Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Адалсынган
молдонун үйүнөн
алты камандын
башы чыгыптыр

Башы-көзү журтчулукка билинип, кеп-сөзгө илинип калгандар жөнүндө тиги-бу деп баа бере айтчулар деле аз болот. Көп адамдар алар жөнүндө биле беришпейт. Баасы ошого жараша болот,же пиарщиктеринин баасы менен болот. Бу жерде кеп президенттикке талапкерлер жөнүндө болуп жатат.

Атамбаев, Субаналиев, Мадумаров, Ташиев, Осмонов, Байболов, Түлеев, Асанбеков, Масалиев жана калган талапкерлер кээ бир ак дил адамдардын баамында кыргызынын эле бир кырдуу жигиттери катары кабыл алынат. А бирок, алардын ар биринин сыры бар, баскан жолунун өйдө-төмөнү бар, бир ирет же нечен ирет элинин алдында жаңылып-жазып койгону бар ж.б.
Анткен менен, баарынын эле "элим үчүн эмгек кылам" деген оозунда кеби бар...
Түлеев темир жол тармагында иштеп жүрүп, Кыргызстандагы эң кубаттуу байлардын бирине айланып, Акаевдин ордуна келген Бакиевге кайсы бир жол менен жакты да, анын "асыранды баласына" айланды. Аны биз эмес, өз оозу менен айткан. Аны колдогондор "Түлеев байлыкка өз эмгеги менен жеткен" деп какшап, карапайым элди ошого ишендиргиси келип жатат. Бирок, факты деген тигилерге караганда башкачараак сүйлөп жатат. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жайнап кеткен байлардын кимиси өз эмгеги менен байыганын санап берүү да оңойго турбас. Анткени, андайлар өтө эле аз...
Бир ирет биздин гезиттин бир жигити Тулеевдин туугандарына катталган үйлөрү менен машиналарын санап берди эле, төбө чачыбыз тик турган. Демек, Түлеевдин өз эмгеги менен байыганы анын пиарщиктеринин кезектеги жомогу деп, аны чечмелөөнү кийинкиге калтыралы.
Тулеев элин каалагандай эзген, байлыгын ажыдаардай соргон жана да өзүнүн саясатына каршы чыккан адамдарды өлтүрткөн Курманбек Бакиевдин өз адамы болгон. Бакиев болсо, өзү чапкан жолу менен Белорусия тарапка качып кетти. А Түлееви эмне бул жерде жүрөт? Көрдүңүзбү кандай орундуу суроо. Диктатордун камчысын чапкан неме, ошол диктатор алган бааны алыш керек эле, эл алдында жооп бериши керек. Түлеев болсо, кийинки келген бийликтин ашкере гумандуулугунун айынан президентикке талапкер болуп жатпайбы...
Бу Тулеевде "ак эмгеги" менен тапкан акчасы толо. Азыркы талапкерлердин байларынын бири, балким, алдыңкы сабындагылардан. Демек, акчанын азезил күчү менен далай ишти жасашы мүмкүн... кандай болгон күндө да анын президент болушуна эл жол бербейт... Эстеп койгонубуз эп: Убактылуу Өкмөт айласын таппай турган күндө Тулеев миллиондогон акчасын чачып, эски аянтка элди топтогон. Алардан кийин Убактылуу Өкмөттү, Алмазбек Атамбаевди колдогондор ал жерге чогулуп, Атамбаев катуу сөз сүйлөгөн. Ошондо эртесинде чогулмай болгон түлеевчилер чогулган эмес, себеби Атамбаевден катуу эскертүү алган. Анан Түлеевдин акчасы менен кээ бир гезиттер "Атамбаевди колдогондар кызуу жүрүштү, ошондуктан биз тынчтыкты сактайлы деп чыккан жокпуз" деп жазып чыгышты. Ал карандай калп болчу, жүрөктөрү түшүп калып чыгышкан эмес!
Аз жыл болсо да оппозициянын катарында жүрүп калган Кубатбек Байболов элдин жакшы баасына татып жүргөн. Анан эле Бакиевдин бийлиги чектен аша кутуруп кеткенде бу Байболовуң "саясатка аралашпайм, силерге каршы эч кандай жаман оюм жок" деп, Бакиевдерден кечирим сурап туруп, Америкага кире качкан. Аз өтүп Бакиеви да дырдыга качты эле, Байболов көз ачып-жумганча пайда болуп, кызмат күсөп турду. Оппозицияга анча-мынча сиңирген эмгегин эске алган Убактылуу Өкмөт аны улам бир кызматка иле берип, акыры Генералдык прокурор да кылып таштады. Дал ошол жерден Байболовду кудай урду, аялына катталган кайсы бир объектини Генпрокуратурага иши түшкөн "МегаКомго" баасын ашкере көтөрө сатып жиберип, ал былыгы "былт" эле дей түштү. Кызматтан ыргыды. Кызматтан алынары менен кечээ эле пикирлешмин деп жаткан президентти баш кылып, калгандарын кошо көөлөп турду. Эми ошол президенттик шайлоого катышып, "мыйзамдуулукту сактайм" деген ураан менен чыгып жатпайбы. Эмненин мыйзамы?! Президент болуп калса, ошол кызматтын мүмкүнчүлүгү жетишинче жеп-жутуп жиберсе эмне кылдык?!
Субаналиев бир ирет кесибине байланышкан эрдикти жасап туруп, "Комиссар Катани" деген атты алган. Сицилиянын мафиясынын түбүнө жетем деп далай азапты көргөн, кызынан, аялынан айрылган Катани ал жөнүндөгү кино жарык көргөндө дүйнөлүк баатырга айланган болчу. Тээ отузунчу жылдары Аль Капоне сыяктуу айтылуу мафиозник башында турган Италияда пайда болуп, Америкага чейин оогон "Коза Ностра" мафиясы мына бүгүнкү күнгө чейин эле жашап келет... Муну менен Катани алардын түбүнө жете албайт деген чындыкты айткыбыз келди.
Ошентип, кыргыздын "Катаниси" элдин мыкты баасына татып, бир топ жыл ошол баасынан тайбай турду. Бирок, ал кийинки жылдары көп жаңылып койду окшоду: партиядан партияга мүчө болду, бийликтер менен иштешти... эмнеси болсо да мурунку баасынан тайый түштү көрүнөт. Бирок, "сыр аяктын сыры кетсе да сыны кете элек" дегенди унутпайлы...
Мадумаровдун президенттик жарыштагы урааны "баарын бириктирем" дейт, "баланча деген жылы Каркыраны сатыштым эле, кечирип койгула тентек уулуңарды" дегенден кечирим сураган кеби жок. Өткөндө ал айтып жатат "мугалимдерди шайлоого пайдаланбашыбыз керек" деп. Жакшы тилек. Бирок, ошол Мадумаровдун "Ак Жол" партиясы шайлоодо мугалимдер менен врачтарды абийирсиздик менен пайдаланганын бат эле унутуп калганы да бир жакшы эмес ойду жаратат.
Мадумаров тээ саясатка аралаша баштаган жылдары таптаза эле, чындык деп чыркырап турганына күбө элек. Анан "кийин" деген мезгил болду, ал кызматтарга аралаша баштады: вице-премьер-министр болду, спикер болду, коопсуздук кеңешинин катчысы болду. Мына ошол кездерде элине билинерлик эч бир кызматы сезилген жок. Садыркуловду өлтүргөн жанагы баш кесер Жаныш деген менен достук мамиледе да экен. Жаныш кызматсыз эле баарын башкарып турган кезде анын башына суусар тебетей кийгизип, колуна камчы карматып эзилип-эңшерилип турган сүрөтүн толгон гезит басты го...Эң коркунучтуусу "Мадумаровду Бакиевдер колдойт экен, алар баланча миллион доллар бериптир" дегени болуп турат. Эпадам шайлоодо Мадумаров жеңип калса, анда Бакиевдер эртеси эле келип баарыбыздын шорубузду кайнатары турулуу!
Мадумаровдун "биримдикти, мыйзамдуулукту, бүтүндүктү алып келем" дегенине жогорудагы себептер менен шегибиз бар болуп турат...
Ташиевди мурун аз билсек, кийин көбүрөөк билүүгө туура келди, "Ата Журт" партиясынын лидери болуп, алар парламентке биринчи орунду алып шайлангандан кийин дегеним.
Ташиев деген Акаев бийлигинин туундусу. Ошол бийлик кезинде акимдин орун басары деген кызматта жүрүп, кийин Бакиевдин "Ак Жол" партиясына кирип депутат болду.Анан Бакиевге жакканга үлгүрүп, "майлуу-сүттүү" Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турду. Мына ушул жерде жакшы тоюнду дешет. Аны менен бирге түштүк тарапта күйүүчү май менен иштеген фирмасы ак-карасы менен далай байлык топтоп берген, берип жатат дешет.
Бу Ташиев деген жигитиң элим үчүн деп чыккан тарабын алсак дурус, бирок, ошол иште саясат менен мурунду кан жалатмайды бириктирип жибергени жанагы "билектүү бирди жыгат, билимдүү миңди жыгат" дегенди эске салат. Бүгүнкү күнү ал терең саясатчылардын катарынан биротоло орун ала албай турат. Өткөндө Түптөн айткан дейт, "добушумду башкага тарттырбайм, аны курал менен коргойм" деп. Кимдин сөзүн эстетет, баамдаңызчы, окурманым, бу жанагы Бакиевдин "Ак үйдү автомат менен коргойм" дегенине коендой окшоп турбайбы. Ал сөзү акыры эмне менен бүттү, күбөбүз го... жанагы токсон ашуун азаматтын өлүмү ошол сөзгө барып такалат!
Ташиев бул турушу менен Кыргызстандын президенттигине жарап бере тургандыгы анча ишенимди туудурбайт. Бул туурасында айткандар өтө эле көп.
Кандай болгон күндө да президентти шайлашыбыз керек. Ошол мамлекетибиздин тагдырына таасирин берчү иште акчаларын алалы да, ага алданбайлы...
Баратбй АРАКЕЕВ