Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

А. АТАМБАЕВдин эмблемасынын негизги мааниси - бул республиканын ак дил бардык күчтөрүн асыл иши
Ажолук ат салыш башталгандан бери талапкерлердин жарнактарына күбө болуп келебиз. Арасында президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин логотиби көпчүлүккө сырдуу болуп, кандай болуп чечмеленет экен деп кызыккандардын да саны аз эмес. №1 талапкер Алмазбек Атамбаевдин кызыл-көк түстөгү үч бурчтук логотиби эмнени түшүндүрөөрүн белгилүү сүрөтчү жана маданият изилдөөчү Гамал Бөкөнбаев чечмелеп бермекчи.

- Алмазбек Атамбаевдин логотибиндеги кызыл-көк түстөгү үч бурчтук бул кыргыздардын кол өнөрчүлүгүндө кеңири тараган тумардын заманбап үлгүсү экендиги көрүнүп турат. Бул орнаменттин маани-маңызы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- ЭН ТАМГА КЫРГЫЗДАР үчүн жөн гана белги катары кызмат кылган эмес. ЭН ТАМГА - кыргыз үчүн эргип шыктануунун жана ишенимдин соолбос булагы болгон, ал кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берип, ийгиликке жеткирген, ак жолго, адал ишке аттанууда символикалуу ак бата катары кабылданган.
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВдин эмблемасы дизайнга коюлуучу азыркы талаптарга ылайык аткарылган жана бир катар маанилерге ээ. Бир карасаң - бул эмблема ээсинин аты менен атасынын атынын алгачкы тамгасы. Ошол эле учурда - бул КЫРГЫЗСТАНДЫН көк тиреген Теңир-Тоолорунун символу, туулуп-өсүп, эр жетип чоңойгон үйдүн образдуу элеси.
Бирок АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВдин эмблемасынын формасынын тээ тереңден келип чыгыш тамыры КЫРГЫЗ ОРНАМЕНТИнде жана КЫРГЫЗ КУРАГЫнда жатат.
КУРАК - кесиндилерден курап тигүү, кол өнөрчүлүктүн бир түрү, түркүн түстөгү кездеме кесиндилеринен белгилүү бир сүрөт салынып, жыйналып, бүтүндөй бир буюм тигилет.
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ - АЙКӨЛ МАНАСка жана ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВго айкел коюунун демилгечиси. Эми өлкөнүн башкы аянтынын эң көрүнүктүү жеринде гранит таш бетине МАНАС эпосунан мындай деген сөздөр кылымдар бою тургандай кылып, чегилип жазылды: КУЛААЛЫ ТАПТАП КУШ КЫЛДЫМ, КУРАМА ЖЫЙЫП ЖУРТ КЫЛДЫМ!
КУРАК - кесиндилерди эң кооз, бышык көркөм полотного айландырып тигүү - бул элдик маданияттан көрүнгөн биримдик жөнүндөгү биздин ата-бабаларыбыздын эңсөө-кыялдары. Бул бабаларыбыздын башкы насааты.
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВдин эмблемасынын негизги мааниси - бул республиканын ак дил бардык күчтөрүнүн асыл иши - КЫРГЫЗСТАНдын биримдиги жана гүлдөп-өнүгүүсү үчүн бириктирүү!
Бул оңой жол эмес. Ошондуктан эмблеманын базалык формасы - бул тумардын, көз мончоктун үч бурчтук формасы.
Эмблеманын негизги түстөрү - кызыл жана көк.
Кызыл түс - КЫРГЫЗСТАНдын улуттук туусунун түсү. Кызыл түс КЫРГЫЗДАР үчүн - бул жоогазындардын түсү. Кызыл түс номаддарга өздөрүн калган дүйнөдөн бөлүп көрсөтүүгө жардам берген, бул адамдык активдүүлүктүн түсү. Бул жакшы ниет-тилектер менен Мекендин гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жасалган иш-аракеттердин түсү.
Көк түс КЫРГЫЗДАРда түпсүз көктүн ыйык тереңдигин символдоштуруп, ТЕҢИР дегенди - он сегиз миң ааламды, чексиз космос мейкиндигин түшүндүрөт.
Кызыл тууну көтөрүп, биздин бабаларыбыз душмандардан өз эркиндигин коргошкон. Жайкалган көк тууну тигип коюшуп, тынччылыкта, ынтымак ырыс-кешикте гүлдөп-өнүгүшкөн.
Бул түстөрдүн айкалышуусу - биримдиктин белгиси, улуу иштердин, зор жеңиштердин жана чыгармачылык жаратмандыктын белгиси!
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВдин эмблемасы КЫРГЫЗСТАНдын президенттик кызматына талапкердин иш-аракеттеринин жаратмандык мүнөзүн, асыл максаттарын чагылдырат.
Кыргыз оймо-чиймеси - кереметтүү келечек!
КЫРГЫЗ ОРНАМЕНТИ - бул символикалуу тил, жазуу, тарыхты, элдин салт-санаасын жана үрп-адаттарын муундан-муунга өткөрүп берүү ыкмасы. Ал байыркы элибиздин тарыхында ата-бабаларыбыздын кыялынан, колунан жаралып, кылымдар бою калыптанып келген. ОЙМОЛОР КЫРГЫЗды төрөлгөндөн тартып, күндөлүк жашоо-турмушунда дайыма коштоп жүргөн. ОЙМО-ЧИЙМЕЛЕР боз үйдүн ички жасалгаларын, көчмөн кыргыздын кийимдерин жана ат жабдыктарын кооздоп турган. Ар түркүн орнаменталдык композициялар реалисттик негизге ээ жана КЫРГЫЗДАРдын курчап турган табият: чокусу асман тиреген Ала-Тоосу, мөңкүп аккан көк кашка суулары, бийик тоолуу өрөөндөрү менен байланышын чагылдырып турат.
Советтик мыкты сүрөтчү жана КЫРГЫЗ ОЙМО-ЧИЙМЕСИН изилдөөчү Михаил Васильевич Рындин (1891-1945) КЫРГЫЗ ОРНАМЕНТИНИН ар түркүн формаларын системалаштырган. Анын көзү өтүп кеткенден кийин 1948-жылы "Кыргыз улуттук оюусу" деген китеби жарык көргөн. Анда автор улуттук оюунун ага чейинкилер белгилебеген "сүйлөп берүүчү" касиетин далилдеген. Михаил Рындиндин ачылышы ага КЫРГЫЗ ОРНАМЕНТИН "көркөм сүрөт фольклору" деп атоого укук берген.
КЫРГЫЗ ОРНАМЕНТИ үчүн бай образдуулук, жөнөкөй жана татаал формалардын ар түрдүүлүгү мүнөздүү. Михаил Рындиндин иликтөөлөрүнө ылайык, КЫРГЫЗ ОЙМО-ЧИЙМЕСИ 173 негизги элементтен турат. Бири-бирине айкалыштырылуу менен алар 3,5 миңден ашуун орнаменталдык сюжеттерди түзө алышат.
КЫРГЫЗДАРда бүркүт күчтү жана эр жүрөктүүлүктү, тайган - ылдамдыкты, топоздор - чыдамкайлыкты, илбирс - энергияны символдоштурат. Бул жырткычтардын жана жаныбарлардын символдору куралдардын бооруна, турмуш-тиричилик буюмдарына чегилип түшүрүлгөн. Алар бул буюмдардын ээлерине, жоокерлер менен аңчыларга ошондой сапаттарды берип, башка күн түшкөн кысталыш учурда кыйынчылыкты жеңүүгө күч берип, аларды ийгиликке жеткирет деген терең ишеним болгон.
Убакыт өткөн сайын жырткычтын стили геометриялык символикалык формага ээ болот. Негизги формалар - бул үч бурчтуктар, ромбдор жана квадраттар, ошондой эле алардын ар кандай айкалыштары. Колориттин көп колдонулуучу түстөрү катары табигый ачык түстөгү жошо, күрөң, кызыл жана көк түстөр калыптанып калган.
КЫРГЫЗ ОРНАМЕНТИ эл чыгармачылыгынын ар кандай феномендеринде ачык-айкын ишке ашырылып, колдонулуп келген. Булардын катарына негизинен төмөнкүлөрдү атасак болот: кийизден жасалган ар түрдүү килемдер, ШЫРДАК, АЛА КИЙИЗ, саймаланып тигилип, дубалга илинген килемдер - ТУШ КИЙИЗДЕР, ар кандай түстөгү жүн жиптерден оролуп токулган кооз чий сокмолор.
Элдик өнөрдүн өзгөчө түрү КУРАК - бул майда чүпөрөк кесиндилеринен мозаикалуу жер төшөк, туш кийиздерди курап тигүү, кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Курак кураган учурда уз айым түркүн түстөгү кездемелердин кесиндилеринен белгилүү бир сүрөттөрдү салып, бүтүндөй бир буюмду курап тигип чыгат. Бул КЫРГЫЗ ОРНАМЕНТИНИН өзүнчө бир вариациясы.
Биринчи КЫРГЫЗ КУРАГЫ болжол менен биздин доордун 8-9-кылымдарында жасалган экен. Ал казуу иштери учурунда Улуу Жибек Жолу өткөн аймакта табылган. Изилдөөчүлөр КЫРГЫЗ КУРАГЫнын өзгөчө стилин белгилешет. КУРАК - бул эл чыгармачылыгынын феномени, тынчтыктын жана ынтымак ырыс-кешиктин философиясы.
КУРАКка өлчөмү, узундугу жана жазылыгы боюнча ар түркүн кесиндилерди пайдалануу мүнөздүү.
ТУМАР - бул атайын дубаланган аятты сыртынан орош үчүн кездемеден тигилип, адамдын моюнуна тагылган үч бурчтук жана КЫРГЫЗДАРдын ишеними боюнча ал суук көздөн сактай турган магиялык күчкө ээ нерсе. Ал түшүмдүүлүктү, токчулукту да символдоштурат. Үч бурчтук түрүндөгү көз мончокту жаман көздөн жана жаман сөздөн сактануу үчүн кыргыздар ата-бабаларыбыздан бери мойнуна салынып жүрүшкөн.





Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстандын биримдигин жана көз карандысыздыгын сактоого тийишпиз, антпесек ата-бабалар менен кийинки муундар бизди кечиришпейт"
"Кыргызстандын биримдигин жана көз карандысыздыгын сактоого тийишпиз, антпесек ата-бабалар менен кийинки муундар бизди кечиришпейт. Бийлик эл менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керек", - деди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Алмазбек Атамбаев Ош областынын Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда.
"Жалал-Абадда мамлекетибиздин энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыздай турган, кубаттуулугу 500 кВт болгон "Датка-Кемин" подстанциясын куруу башталды. Кыргызстан жаратылыш кенине бай өлкө, бул бардар жана бакубат өлкөнү курууга мүмкүндүк берет, кыргызстандыктар жетишкен өлкөлөрдүн элинен кем жашабашы керек. Коңшу мамлекеттер менен мыкты мамиле түзүү жана кызматташуу да өтө маанилүү. Бул өңүттөн алып караганда, Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү чоң мааниге ээ. Бул кадам менен ал өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандыктардын, айрыкча жаштардын абалын жакшырта алабыз. Ошол эле учурда биз билимдүү, таланттуу жаштарды өзүбүздө кармап калуу үчүн өсүп бараткан муунга зарыл шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Өлкөнүн келечеги - жаш муундардын колунда"- деди А.Атамбаев.
Талапкер республиканын түштүк борборун суу менен камсыздоо системасынын 5-насос станциясынын ачылышына катышты. "Шайлоо алдындагы жолугушууларымды мен жөн жерден бул объектиден баштаган жокмун. Калкты таза суу менен камсыздоо көп жылдан бери актуалдуу маселе бойдон калып келүүдө. Калктын турмушун жакшыртуу, курч социалдык маселелерди чечүү боюнча-иш чаралар шайлоодон кийин да улантылат. Ош шаары толугу менен таза суу менен камсыздалышы керек", - деди талапкер. А.Атамбаев мыйзамга ылайык шайлоонун жыйынтыктары аныкталганча премьер-министрдин кызматтык милдетин аткарууну убактылуу токтоткондугун баса белгилеп, шайлоого чейин өлкөнүн калкын түйшөлткөн маселелер менен жеринде таанышууну уланта тургандыгын билдирди.
Талапкер Ош шаарынын тургундарын "Шаардын күнү" менен куттуктады: "Азыр талашып-тартышуунун, бөлүнүп-жарылуунун мезгили эмес, кыйынчылыктарды жана маселелерди биргелешкен аракет менен гана чече алабыз. Туруктуулук, улуттар аралык ынтымак жана биримдик болмоюнча, экономиканы өнүктүрүү жана жашоону жакшыртуу мүмкүн эмес", - деп жыйынтыктады А.Атамбаев.
Ош шаарындагы М.Ломоносов атындагы орто мектептин мугалимдери менен баарлашуу учурунда, Кыргызстан эгемен болгон 20 жылдын ичинде быйыл гана мугалимдердин айлык акысы сезилээрлик жогорулатылгандыгын айтты. "Мамлекеттин тагдырына жоопкерчиликти жана бийликти колго алчу өсүп келаткан муунду тарбиялоодо мугалимдин ролу өзгөчө. Кыргызстан жашоо деңгээли бийик, таза жана билимдүү адамдардын өлкөсү болууга тийиш", - деп баса белгиледи А.Атамбаев. Ал ушул эле күнү Ош шаарынын чет жакасындагы "Катта-Сай" участогунда болду, бул жерде жаңы турак жай конушу курулат. Учурда инфраструктураны жөнгө салуу иштери жүрүүдө, электр жарыгы өткөрүлгөн, таза суу менен камсыз болот. Талапкер имарат менен үйлөрдү куруудан мурда инфраструктураны жөнгө салуу - жаңы турак жай конуштарын куруу ишинде колго алчу нерсе, - деген оюн айтты. Турак жай конуштары ушундай жол менен гана курулушу керек, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Алмазбек Атамбаев.