Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аскар Салымбеков, "Мурас" партиясынын төрагасы:
"Ар бир адамда руханий чектөө болуш керек"
Президенттик шайлоо күнү жакындаган сайын эл арасында шайлоо тынч өтсө экен деп тынчсыздангандардын саны арбыды. Албетте, мындай кооптонуулар жөн жеринен чыгып жаткан жок. Буга бир нече жагдайлар себеп болуп жатканын танып болбойт. Башкача айтканда, ажо болом дегендердин аймактык бөлүнүү "оорусу", шайлоочулар менен жолуккандагы чагымчыл маанайдагы сөздөрү, шайлоодо чыр-чатактын чыгышына себепкер болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Ушундан улам, карапайым калк кимиси президент болсо дагы, шайлоо талаш-тартышсыз, тынч өтсө болду деген аруу тилек тилеп турушат. Элдин кооптондурган мына ушул шайлоо туурасында көрүнүктүү коомдук ишмерлердин бири Аскар Салымбеков менен чакан маек курдук.

- Аскар мырза, президенттик шайлоо күнү жакындап калды. Эл арасында шайлоо тынч өтсө экен деген кооптонуулар бар. Мындай чочулоого эмне негиз болуп жатат деп ойлойсуз?
- Ооба, чындыгында эл арасында шайлоо чыр-чатак чыгып кетпесе экен деген кооптонуулар бар. Мындай көрүнүштү айрым саясатчылар өздөрү жаратып жатышат. Башкача айтканда, булар түштүккө барып түндүктө мындай болуп жатат деп, түндүккө келип түштүктө минтип жатышыптыр деген сөздөрдү айтышып, жөнөкөй жарандарды козутуп жаткандай таасир калтырат. Кудай сактасын, эгер эл арасында бөлүнүп-жарылуулар боло турган болсо, буга саясатчылар түздөн-түз жооп бериши керек. Ошондуктан кимде-ким Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү, келечеги үчүн чындап күйүп, кыргыз эли ынтымакта, бакубат турмушта жашоосун каалашса, саясий дымактарын жыйыштырып ыкташып, таза, тынч шайлоо өткөрүүгө жалпы аракет кылышы зарыл.
Мына 2005-жылы Акаевди бийликтен кулаткандан кийин президенттик шайлоо болордун астында азыркыдай абал түзүлүп калган. Президенттикке Кулов менен Бакиев чыгат болуп, эл арасында оор атмосфера түзүлгөн. Ошондо саясий элита Куловго "бул жолку президенттик жол Бакиевдики болуп калды, сен премьер-министр бол" деп көндүрүп, экөөнү сүйлөшүү жолу аркылуу тандемге барууга макул кылганбыз. Натыйжада, элдин ичиндеги чыйралган оор абал бошоп, баары шайлоого кандайдыр бир жаман ойдо алыс болуп, чын ниети менен барып добуш беришкен. Ошол кезде Куловдун саясий амбициясын жыйыштырып тандемге баруусу мамлекеттин кызыкчылыгы, келечеги үчүн, элдин ынтымагы үчүн жасалган чоң кадам болгон. Ал эми Бакиевдин тандемдеги убадаларды аткарбай, тескери кетиши башка сөз.
- Учурда саясий элита мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн президенттикке ат салышып жатышкан талапкерлерди Кулов менен Бакиевди тандеминдей биригүүгө чакырган аракеттерди көрүп жатабы?
- Учурда андай аракеттер көрүлүп жатат. Эл деле аттуу-баштуулар чогулуп, "талапкерлер ыкташып бир пикирге келишсин, барып айткыла" деп жатышат. Бирок биринчи кезекте, күчтүү делген талапкерлер өздөрү элдин ынтымагы, мамлекеттин бүтүндүгү, келечек тагдыры үчүн сүйлөшүү жолу менен шайлоого барышы абзел. Азыркы Башкы мыйзам боюнча президент ким болсо дагы 6 жылдан кийин кетет. Экинчи мөөнөткө шайлана албайт. Андыктан талапкерлер келип-кеткен бир мөөнөттүк президенттик кызмат үчүн элди кыйнап, бөлүп-жарган жоруктардан алыс болушу керек. Анткени мамлекеттин тагдыры президенттик тактан жогору турат.
- Өзүңүз жакшы билгендей, президенттик шайлоого аты-жыты белгисиздер деле ат салышып жатканда, сиз эмнеге шайлоого катышууну каалаган жоксуз?
- Бул жолку шайлоого Акаевдик, Бакиевдик режим менен күрөшүп, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын көздөгөн бийликтен арылып, элдин, мамлекеттин тагдырын ойлогон бийлик системасын түзөлү деген Атамбаевдей талапкер катышып жаткандан кийин, башкаларчылап жөн салды эле шайлоого барууну туура көргөн жокмун. Себеби ар бир адамда руханий чектөө болуш керек. Дегеним, мурунку эки бийликтин режими менен күрөшүп келген Атамбаев президенттикке ат салышып жаткандыктан, чынын айтканда, мен Атамбаевди аттап өткөнгө адамдык абийирим жол берген жок.
- Шайлоодо жеңилген талапкерлер кандай кадам жасашы керек?
- Шайлоодо кимиси жеңилсе дагы жеңген талапкердин колун кысып, ишине ийгилик каалап жигитчилик кылышы керек. Бизде болсо жеңилген тараптын элди көчөгө баштап чыкмай адаты бар. Ушул нерсени токтотуп, татыктуу женгенди дагы жеңилгенди дагы үйрөнүшүбүз кажет. Ошондо бизде саясий маданияттуулук калыптанат
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




Алтын айланасындагы баш аламандык баягы эмес
Кен-байлыктарга бай өлкөбүздө буга чейин кен казууда коррупциялык баш аламандыктарга жол берилип келгендигин бешиктеги баладан бери билип келишкени айкын. Кен казуу компанияларынын түзүлгөн келишимдерди аткарууда өкмөттүк деңгээлде кой дээр кожосу, ай дээр ажосу жок (болсо да көмүскө), ушунча мезгил ичи бул байлыктарыбызды каалагандай талап-тоноп келишти же бийликтегилерибиз буга жол берип турушту. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун айтымында, эми мындай мамлекетке жана калкыбыздын социалдык-экономикалык абалына каршы келген саясатты токтотууга, аны айтып гана тим болбостон, иш жүзүндө аткара билүүгө убакыт келип жетти. Жок, андай эле болбосо, алтын дегениң акыры алып тынаарын мурунку бийликтердин жорук-жосундарын мисалга тартсак жетиштүүдүр. Коомчулукка кеңири белгилүү болбогону менен, дал ушул кен казуу тармагындагы ири коррупциялык системалар өлкөбүздөгү саясий чайпалууларына кедергисин тийгизип турганы бар. Бул тармактагы баш аламандык боюнча Өкмөттүн 9 ай ичинде аткарган иши колдоого аларлык десек аша чапкандай болбойт. Карап көрүңүзчү, мисалы, лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы өчөн эле кен казуу тармагындагы компаниялардын 228 лицензиясы кыска мезгил ичинде Өкмөт жокко чыгарууга жетишти. Болгондо да анын 46сы алтын казып жаткандар. Мындай чечимдер менен аталган компаниялар келишимди бузууда өлкөбүздү таштандылар мекенине айландырууга болгон кадамдарынын алдын ала алышты десек болот. Экологиябыздын бузулушу, жолдорубуздун жарактан чыгышы алтын казгандарды кызыктырып да койгон эмес. Учурда жалпысынан 84 лицензия берилген болсо, анын ичинен 29 лицензия геологиялык изилдүүгү, 55 лицензия кен иштетөөгү берилген. Ал эми алтынды жана сейрек кездешөөчө металлдарды иштетөөгү бир дагы лицензия берилген эмес. Алтын кенин чалгындоо өчөн болгону бир лицензия берилген.
Алмаз Дуйшебаев





Абалың кандай, айыл чарба?
Республикабыздын экономикасын алдыга сүйрөп кетүүдө мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүнө олуттуу көңүл бөлүшү дыйкан-фермерлер тарабынан колдоого алынууда. Муну айыл чарбага ыңгайлашкан мамлекеттик саясаттын бирден-бир чечкиндүү чаралары катары эсептесек болот. Аталган тармакты колдоодо Өкмөт азырынча бир топ жылыштарды жасай алгандай. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн айрым мисалдарга токтоло кетели. Мисалы, 2011-жылдагы эгин себөө үнүктөгөндү дыйкандарга колдоо күрсүтөө өчөн биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Үкмүтө "Фермерлерге жеткиликтөө кредиттер" программасынын чегинде жылдык 9 % менен 1 млрд. сом акча каражатын бүлүүгө жетише алды. Аны менен жалпысынан учурда 4700 дыйкан, жалпы суммасы 565 млн. сом кредит алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү жана ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланышууда. Мындан башка ата мекендик дыйкандарга стимул берөө өчөн фермерлер өчөн делинип 7,5 миң тонна дизель майы 1 литри 25 сомдон бүлөп берилген. Өрүн сатып алуу өчөн 190 млн. сом бүлөнөп, анын аркасында айдоо аянты жылдагыдан дээрлик 23 миң гектарга кеңейтилип, азыркы учурда жалпы айдоо аянты 1,2 млн. гектарды төзөп олтурат. Ал эми дыйкандарга өндүргөн айыл-чарба продукцияларын кардарга түзмө-түз сатуу үчүн жакынкы шаарлардан соода орундарын бекер берөө менен айыл-чарба жарманкелери уюштурулууда. Мындан тышкары Кытай Эл Республикасынын 30 млн. юань суммадагы грантын пайдалануунун негизинде лизингдик долбоор ишке ашырылыптыр жана Кытайдан чыгарылган ар биринин баасы 747 миң сомду түзгөн 265 трактор лизингге берилгени айтылат. Бул боюнча, маалыматты Кыргызстандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов өлкөнүн 2011-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү кезексиз тартипте киргизүүнү парламентке сунуштап жатып белгилеп өттү.
Майрам Бердикожоева