Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Псориаз- териңди тескери сыйрыйт!
Ар бир дартка өзгөчө маани берип карабасаң, анын өтүшүп кетиши жакшылыктан кабар бербеси баарыбызга маалым. Ошондой эле дартка даба, ооруга шыпаа боло турган нерселер да жок эмес. Болгону, биз ар бир оорунун башталышында гана дарыгерге кайрылып, андан кеңеш алып, айтканын убагында аткарсак, анда биз дарттын дабасын тапкан болобуз. Төмөндө коргоочу кызматтардын бирин аткарган, теринин жабыркашы жана анын сезгениши псориаз оорусу жөнүндө сөз кылмакчыбыз.


Оорунун келип чыгуу себептери
Келип чыгуу себептери белгисиз болсо да, окумуштуулар псориаздын пайда болушун төмөнкү факторлор шарттайт дешет:
Иммундук системанын жаңылыштыгынан. Иммундук система организмге реакцияны күчөтүүгө жана жаңы клеткалардын өсүү процессин тездетүүгө "буйрук" берет. Калыптагыдай шартта теринин клеткалары картаят, өлөт жана теринин сыртына ар бир 28-30 күндө чыгарылып турат. Псориаз оорусунда тери клеткаларынын өсүп жетилиши жана өлүшү болгону 3-6 күндүн ичинде болуп өтөт. Андан соң, алар теринин сыртына чыгат. Түртүлүп түшүүнүн ордуна алар жаранын формасында топтоло беришет.

Ген. Окумуштуулардын маалыматына караганда, псориазды чакыра турган гендер бар. Ал гендер организмдин иммундук системасынын реакциясын аныкташат. Реакциясына карап иммундук системага байланыштуу ооруларды, мисалы, кызыл жүгүрүк коштогон артрит, 1-даражадагы диабетти же псориазды чакырышат.

Тукум куучулук. Маалыматтарга караганда, оору тукум кууйт. Бирок үй-бүлөсүндө псориаз менен ооруган адам болсо да, кээ бирлер эч качан бул оору менен оорушпайт. Көрсө, оорунун келип чыгышы үчүн атайын түрткү керек экен. Түрткү болуп теринин жаракатка кабылышы, күнгө катуу күйүү, стрептококтуу инфекция, стресс жана айрым дары-дармектер эсептелет. Мисалы, калтыратманы, кан басымды жана жүрөк ооруларын дарылоодо колдонулуучу кээ бир дары-дармектер да оорунун келип чыгышын шарттайт. Дерматологдор аталган оорулар менен ооруган адамдар дарылангандан соң, күтүлбөгөн жерден псориаздын пайда болушун байкашкан.

Башка факторлор. Тукумунда псориаз менен оорубагандарда да псориаз оорусу кездешет. Оорунун себептери жогорудагыдай эле стресс, өнөкөт инфекциялык оорулар, мисалы, гайморит, тонзиллит (тамак оорусу), ашказан-ичеги жана боордун, өттүн оорулары, ошондой эле, заара чыгаруучу жолдордун оорулары болушу мүмкүн. Көбүнчө теринин жаракатка кабылышы (тытылуу, чийилип калуу, тырмалгандан теринин сыйрылып калышы), күйүк жана кээ бир дары-дармек түрүн кабыл алуу да ооруга алып келет. Климаттык факторлор жана ичеги курттары (острица, аскарида, лямблия ж.б.) да оорунун себепкери боло алат.

Оорунун белгилери
Адатта псориаз бети кургак кабырчыктар менен капталган кызыл же кызгылт түстөгү так түрүндө пайда болот (ошондуктан элде "кабырчыктуу чакалай" деп аталат). Оорунун башталышында андай тактар тегерек формада болуп, аз санда кездешет. Көбүнчө баштын чачтуу бөлүгүндө, денеде, кол-буттун муундарында, алаканда, таманда, кээде булардан тышкары тырмакта, жыныстык мүчөлөрдө кездешет. Акырындап тактар көбөйүп, бири-бири менен кошулуп, көлөмдөрү ар кандай болгон кабырчыктарга айланат. Ал кабырчыктар калыңдай баштайт. Кабырчыктар жарага айланып, бул кычыштыруу менен коштолот. Жаранын бети кесилип, жарылып, канайт. Оор түрүндө оорулуу түнү менен уктай албай кыйналып, оорутуу сезими азапка салат. Тактап айтканда, оору адамга физикалык жана психологиялык жактан азап алып келет. Эгер дарыланбаса, адамды майыптыкка жеткирет.

Оорунун түрлөрү
Псориаздын түрлөрү көп. Кээ бир түрлөрүнөн мисал келтире кетсек:
o Гипс өңдүү псориаз (жаранын бети гипс сүртүлгөндөй ак ала болуп көрүнөт);
oкадимки псориаз;
o Сөөл сыяктуу псориаз (папилломатоздуу форма);
o эритодермикалык псориаз ( жара көрүнүшүнөн кызыл өңдөнөт);
o псориаздын нымдалышып турган түрү (экссудативдүү псориаз) жана башкалар;
o тамчы түрүндөгү псориаз. Мында көп сандаган майда кабырчыктуу жаралар кездешет;
o тырмак псориазы. Бул түрүндө оору денеде кездешпей, тырмактарда гана кездешет.

Диагноз
Жараны сыртынан карап диагноз коюу анчалык кыйынчылыкты туудурбайт. Антсе да, толук диагноз коюу үчүн анализ тапшыруу керектелет. Боор менен уйку бези, ошондой эле ичеги-карында мите курттардын бар же жок экендиги да текшерилет. Кээде тери биопсиясы (оорулуунун тканынан алып текшерүү) жасалат. Аталгандардан тышкары да кошумча текшерүүлөр сунушталышы мүмкүн.

Дарылоо
Оорунун клиникалык түрүнө карап дарылоо ыкмалары сунушталат. Башкача айтканда, ар бир оорулууга жекече дарылоо чектелет. Дарылоодо биринчи кезекте:
- Организмдеги зат алмашуунун бузулуусуна алып келген себептерди тактап жана аны жоюуга;
- Ички бездердин иштөөсүн калыпка келтирүүгө;
- Инфекциянын очогун таап, жок кылууга (мисалы, тонзиллит, холецистит, кандидоз ж.б.)
- Иммундук системаны көтөрүүгө;

Ашказан-ичеги жолдорун, ошол кезде эле бүт организмди тазалоого көңүл бурулат.
Дарылоодо иммунитетти көтөрүүчү дары-дармектер, аутогемотерапия (канды венадан алып кайра жамбашка куюу), витаминдер, гормоналдык дары-дармектер, кээде антибиотиктер,ПУВА-терапия (ультрафиолеттик нурлар менен дарылоо), аллергияга каршы дары-дармектер, Кубадан чыгуучу псориазга каршы гель (гормоналдык эмес) жана Франциядан чыгарылуучу "Содермекс" каражаты колдонулат. Оорунун түрүнө жараша аталгандардын кээ бирлери гана колдонулушу мүмкүн.
Псориаз оорусу көбүнчө күзүндө жана кышында курчуйт. Андыктан жайында иммунитетти көтөрүү максатында курортко баруу, мүмкүн болсо деңиз суусуна киринүү жана деңиздин туздуу абасы менен дем алуу, күн ваннасын кабыл алуу сунушталат. Аталгандар айыгууга да түрткү болот.

Териге кам көрүү
Оорулуу терисине абайлап мамиле жасоосу керек. Мончого түшкөндө катуу жышыгычтарды колдонбоосу кажет. Аарчынганда жумшак сүлгүнү денеге акырындан басып кургануу ылайык. Жара жерлерди мүмкүн болушунча жаракатка кабылтпоо зарыл. Псориазда дамамат дерматологдун байкоосунда болуу кажеттигин оорулуу эсинен чыгарбоосу керек.

Диета
Оорулууга сөзсүз диета кармоо сунушталат. Малдын майын, татымалдарды, тузду, таттууларды (мисалы, кантты, балды) ичимдиктерди чектөө керек. Балык, жашылча-жемиштер жана деңиз азыктары, мисалы, деңиз капустасы, кальмар, креветка абдан пайдалуу. Аптасына 1-2 күн жалаң айран, быштак, алма, жашылчалардан башка эч нерсе жебей, жеңилдетилген күн түзүп алуу да кажет.

Алдын алуу
Оорунун алдын алуу үчүн организмди чыңдоо, спорт менен алектенүү, стресстерден убагында арылуу, териде өзгөрүүлөр же жаралар пайда болсо, тезинен тери дарыгерине кайрылуу кажет.
Бетти даярдаган
Гүлнур Нуркалиева