Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Юрий Бобков, Кыргыз эл артисти:
"Интернет аркылуу биринчи аялым Людмила менен, балам Коляны таптым…"
Аталган рубрикабыздын бүгүнкү коногу Кыргызстанда туулуп-өсүп, кыргыздын тилин, динин, каада-салтын суудай билип, кыргызча түш жоруган орус улутундагы Юрий Бобков менен жубайы Асел Осмонова болду…

- Юрий байке, Асел жеңе менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?
- Жеңеңе туш болорго жакын турмуштун оор запкысын тартып, аябай кыйналып жүргөн убагым болчу. Бир сөз менен айтканда, китепте жазылбаган, тасмада тартылбаган оор тагдырды баштан кечирип аткам. Бирок ошого карабай, болгон күч-аракетимди чыгармачылыкка жумшап, чыгармачылык менен алектенер элем. Мына ошондой оор күндөрдүн биринде Кудай мени жеңеңе туш кылды. Экөөбүздүн жолугушуубуз деле күтүүсүз болду. Спорт ордосунда "Кош жылдыз" теле долбоору сыяктуу долбоор уюштуруп, жаш ырчыларга сынак жарыялап, калыстар тобуна мүчө катары кайнатамды чакыргам. Ошондо кайнатам жөн келбей жеңеңди да ээрчите келиптир. Концерт аяктагандан кийин эле "бул менин кызым болот, КТРКда иштейт, таанышып алгыла" - деп экөөбүздү тааныштырып калды. Бирок анда көп деле маани берген эмесмин. Кийин КТРКга жумуштап барсам, жеңең ошол жакта жүрүптүр. Ошентип, ошол жерден жакшылап таанышып, тааныштыгыбыз тез эле сүйүүгө айланып, 1998-жылы баш кошконбуз. Учурда Чолпон, Даниэл аттуу уул-кызыбыз бар. Жашоо турмушубуз Кудайга шүгүр, эл көргөн күндү көрүп, Кудай деп жашап жатабыз.
А. Осмонова:
- Атам ыраматылык: "сени Юрий Бобков менен тааныштырам, ал сага чыгармачылык жактан жардам берет" - деп калчу. Ал кезде мен КТРКда маданият тармагында иштечүмүн. Жогоруда айткандай, бир күнү Юра атамды концертине чакырган экен. Ошондо атам: "Жүрү, сени Юрий менен тааныштырып коёюн", - деп мени да ээрчитип алган.

- Анда атаңыз башынан эле Юрий байкени күйөө бала кылайын деп жүрчү экен да…
- Билбейм, менимче, андай деле ойлобосо керек. Негизи атам Юраны баласындай көрчү. Качан болбосун Юраны оозунан түшүрбөй, кийин күйөө бала болгондо күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр деп аябай сыйлап турчу. Ошондонбу, учурда Юраны туугандарымдын бардыгы сыйлап турушат.
Ю. Бобков:
- Анткени кайнатам экөөбүз тээ 1978-жылдан бери ага-ини катары жакшы мамиледе болчубуз. Мен "Досум-Үсөн" эстрадалык тобун жетектеп жүргөндө кайнатам да бир эстрадалык топту жетектеп жүрчү. Ал эми ал киши мага кайната же мен ал кишиге күйөө бала болом деп эч ойлогон эмесмин. Буйрук экен, күтпөгөн жерден күйөө баласы болуп калдым.
А. Осмонова:
- Юра экөөбүз бири-бирибизди жактырып калгандан кийин баш кошууга туура келип, Юра кыргыздын салты менен белгилүү куудул, Жаныбек Алыкулов баш болгон досторун ээрчитип алып, ата-энемдин алдына колумду сурап барган. Бирок атам дароо эле макул боло койгон жок. Бир айдан ашык макул болбой жүрүп, акыры макул болду.

- Ортоңуздарда канча жаш айырма бар?
Ю. Бобков:
- 18 жаш, бирок мен 18 жашты туура эле деп эсептейм. Россиянын ырчылары деле өзүнөн 30-40 жаш кичүү кыздарга үйлөнүп атышпайбы. Мен үчүн кеп жашта эмес, бактылуу болуп, турмуштан өз ордумду таба билүүдө.
А. Осмонова:
- Негизи, "сүйүүнүн көзү сокур" - деген чын экен. Сүйүп калсаң, кары-жашына деле карачудай эмессиң.

- Үй-бүлөдө каада-салтты кандай кармайсыздар?
Ю.Бобков:
- Эки салтты тең бирдей кармайбыз. Айтта мал союп, куран окутабыз. Орустун пасхасы келсе, аны да майрамдайбыз. Кыскасы, майрамга байбыз. Эки тилди тең бирдей сүйлөйбүз. Кайсыл учурда, кайсы тилде сүйлөш керек болсо, ыңгайына карап ошол тилде сүйлөй беребиз. Учурда 72 жаштагы байкем бар, ал киши да мага окшоп, кыргыз тилин суудай билет. Ал эми дин жагына келсем, христиан дининдемин. Жаш кезимде Кудайга көп ишенчү эмесмин, кийин ишендим. Мусулман болобу, христиан болобу мен үчүн Кудай бир. Кудай алдында баарыбыз жооптуубуз. Ар дайым Кудай деп жашашыбыз керек. Өзүм христиан болгондуктан, кызым Чолпонду чиркөөгө алпарып чокундургам. Убагы келгенде уулумду да чокундурайын деп атам.
А. Осмонова:
- Мен балдарымдын христиан болушуна каршы эмесмин. Буюрса, уулубузду кыргыздын салты кылып отургузуп, андан кийин чокундуралы деп атабыз.

- Бир учурда көпчүлүк орустар Россияга көчүп кетти эле. Ошол убакта сиздин дагы көчүп кетүү оюңузга келген эмес беле?
- Кудай сактасын, андай ой келе элек. Мурунку жубайым, тактап айтканда, Жанетанын жолдошу Денис менен кызым Маянын апасы Россиянын жараны болчу. Экөөбүздүн ажырашуубуз дагы ушул көчүп кетүү маселесинен чыккан. Ал: "Кыргызстанга жашабайм, Россияга жашайм" - деди. Мен болсо, Кыргызстандан кетпейм дедим, ошентип, аягы ажырашып тынганбыз. Балдарымды алып кетип калып, үч жылдан кийин артынан барып алып келгем. Кудай мага канча жашты берди, мындан ары канча жашайм белгисиз, бирок эң башкысы Шайлообек агам айткандай, элим үчүн тырнактын агындай болсо да эмгегимди өтөп кетсем мен үчүн баа жеткис сыймык болор эле. Өткөндө Кыргыз эл Баатыры Б. Жакиев агай жакшы айтты: "Бөлөк улуттун элдери Кыргызстанда өздөрүн квартиранттай сезип жүрөт"- деп. Азыр чындап эле ошондой болуп калды. Андай болбош керек, тескерисинче, башка улуттун жарандары Кыргызстанда жашап аткандан кийин, эл үчүн кызмат кылып, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө өз салымыбызды кошушубуз керек. Мен, мисалы, маданиятка салым кошууга аракет кылсам, жакын досум А. Костюк саясатка аралашуу менен эл үчүн кызмат кылууга аракет кылды. Костюк экөөбүз бармактайыбыздан бирге өстүк. Анын ата-энеси менен менин ата-энем азыр Костюк экөөбүз кандай дос болсок, алар да ошондой дос болгон. Бүгүнкү күнү жеңилимди жерден, оорумду колдон алган эң жакын досторумдун бири Костюк экенин баса белгилеп коёюн. Учурда "Ырдайлы кыргыз ырларын" деген долбоордун үстүндө иштеп жатам, андан тышкары өзүмдү кино жаатында сынап көрөйүн деп, "Жомок" деген аталыштагы кино тарттым, буюрса, жакында көрсөтүлөт.

- Биринчи никеңиз өзүңүздөн алты жаш улуу мугалимиңиз болгону айтылып жүрөт. Ошол боюнча айта кетсеңиз?
- Туура, ал менден 6 жаш улуу, сабак берген мугалим эжейим болчу. 10-класста окуп атканда сүйүп калып, мугалим экенине карабай туруп үйлөнүп алгам. Тилекке каршы, турмушубуз көпкө узаган жок. Ортодогу пикир келишпестиктен улам, отубуз күйүшпөй, тез эле ажырашып кеттик. Учурда андан Коля аттуу бир балам бар. Баламды кошо ала кеткен. 17 жылдан бери байланыша элек болчубуз, жакында эле интернет аркылуу табыштык. Азыр Россиянын бир облусунда жашайт экен. Уулум Коля 35 жашка чыгып, чоң киши болуптур. Жолугушалы, келгиле деп конокко чакырсам, келебиз дешти. Ошентип, интернет аркылуу биринчи аялым Людмила менен балам Коляны таптым.
А. Осмонова:
- Катташалы, жаман да болсо сенин уулуң деп шыкак болуп атып табыштырдым. Биринчи орустардын "Издейм сени" аттуу теле көрсөтүүсү аркылуу издөө салып, кийин интернет аркылуу табыштык. Мен эч убакта тигил аялың менен же бул аялың менен катышпа деп бөлүп жарбайм. Тескерисинче, алар менен катышып, аш-тойлорду бирге өткөрсөк экен деп тилейм. Уулу Денис апасы менен катташып турат. Юра деле анда-санда байланышып, акыбал-жай сурашып турушат.

- Жанетага кайын эне катарында мамиле кыласызбы?
- Жанета экөөбүз кайын эне-келиндей эмес, эже-сиңдидей мамиледебиз. Мага караганда, Юра ага кайната катары мамиле кылат. Бирок ошентсе да, үй-бүлөбүздө көпчүлүк учурда демократия басымдуулук кылат. Жанетаны жоолук салын, шым кийбе деп кыйнабайбыз кандай кийинсе өз эрки.
Ю. Бобков:
- Бизде андай жок, Жанета, Денис болуп чогуу эле карта ойноп, ата-бала болуп ээрчишип жүрө беребиз.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев