Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Т.Акматов менен М.Абакировдун "разборкасы"…
Өткөндө Өмүрбек Текебаев: "Водолаз" аттуу каймана аты бар Максат Абакиров эркиндикке чыккандан бери жан-жөкөрлөрү автомат менен кайтарып жатышыптыр" - деп айтып чыкса, дагы бир гезит: "Тоң районуна караштуу жайлоолордун биринде эс алып жатыптыр деп жазды эле" Кайсы жайлоо болду экен деп такташтырып көрсөк, ал жайлоо Тоң районуна караштуу Нарын менен чектеш жайгашкан Карасаз жайлоосу экен. Аталган жайлоого "Водолаз" мындан үч жыл мурун, тактап айтканда, Бакиевдин заманында эле кыштоо салып, чабан жалдап короо толо мал бактыра баштаптыр. Ал тургай чабан болуп жүрүп эле бийликке жеткен кадимки Таштанбек Акматов менен жакын кошуна экен. Экөөнүн тең малы санаксыз көп болгондуктан, жер талашып кер-мур айтышкан учурлары көп болуп келгендиги тууралуу да маалыматтар бар. Кыскасы, "Водолаз" азыр жайлоодо ак ичип, малынын туягын санап, илгерки атактуу чоң чабан менен өз ара "разборка" жүргүзүп жаткан имиш.




Акылбек Жапаровдун "акылы түбөлүктүү"
Бакиев тушунда деле эптеп жашап турган экономикабызды "Бакиевдин акылмандыгы менен укмуштуудай өнүгүп жатат" деген маани менен баштап, ошол кутурган шефин мактап бүтө албай турчу Жапаров дегениң, Кудайдын буйругу, Куловдун жардамы менен парламентке келген эмеспи. Эми болсо президент болом деп турат, "деп турат" гана, болбосо, аны ким шайлап куурамак…алса алар 0,9%.
Ошол өгүнү мамлекеттик тилден экзамен тапшырып жатып деп атат: "Мен ХИПИК программасына кирели десем киришкен жок, кийин койлорго паспорт берем десем, шылдыңдашты" - деп. Ээ, айланайын Жапаров, ХИПИКиңди жумурай журт талкуулап, анын пайдасынан зыяны алда-канча көп экенин айтып четке кагылбады беле. Кийин "койлорго паспорт берет элем" деп бүтүндөй журтка шылдың болбодуң беле. Аныңды эми бир ирет чечмелеп, биздин шылдың болгубуз жок, айтарыбыз ошол: президентикке талпынганың деле туура эмес, кудай деп депутаттыгыңды таза улантсаңчы, сага кудайдын бергени ошол болот!




Танаевди "тарк" эттиришти
Дегеле кыздын баласындай жүргөндөй болуп, кыргыз элинин далай байлыгын жутуп кеткен Николай Танаев деген кылмышкердин Санкт-Петербург шаарынын Большой Морской №6 үйүнө "кудай берген уурулар" кирип, 2 миллион 450 миң рублин, алтын-күмүш зергер буюмдарын, ноутбугун, жалпы суммасы 2 миллион 650 миң рублин уурдап кеткен. Муну кыргыздын каргышы деп койсо болот! Азыр Кыргызстанды курутуп кеткендердин бири Танаев 66 жашта, Газпромнефть ишканасынын Генералдык деректиринин кеңешчиси болуп иштейт. Ошол ананайын ууруларга Акаевдин, Бакиевдин, Ширшовдун, Силаевдин, Елисеевдин ж.б. ондогон коррупционерлердин адресин тактап, чиймесин чийип берсе ашыкча болбос эле. Ууруларды кайдан таптык?




Роза Отунбаева БУУга барбайт
БУУга барып келген Роза Отунбаева пресс-конференция өткөзүп, "Сиз Бириккен Улуттар Уюмуна кызматка барбайсызбы?" деген суроого "жок" деген жообун берди.
"Улуттар Уюмуна азыр аялзатынан кызматка көп ала баштады. Эгерде ошол жакка кызматка барууга көңүлүм болсо, анда дароо эле кызматка алынмакмын. Менин Эл аралык иштерде тажрыйбам көп" - деди президент Роза Отунбаева.
Айтканы туура, Отунбаеванын эл аралык иштерде тажрыйбасы гана мол болбостон, эл аралык кадыры да чоң. Ал кай жерге барып иштебесин, элинин кызыкчылыгын алдыга сала иштээрин эли билип бүттү. Кийин спикер болор, тышкы ишти башкарар ж.б. Сөз кыскасы, Роза Отунбаева кыргыз эли үчүн керектүү инсан.




Карыганда кызматын кыялбай...
Губернаторлуктан тартып министрликке чейинки май-талкан кызматтардын даамын татып калган Накен Касиев деген аксакалыбыз бар. Жакында эле министр Сабырбек Жумабековдун буйругу менен Улуттук онкология борборунун директорлугунан айдалып, жанын коерго жер таппай, айласы куруп турат. Турдакун Усубалиев, Бексултан Жакиев өңдүү аттуу-баштуу аксакалдарыбызга кат жаздыртып, Ак үй менен Көк үйгө жолдотуп, гезит беттерине байма-бай маек берип баштады. "Саламаттыкты сактоо министри Жумабековго убагында Курортология институтунун директорлугуна болгон шайлоодо колдобой койгондугум жана министрдин орун басары болордо бут тосконум өңдүү бейформал себептер менин кызматтан айдалышыма түрткү болду. Мен бүтүрө албай калган толгон-токой иштерим калды. Жок дегенде январга чейин иштей турайын деген өтүнүчүмдү министр кабыл албай койду"- дейт Накен Касиев. Мындан да майлуу кызматтарын бул аксакал убагында мынчалык кыйылбай эле тапшырып берди эле, УОБна эмне мынча кызыкты экен?





Өмүрбек Текебаев:
"Биз артка кайтууга жол бербешибиз керек"
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнө жана Кыргызстандын жалпы шайлоочуларына болгон кайрылуусу

22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодон өз талапкерлигимди алуу туурасында арыз бердим. Эмне үчүн?
Өткөн жылы Кыргызстан драмалуу да, трагедиялуу да окуяларды баштан кечирди. Кыжырданып козголгон эл 7-апрелде Курманбек Бакиевдин кылмыштуу үй-бүлөлүк-кландык режимин кулатты. Ондогон жөнөкөй жарандар каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жарадар болду. Президент менен кошо, анын "Ак жол" партиясынын негизинде түзүлгөн Жогорку Кеңеш менен Өкмөт дагы куулду. Региондордо жарандар жергиликтүү чиновниктерди да кууп чыгышты. Өлкө мамлекеттик башкаруусуз калды. Мына ушундай кыйчалыш саясий кырдаалда коом тагдыры боюнча жоопкерчиликти Убактылуу Өкмөт өз мойнуна алып, ошол замат өзүнүн негизги милдеттерин жарыя кылды. Ал конституциялык реформа жүргүзүү, социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу жана легитимдүү бийлик органдарын түзүү үчүн эркин шайлоолорду өткөрүү милдеттери болчу. Бул тапшырмалар аткарылды. Июнь айында Конституция кабыл алынды, октябрда Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланды, а декабрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коалициялык өкмөт түзүлдү.
Анткен менен, өткөн жыл коомдогу ушул окуялар менен гана эсте калган жок. Демократиялык реформалар үй-бүлөлүк-кландык режим менен байланышып, чырмалышкан чиновниктер тарабынан айыгышкан каршылыкка тушукту. Мурунку президенттин жакын айланасында жүргөн чиновниктер жаңы бийликти күч менен оодарып түшүүгө кайра-кайра жандалбастап жатышты. Апрель, май айларында Кыргызстандын түндүгүндө жана түштүгүндө провокация жасалып, анын натыйжасында кайрадан айыпсыз адамдардын каны төгүлдү. А июнь айында иш жүзүндө бийликсиз калган Ош, Жалал-Абадда улутчул маанайдагы радикалдардын уюштуруусу менен улут аралык жаңжал чыкты. Жүздөгөн адамдар каза тапты. Түштүк регионунун калкы оңбогондой материалдык жана моралдык зыян тартты. Бул трагедия Убактылуу Өкмөттүн жана ага кирген партиялардын рейтингин түшүрдү. Анын ичинде "Ата Мекендин" да. Бул кырдаалды реваншисттик мүнөздөгү саясатчылар пайдаланып, алар бирдиктүү фронтко биригүү менен көңүлү чөккөн шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна жетишишти. Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке Курманбек Бакиевдин санаалаштары эсептелген жоон топ чиновниктер депутат болуп келди. Ошентип, саясий элитаны түп-тамырынан жаңылоо боюнча коомдогу үмүт акталбай калды.
Жакында Кыргызстандын шайлоочулары өлкөнүн жаңы президентин шайлайт. Бул Кыргызстандын келечегин аныктаган өтө маанилүү шайлоо. Өткөн учурубуз кандай болгондугун биз эч качан унутпоого тийишпиз!
Жакында Медет Садыркуловдун өлүмүн иликтөө мурдагы бийликтин чыныгы жүзү ачылды. Бакиевдин жакындары, бир туугандары аны уурдап, кыйнап, өлтүрүүнү алдын ала пландаштырып, ага түздөн-түз катышышкандыгын, ошондой эле, жогорку рангдагы мамлекеттик чиновниктер жана генералдар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен биргелешип аракеттенишкендигин тергөө аныктады. Ал режим мамлекетти кылмыш уюмуна, мафияга айланткан болчу.
Бүгүн, 7-апрель революциясынан бери бир жарым жыл убакыт өткөн кезде эски режимдин тартип, жол-жоболорун кайра калыбына келтирүү коркунучу мурда болуп көрбөгөндөй реалдуулукка жетишти. Мурдагы президенттин жакын айланасында жүрүп, кылмыштуу үй-бүлөлүк-кландык режимге берилип кызмат кылган саясатчылар дагы президенттикке талапкер болуп чыгышты. Алар бийликтин авторитардык үй-бүлөлүк-кландык системасын кайра орнотууга ниеттенгендиктерин жаап-жашырып жатышкан жок. Биз моюнга алууга аргасызбыз, Кыргызстандын шайлоочуларынын ичинде бул саясатчылардын да колдоочулары аз эмес.
Мындай шартта прогрессивдүү күчтөр биригип, шайлоодо бирдиктүү фронт менен чыга албай койгон өткөн жылдын катачылыктарын кайталоого акыбыз жок. Ал өзгөрүштөр үчүн берилген добуштардын бөлүнүп-чачылып, жоголушуна алып келген болчу. Ошол каталыкты кайталабоо үчүн мен шайлоодо президенттикке өз талапкерлигимди алып салдым.
Кең келечек үчүн күрөштө мени колдогон мекендештеримдин баарына ыраазычылыгымды билдирем! Татыктуу жана адилеттүү коомдук түзүлүштү курууга болгон биздин чечкиндүү умтулуубузду мезгил мокото албай тургандыгына мен бекем ишенем.
Өзүмдүн бардык тилектештеримди Кыргызстандын Конституциясынын өзөгүндөгү демократиялык баалуулуктарга, идеяларга жана принциптерге берилгендигин, башталган реформаларды жана кайра түзүүлөрдү уланта тургандыгын жар салган талапкерди колдоого чакырам. Биз артка кайтууга жол бербешибиз керек!