Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
"Бышкан ашты жечү көп, бүткөн ишке сынчы көп...
- Темир Аргенбаевич, акыркы учурларда парламенттик системанын бир нукка түшө албай, аксап, кадыр-баркы төмөндөп жатышын эмнеден көрөсүз?
- Парламенттик башкаруу системаны акыркы убактарда сындагандар көп болуп жатат. "Бышкан ашты жечү көп, бүткөн ишке сынчы көп" дегендей, убагында унчукпай, үй-бүлөлүк башкаруу системасын күчөткөн бир топ адамдар азыр бир беткей сынга өтүп алышты. Албетте, парламенттик башкаруу системасында кандайдыр бир кемчиликтер бар. Себеби бул система биздин маданиятыбызга толук сиңе элек. Негизи, саясатта жазылган да, жазылбаган да мыйзамдар болот. Ошондон улам, бир топ талаш-тартыштар жаралууда. Саясий түшүнбөстүктөрдөн жана биздин саясатчылардын саясий маданиятынын төмөндүгүнөн улам, парламенттик система ар кандай бурмаланып айтылып, өзүнүн негизги багыттарын толук көрсөтө албай, аксап турган чагы. Бирок бул кемчиликтердин баары бара-бара жоюлат деген ойдомун. Негизинен, биз укуктук эрежелерди тактап, туруктуу саясат жүргүзүшүбүз керек. Айта кетчү нерсе, бир топ кыйынчылыктарга карабастан, парламенттин эркин түптөлүшү бизде биринчи ирет ишке ашты. Бул кыргыз элинин жеңиши жана жетишкендиги деп койсок болот. Болбосо, элибиз президенттик башкарууну көрбөдүбү. Акыркы эле Бакиевдин доорун айталы, ал киши президенттин ыйгарым укуктарын ач көздүк менен көбөйтүп алып, жыйынтыгында өзү ээ боло албай, балдары, туугандары ар кайсы бийлик бутактарын жилик бөлгөндөй эле бөлүп алышпадыбы. Жыл башында коалиция түзүлүп жаткан учурда, парламентке келген партиялар эски бийликтин мына ушул жагын өрнөк тутуп, айыл өкмөттөргө чейин бөлүп алышты. Албетте, бул туура эмес. Парламент Өкмөттүн саясий кызмат курамын гана бөлүшүшү керек, ал эми башка аткаруу жана жергиликтүү бийлик мыйзамдын негизинде түптөлүшү зарыл. Бирок азыр канча сын айтылып жатканына карабастан, парламент күчтүү. Бирок күчтүүлүгүнө салбай, биринчи кезекте жоопкерчилигин жогорку деңгээлге көтөрүшү зарыл. Мына ушул нерсе азыр парламентте жетишпей жатат.
- Демек, башкаруу системасындагы айрым бир баш аламандыктар мына ушундан улам келип чыгып жатабы?
- Кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизип жатканын четке кага албайбыз. Бизде азыр иштеп жаткан төрт тепкичтүү башкаруу системасы туура эмес болууда. Бул СССРден калган калдык. Ал убакта партия күчтүү болуш үчүн, төрт тепкичтүү башкаруу системага басым жасалган. Азыр көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө үч тепкичтүү башкаруу системасы иштейт. Бул үчөө: мамлекеттик деңгээлдеги бийлик, аймактык бийлик жана жергиликтүү бийлик. Бизге да мына ушул система ылайык келип турат. Бул системага өтүш үчүн эмне кылыш керек? Биринчиден, област менен райондун бирин жоюп, анын ордуна аймак деп түзүп, айыл өкмөттөрдүн кээ бирөөнү бири-бирине кошуп, ирилештирүү процессин жүргүзүү зарыл. Бизде азыр 446 айыл өкмөт болсо, муну 380ден 350гө чейин кыскартуу абзел. Экинчиси аймактардын санын 17ден 22ге чейин кылып түзүшүбүз керек. Жөн эле аймак кылбастан, өнөр жайына, өнүгүү багытына ылайыкташтырылган, башкаруу жагына оңой болгон механизмдин негизинде болуусу кажет. Бул кадам, биринчиден, бюджетти жана ортодогу бир топ чиновниктерди кыскартууга алып келет. Натыйжада каражат жагынан абдан чоң үнөм болот да, айлык-маяналарды жогорулатууга шарт түзүлөт. Экинчиден, башкаруу системасын жеңилдетет жана жөнөкөйлөтөт. Жөнөкөй түшүнүккө алып келип, ортодогу бир звено кетет. Үчүнчүдөн, бюрократияны азайтат. Анткени азыр бир кагаз айыл өкмөтүнөн бул жакка келиш үчүн төрт жерди басып өтүп жатпайбы. Кагаз жүгүртүүнү кыскартуу деген ортодогу макулдашылган коррупцияга бөгөт коёт. Төртүнчүдөн, жоопкерчиликти көтөрөт. Чоң ирилештирген аймак болгондон кийин, аны башкаруу иреттелип, жоопкерчилиги жогорулайт.
- Парламент бул кадамга барабы? Же баш тартабы?
- Парламент бул кадамга сөзсүз барышы керек. Барбаска айла жок. Мындан сырткары, Өкмөттү чакан кылып түзүү керек. Бизге 20 министрлик көптүк кылат. Алардын саны да 15тен ашпаш керек. Өкмөттүн түзүлүшүн да өзгөртүү зарыл. Бул эми өзүнчө башка бир чоң сөз.
- Акыркы убактарда тоо-кендерин иштетүү маселеси бир нукка коюлбай, коомчулукта ар кандай пикирлер жаралып келет. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?
- Кыргызстандагы кен байлыктарды иштетүү маселесинде элдин ишеними жок. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, убагында Кумтөрдөгү алтынды иштетип баштаганда, бул маселеде тажрыйбанын жоктугунан жана чиновниктердин кызыкчылыгынан улам алданып калганбыз. Мен муну "Кумтөр синдрому" деп атайт элем. Андан кийинки Кумтөрдөгү ал синдромго окшотобуз деп чиновниктер коррупциялашкан жолдорго өтүп алышкан. Кен байлыктардын баары, албетте, мамлекеттин кызыкчылыгынын негизинде иштетилиши зарыл. Жаңы иштин баары эскидей болот деп коркуп олтура берсек, анда элибиз утушка жетишпейт, мамлекеттин өнүгүшү кыйынга турат. Анда дыйканчылык менен күн өткөзүп, малдын туягын санап олтуруп калыш керекпи? Кендерибизди иштетүүгө берип жатканда биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турушу керек. Биз мына ушул жагын катуу карашыбыз зарыл.
- Дыйканчылык, айыл-чарба демекчи, Кыргызстандын келечеги, негизги багыты айыл чарба тармагына түздөн-түз байланыштуу эмеспи. Бул жаатта ойлоруңуз кандай? Мисалы, былтыр айыл-чарба тармагын колдоо үчүн 1 миллиард сом бөлүндү эле. Өкмөттүн бул кадамы натыйжалуу болду деп айта аласызбы?
- Албетте, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо керек. Бул стратегиялык жагы. Бул жагынан талаш жок. Ал эми тактикалык жагынан албетте, талаштар бар. Өзүң айтып жаткан өкмөттүн 1 миллиард сому жазында жарыя кылынганы менен, ал убакта берилбей, жаз бүтүп жаткан кезде берилди. Зарыл убакта аткарылбай, кечигип аткарылган иш анча жакшы натыйжа бербейт. Экинчиси банктардын ортосунда конкурс кылабыз дешти. Банктар буга барбайт. Себеби банктар үчүн бул кичинекей акча. Айласы кеткенде "Айыл банкына" жана Сактоо кассасына байлашты. Демек, башынан эле акчаны таратуу багыты начар болгон. Эгер бул акчаны микрокредиттик компаниялар аркылуу таратса, бул акча дыйкандарга тез жетмек. Анткени ал компаниялардын өкүлдөрү ар бир айыл өкмөттөрүндө бар. Мунун баары тактикалык ката. Адистердин жетишпей турганы байкалат. Бүгүнкү күндө айыл чарба тармагын көтөрүп кетүүнүн жолдору бар. Мисалы, Кыргызстандын кайра бөлүштүрүү фондунда турган 250 миң гектар жер бар. Мына ушулардын баарын иреттеп туруп, 100-150 ирилештирилген адистештирилген чарбаларды курса болот. Бири асыл тукум, экинчиси дан, дагы башкасы үрөн ж.б. боюнча.
- Мунун баары эле келип каражатка такалат да...
- Каражат жагын чечсе болот. Анткени азыр ушундай багытта иштеп жаткан чарбалар бар. Аларга көмөк көрсөтүп, айрымдарын акционерлештирип мамлекет да өз үлүшү менен кирип иш кылса болот. Эң негизгиси бизге азык-түлүк коопсуздук маселесин толук кандуу чечишибиз керек. Биринчиси, албетте, дан азыгы. Экинчиси, кээ бир техникалык өсүмдүктөр керек. Анткени алар сырткы рынокто абдан жогорку баада сатылат. Бул жагы бир четинен экономикага жардам берип, жумуш ордун түзөт. Мунун баары өз кезегинде айыл чарбадагы туруктуулукту камсыз кылат. Экинчиси, чоң-чоң асыл-тукум багытындагы чарбалыгын түзүү маселеси - мамлекеттеги малдын сапатын жогорулатууга алып келет. Ал эми жер жерлердеги майда чарбалар өз калыбында, шартына жараша кала берет.
- Биздин өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү абдан чоң эмеспи. Мына ушул өнөкөткө айланган көйгөйдү жоюунун жолдору барбы?
- Эксперттердин айтымына караганда, көмүскө экономиканын көлөмү 50 пайыздан ашуун. Муну жоюунун жолдору, албетте, бар. Такыр жоюлбаса дагы, бирок кескин кыскартса болот. Биринчиси - салык саясаты. Колубуздан келе турган нерсени кылышыбыз керек, келбей турган нерсени жөнөкөйлөтүп, патенттик системага өткөзүшүбүз керек. Бул багытта бир топ иштер жасалган, дагы күчөтүшүбүз абзел. Экинчиси, мамлекеттик кийлигишүүнү азайтуу зарыл. Көптөр ушундан качып, салык төлөбөй келишет. Чоң жана чакан бизнеске талапка ылайык шарт түзүп беришибиз керек. Көп нерселерди мамлекет өзүнө албай, мисалы: сертификациялоону, лицензияны, ар түрдүү сынактарды коомдук уюмдарга, бизнес ассоциацияларга өткөзүп берүү абзел. Азыр көпчүлүк мекемелерде кош бухгалтерия иштеп жатат. Ушул көрүнүш көмүскө экономиканын көлөмүн көбөйтүп жатат. Ошон үчүн биз социалдык төлөмдөрдүн жаңы ыкмасын киргизишибиз керек. Мисалы, жеңил өнөр жайына салыктарды беш жылга чейин таптакыр алып салуу керек. Алар жумуш ордуларын түзүп, товарларын экспорттоп туруусу абзел.
Кыргызстанда 550 эле салык төлөөчү мекеме мамлекеттик салыктын 85 пайызын төлөйт. Алар негизинен Кумтөр, "Манас" аэропорту, "Кыргызтемиржолу", Энергетика тармагы, Газпром сыяктуу чоң мекемелер, калган 300 миңден ашык субъекттин салыкка төккөнү болгону 15 пайызды гана түзөт. Экономикалык көмүскө мына ушул багытта: соода, тейлөө багыттарында болуп атат. Мамлекет убагында салыктарды толук чогулта албаса, салык төгүүнүн жөнөкөй формасынан өтүшүбүз керек.
- Кытай- Кыргызстан- Өзбекстан аркылуу курула турган темир жол биздин чакан өлкөгө керекпи? Коомчулук бул маселени анчалык деле колдобой турат. Экономикалык жактан албетте, керек, бирок саясий жактан алып караганда, мамлекетибизге кооптуу кырдаал жаралып калбайбы...
- Суу менен аба кандай керек болсо, темир жол да ошондой эле керек нерсе. Биз деңиз менен чектешпеген, деңиз аркылуу чыга албаган мамлекетпиз. Эгер биз деңиз менен чектешкен өлкө болсок, анда: "башка мамлекеттер менен деңиз аркылуу байланышабыз, темир жолдун кереги жок"- деп айтсак болот эле. Сыртка чыгуу үчүн жаңы салынып жаткан Ош-Эркечтам жана Бишкек-Торугарт жолдору гана бар. Бирок жүк ташуу маселесине келгенде, жүк дүйнө өлкөлөрүндө автоунаа менен 5-7 пайыз ташылса, учак менен 2-3 гана пайыз ташылат. Калган 90 пайыздан ашык жүк деңиз аркылуу кеме жана темир жолу менен ташылат. Бизде болсо, 96 пайыз жүк автоунаалар менен ташылат. Бул балансты биз бир гана темир жол инфраструктурасын кеңейтүү аркылуу гана жоё алабыз. Ал эми кеңейтүү багыты Азиядан Европага, Европадан Азияга экени белгилүү. Мына ошонун ортосунда биз турабыз. Ошон үчүн бул маселеге биз кайдыгер карабашыбыз керек. Бул темир жол курулса, Азиядан Европага бара турган эн кыска жолдордун бири болуп калат. Ал эми саясий жактан алып караганда, эч кандай кооптуу маселе жок. Тескерисинче, ал темир жол колубуздагы көзүр болуп калмак. Эл бул жагынан анча терең түшүнбөй жатат. Балким, ийне-жибине чейин түшүндүрө турган эксперттер аз болуп жатса керек...
- Маек соңунда, алдыдагы шайлоо маселеси тууралуу учкай пикириңизди айта кетсеңиз?
- Ачыгын айтышыбыз керек, элдин басымдуу бөлүгү шайлоо тынч, бир эле тур менен жыйынтыкталышын каалап атат. Буга бир топ шарттар түзүлүп калды. Мен толук ишенем, шайлоо тынч, таза өтөт. Сурамжылоо көрсөтүп жаткандай, талапкердин ичинен Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү бир топ жогору. Чынын айтканда, азыр күрөш экинчи орунга жүрүп атат...

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев