Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Райымбектин ашында
Жолдо
Жумгал журтунан Райымбек манаптын ашына үч жүздөн ашуун атчан аттанды. Байзак баатыр баштаган топ башкалардан алда кетип баратат. Күү-шаа түшүп. Көкө-Мерен агылат, капчыгайдын баш-аягы жаңырат. Такалардын дабышы аска бетинде, табияттын коңгуроосу кагылат. Жол боюнда чөптөр бийлеп буралат, жар боорунда кушбүткөндөр сыланат. Учкул аттар куш мисалы талпынат, жорголордун таманынан чаң чыгат. Күлүк зыргып, жорго жолдо термелбей, аштын кантип шаан-шөкөтү артылат?..
Балбандарсыз аш кызыгы аз болот, жыкканына мөөрөй тийип, бак конот. Ошондуктан бүркүт кабак берендер бүркүттөрдөй бири-бирине тап коёт. Жалдан үзүп чартылдаша чайнашат, жайык төштөр ат жалында кармашат. Ээликкенде Эр Төштүктөй күчү бар, эңишкенге эрендерден тандашат.
Көкөлөтүп көккө көңүл кушуңду, көк бөрүнүн кандай сонун кызыгы! Уч каяк ат ойнотушкан жигиттер, аш-тойлордун көркү болмок учуру. Кыз куумайдын кызыгына батканда, кыял чиркин, калкып учат асманга. Кытыгылайт жүрөгүңдү бир обон, кыз-жигиттер атка камчы басканда.
Тер-Жайлактын керемети саматат. Алда-артта тоолор сүрдүү карашат. Байзак баатыр баштаган топ ичинде Кудай сүйгөн Куйручук да баратат.
Карагер жоргонун тизгинин жайып, Куйручук ой бешикте термелди. Ал бейиши болгур, Райымбек манап, Райымбек болуш жөнүндө ойлонуп баратты... Бул даңшаарлуу киши жөнүндө узун кулак сарылардан, күмүш ээк карылардан уккандары, көкүрөгүнө жуккандары көз алдына сүрөт болуп тартылып баратты...
... А кезде Райымбектин жаш чагы. Түн. Айыл уктап жатат. Жылдыздардын жарыгы үрүл-бүрүл. Ак калпакчан тоолорго жашынып, жарыктык Ай жарык бул жарык дүйнөнү шыкаалагансыйт. Бөктөрүнчөк, куржундары чукталып, айбарлуу жигит үзөңгүгө бут салып, аттанды. Райымбектин жаш чагы... Кыл куйруктун башкачараак басканы. Жол суурулуп үрөң-бараң иңирден, кагаз сыяк агарат. Жымыңдаган жылдыздары суюлуп, асман жерге түшүп келди кубулуп.
Караңгылык жаңы тарап атканда, ак шам сары-агыш шоола чачканда... Алдыякта келе жатты бир караан, бул ким экен, жолго чыккан ак шамда? Көрүнчүбү же көзүнө көрүнгөн? Көнөт дечи, Көкө-Теңир жазганга?.. Булут кийген бирөө келет берилеп... Аппак сакал абышкадай көрүнөт. Арбак эмес, көрүнчү эмес, киши окшойт... Чарчаганбы? Токтой калат, демигет. Көзүн бардап, дагы даана карады. Ак күбөчөн карыя экен, жанагы. Айта-буйта ыргып түшүп атынан, ага арналды Райымбектин саламы!
Ак сакалын жайкалтып, ак күбөсүн көйкөлтүп, сырдуу абышка алакан жайды. Атынан түшө калып, өзүнө кол берген жигитке ал ак батасын берди. Жигит ыракматын айтканга, ыраазылык билдирип, жанаша басканга үлгүрбөдү. Ачып-көздү жумгуча, абышка көздөн кайым болду. Жылдыздуу жигиттин жүрөгүнө Кожокыдырга кол бергени дайын болду... Бирок, Райымбек уурулугун таштаган жок.
Сары-Камыш тоо арасындагы айыл. Ары жагы Кетмен-Төбө, бери жагы Кабак, Жумгал, күн жүрүш тарабы Тогуз-Торо менен чектешип жатат. Райымбек ушу өрөөндөрдү чабыттап, чарк айланат.
Үйүрү менен жылкы тиет. Уй-торпок уурдап, кокту-колотторго жашырат. Короо толо кой уурдап, ашуу ашырат. Эл-журтту тажатып бүтөт. Ууру жигит аска-зоолорду мекендеп, үңкүрлөрдү үй кылып, күн кечирет.
Бир күнү Райымбек айна булакты күзгү этип, сакал-мурутун кырынып жаткан эле... Алаксып, байкабай калат. Асмандан түшө калгансып, маңдайында атчан абышка турат. Чоочуп кетет. Кетенчиктей түшүп, качмакчы болот.
- Ай балам, коркпо! Качпа! - дейт абышка. - Менин кишиге зыяным жок! Азада пендемин!
Райымбек назар салса, тиги чүкөдөй абышка байкалат. Коркпой калат. Абышкага жакындап барат. Абышка жигитке минтип айтат:
- Башыңа аксаргыл ай тууп, аягыңа жылдыздар чачылып жатат! Кожокыдырга кол берген жигит турбайсыңбы! Бирок ууру экенсиң! Уурулугуңду ташта! Уурулугуңду таштасаң, артың оңолот! Бак-дөөлөт сага тоголот!
Ушу сөздү айтып, азада абышка атын теминип, жолун улайт. Бул чүкөдөй абышка атактуу олуя - Акбото эшен экен... Райымбек жигит ойлонуп калат. Акыл жарыштырат. Уурулугун таштоонун айла-амалын табат. Ошентип, Кудайга иши жагат!
Карагер жоргонун тизгинин жайып, Куйручук ой бешикте термелип баратты. Өзү менен өзү сүйлөштү:
- Райымбектин таалайы ташып, дөөлөтү артты. Отуз жылы эл башкарды. Жылкынын этин ашады, жыргалга тунуп жашады. Токтунун этин ашады, токсондон аша жашады... Райымбек болуш болгондо, баягы ууру чагындагы жаман чокоюн, кырк жамаачы эски чепкенин ак өргөөсүнүн босогосуна илдирип коюптур... Ошо жаман кийимдерин тиктеп, Кудайга үч маал жалынып, көзүнө жаш тегеренип отурар эле дешет.
Байзак баатыр баштаган топ ичинде бүркүт кабак Куйручук ой бешикте термелип баратты.





Асыкбек ОМОРОВ
OСМОН ИМПЕРИЯСЫ

"Адам ичпес арам суунун акканынан акпаганы,
Ат жебеген ачуу чөптүн өскөнүнөн өспөгөнү.
Ата баркын билбеген уулдун барынан жогу,
Эне эмгегин баалабаган баланын боюна бүткөндөн бүтпөгөнү жакшы".
Коркут ата


Жарадар болгон султан Мурад ушул согуштан кийин өзүнүн уулу Баязедди үйлөндүрүүгө үлгүрүп, көп узабай каза болот. Султан Мурад өлгөндөн кийин Осмон империясынын тагына мураскери Баязед I отурат. Ал бийликти 1389-Жылан жылынан баштап Мавереннахрдын Улуу Эмири Темирландан жеңилгенге чейин 1402-жылдын 28-июлуна чейин башкарды.
Тарыхта Чынгызхандан кийин бир эле убакта Азияда да, Европада да өзүнүн империялык ээликтерин кеңейткен ушул Султан Мурад болду. Анын бийлик эстафетасын алган Баязед өз кезегинде Батыш Европадагы Португалия, Испанияга чейин бийлигин жеткирди. Баязед элдүүнүн элин багынтты, хандуунун ханын алды, королдуунун королун жеңип, Европа элдерин чөгөлөттү. Түрктөрдүн атак-даңкы үчүн "түнү уктабады, күндүзү отурбады". Ашууларды армия менен ашып, сууларды кечип, көп элди басты. Көбүн бетме-бет келип талкалады.
Баязед башына акыл толгон, жүрөгүнө эрдик толгон, акылман эл башчысы болду. Буйругу калыс кайратман адам болду. Журтунда ниети ак, көңүлүндө кири жок, таза жан болду. Ошол үчүн ордонун ынтымагы бекем, мыйзамы так жүрдү. Бийлиги күндөн-күнгө күчтүү болду.
1396-Чычкан жылында "Чагылгандай" (Йылдырым) Баязед Анатолия (Анадолу) бийлеринин колун топтоп, Константинополго жакындап келди. Ошол маалда Венгер королу Сигизмунд христиан өлкөлөрүнөн Осмон империясына каршы кол топтоп, казатка чыкты деген суук кабар угулду. Ошондо Баязед өзүнүн агасы Савжинин тескери иштерине ичинен жини келди. Эгер Савжи менен Андроник биригип мындай тескери иш жасап көтөрүлүш чыгарбаганда атасы Султан Мураддын аскердик жортуулу үзгүлтүккө учурамак эмес. Венгерлердин чек арасына жеткенде Султан Мурат армиясы менен кайра көп жылдык тыныгууга аргасыз кеткени Баязеддин али эсинен кете элек. Душманды бириндеп турганда баш көтөртпөй талкалап салуу оңой болмок, мына эми Англия, Франция, Италия, Германия, Чехия - баары биригип 100 миң армия түзүп, баш көтөрүп отурат.
Европа элдеринин курама армиясы менен Осмондун армиясы Дунай дайрасынын оң жак жээгиндеги Никополь шаарынын жанында 1396-Чычкан жылы 25-сентябрда беттешти. Бул урушта Осмон түрктөрү дагы бир жолу өздөрүнүн ким экенин тааныта алды. Баязеддин армиясы жоону бөрү койду качыргандай талкалады. Өлүм эмне экенине карабай, эки тарап тең аянбай катуу кан төгүшкөн салгылаш болду. Талаа үстү буркурап чаң сапырылып, күн көрүнбөй, күүгүмдөп, от көрүнбөй бүлбүлдөп, ай талаа ач кыйкырык менен коштолуп, денеси кансыраган жоокерлер чалгы менен чөп чабылып жаткансып биринин артынан бири кулап, согуш талаасы жайнаган өлүктөргө толду.
Кайраты боюнда түрк баатырлары европалыктардын бириккен колун алмаз кылычтары менен чабышып, ат менен тебелетип-тепсетип, чуңкурун түз кылып, суусун баткак кылып, талаасын канга сугарып, жоо катарын көз көрүнөө суюлта баштады. Салгылаштын акырында жеңиле баштаган Венгер королу Сигизмунд найзасын жерге сайып, армиясын таштап, өзүнүн берилген адамдары менен Дунай дайрасынан бир кемеге түшүп келген жагына качып жөнөдү. Согуш аяктаарда он миңдей балкандыктар өз ыктыярлары менен колго түштү.
Ошол күндөн баштап Европанын шаарларын кайгы каптап, муң басып, таң-тамаша кан буугандай токтоду. Канчалаган эр-азаматтардын "жебелери керектен чыгып, саадактары тартылбай, талаа-талаада жайнаган өлүктөр менен кошо дат басып чирип жок болду. Кечээ эле бала-чакасы, ата-энелери менен коштошуп согушка узаган эр-азаматтардын, жигиттердин бүгүн дайны жок. Миңдеген үй-бүлө жакын кишилеринин өлүү же тирүү экенин да биле алышпады. Бул каргашалуу окуядан кийин Европа эли ондогон жылдар бою кайгыдан баш көтөргөн жок. (Джелаль Эссад. Константинополь от Византии до Стамбула 1919 г.).
1400-Балык жылында султан Баязед Константинополго кайра чабуул койду. Бирок бекем жана калың дубалдар менен курчалган шаарга тиш өтпөдү. Ошондо деңиз аскерисиз максатына жетпесин билип, султан колун кайра артка буруп, согуштук деңиз күчтөрүн кура баштады...

Китеп боюнча кызыккан суроолорго автор жооп берет. Тел: 0772 41-13-57