Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кадам ушул...

АЛПЕШТЕП ТУРСА КЕҢ МЕКЕН, АЖО БОЛУШ ЭМНЕ ЭКЕН...
Ооба, Кыргыз мамлекети үчүн кезектеги кыйын сыноо-президентти шайлоо кампаниясы өзүнүн түз жолуна чыкты. "Түз жолуна" деп биз формалдуу түрдө, илгери үмүт менен айтып жаткандагыбыз, болбосо, бу жолдун тар жолу менен тайгак кечүүсү, чукул бурулуштары, аң-дөңдөрү көп болор... Кандай жагдай болгон күндө да аягы тынччылык менен бүтсө болду деген кыргыз калкынын улуу тилеги бар. Анан кандай болмок. Талапкерлер менен алардын жактоочулары ошол процесс учурунда аки-чүкү дешсе дешээр, терең жаңжалдар болбос, анткени, а дагы, бу дагы кыргыз элинин уулу. Маселе дал ушундан чыксын!
Ошентип, президент болом дегендердин тизмесин тиктеп олтурсаң, Атамбаевдин, Мадумаровдун, Субаналиевдин, Ташиевдин караандары калдаят, жок, көрүнөт дейин. Калдайса Манас бабабыз калдайсын, акысы бар...


Мына ушулардын ортосунда катуу күрөш жүрүшү мүмкүн деп саясатчысы да, жөн жатчысы да айтып жаткан учур. Туурасы ошол.

Алмазбек Атамбаев кийинки революциянын, тапталган маани менен айтканда, "локомотиви" болуп берди, жана андан берки стабилдүүлүктү сактоодо негизги милдеттин бирин аткарды. Атамбаевдин эң негизги сапаты: ал эч качан элди экиге бөлгөн эмес, тээ илгертеден эле "кыргызым, бөлүнө көрбө" деген сөзүн айтып келет, кайсы кызматта болсо да ошол жөнүндө аракетин аяган жери жок. Атамбаев калп айта албайт, кандай ачуу болсо да чындыкка тике карап көнгөн, тайманбас мүнөзү бар. Айлыктардын көбөйүшү, пенсиянын көбөйүшү, каат учурларда күйүүчү майдын кенен болушу ж.б. толгон иштер Атамбаевдин аракеттеринин жемиши болду го... Атамбаев жөнүндө кепти төмөндө айта жатарбыз, азырынча ушундай кеп.

Атайын изилдөө жүрө элек, антсе да туурасы ушул болуп турат: бүгүнкү күнү көрнөк-жарнак жагынан Мадумаровдун алдына чыккан эч ким жок. Ак үйдүн бир капталындай болгон сүрөттөрү илгерки Сталиндин сүрөттөрүнүн санынан кем эмес. Алардын ар биринин баасы жөнөкөй адам укса, жүрөгү жарылып кетчү суммада. Мадумаровдун теледен жана радиодон кетип жаткан роликтери да оңой баа эмес. Мына ушул жагдайдан сөз уласак, анда "анча акчаны Мадумаров кайдан таап жатат?" деген орундуу суроонун жоопсуз турганы турган. Мадумаров бизнес жасаган эмес, майда-барат жесе жегендир, алды олчойто жегенин уккан эмеспиз. Андыктан момундай логика куулат да: "Аа, Мадумаровго бир чириген бай неме жардам берип жаткан тура" деген ой жыйынтыгы жаралат. Ал чириген байдын аты жөнү-Бакиев Курманбек, Бакиев Жаныш деп эл оозунда айтылып жатат. Жеке мен, бул кептин чын-төгүнүн биле албайм, бирок, кеп кеткенден кийин төркүнү бардыр...

Туура, кайсы бир талапкерге жардам берсе, мыйзам ага тоскоол кылбайт. Маселе, жардамды кимден алгандыгында. Бакиевдердин акчасы арам акча, ал акчалар бүтүндөй элден уурдалган. Демек, ал акчадан жардам алган талапкердин ишин ак деп айтууга болобу?!

Мадумаров да кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири, ал дагы элим деп келет. Бирок, кай бир жүрүштөрү тескери тегеренип турганы анын баа-баркын төмөндөтүп жатпайбы.

Президент Бакиевдин жана анын бир туугандары менен балдарынын кылыктарын, Садыркуловдорду кантип өлтүрткөнүнө чейин укканбыз, канча миллион долларды алып кеткендерин билебиз, бийликти атасынан калгандай кылып менчиктеп алып пайдаланганын билебиз... сөздүн кыскасы, Бакиевдер элине душмандык иштерин жүргүзүп келишкен. Демек, аны менен жакындашып калган адамдар, келечек президент болууга ар тараптан кенедей акысы жок.

Мадумаров Нарынга барганда айтып жатпайбы: "Президент болсом, Акаев менен Бакиевди алып келем, эл кандай айтса ошондой болот" деп жатпайбы. Мадумаров муну эмне ниет менен айтып жатканы түшүнүксүз. Эки президент тең мамлекетти бүлүнтүп туруп качып кетишкен, экөө тең кылмышкер баасында. Аларды укук коргоо органдары алып келиш керек. Мадумаровдун шайлоо кампаниясына кылмышкер эки президенттин кандай тиешеси бар?! Экинчиден, аларды алып келем деп Мадумаров алардын талапкерлеринен добуш топтогусу келип жаткан жокпу?! Бир коркунуч: эгерде Мадумаров президент болуп калса, анда Бакиевдер ээн-эркин келип, элин кордогон турмушун улантышы толук мүмкүн...

Президенттикке талапкерлердин бири Камчыбек Ташиев деле Бакиевдер менен талапташ жана табакташ болуп келген. Эгер ал президент болуп калса, Бакиевдердин саясаты уланары турулуу. Экинчиден, Ташиев президент болуп калса, анын администрациясында иштегендер боксерлордун шлемун кайдан таап куурады?! Жылаңач башка муш тийсе жаман...

Элге жакын талапкерлердин бири Өмүрбек Субаналиев оппозицияда да жүрдү, позицияга да кызмат кылып келди. "Комиссар Катани" деген аты ага түбөлүк кызмат кылып береби же жокпу, ал деле белгисиз...

Сыдыргыга салгандай адам болбойт, Париждеги метрдин эталону деле миллиондогон микрон эсебинде өзгөрүп турат экен. А адам баласы болсо платина эмес, биологиялык зат. Андыктан ал өзгөрүлмөлүү. Адамдардын жаманы менен жакшысы башка адамдарга салыштырмалуу айтылат, Эйнштейндин законундай дейли. Ушул жагдай менен алганда Алмазбек Атамбаевдин президенттик орунга олтурушу орундуу болуп көрүнүп жатпайбы.

Атамбаевди Мадумаров менен, Субаналиев менен, Ташиев менен, Султанов менен, жана башкалары менен салыштырып-салмактап көр, артыкчылыгын көрөрүң бар. Демек, президент болуп берчү жигитибизди ошол дейли...

Дагы момундай ой келет да турат: азыр дүйнөнүн бир топ бараандуу, кубаттуу өлкөлөрүндө президенттик башкаруу өкүм сүрүп турат. Бул башкарууну мамлекеттик башкаруунун классикалык түрү деп койсок натуурасы деле жок. Андыктан, эки президент түбүнө түшүрүп, булгап кеткен ошол башкаруу кайра келсе деген тилек элдин көбүндө бар. Ушул маселе күн тартибине коюлчу күн келсе экен...

Баратбай АРАКЕЕВ