Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Пайдалуу кеңеш, угуп ал!

Автоунаага түшкөндө жүрөк айланса
Кээ бир адамдар автобуска түшөбү, самолетко түшөбү дароо эле жүрөгү айланып куса баштайт. Муну окумуштуулар адамдын денесинин өйдө-төмөн силкинген кезинде ичеги-карын, боор жана башка ичеги органдардын өз ордунан жылып кетүүсүнөн жана айрым нервдердин дүүлүгүүсүнөн келип чыгат деп түшүндүрүшөт.
Ошон үчүн адам транспорт ордунан жылганда жайланышып уктап кетүүгө аракет кылуусу керек. Ошондой эле жол транспортуна түшөөрдө анын ыңгайлуу түрүн тандап алуусу дурус. Ал эми самолетко отурганда терең дем алып, жогору көтөрүлгөндө дем чыгарбоо керек. Анткени терең дем алып демин ичине катып турган кезде адамдын ички органдары көп дүүлүкпөйт да жүрөк айланып куспайт.
Жүрөк айланууга кээде бензиндин жыты да таасир этет. Мындан алыстоо, анын жытын сезбеш үчүн жолго чыкканда жыты жагымдуу: жыты жакшы алма, апельсин, мандарин, лимон өңдүү жемиштерден алып жыттап жүрүү да жакшы натыйжа берет. Кээ бирөөнү сарымсак же колбасанын жыты алаксытат.

Кышкы тайгалакта кийүүчү бут кийим
Тайгалакта таманы тери бут кийим коркунучтуу, кимдин ошондой бут кийими болсо, таманына резина жабыштырып алганы оң. Ошондой эле бут кийимдин таманын маал-маалы менен наждак менен сүртүп туруу да пайдалуу.

Хрусталь идиштерди тазалоо
Хрусталь идишти ысык суу менен жууганда түнөрүп өңү өчөт. Мындай болуп калган учурда аны жылуу сууга самындап жууп, көк чай чыланган жылуу сууга чайкоо керек. Өңү саргыч болуп кетсе, кесек туз кошулган суу менен оңдолот. Хрусталь идиштерди суу боюнча кургатууга болбойт, кургатаардан мурда зыгыр май менен чүпүрөктү суулап алып сүртүп алуу керек.

Бийик таканы качан кийүү керек?
Мектеп жашындагы жана 10-11 жашка чейинки кыздардын такасынын бийиктиги 2 сантиметрден, 12-14 жашка чейинки секелектердин такасынын бийиктиги 4 сантиметрден ашпоосу туура. Ошентип отуруп, 18-19 жаштан кийин гана өтө бийик такаларды кийүүгө ылайык экени адистер тарабынан далилденген. Кичине курактан баштап дароо бийик така кийүү ден соолукка өтө терс таасирин тийгизээри баарыбызга маалым.

Саатты телевизордун үстүнө коюуга болбойт
Түстүү телевизордун киноскобун магниттүү талаа түзгөндүктөн, алар электрон сааттарына терс таасирин тийгизет. Ак, кара түстө көрсөтүүчү телевизор сааттарга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Механикалык сааттарга да телевизордун таасири тийбейт. Ошондон улам, саатыңыздын "саламаттыгын" ойлоп, ага ыңгайлуу жана зыянсыз орун тандап алганыңыз оң.

Даярдаган
Гүлнур Нуркалиева


Кош бойлуу учуруңузда өзүңүзгө кам көрүңүз
Аялзатынын дегеле ар бир үй-бүлөнүн бактысы - бала экени ырас. Кош бойлуу учурда эненин ыйлаганы, күлгөнү, кубанганы, кайгырганы, айтор, ар кыймылы курсакта жаткан түйүлдүккө түрдүү таасирин тийгизээрин эчак далилдешкен.
Наристесинин дени-карды соо, психологиясы, аң-сезими жайында болушун кайсы ата-эне гана тилебейт. Демек, наристеңиздин ден соолугу сиздин колуңузда экенин эске алып, бир нече кеңештерге көз жүгүртүп көрүңүз.
Кош бойлуу айым эң башкысы көңүлү жайында болуусу керек. Албетте, кош бойлуу кезде аялзаты өзгөчө ачуулуу, болор-болбос көрүнүшкө жинденип, сиркеси суу көтөрбөй калган учурлар кездешет. Мындай маалда өзүңүздү-өзүңүз алаксытып жашооңуздагы жагымдуу кездерди эстеңиз. Көп ачууланып, көңүлү чөгө берген айымдын баласы да ачуулуу, жини бат келген адам болуп чоңоёт.
Ичиңизде жаткан кичинекей периштеңиз менен сүйлөшүүдөн тартынбаңыз. Сиздин сүйлөгөнүңүз, музыка укканыңыз, күлүп жайдары маанайда жүргөнүңүз наристеге эң жакшы таасирин тийгизет. Ымыркай бардык көрүнүштөрдү курсакта жатса да сезээрин эске алуу керек. Окумуштуулардын далилдерине таянсак, Бетховен менен Бромстун музыкасы наристенин "кан басымын" көтөрүп кыжырын кайнатса, Моцарт жана Вивальдинин чыгармалары ымыркайга жагымдуу маанай тартуулап, жакшы абалга алып келет. Бахтын музыкасын уккан түйүлдүк кыймылсыз ахыбалда болот. Наристе 32-33 жума болгондон тартып музыканы, башка добушту эң сонун ажыратып биле баштайт экен.
Көпчүлүк энелер уюлдук телефондун зыяндыгын эске алышпайт. Жөө басуу негизинен пайдалуу экенин ар бирибиз билебиз. Ал эми кош бойлуу айымга бул "көнүгүү" эки эсе пайдалуу экен. Көбүнчөсү жөө басуудан чочулашат да ичи чоңойгон сайын кыймылын азайтышат. Медиктердин билдирүүсүндө, көп кыймыл болочоктогу энелерге пайдасынан башка зыянын тийгизбейт. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш өтө тоюп алуу да кыйынчылыктарды жаратат.
Эл арасында айтылып жүргөн кээ бир ырым-жырымдарга назар салсак, кош бойлуу айымдын курсагы сүйрү болуп чыкса эркек, тоголок болсо, кыз төрөйт деп болжолдошкон. Болочоктогу эненин басканынан да наристенин жынысын аныктай алышкан экен. Эгерде ал басаарда дайым алга оң бутунан кадам таштаса - кыз, сол бутун таштаса - эркек төрөйт деп эсептешет.
Байыркы заманда кургакчылык учурунда кош бойлуу аялдын башынан ылдый суу куйса, жамгыр жаап, мээни куйкалаган аптап мизинен кайта түшкөн. Бул ырымды өтө көп колдонушчу экен. Ал эми отургузулган кээ бир өсүмдүктөрдү (резка, кылча) аттап өтсө боюнан түшүп калат деп чочулашчу.
- Төрөт учурунда чачты оробоо керек, анткени төрөт кыйын болот.
- Караңгыга баланын кийимин калтырбаш керек, ымыркай таң атканча тынч уктабайт.
- Тили жакшы, так чыгыш үчүн балыктын этин бербөө керек…
Айтор, ушул сыяктуу учугу түгөнбөгөн "уламыштарга" ишенип, ырым кармоодон мурда, сиз канчалык деңгээлде ырымга ишенээриңизди жана сиз менен наристеңиздин жашоосунда ырымдардын канчалык деңгээлде зарылдыгы бар экенин тактап алганыңыз оң.