүлгөн көлөмү бирдей эмес. Бири көп болсо, экинчиси аз дегендей. Бабанов жарманкедеги жумуртканын көлөмүнүн аздыгын, баасынын базар баасынан айырмасы өтө эле аз экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Чүй губернаторуна тапшырма берип, мүмкүн болушунча көп жумуртка өндүрүүчүлөрдү жарманкеге катыштыруу зарылдыгын айтты. Муну менен жумуртканын жарманкедеги көлөмү көбөйүп, баасы арзандамак.
Ал жердегилердин талабын уккандан кийин Өмүрбек Бабанов Бишкектин, Чүй областынын жетекчилигине жумасына 2 ирет жарманке өткөрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жарманкени шаардын четиндеги кичирайондордо эле эмес, шаардын борбордук бөлүктөрүндө өткөрүү зарыл. Жарманкедеги тамак-аш азыктарынын баалары мониторингге алынып, базар баасындай кымбат сатылуусуна жол берилбеши керек. Ансыз жарманкени өткөрүүнүн эч кандай маани-максаты калбай калбайбы. Баш калаа Бишкекте жарманке өткөрүү эми колго алынып жатса, экинчи борбор Ошто "Тешик-Таш" кичи базарында жана "Жашылча" базарында күн сайын жарманке өткөрүлүп, андагы продукциялардын баалары базар бааларынан арзандыгы менен айырмаланат. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов айыл чарба продукцияларынын жарманкесин өлкөнүн башка област, райондорунда да өткөрүү зарылдыгын айтты.
Жетимиш Эркебаев