Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Абдрахмановдун мааракесинде Абдрахмановдун аргымагы алдыга чыкты
Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөн улуу инсандарыбыздын бири Жусуп Абдрахмановдун 110 жылдык мааракесине карата, өткөн жумада Ысык-Көлдүн Түп районунун Жаркынбаев айылында ат чабыш уюштурулду.
Саясат майданында ажолук аламан байге күн санап кызып бара жатканда, "Манас" аэропортунун мурдагы башчысы, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевге ыктап аткан Болот Борисович Абдрахманов дагы бул ат чабышка төлгө кылып, өзүнүн Кардинал аттуу аргымагын кошкон. Баарынан кызыгы, Болот Абдрахмановдун аргымагы бүтүндөй Кыргызстандан чогулган күлүктөрдү артка калтырып, алдыга озуп чыкты. Бокеңдин төлгөсү төп келсе, Кыргызстандын кийинки ажосу Атамбаев аталат өңдөнөт.

Бажы кызматы "Кошелёктун" схемасы менен иштөөдө
Кытай-Кыргыз "Эркечтам" чек ара өтмөгүнөн жүк алып өтүүдө "Кошелёк" аттуу каймана атка ээ адам түзүп кеткен коррупциялык схема азыркыга дейре иштеп жатат. Бул туурасында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиев айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда, мындай жагдайды жакында депутаттык комиссия аталган жерге барып өз көздөрү менен көрүп келишкен. Эми анын жыйынтыгын жакынкы күндөрү парламенттин кароосуна алып чыгарын айткан Маматалиев: "Бүгүнкү күндө эл арасында Бажы кызматы коррупцияга өлчөөсүз баткан мекемеге айланып калды деген пикирлерди моюнга алыш керек" - деп билдирди.

Оптонбой жүрүш керек
"Президентти, премьер-министрди жана спикерди кайтаруучу адамдардын санын кыскартыш керек" деп чыгышты парламент депутаттары. "Малайзиянын парламентинин спикерин үч эле мотоциклист коштоп жүрөт экен" -деди депутат Мадылбеков.
"Президентти, премьерди курчап жүргөн толгон машинадагылар аларды кантип коргошту деле билишпейт, алар жөн эле каадаланып, сүр көрсөтүп оптонуп жатышат,-деди депутат Токон Мамытов, - брондолгон Мерседес минген министрге эл кантип ишенмек, эгерде ал жөнөкөй эле Мерседес минсе, анда кеп башка".

Исабеков элине эмне бермек эле…
Кайдан-жайдан жүрүп эле кыргыз саясатына аралаша калган Кубанычбек Исабеков сыртынан караганда эли үчүн күйгөн, элинин кызыкчылыгы үчүн бийликтен да тайманбай тургандай түр көрсөткөн президенттикке талапкер бар эмеспи. Ал кезегинде Бакиевдер менен майдай-сүттөй мамиледе болуп, кара ниеттүү "Ак жолдун" камчысын жакшы чабышкандардын бири, вице-спикер да болуп турганда.
Ошентип, аткарган ишине караганда дымагы алда-канча чоң Исабековуң президенттикке талапкер болуп "кош жарандуулукту колдойм, эки тилди бирдей өнүктүрөм, коррупционерлердин өпкөсүн үзөм" деп оңду-солду урдуруп турган кези. Чолок оюнда орус тилдүүлөрдөн добуш топтойм дегени го.
Кенедей Кыргызстан үчүн кош жарандуулук мамлекетибиздин ишмалдасын чыгарып таштачу көрүнүш болот, четтен келгендер тебелеп кетпейби, аны чечмелеп олтуруу да кажет эмес, ал эми эки тилди бирдей өнүктүрөм дегенин кыргыз тилине болгон жүр-нары мамилеси туура деп билишибиз керек. Орус тили Исабековдун жардамысыз эле өнүгүп жатат. Ал эми кыргыз тилинин абалы болсо белгилүү. Коррупцияга каршы күрөштү түштөн кийин эмес, вице-спикер болуп Бакиевдерге жагынып турганда эле башташ керек болчу.
Кандай болсо да бу Исабековдон кыргызга келчү пайда жокко эсе… аман жүрсүн дейли. Ал эми добуш жагына келе турган болсок, алса-алаар алдында нөлү бар сандан бирди…

Салык кызматы качан тартипке келет?
Салык кызматынын штаттан тышкаркы (внештатник) кызматкерлери "Дордой" базарынан бир жылдын ичинде эле особняк үйдүн акчасын таап жатышканын маалымдап, патент берүү маселесин тартипке келтириш керектигин "Республика" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев белгиледи. Эгер бул маселени чечпесе, баш аламандык улана берерин айткан депутат Бокоев: "Качан бул баш аламандык аяктап, тартип болот" - деп, каңырык түтөттү. Ал эми депутат Алмазбек Баатырбеков болсо: "Дордой" базарында 15 миңдей ишкер иш жүргүзсө, анын 8 миңин гана патенти бар экен" - деп айтты. Буга Салык кызматынын жетекчиси Бактыбек Ашыров кабагым-кашым дебей: "Бул коррупциялык системаны сындырыш үчүн жок дегенде 3 ай убакыт керек. Азыркы кезде эки банк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз" - деп, буга чейин "эшек такалап" жүргөнсүп алакан жайды. Эл өкүлдөрүнүн айтканына таянсак, Салык кызматы коррупциянын очогу экенин баамдаса болот. Анткени аталган кызматтын штаттан тышкаркы эле кызматкерлери жыл ичинде бирден особняктуу болушса, анда штаттагылары эмне деген акчаны сол чөнтөккө солошот, эсептеп болбойт. Бул коррупциялык схеманы Бактыбек Ашыровдун "3 айда тартипке келтиребиз" дегени ишке ашабы, же куру убадалардын бири бойдон калабы аны убакыт көрсөтөт... Башкача айтканда, Ашыровдун жоопкерчилигинде болот.

Атамбаев экинчи ирет алдыда!
Кечээ, 17-октябрда, Аки-пресс маалымат агенттиги "Президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?" деген экинчи жолку сурамжылоосун аяктады. Бул жолкусунда да ажолукка башкы талапкер катары каралып аткан Алмазбек Атамбаев алдыга озуп, окурмандардын 40,3 (2594) пайызынын колдоосуна ээ болду. Негизги атаандашы Адахан Мадумаров 19.3 (1242) пайыз топтосо, Өмүрбек Суваналиев 6.4% (410), Темирбек Асанбеков 5,4% (349), Камчыбек Ташиев 5.2% (336), Марат Иманкулов 1.9% (123) Кубатбек Байболов 1.5% (96) добуш топтогон. Эсиңерге сала кетсек, Аки-пресстин 26-октябрдан 3-октябрга чейин уланган биринчи жолку сурамжылоосунда да Атамбаев баардык атаандаштарынан ат чабым алыска кетип, 36.5 пайыз добушка ээ болгон. Ал эми Мадумаров 16.1 пайыз менен экинчиликти ээлеген.

Подполковник Намазбеков Караколдун ардактуу атуулу
Жаза өтөө боюнча мамлекеттик кызматынын начальниги, генерал Шейшенбек Байзаковго Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакуновдон ыраазылык кат келди. Анда Каракол шаарындагы №3 тергөө абагынын начальниги Эрнис Намазбековго "Каракол шаарынын ардактуу атуулу" деген наам берилип, сүрөтү шаардын борборундагы "Ардак тактага" илингенин, Намазбековдой кызматкерлердин көп болушун, ошондой эле нары кооптуу, нары жооптуу иштерине ийгилик каалай тургандыгын айткан.

Наделдин акчасынын чети кылтыйды
Мамлекеттик финансылык чалгын кызматы парламенттеги Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык комитетине "АзияУниверсалБанктын" мурунку төрагасы Михаил Наделге тиешелүү каражаттардын оффшордук аймактарда табылганы жөнүндөгү жашырын маалыматты берет. Муну финчалгындын статс-катчысы Болот Садыков комитеттин отурумунда билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөнүн аймагында Наделге тиешелүү 1 млн. доллар аныкталды жана ал жөнүндөгү маалымат укук коргоо органдарына билдирилди. Эми аларды алууну Генералдык прокуратура ишке ашырат экен.
Эми созо бербей, баса калып шыпырып алуу керек деп биз турабыз…