Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аталардан калган кайран Таш-Короом…
Деги өзүбүз дагы курган эле элбиз. Эсил кайран СССР кезинде он кыргыздын арасында бир орус отурса, баарыбыз тамтаңдап орусча сүйлөп, тигинин көңүлүн көтөрүп, "Ой, мороз, мороз" - деп озондоп ырдачу элек. Эми эгемен келгени ошо жапакечтигибиз кытай коңшуларга өтүптүр.
Кошунамдын аялы кытайдын кафесинде иштейт, болгону пол жуугуч. Эми кудай салбасын, үйүндө той-топур, туулган күн болсо эле кытайды чакырып жатып калышат, жүлжүйтүп. Аты дагы татаал неме, шарт айтсаң, тилиң сынат. Арданасың.
- Эй, Додо, эмне эле кошоматтанасың. Сен деген өзүңдүн өлкөңдө жашап жатпайсыңбы, - десем, - Ишиң болбосун, сенин аялың кытайдын кафесинде иштесе көрөт элем, - дейт. Анан дагы кызыгы түн ортосунда тигинин көңүлүн көтөрүп ырдап киришкенин кантесиң:
"Кытай барбы биздин жерди баспаган,
Кытай барбы биздин жолду салбаган,
Аларсыз биз ачкадан өлмөкпүз,
Кытай барбы бизде кафе, базар ачпаган" - дешип.
Мен айтам:
- Эй, кытайың менин Таш-Короомо кирмек түгүл жанына жакын келсинчи кош ооз менен таранчы аткандай терип салайын, - десем, кошунам кытмыр күлүп:
- Көрөм, көрөм, - деп басып кеткен.
Бир күнү эле аялым өң-алеттен кетип кирип келди.
- Ой, чыкпайсыңбы, келишти эле келишти, - деп. - Ким? - десем, сүйлөө касиетинен ажыраган эме сөөмөйү менен эшикти көрсөтөт. Чыксам көзүң жамандыкты көрсөтпөсүн, үч кытай турат жүлжүйүп, мылжыйышып. Бүткөн боюм калтырап,
- Эмне керек? - десем,
- Дос, сөз бар. Таш-Корооңдо 100 миң таш бар экен, ар бир ташын 75 тыйындан сат, - дейт.
- Эй, кытай, бул тарыхый Таш-Короо чоң атамдан атама, атамдан мага калган. Мурункусун билбейм. Эки кылым жашаган короо, анын үстүнө чоң атам ал кезде техника жок ар бир ташты кол менен ташып курган, анан ушул короону сага сатайынбы?- десем,
- Ойлон, дос, ойлон - дейт.
Аялыма кирип айтсам, аялым:
- Атаңдан калган таштарды жемек белең, штугун эки сомдон де, эгер макул болсо, сразым задатогун ал дебеспи.
- Эгерде эки сомдон алышса, 200 миң сом болот. Жаман жигулиңди сатып душман көзүнө Ауди минип калалы. Аудиңди жууп, элчилеп куда-сөөктөрдү, туугандарды чакырып той берели. Алардан жакшыраак акча түшсө, Тойтуктун аялынан эмнем кем, туулган күнүмдү өткөрөйүн, - дебеспи.
Эшикке чыгып:
- Штугун эки сомдон макулмун, болбосо, караманча сатпайм,- десем, алар кужулдашып макул болушту.
Ошентип, аталардан калган Таш-Короону 200 миңге сатып, айылга көчүп түштүк. Эки айдан кийин барсам, Таш-Короону кытайлар жылан сыйпагандай жок кылышыптыр. Таштарды кантип ташып кеткенин көргөн жан жок, шумдугуң кургур. Бир күнү баягы кытайлар дагы келишиптир.
- Ичке, Өрдөш, Терек-Суу деген жерлерди сатып алат элек, ортомчу болуп айыл өкмөтүн көндүрбөйсүңбү? - дешип.
Аялыма айтсам:
- Макул бол, жакшы төлөшсө Бишкектин четиндеги жаңы конуштардан үй алып айылдан көчүп кетели, - дейт. Эмне кылсам?
Келдибек Ниязов,
Октябрь району.