Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Бакыт Бакетаев,
саясат талдоочу:
"Төртүнчү президент Атамбаев болот"
Учурда "Кыргызстандын кийинки президенти ким болот" деген суроо кабыргасынан коюлуп, көпчүлүктүн көңүл борборундагы башкы маселе болуп отурат. Кыргызстандагы көптөгөн саясат иликтөөчүлөр, эксперттер бул жаатта өз ойлорун, божомолдорун келтирип, саресеп салып келишет. Ошолордун арасында тээ 2008-жылы эле "ЖК депутаты Роза Отунбаева Кыргызстандын кийинки президенти болот", 2004-жылы "кийинки жылы Кыргызстанда революция ишке ашат" деген божомолдору чындыкка айланып, коомчулукта тамаша иретинде "Ванга чоң ата" деген каймана атка ээ болгон саясат таануучу, эксперт Бакыт Бакетаев менен маектештик.

- Алгач, өзүңүз тууралуу айтып бербейсизби?
- Мен 12 жыл Жогорку Кеңеште иштедим. Көп жыл парламенттин эл аралык байланыш бөлүмүн жетектеп келдим. 2010-жылдагы апрель окуяларында да активдүү катышып, учурда "Апрель" деп аталган коомдук кыймылды кыймылдатып келе жатабыз. Апрель окуясына чейин, андан кийин деле өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байкоо жүргүзүп келем. Учурда бул кыймылдагы профессор, генералдардан, айтор, ар тармактагы инсандар чогулуп, өкмөттүн, парламенттин, оппозициянын иш-аракеттерине байкоо жүргүзүп келебиз.
- Өткөндө сиз "Кыргызстан президенттик шайлоодон кийин" деп аталган тегерек үстөлдө быйылкы президенттик шайлоо биринчи эле тур менен аяктайт деген пикириңизди айттыңыз. Бул сөзүңүздү эмнеге негиздеп айттыңыз?
- Ооба, быйылкы президенттик шайлоо биринчи эле тур менен аяктап, Кыргызстандын төртүнчү президенти болуп Алмазбек Атамбаев шайланат деп айттым. Акыркы эки айдан бери белгилүү эксперт-кесиптештерим менен талапкерлердин рейтингин иликтеп, байкоо жүргүздүк. Кыргызстандын булуң-бурчундагы адамдарга чалып, жер-жерлерди кыдырып, элдин пикирин угуп, көпчүлүк талапкерлердин борбордук шайлоо штабдарын кыдырып чыктык. Негизи классикалык социологиялык сурамжылоодо респонденттерге "кийинки президенттикке кимдин шайланышын каалайсыз?" - деген суроо берилет да. Бирок биз бул классикалык сурамжылоодон тышкары өзүнчө жаңылык киргизип, кыйыр түрүндөгү сурамжылоо жүргүздүк. Биздин эксперттер президенттикке талапкерлердин 17синин борбордук штабдарына барып, "шайлоодо биринчи ким келет?"- деп сурадык. Бардык штабдарда тең бир ооздон өздөрүнүн талапкеринин ысымын аташты. Биз кайра "силердикинен кийин ким келет деп ойлойсуз же экинчи турга ким менен чыгат?" - деп сурасак, 17 штабдан тең Атамбаев деген жоопту алдык. Ушул сыяктуу иликтөөлөрүбүздөн кийин, жер-жерлердеги элдин ой-пикирин угуп көрүп ушундай чечим чыгардык.
- Буга чейинки божомолдоруңуз да туура чыгыптыр. Ошолорго да токтоло кетпейсизби?
- Туура, эмнегедир мен божомолдогондор туура чыгып келет. 2008-жылы жаз айларында кайсы бир гезит 26 саясатчы, саясат талдоочулары менен "Кыргызстандын кийинки ажосу ким болот?" - деген маселени талкуулап чыгышкан экен. Ошондо мен Роза Отунбаева кийинки президент болот дегем. Тагдырдын тамашасы болуп, оюм туура чыкты. Европада "Маршал борбору" бар. 2004-жылы ноябрда ошол борбордо дүйнөнүн 37 мамлекетинин катышуусунда чоң конференция болуп өткөн. Кыргызстандан мен барып, доклад жасагам. Ошондо Кыргызстанда 2005-жылы революция ишке ашат жана өндүрүшчү Курманбек Бакиев президенттикке келет деп айткам. Айтканым айткандай эле болду. Анда деле саясий кырдаал Кыргызстанда курчуп, революциялык абалга баратканбыз да. Анын үстүнө ал кезде оппозицияга жакын болчумун. Ошол кездеги оппозициянын лидерлеринин арасында Бакиевдин аты көбүрөөк атала баштагандан улам, кийинки президент ушул адам болот го деп божомолдоп койгом. Ал маалда революция ишке ашат деп оппозиция өзү деле күткөн эмес болуш керек. Мындан тышкары 2008-жылы АКШда президенттик шайлоого бир ай калганда "Общественный рейтинг" гезитине өзүмдүн божомолумду келтиргем. Дипломатиялык иштерде жүрүп, Маккейн менен тааныштыгым бар эле, бирок ошого карабай, Обама утат дегем. Ошондой болду.
- Көз ачыктык касиетиңиз жокпу?
- Жок, менин көзүм элдикиндей эле. Менин түшүнүгүмдө, көзү ачыктар бул космостон кандайдыр бир белги келип, анан келечекти алдын ала айта алган касиети бар адамдар. Бирок менин андайым жок. Мен Жогорку Кеңеште көп жыл иштегем деп айттым го жогоруда. Ошол маалда мен азыркы президенттикке талпынып аткан бардык талапкерлер менен иштешип калдым. Алардын ким экенин, дарамети канчалык экенин жакшы билем. Анын үстүнө азыр элибиз талапкерлердин программасына карабайт, алардын ким экендигине, буга чейин эмне иш кылгандыгына басым жасашат. Азыркы жасап аткан ишине карашат.
Маектешкен
Тиленбек Азык




  Кумардын кулдары...

Мыкты мыйзам долбооруна ак жол!
Учурда оюн-зоок мекемелерин, башкача айтканда, автоматтык оюндарды, казинолорду жабуу маселеси коомчулук тарабынан курч коюлуп жатат. Бул жагдайды Жогорку Кеңеш дагы туура кабылдап, казинолорду жабуу тууралуу депутат Бакытбек Жетигенов тарабынан сунушталган "Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун 29-сентябрда парламенттик жыйында 1-2-3 окуудан тең кабыл алышты. Эми аталган мыйзам долбоору президент кол койгон күндөн тартып, 9 айдан кийин күчүнө кирери айтылган эле.

Аталган маселе боюнча талкуу маалында казинолорду алыскы райондорго чыгаруу боюнча сунуштар колдоо тапкан жок. "Элдин турмушун жакшыртуу багытында иш кылышыбыз керек"- деген депутат Алтынбек Сулайманов, Исмаил Исаков, Эркин Алымбеков баштаган бир катар депутаттар оюн-зоок залдарын, казинолорду таптакыр жабуу зарылдыгын ортого салышып, аталган мыйзамды 2012-жылдын 1-январынан тартып, күчүнө киргизүү керектигин белгилешти.
Ал эми Каржы көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси "илгерки" Ю.Тойчубеков болсо: "Республикалык бюджетке оюн-зоок залдарынан 500-600 миллион сом түшпөй калышы мүмкүн" деген аталыштагы өз "гимнин" ырдап жүрөт. Тойчубеков жөн жерден кумарчыларды, кумарканаларды колдобосу белгилүү. Божомолдоп айтканда, аксакалдын мынчалык боор тартып жаткандыгында бир мандем бар... Же Тойчубековго улуттун саламаттыгы, жаштарыбыздын келечеги, балта чабылган нечендеген тагдырлар түккө турбайбы? Же 500-600 миллион сом менен мамлекеттин тешиги бүтөлүп кетеби? Мындай акча менен мамлекеттин ийненин көзүндөй болгон да тешиги бүтөлбөйт, бүтөлсө, Тойчубековдун толтура (ошончолук эле толтура болсо) тешиги гана бүтөлүшү мүмкүн.
Ал ортодо казино, оюн автомат жайларынын жабылып калышынан корккон кожоюндар айласын таппай, өздөрүнүн кол алдындагы кызматкерлерин "оптому" менен Ак үйгө айдап келип, жасалма митинг өткөзүштү. Митингге чыккандардын саны миңге чамалап барды. Айрым бир маалыматтарда, митингге чыгып, кыйкырып берген "кысталактарга" кызылдай акча тараткандыгы баса белгиленди. Бирок ал митингчилер казинолордо, кумарканаларда иштеген кызматкерлер экенин жазбай ажыратууга болот. Себеп дегенде, алардын көпчүлүгү кыздар. Алар жаан жаап, суук болуп жатканына карабай, "тыртайган кийимдерди" кийинген, кумаркана үчүн жанын садага чапчудай болгон "киргиздер" экен. Бир сөз менен айтканда, алар өз жашоосун кумар жайлары менен тыгыз байланыштыргандар десек болот. Ал эми булардын кожоюндары кимдер болушу мүмкүн? Алар: кыргызга кылы кыйшайбаган Роман Шин, Борис Сан сыяктуу битин сыгып, канын жалагандар. Буларга акча, акча жана кумар гана керектир. Улуттун саламаттыгы, келечеги кепке турбаган нерсе экени белгилүү. Кечээки митингде казинодон жабыр тарткан бир байкуш аял аларга кайрылып: "силер эмне казинолорду колдоп жатасыңар, балдарыбыз азгырылып курап жатпайбы?"- деп жай кайрылса, эси-дартынын баары казино жана казино болуп тургандар аз жерден ал аялды тытып, жеп коё жаздашты. Байкуш аялда не күнөө? Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар тескерисинче ушинтип бет тырмарлык кылып жатканына жол болсун! Маселен, казино деген балээ Өзбекстанда таптакыр жок болсо, казактар бул балээге аздап чектөө киргизген учурда, казактардын кумарпоздору биздин Бишкекке кире качышып, бул жактагы кумарканалардын таасирин, баа-баркын бир топ көтөрүп жиберишкен эле.
Ошондуктан ЖКнын депутаттарынын бул мыйзамдын долбоорун колдогону абдан жакшы иш болду. Эми бул мыйзамдардын так аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Болбосо, казиного жанын садага чабууга даярлар бул мыйзамга болгон аракеттери менен каршы чыгары турган иш. Эгер алардын ушундай аракеттери байкала турган болсо, эч аёосуз түрдө катуу чара көрүш зарыл.
Айбек Шамшыкеев