Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аида айым алсыз болууда
"Башкы прокурор Аида Салянова канчалык прогрессивдүү болгону менен, өзүнүн прокурордук аппарат кызматкерлеринин алдында алсыз болууда" - дейт белгилүү адвокат Нурбек Токтакунов. Башкы прокуратураны бюрократия бардык жагынан чырмап алгандыгына жаны кашайган адвокат Саляновага жолугуу дегеле мүмкүн болбой калгандыгын айтыптыр. Чындыкты, тактыкты жакшы көргөн жаш муундун өкүлү Аида Салянова эзелки замандан бери прокурорлук кызматтын алчы-таасын жеген карт бөрүлөргө чындап алы келбей аткан көрүнөт.


Акыйкатчы ачыгыңды айтчы
Акыйкатчы Турсунбек Акун УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин унаасы менен адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгын кайрадан чукуп чыкты. Бирок, ойкуп-кайкып кетмейи бар Тукең "ушул жылдын 20-майында Сулайманов деген жигитти Кеңешбек Дүйшөбаев өзү сүзгөндүгү тууралуу журналисттерде далилдүү маалыматтар бар экен. Менден жардам сурап кайрылышканынан коомчулукка жарыялап коюуну туура көрдүм" - деп башкы чекистке ачык чабуулга өтө албай, журналисттердин артына жашыныптыр. Эгерде журналисттерде андай далилдүү маалымат болсо, Акунга жалдырабай, эчак эле элге жеткиришмек. Акыйкатчы мырза "мен иштеп атам" дегендей түр көрсөткүсү келген го...


Айланайын Анарбек, айтканыңдан алыс кет
Ажолукка аттангандардын арасында Анарбек Калматов деген депутат бар. Бул жигит кезегинде Таластын, Оштун, Бишкектин прокурору болуп иштеген. Ушул жигиттин айтымында, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов район акимдерин чакырып алып коркутуп жатыптыр, жетишерлик добуш алып бербесеңер, кызматыңардан кетесиңер кыязында. Мындайча айтканда, административдик ресурсту айдактап жаткан имиш. Алтургай, Свердлов районунун акими арыз жазган имиш. Мейли, анын аягына өзү чыксын. Ушул жигит 2005-жылы Таласта прокурор болуп турганда Айдаралиев деген губернатор административдик ресурстун атасын таанытып, ал кездеги шайлоонун ашмалтайын чыгарган эле. 2009-жылы Бишкекте прокурор болуп турганда, ошол кездеги мэр Нариман Түлеев "атасы" Бакиевди административдик ресурстун аркасы менен атказды эле. Ушундан улам, айткың келет экен, "учурда унчугуп калган Анарбек, ал кезде тумчугуп калган беле?" - деп.


Курсандын үйүн курчоого алышты
ИИМ министринин мурдагы орун басары, Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча камакка алынып кайрадан үй камагына чыгарылган Расул Раимбердиевдин жактоочулары 21-сентябрь күнү Ош шаарына митингге чыгышкан. Раимбердиевдин камалышына ИИМ министринин түштүк аймагы боюнча орун басары генерал-майор Курсан Асановдун тийиштиги бар деп, митингчилер анын үйүн таш бараңга алышкан экен. Бул кезде Жалал-Абадда иштери менен жүргөн Курсан мырза ошол замат жетип барып, Раимбердиевдин жактоочулары менен жолугушкан. Кечке жуук митингди уюштурган айрым жооптуу адамдарын чогултуп, "күнөөсү жок болсо чыгарылат, бар болсо камалат, эмнеге мындай ишке барып атасыңар" - деп катуу сүйлөшкөн экен.


Бакиев дегендер тукуму менен "басмачы" окшобойбу
Медет Садыркуловдун жашыруун даярдалган, бирок окулбай калган докладында айтылгандай, Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиев ар кимдин мүлкүн тартып алууда Жаныш менен Максимден куру калышпаптыр. Тактап айтканда, Марат Бакиев тууралуу Садыркуловдун докладында: "Европадагы иниңиздин колу оңбогондой узун экен. Ошол жерден туруп, эч биринин жалынып-жалбарганына карабастан, мурунку камволдук-нооту комбинатынан ишкерлери 13 жыл мурун мыйзамдуу жол менен сатып алган жерлерин, ар түрдүү кампаларын, имараттарын, андан бери ал жерлерге бир топ чыгымдарды жумшашып, убара тартышып, ак эмгеги менен уюштурушуп алган ишканаларын тартып алып жатышат. Мындай түйшүк сиздин иниңиз камволдук-нооту комбинаты акционердик коомунун акцияларын белгисиз, табышмактуу жол менен сатып алганга чейин болгон эмес. Болушу мүмкүн да эмес эле" - деп айтылат. Сыягы, бул Бакиев дегендер тукуму менен "басмачы" окшобойбу... Жанагы Бакиевдерди кызылдай эле коргоп, тымызын саясатын жүргүзүп жаткандардын үй-мүлкүн Бакиевдердин бирөө тартып алып койгондо, азыр эмне деген сөз айтар эле? Кичине ойлонуп көрүшсө...


Уккан уят эмес, учкан уят чыгар...
КСДП фракциясында Акылбек Султанов деген депутат бар, "бакырчаак төөнүн бары жакшы" дегендей, анда-санда ооз ачып калмайы бар. Ошол жигит кечээги отурумда спикерге опурулуп чыкты, "массалык маалымат каражаттары бизди мазактаганын качан токтотот, реакция кылбайсызбы таризинде. Айтымында, айрым маалымат каражаттары аларды "жемкорлор" атап салган имиш. Ушундай сөздөр уятына тийип жатса, алардын учак менен учкандары элдин кыжырына тийип жатканына "эл өкүлү" эмне дээр экен? Анчалык эле "апакай" болсо, спикерге кайрылбай эле сотко кайрылса болмок, ар-намысын коргоп. Андан көрө айтып берсе болмок, элдин эсебинен эмне үчүн Ошко 22 жолу учак менен учканын. Ушундайлардын айынан айтылса керек да, "уялбагандан өзүң уял" - деген улуу сөз.


Жаныштын "жашылдары" жана ….
Сайраган тилинин аркасы менен чоң саясатка аралашып, ЖК төрагалыгына чейин жеткен Адахан Мадумаровду президенттик шайлоодо Жаныш Бакиев каржылаары байма-бай айтыла баштады. Ал турсун, мындай кабар гезит беттеринде ачыктан ачык жазылууда. Бирок ага "ак да, көк да" дебеген Кимсанбаевич "унчукпаганы, демек, макул болгону" накылын далилдегенсиди.
Айтылуу МЧСтин (Медет Чоканович Садыркулов) чуулгандуу өлүмүнүн бети ачылганы А.Мадумаров "Ата-Журттун" жетекчиси Камчыбек Ташиевге өзү чуркап барып: "Биригели, шайлоого чогуу аттаналы"-деген экен. Арийне, эртеси позициясын дароо өзгөртүп калганын көргөндөр айтышат. Буга Камчыке: "Жаныштан келген миллиондорго кутуруп атпайбы..." таризинде жиндене күңкүлдөгөнүн эшиттик. Ошондон го, жаңы топко Камчыбек Кыдыршаевич кошулбаптыр.
Бул топтогу адамдар аргасыздан "баш кошушканын" бир мисал тастыктайт. Алсак, Феликс Шаршенбаевич түпкүлүгүндө генерал Өмүрбек Субаналиевди колдойт. Ал эми бу топто Катанинин караанын чалдыктырбайсың. Ушунун өзү Кыргызстандын эртеңин "ойлогон" азаматтардын ички ынтымагы жоктугун, аргасыздан ушундай кадам жасашканын айгинелейт. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" макалындай, ар кошкон күчтөрдүн бириккени убактылуу эле көрүнүш болсо керек. Анда жаңы топ туулбай атып туна чөгөбү? Анүстүнө, эски режимден жедеп тажаган эл Жаныш Бакиевдин долбооруна айланган команданы колдобойт эмеспи...