Эл өкүлдөр палатасыбы же
эл өкүртөр палатасыбы?
Айылчы аялдардан эмне айырмасы бар?
"Эгерде депутат болсом… элге кызмат кылам" - деп талапкер кездеринде берилген укмуштай убадаларды ар бир жараныбыз унутпаса керек. Үмүт менен элибиз зор ишеним көргөзүшөт, бирок ошол үмүт кылгандарыбыз кыска мөөнөттө эле "жепжутар" болуп чыгышат. Ой тобо-о! Алар баарынан мурда кол тийбестигине сыйынышат, сындап койсоң балээге каласың, дарегине айтылган сынды алар апакай ушак, жалган жалаа дешип айкырып чыгышат. Депутат-жепжутат мандатына таянышып башкалардан кылган ишине "отчёт" талап кылышат, бирок элдин каражаттарын каалагандай калчайт да, анын калкыбызга канчалык кайрымы бар экенин али эл алдына ачык айтып чыгыша элек. Сөзүбүз куру болбосун, эл өкүлдөрү эл өкүртөрүнө айланып, кадимки айылчы аялдардан айырмасы калбаганын айрым мисалдар менен ортого салып көрөлү.
Шамалга учкан каражаттар
Арадан анча деле убакыт өткөн жок, ЖоКенин спикери А.Келдибековдун Малайзияга саякаты тууралуу чуулгандын изи али сууй элек. "Айылчылоонун" бул ыкмасы көрсө мурдатан эле адатка айланганы акыры белгилүү болду. Депутат-жепжутаттар кыска мөөнөттө 6 миллион 935 миң 185 сомду соруп коюшкан. Эсепсиз ушул каражаттар эл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалса, канча жумушчу орундар түзүлүп, канча адамдарыбыз чет элге кулдукка баруудан кутулмак?
Айтылуучу шылтоо даяр, бул каражаттар атайын ЖоКеге бөлүнгөндүгүнө таянат, бирок ар бир тыйын мамлекетке канча пайда алып келерине жараша жумшалышы керек эмеспи. Чыгашанын орду толбосо, бул шамалга учкан каражат экенин жепжутарларыбыз неге ойлонушкан эмес? - деген суроо туулат. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө каражат бөлүштүрүүгө келгенде мамлекеттик казынаны катуу коргогон Акылбек Жапаров "айылчаак аялдай" болушкан депутат-жепжутарларга неге ушундай катуу каршылык жасаган жок. Бул миллиондогон акча да мамлекеттик казынадан бөлүнгөнүн кантип билбей калды болду экен? Же бул "бармак басты, көз кысты" жолу менен ишке ашырылганбы? Президенттик жана Өкмөттүн аппаратынын чыгашаларын эсептеп жатып калышкандар эмне үчүн үнөмдөөнү өздөрүнөн баштабайт? Дагы бир мисал, бир эле Ош аймагына "саякаттан" эле эл өкүртөрлөр 1 миллион 414 миң сомду сарпташкан. Бул бар болгону учактар каттамдарына гана кеткени, ал эми автоунааларга сарпталган күйүүчү майлар, алардын ремонтторуна кеткен каражаттар, башка региондорго жасалган "саякаттар" үчүн дагы канча миллион пайдаланганынын эсеби деле миллиондорду чапчыйт көрүнөт. Жарым жыл аралыгында ушунча акчаны шамалга сапыргандар 5 жылдын ичинде дагы канча миллиондорду жеп жутат? Деги бизге ушундай парламенттин кереги эмне?
Сандар "жомогу"
Учак менен Ош аймагына каттамдар өзгөчө көп. Парламенттик шайлоодон бери бар болгону жарым жылдан саал ашты. Ушул мезгилде Ошко депутаттар 505 ирет учуп барышкан. Жол кире 2800 сом. Ал эми бул аймакка "айылдоонун рекордсмендери" Азамат Арапбаев - 26, Акылбек Султанов - 22, Урмат Аманбаева - 20, Төрөбай Зулпукаров - 18, Бөдөш Мамырова, Абдимуталип Кочкорбаев, Нурбек Алимбеков - 16, Абдыжапар Бекматов - 14, Абдрахман Маматалиев, Талант Маматов - 12 ирет учушса, Камчыбек Ташиев 2 ирет Жалал-Абадга, 10 жолу Ошко учак пайдаланган.
Билет баасы 14 100 сомду чапчыган Москвага - 205, жол кирелери 14 000 сом турган Стамбулга - 95, 11 250 сом турган Үрүмчүгө - 34, 17 100 сом турган Санкт-Петербургга - 19, Алматыга - 9 (билет баасы 3150 сом), Лондонго - 8 (61 200 сом), Ташкентке - 6 (7000 сом), Новосибирскиге - 3 (8345 сом), Екатеринбургга -1 (8300 сом) рейс жасалган жана ири суммадагы акча сарпталган. Натыйжада, чет мамлекеттерге "айылчылаган" жепжутаттар 5 миллион 521 миң 185 сомду атасынан калган энчисиндей пайдаланышкан. Алар ушул барган жеринен кыргыз элине, же мамлекетибизге канча киреше, көзгө көрүнүктүү эмне пайда алып келгенин айтып бере алышабы?
"Саякаттын" сыры тууралуу күмөн ойлор
Акыл калчап көрөлү. Ош аймагына ат тезегин кургатпай чабагандап "айылдагандардын" шайлоочулардын кызыкчылыгына жараша барганына ишенүү дегеле мүмкүн эмес. Депутаттар мурдагыдай жер-жерлерден эмес, партиялык тизме менен добуш алышкан, демек, алар белгилүү бир региондорго эмес, бардык региондогу шайлоочуларга жолугушуусу керек болчу. Ошону менен катар жогорудагы аты аталгандардын көбү ЖоКенин сессияларында калк таламын талашып, конкреттүү бир маселени көтөрүп чыгышпагандыгын белгилеп кетсек болот. Ачыгын айталы, алар милдетин унутушса да, укугун эстеринен чыгарышкан жок. "Өмүрүң күндүк болсо, түштүгүңө жорго мин" принцибин туу туткан сыяктанат. Бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, көмүскөдөгү бизнестерин бутуна тургузуп алуу максаттарын койгон көрүнөт.
Албетте, муну ишке ашыруу үчүн белгилүү аймактын жетекчилери менен мамиле түзүү керек. Жамандык, жакшылык деген бар. Аш-тойлор адаттагы көрүнүш. Буларга үзгүлтүксүз катышып, айрымдардын көңүлүн алып коюу парз эмеспи. Болбосо, аларсыз деле региондун маселесин аткаруу бийлиги чечери баарыбызга белгилүү. Бул депутаттар мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өз көмөчүнө күл тартуу үчүн гана аракет жасаган деген жыйынтык чыгарууга негиз түзүп берип жатат. Бул мамлекетибиздин ичиндеги "саякаттын" бир сыры десек эч ким бизди айыптабайт го?
Өзгөдөн мурда Дубаиге Нариман Түлеевдин - 3, Ахматбек Келдибековдун, Нурлан Сулаймановдун, Жаныш Кудайбергеновдун, Алтынбек Сулаймановдун, Равшанбек Сабировдун - 2 иреттен барып-келиши, Лондонго Галина Скрипкина, Токон Мамытов, Каныбек Калмаматов, Данияр Тербишалиев, Эльмира Иманалиева 2 жолудан барып келишиптир. Алар кайсы максатты көздөшкөн? Булардын көбү К.Бакиевдин учурунда кызматта, айрымдары ошондо эле депутат болгондугун танышпас чыгар. Бул өңүттөн алганда алардын саякаты күмөн ойду жаратат. Алып көрөлү. Учурда Дубаиде издөөдө жүргөн Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияевдер баш калкалап жүрүшсө, Жаныш Бакиев да ошол жакта деген имиш бар. Ал эми Лондондо Максим Бакиев башын катып жүрөт. Логикалык жактан алганда да, элибиздин "Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт" деген учкул сөзүн алганда да алар бул аталган шаарларга бекеринен барбагандыгын тастыктап тургансыйт. Буларды алар менен жолугушпайт деп ким кепилдик бере алат?
Москва шаары да көптөгөн качкындардын түнөгүнө айланганы калкыбызга белгилүү. "Саякатчылардын" көпчүлүгү биздин качкындардын көбү менен эски тааныштар, коюн-колтук алышып жүргөндөр. Шайлоолорго даярдык башталганда алардан акча каражаттарынан жардам алууга жашыруун сүйлөшүүлөр жүргүзүшкөндөй таасир калтырат. Аскар Акаев, Ширшов, Балкыбеков сыяктуу күркүлдөрдүн өздөрү болбосо да, алардын акчаларына көздөрүн кызартып барып жатпасын деген күдүк ой пайда болот.
Ал эми акыркы маалыматтарга таянсак, айрымдардын Алматыга сапары Жаныш Бакиев менен жакындан сүйлөшүү максаты бар сыяктанат. Ошол эле учурда анын өткөргөн туулган күн мааракесине катышууга барып жатышпасын? Айтор, алты ай арасында депутат-жепжутаттардын "айылдашмак" оюндарынын артында шектүү аракеттер катылып жаткандай. Эл өкүртөр парламентибиздин көшөгөнүн артындагы көмүскө оюндары жеке бизнестерин жолго коюуга, же "эскилер" менен келишим түзүп, алардан ири каражат алуу менен шайлоого "ак боз ат" минип барууга камылга көрүүгө багытталгандай. Анан кантип аларды эл үчүн иштеп жатат деп айта аласың?
Белгилей кетели, штатында 114 кызматкер турган президенттик администрациясынын жалпы институтунун жылдык чыгашасы 800 миллионго жакын сомду түзсө, ЖоКенин жылдык чыгашасы 1 миллиард сомду чапчыйт. Калыстык менен карайлы, президенттин аппараты өзүнө бөлүнгөн каражаттардын 60 миллион сому гана президенттик аппаратты кармоого сарпталат экен. Ал эми 740 миллионго жакын акча ЖоКенин администрациясынын, өкмөттүк балдар бакчасынын, пансионаттардын, резиденциялардын, башкаруу Академиясынын жана башка бийлик структураларынын керектөөлөрүнө сарпталат. Ал эми парламент президенттин аппаратына караганда парламенттин саякатка эле сарптаган акчасы 12-13 эсе көп болуп отурат. Ушул жерден бийлик бутактарынын кайсы кимиси мамлекетке пайдалуу кызмат кылып жатканын ойлонуп көрбөйлүбү жана элдин акчасынын ар бир тыйынына чейин так эсеп берүүнү депутат-жепжутаттардан талап кылсак кантет?..
Эртабылды АТТОКУРОВ