Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Мышык майга жетпей, "сасык" дейт...
Үч күндөн бери үгүт иштери башталып, талапкерлердин үмүтү ого бетер балбылдап жанып, буту-бутуна тийбей үзүлө чуркап жүргөн кездери. Ажо болгусу келип БШКга арыз менен кайрылган 80ден ашык талапкерлердин ичинен 60тан ашыгын мыйзамда белгиленген талаптарды так аткара албагандыгы үчүн БШК талапкер кылып каттоодон баш тартты. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" - болгон Айтикеев, Үмөталиева сыяктуу айрым бир талапкерлер ансыз да "башы шишип" турган БШКны сотко берүү менен алек. Ал эми талапкер мандатын алып, элди аралап үгүт ишин алына жараша баштагандардын саны 20ны түздү. Ал жыйырманын ичинде жылтылдап жылдыздай көзгө көрүнгөндөрү деле өтө аз. Ал эми ошол жыйырманын ичинен жылдыз болгусу келип, кыжырды кайнаткысы келгендер иттин кара капталынан. Андайлардын ана башында баягы эле тилинен башка берекеси жок Адахам Мадумаров (биринчиликти ал эч кимге бербей калды окшойт) турат. Мадумаров "Чабал өрдөк эрте учат" болуп, шайлоого бир нече ай калганда эле шайтандуу иштерди баштагандыгы айтылган. Ажо болуу үчүн бүт аракетин жумшап, шайтан эмес, шайтандан да өткөн жалаңкычтар менен достошуп, улам мамилесин чыңдап жаткандай түр көрсөтүп турган чагы. Андай шайтандан өткөн жалаңкычтардын бири Бакиевдер экени талашсыз. Мадумаров ошолордон миллиондогон каражаттарды алып, капчыгын калыңдаткандыгы айтылууда. Ошол опол-тоодой каражат менен оолуккан Мадумаров өзүн шайлоодо жеңип чыгарына негедир бекем ишенип алган. Оболу башкасын коюп: "Мен ушу президенттикке жарактуумунбу?" деген жөпжөнөкөй суроону берип койсо жакшы болмок. Эгер абийири, уяты, намысы, калыстыгы болсо, жүрөк түпкүрүнөн: "Жок, Адахамчик, жарабайсың сен, жарактуулар башка"- деген жоопту укмак. Тилекке каршы, арабанын четки атындай жулунган Мадумаровдо андай улуу сапаттар жок. Ооба, болсо болгондур, кайсы бир мезгилде, бирок анысын бийликке келгенде жеп, жутуп жок кылгандыгын Эштекбайдын энөө баласы да эң сонун билет. Адахам колунун эмне келерлигин Бакиев акесинин заманында көрсөтүп бүткөн. Жасаган иштери кыргызга, улуттук саясатка жалаң каршы саясат болгон. Башкасын айтпаганда да бейиштей болгон Каркыра жайлообузду кайын журту казактарга кармата бергендиги эч качан кечирилгис күнөө. Ушундай жол менен Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирип бөлүп жарган эргул, кайра уялбай былтыр "Бүтүн Кыргызстан"- деп партия түзүп чыккан эле. Ал партиясы менен парламенттен орун таба албай мыш болгон Адахам эми президент болмокчумун деп төшүн кагып турган чагы. Мындан эки ай мурун эле мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу өзүнө такыр кошпогон "асыл ойлорду" айтып, борбор шаарды кызыл-ала кылып дардайган көрнөк-жарнактарды илдирген эле. Ошол көрнөк-жарнактарга "бүтүндүк" деген сөздү жаздыра берип, тынч жаткан бүтүндөй борборго бүлүк салгандай эле болду. Эми сыналгыдан көрсөтүп жаткан үгүт-роликтерине көз чаптырып көрсөңүз, "мен бөлүнүп-жарылууга жол бербейм" - деп жар салып турат. "Мен бөлүп-жарууга жол берем"- десе эл көбүрөөк ишенмек, тескерисинче өзүнө таандык эмес сөзгө эч ким ишене албай турат. Эмне демекчибиз, мышык майга жетпей, "сасык" дейт демекчи, жылкысына ченеп ышкырбаган Адахамчик ал мышыктан да өтүп кетти. Кийинки кадамдарын көз сала туралы...
Айбек Шамшыкеев




Ээси келсе, бээсин бер!
Мамлекеттик салык кызматынын түндүк аймагы боюнча башкармалыгынын мурунку башчысы Замирбек Мамбеткуловду кызматынан кетириш үчүн салыкчылардын башчысы Бактыбек Ашыров эбегейсиз эмгек кылганын билебиз. Замирбек Мамбеткуловго жөн жерден сөгүш жарыялап отуруп, кызматынан алып тынган. Бирок Замир мырза оңой эмес жоо экендигин далилдеп, кызматтан мыйзамсыз кетирилгенин бардык соттордон далилдеп бере алды. Акыр-аягы Башкы прокуратура дагы өз сөзүн айтып, Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Бактыбек Ашыров туура эмес кетиргендигин айтып чыкты. Бирок ашировчулар бул кызматты эчак эле ата-журтчу депутат Жаныш Кудайбергеновдун бир тууганы Жаныбек Кудайбергеновго "энчилеп" койгон. Ал үчүн Кудайбергенов тар чөйрөдө айтыла калып жүргөн "ставкасын" да төлөп берген имиш. Эми соттор баш болуп, Башкы прокуратура төш болуп, Замирбек Мамбеткуловдун мыйзамсыз жумуштан алынгандыгын кабарлагандан кийин Аширов мурунку жетекчини кызматына коюуга милдеттүү.




Манас баатыр болгон…
ырдаган эмес
Жалал-Абад облусунан А.Кочкоров, А.Акимжанов, К.Чойбеков, Т.Тыныбеков, Д.Молдобаев, Б.Сыдыков деген мырзалар "Замирбек Үсөнбаевге "Эл баатыры" деген наам бериш керек" деп демилге көтөрүп чыгышыптыр. Чыгаан талантка тилектери дурус. Бирок ошонун кереги барбы?
Чыгаан манасчылар, төкмөлөр, акындар, жазуучулар, драматургдар, артисттер ж.б. маданият жаатындагы адамдар үчүн "Эл акыны", "Эл жазуучусу", "Эл артисти" деген ардактуу наамдар бар. Чыгармачылыктын туу чокусуна жеткендер ошондой наамдарга ээ болот. Азыр жетпегендер деле ээ болуп жатат дечи. Ал башка маселе болсун…
"Баатыр" дегенибиз оболу Манас бабабыздан башталып Чолпонбай, Калыйнур, Дайыр сыяктуулар менен уланат эмеспи. Алар Мекенин коргоп, көкүрөгүн окко тозгон, жанын берген. Анан үйүндө жатып алып китеп жазып, филармониянын сахнасында ырдап же төгүп тургандарды "баатыр" деп турсак шылдың го бир. Дегеле, "баатыр" деген наамды маданият адамдарына бериштин кереги жок. Эгерде алар Баткенге барып, анан ал тараптан сакалчандар кол салса, алар менен жүрөгүн окко тозо кармашып жатып окко учса, же жата калып тирүү келсе, ошондо "баатыр" деген наамды аябайлы. Ошончолук эле "баатырдык" керек болуп жатса, анда "Эмгек баатыры" дегенди чыгарыш керек.




БГУда жаңы "кожоюн"
Хусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде бийлик алмашып, ректорлук кызматты мурунку Билим берүү министри Абдылда Мусаев аркаламай болду. Кайсы бийликте кандай иштеген күндө дагы Абдылда Мусаевди илгери өзү иштеп, эмгектенип кеткен БГУдагы кесиптештери жылуу кабыл алышты. Бакиевдин заманында ал БГУда иштеп туруп, бийлик ар тараптан колдогон ошол кездеги ректорго каршы чыгып, бул университеттин ректорлугуна талапкерлигин койгон. БГУнун эмгек жамааты иштин көзүн жакшы билген, креативдүү ой жүгүрткөн, мыкты менеджер, уюштургуч Абдылда Инаятовичти шайлап алышкан. Жакшынакай иштеп туруп эле аңгыча билим, илим берүү министри болуп дайындалып калды. Министрликке кесипкөй адам келди деп кубангандар менен катар, Бакиевдердин өкмөтүнө кирди деп катуу кейигендер да болгон. Ошентип, Бакиев бийлиги көп адамдардын убалына калбадыбы...




МЧС тууралуу маалыматтардын дагы далайы айтыла элек
"Уккандан уга элегиң көп" демекчи, Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча дагы бир далай чуулгандуу маалыматтар чубалып чыкчудай. "Буга чейинки айтылгандар океандын бир эле тамчысы" - дептир Аки-пресстеги кесиптештерибизге ИИМдеги өздүк булактары.
Алардын айтымында, камалып кайра үй камагына чыгарылган Расул Раимбердиевдин МЧСтин өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар экен. Себеби ал камалаары менен, митингчилер кудум ушуну күтүп аткансып, даяр плакаттарын көтөрүп чыга калышкан. Анын үстүнө ал ИИМдин жашыруун операцияларын ишке ашырган 7-башкармалыкты да башкарып турган. Сурак маалындагы маалыматтарга караганда, Раймбердиевдин бир кызматкери 2009-жылы 13-март күнү Медет Садыркулов Кыргызстандын чек арасына өтүп бара жатканда уктап калгандыгын, таңкы саат бештерде Раимбердиев кызматкерине чалып "отбой" деген буйрук бергени маалым болду.
Ошондой эле дагы бир кызык маалымат: Садыркуловдун өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиядагы А. Турсунбаев, Ч. Абдуллаева, А. Сабиров, Д. Кыдыров, Х. Коркмазов, Р. Тагаевдер кырсыкка себепкер делинген Осмонов менен жолукпай туруп "бул жол кырсыгы болгон" деген документке бакыйта кол коюп беришкен. Жалгыз Галина Куликова: "мени Аудинин айдоочусу Осмоновго жолуктургула"-деп кол коюудан баш тарткан. Эми түштөн кийин "жол кырсыгы болгонун ошондо эле билгем" деп атышкан Тагаевге окшогондордун жоопкерчилиги да каралышы керек.