Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

АЗОО АЯЛДАР…
КҮНӨӨСҮЗ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР…
БАКИЕВ КАДРЫН АҢГЕККЕ!

Бакиевдин эмнеге көңтөрүлгөндүгү жөнүндө айтып жатып, жазып жатып, экиден, үчтөн… көптөн топтошуп алып талкуулап жатып тажап бүтмөй да болдук. Эл да ал маселени беш колундай билет: элин эл дебей эзип, бийликти менчиктеп, байлыгын түгөлү менен ээлеп алса, көпкөн баласы кайдагы бир уюмду ойлоп таап ага өкмөттү бүтүндөй баш ийдирип таштаса, андан бешбетер көпкөн иниси көңүлүнө төп келбегендерди өлтүртүп жатса… эл чыдамакпы, кетирди да. Дагы жакшы аман-соосунда качып кутулушту. А бирок, Бакиевдердин кармалбай качып кеткени мына эми өз "жемишин" берип, өлкөдөгү стабилдүү абалга шек келтирип, а тургай кайрадан көңтөрүш жасоо аракетин көрүп жатат, президенттик бийликке өз адамыбызды алып келебиз деп миллиондогон долларын чачып турушат. Бир сөз менен айтканда, Бакиев качып кутулганы менен, анын идеясы "кутуруп" турган кези. Азыр Бакиевдер менен кийинки бийликтин ортосунда президенттик так талаш болуп жатат. Гумандуулуктун кылганы бул, акчанын кылганы бул! Чечмелеп кой, окурманым…

Азыркы бийлик менен кошо эле Бакиевдин бийлиги параллель жашап жатат деп айтсак, анча чоң жаңылыштык кетирген жерибиз жок. Аны өлкөбүздө болуп жаткан окуялар күбөлөп жатпайбы. Көбүн көңүлгө таштап, азын санайлы: парламентти бакиевчилер басып алган; Бакиевдер жана бакиевчилер ээлеп алган эл байлыгы эмдигиче элге кайтарыла элек, кайтарылмак турсун кайра бакиевчилерге экинчи ирет энчиленүүнүн алдында турат; Бакиевди, анын бир туугандарын, балдарын бул жерге алып келип жоопко тартуу иши биротоло колго алына элек, андай олку-солку абалды азыр бийликте олтурган бакиевчилер жаратып жатат; Акмат Бакиев деген кылмышкер кесилимиш болуп, мына эми кайра бошонгону турат, бул дагы бакиевчилердин бир жеңиши; соттор тарабындагы баш аламандык да Бакиевдердин каргашалуу иш-пландарынын бир үзүмү; Бакиев жана анын кланы колдогон неме президенттик ат салышта алардан алган акчасын самандай сапырып турат, акча баарын кыларын эсте; Максимдин достору Елисеев, Ширшов жана башкаларды күнөөсүз деп табуу жолу чабылып жатат; Бакиевдердин бул жердеги куйруктарынын аракеттеринин натыйжасында эл тандап алган президент Роза Отунбаевага жана анын аппарат башчысы Эмилбек Каптагаевге, ИИМ министри Рысалиевге карата каралоо чабуулу күчөгөндөн күчөйт; 7-апрелде элди кырган кылмышкерлер эмдигиче соттолбой турат, соттолгонду кой, революция жасаган тарапты күнөөлөп жатышпайбы! Бийликти бийлик деп санабаган, оозуна келгенди оттогон адвокаттар акчага жарылганча тоюп алып билгенин кылып, элдин башын гана эмес, соттун башын да айландырып жатат; баарыдан да революция жасап элди Бакиев кулчулугунан бошоткондорду күнөөлөп жаткандарын карачы!
Минтип санай берсек, Бакиевдин идеясынын кадимкидей эле жашап жатышына фактылар иттин кара капталынан…
Өткөндө президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев 7-апрелге байланыштуу сот процессинде күбө катары суралды эле, жанагы четтин акчасына дындыя тойгондордун бири, кебинен эмне каалаганы билинбей улкунуп-жулкунуп турган Жакупова деген катын түз эле Каптагаевди күнөөлөп жатпайбы. Э айланайындар, Каптагаев деген апрель революциясын ишке ашырышкан лидерлердин бири, аны күнөөлөгөндүн өзү күнөө болуп эсептелет, ага жанагы "баатыр" деген наамды берсе ашык болбойт. Ошол Жакупова деген неме "ташты кайдан алып келишти" деп Американы ачкандай суроо тапкансып жатпайбы. Таш деген машина-машинага толуп, ал машиналар Бишкектин булуң-бурчунун баарында тизилип турат го, үй куруучуларга деп. Ошондон барып айдатып келишти да. Эмне, таштын кайдан келгенин билбеген ал суроонун ээси келесообу?! Элди талкалап жаткан куралчандарга каршы туруу үчүн мен деле барып таш салынган бир машина айдатып келмекмин, жан күйүп турганда ошол да кеп бекен! Замбирек сүйрөтүп келчү абал эле да. Анткени, Бакиевдердин айбандык кылыктары жанга батып кетпеди беле, алардан кордук көрө бергенче өлүм жеңил эмес беле! Бу Жакупова дегениң кыргызча эмне тилекти каалайт, ала качат да турат, тилек деген немеси барбы деги?! Ага окшогон ар түрдүү уюмдардын катындарынын арзыбаган адыраңбай сөздөрүнө кулак түрбөй коюштун ордуна, аларды тең ата кылып алган кээ бир бийлик өкүлдөрү туура эмес кылып жатат. Аларга "…кербен жүрө берет" деген маанини бетке кармап гана мамиле кылыш керек, болбосо башты оорутканы ооруткан.
Ошентип, сот процесси уланып жатат… Көрдүңүзбү, күнөөгө белчесинен баткан, канга чыланган айбандыгы бар адамдар дароо соттолуп абакта жатчу жагдайды созуп, сот тарабын кесебиз же кеспейбиз абалына такап тургандарын карабайсыңарбы.
Диктатор куулгандан кийин анын санаалаштары бүтүндөй куулушу керек эле, "бөрү баласы ит болбойт" деген бар. Анын сыңары бакиевчилер эч качан эл үчүн ак эмгек өтөп бербейт, былгытканы былгыткан. Антип эле жатып калышса эмне, алар бийликке келсе, Бакиевди "үйүрү" менен алып келет да, ошондо шорубузду даана кайнатат! Бул ойдон чыгарылган "мөө" же "бөө" деп жаш баланы коркуткандай кеп эмес, накта коркунучтун өзү!
Бакиевдердин жана бакиевчилердин каалагандай кутуруп турушкандыктарына биринчи иретте азыркы бийликтин ашкере гумандуулугу себепкер болду. Ооба, президентибиз Роза Отунбаева дасыккан саясатчы, эл аралык мамилелерде алдына адам салбагыдай тажрыйбасы, аброю бар. Бирок, ал кишинин аялзатына тиешелүү экендиги жанагы гумандуулукту алып келип жатабы деп калам. Экинчиден, бийликтин, акчанын күчү менен Бакиевдер көп адамдарды колуна алып койгон, кошо булгап аларды да күнөөкөр кылып байлап койгон, алар да бир топ күч. Ошондон улам, алардын азыркы бийликте турган санаалаштарына кыргыйдай тийе берүү жакшы жол эмес экендигин Отунбаева баам салып турбайбы…
"Ак жолдун" ордун баскан "Ата-Журт" партиясын ээн-эркин ташташты эле, мына эми бийликтин башына чыгып алып, ал жерде чайын кайнатып, жаңгагын чагып жатат. Башкасын кой, президент Отунбаевага импичмент жарыялайбыз деп ала көөдөндөнүп тургандарын карабайсыңарбы. Эгерде Отунбаева жумшактык кылбаганда, аяп койбогондо, бу парламент небак эле чилче тарап кетмек. Отунбаеваны кетиргенди коюп, ага ыраазычылыгын билдириш керек. Бирөөнү жаман аттуу кылгысы келгендер турмуш реалийине деле карабай ары жоктоно берет экен. Роза Отунбаеванын президенттик кызматынын бүтүшүнө эки айдан бир аз ашыгыраак убакыт калды, өзү деле кетет, экинчиден, аны кетириш үчүн депутаттардын жетиштүү колун кетиребиз дегендер эми өмүр сүрсө да чогулта албас.
Жогоруда айтылгандай, Бакиевдердин соттор аркылуу бул бийликке сокку уруу планы четинен ишке ашып турат десек турмуш чындыгынын өзү болуп турат. Сотторду тандоо кеңешинин өздөрүнүн тандалышы, алар тандаган коррупционер соттор ж.б. окуялар түздөн-түз азыркы бийликке каршы реваншисттик саясат экенин баарыбыз эле түшүнүп бүттүк. Ага карабай, ошол азыркы бийлик керек болуп радикалдуу чараларды көрүүнүн ордуна эжигейдей эзилет да турат.
Соттор тарабын алсак, ал тарап небак эле чирип бүткөн, коррупциянын сазына ушунчалык баткан экен, ал тараптан сууруп чыгуу таптакыр эле ишке ашпас жумуш болуп турат. Аларды тазалаш керек деп азыркы бийлик жакшы эле аракет кылды эле, парламент тараптагы бузукулар ага жолтоо болуп жатат. Ооба, ишин билген, азырынча булгана элек жаш судьялар жок эмес, тобокел кылып мына ошолордон жооптуу кызматтарга коюш керек. Ал эми мурункулардан орун алмаштыра берүүдөн эч нерсе чыкпайт, бир коррупционерди экинчиси менен алмаштыруу иштин ойронун ого бетер чыгарат. Ал эми жаштарды көтөрүү бул системада оңой менен ишке аша койбос. Көрдүңүзбү, "өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат…". Бирок, Мюнхаузэн айтмакчы, "таптакыр эле айласыз абал болбойт"…
Жеке кызыкчылыгынын айынан бу сотторуң бүтүндөй бир мамлекеттин ишине тоскоолдугун тийгизип жатпайбы. Маселен, милийса далай тозок менен кылмышкерлерди кармап келсе, алардан тоюнуп алган соттор ошол кылмышкерлерди кескен аты кылып, болбосо бошотуп жиберип жатпайбы. Мына ошондой сотторду суроо-сопкутсуз эле камап салуунун ордуна башынан сылап турбайбызбы, деле бизге убал жок!
Ооба, президенттик орун үчүн аябагандай катуу күрөш жүрүп жатат. Дагы айталы, ушул күрөштүн артында куулган Бакиевдин жана анын жөкөрлөрүнүн кайрадан бийликке келиши жөнүндөгү маселе биринчи планга коюлган деп билишибиз эп. Эгерде алар "таптап, чаап" турган талапкери президенттикти жеңип алса, анда кандуу диктатура кайтып келет да тирүү калгандарыбызды кулга айландырат. Эгерде Бакиевдер бийликке кайра келсе, анда Романовдордун Россияны үч жүз жыл башкарганы таң калтырган мисал боло албай калат. Гитлер, Муссолини, Франко, Пиночет жана буларга окшогон мусулман өлкөлөрүндөгү куулган жана куула элек кандуу диктаторлору Бакиевдин алдында "нөлөвой" класстын окуучусундай көрүнөр… Демек, ой корутундусу ушуга алып келет: кандай болгон күндө да Бакиевдердин талапкерин президенттик тактыга жакын жолотпой аңгекке түртүп салып, Бакиевдерге каршы күрөшүп келген, жана анын куулушуна зор салымын кошкон адамды - Алмазбек Атамбаевди шайлап алуу жалпыбыздын милдетибиз. Башка жолубуз жок.
Баратбай АРАКЕЕВ