Кыңыр иш кырк жылда…
Билишкен, бирок айта албай жүрүшкөн…
Мурунку Президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнүн бети ачылып, бул мыкаачылык ишке Жаныш Бакиев баштаган мурунку бийликтин күч структурасындагы үлкөн чиновниктердин да катыштыгы бар экендиги айтылууда. Сиз ошол мезгилде Медет Садыркулов жол кырсыгынан эмес, Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү тарабынан киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн билгенсизби?
Темир Сариев,
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
- Медет Садыркуловдун өлүмү буйрутма өлтүрүү болгон. Муну ошол кезде бийликте иштегендер жана жалпы коомчулук айттырбастан билген. Өзгөчө Башкы прокуратура менен ИИМге бул кылмыш жакындан "тааныш" болчу десек болот. Ал кездеги оппозиция бул тууралуу ачык эле айтып чыккан болчу. Бирок муну ачык айтуудан коркушкан. Ал тургай эл ишенген күч органдары да жалтайлап, бул ишти тыкыр иликтөөгө ала алган эмес. Садыркуловдун Казакстандан кайтып келатып, үйүнө чалып: "жарым саатта барып калам"-деп айтканы да көп нерседен кабар берет. Бирок, тилекке каршы, ошол үйүнө барып кала турган жарым сааттын ичинде, абдан кымбат баалуу "Лексус" автоунаасы менен келаткан Садыркулов өзү күтпөгөн "жасалма кырсыкка" кабылып, мыкаачылардын колуна түшүп, ал окуянын аягы эмне менен бүткөнү эл үчүн сыр эмес. Эски бийлик мындай окуяны ошол кездеги оппозициянын жүрөгүнүн үшүн алып коюу үчүн жасаган. Мындай иштерди уланта беришери толук мүмкүн болчу. Себеби Бакиевдер өздөрүн бийликке 5 жылга эмес, кеминде 50 жылга келдик деп катуу ишенишкен. Ошондуктан мындай оор кылмыштардын бети кылымдар бою ачылбайт деп ойлошкон.
Жаңы бийлик Садыркуловдун өлүмү боюнча, алгылыктуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, учурда тергөө иштери улантылып жатат. Эл ишенген укук коргоо органынын кызматкерлери да бул кылмышка активдүү катышкандыгы, албетте, өкүнүчтүү. Соттук тергөөдөн кийин, баары ачыкка чыгышы зарыл. Мына ошондон кийин, бир тараптуу айтсак болот. Ал эми менимче, "кылмышка катыштыгы бар" деп айтылып жаткан адамдардын баары тең сот жоопкерчилигине жана моралдык жоопкерчиликке да тартылышы абзел.
Жыпар Жекшеев,
коомдук ишмер:
- Албетте, мындай ойлор болгон. Ал кезде Жаныш Бакиев күч структураларын өзү билгендей башкарып келгендигин жакшы билебиз. Жаныштын эле колунан келгендигин билип эле турдук, бирок ачык айтылбай келбедиби. Айтылган күндө деле аргабыз жок болчу да. Анын үстүнө Жаныш Бакиев менен Медет Садыркуловдун ортосундагы катуу тиреш жүрүп келгендиги баарына эле белгилүү болчу. ИИМ, УКМК, Башкы прокуратура, Коопсуздук кеңеши өңдүү бардык күч ресурстары колунда турганда, мындай мыкаачылык ишти жасап коюш ал үчүн анчалык деле проблема эмес эле. Азыркы ИИМ жетекчилеринин Садыркуловдун өлүмүнө байланышкан алдын ала билдирүүлөрүнө мен толугу менен кошулам. Бул биздин күч органдарыбыз чыныгы профессионалдуулугун көрсөтө алышкандыгын баса белгилеп кетсек ашыкча болбойт.
Турат Мадылбеков,
ЖК депутаты:
- Негизи адам өлтүрөөрдө, болгондо да белгилүү саясатчыны жок кылаарда аз адам катышып, кылдат ишке ашырылмак. Бирок Садыркуловду жок кылгандар өтө одоно түрдө иш кылышкан. Бийлигине ишенген Жаныш Бакиевдин тийиштиги бар экендигин ошондо эле билгенбиз жана айтып чыкканбыз. Мындан бир жарым жылдай мурда гезиттерге маек да бергем, бул жол кырсыгы эмес, бул атайылап адам өлтүрүү деп. Садыркуловдун өлүмүнө ошол кездеги бийликтин тиешеси бар экендигинин ачык далили катары - бул мыкаачылык иштин жол кырсыгы катары сыпатталып, тез аранын ичинде тергөөсү да бүтүп, соту да бүтүм чыгарганга жетишип ийгендигин айтсак болот. Жол кырсыгы болгон күндө дагы бул иш жок эле дегенде 5-6 ай тергелип, сот процесси да бир канча айга созулушу керек болчу. Бирок чоң саясатчынын өлүмү "сокур ит бок жалаганча" жайгарылып калышы буйрутма өлтүрүү болгондугун ачыктап койду. Ошол кездеги ИИМ, Башкы прокуратура, УКМК, Коопсуздук Кеңешин башкарган адамдар жооп бериши керек. Жакында бул боюнча саясий билдирүү жасайбыз.
Жолдошбек Бусурманкулов,
милициянын отставкадагы
полковниги:
- Саясий буйрутма өлтүрүү экендиги ошондо эле белгилүү болчу. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, килейген Жипти кичинекей Ауди сүзүп, чоң машине ичиндегилери менен кошо күлгө айланып кеткендиги акылга сыйбас жорук болуп атпайбы. Үчөө болбосо дагы бирөө качып чыкканга үлгүрмөк да. Муну мен эмес, менден акылы азыраак адам деле түшүнгөн. Ал эми ким буйрук бергени боюнча айтсам, бийликтегилердин кылганы деп айтууга көптөгөн негиздер бар болчу. Президенттин командасынан кол шилтеп басып кеткендиги, алар үчүн кооптуу саясий каршылашка айлангандыгы эле Садыркуловду жок кылууга кимдер кызыкдар болгондугун көрсөтүп атпайбы. "Туулганына эмес, тураарына сүйүн" демекчи, эми бул ишти акырына чейин чыгарыш керек. Зарылбек Рысалиев, Мелис Турганбаев, Какен Сатыбалдиевдер сөөгүнөн чучугуна чейин опер балдар. Өз ишин мыкты билишет. Булар бул ишти акыр аягына чейин жеткирээрине мен толук ишенем. Чынында, жүрөгүндө жалы бар жигиттер.
Тиленбек Азык
Президенттин видео күндөлүгүнөн...
Роза Отунбаева,
Кыргыз Республикасынын Президенти:
"Биздин өлкө Борбордук Азия боюнча кумар оюндарынын аралы болуп калды"
- Урматтуу менин видеокүндөлүгүмдүн көрүүчүлөрү! Бүгүнкү күндө бир катар коомдук уюмдардын демилгеси менен, Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн бакубат турмушуна кумар бизнесинин терс таасири күчөп бара жаткандыгы жөнүндө талкуу жүрүп жатат. 21 казино жана 55 кумар клубу лицензия алышып, бала бакчаларды, сүрөт салондорун, социалдык инфраструктуранын башка объектилерин борбор шаарыбызда гана эмес, алыскы айылдарда дагы сүрүп чыгышты. Айрым аймактардан башка жерде кумар бизнесин жүргүзүүгө тыюу салынган кошуна Казакстандан, Россиядан, а түгүл Белоруссиядан "бакытка тор жайчулар" бизге келип жатышат. Тилекке каршы, биздин өлкө Борбордук Азия боюнча кумар оюндарынын аралы болуп калды.
Казинонун жана оюн автоматтарынын иши бардык коомго залалын тийгизет: жаш муундун жан дүйнөсүн бузат, өлкөдөгү коомдук тартипке зыян келтирет. Казино ээлеринин кумар оюндарынын пайдасына келтирген жападан-жалгыз аргументи - мамлекеттин бюджетине салык чегерилип жатат дегени. Бирок азыркы мезгилде казинону криминал топторунун жана наркобизнестин "арам" акчаларын адалдоо боюнча дүйнөлүк туруктуу тенденция болуп жатат. Азыр ал бизге жете элек болсо, эртедир-кечтир бизге келип жете турганын түшүнүү керек. Биздин балдар мындай жерлерде күндүр-түндүр отуруп, оюнду токтотууга дарманы жетпей, кумарга дилин алдырганын унчукпай карап тура албайбыз. Алар кумарга алдырып, ата-энесин жана туугандарын тоношот, турак жайдан, үй-бүлөдөн айрылышат, атүгүл жандан кечип, өзүн-өзү өлтүрүүгө чейин барышат.
Баарынан түңүлүп, жаны ачыган тургундар казино же оюн автоматтары жайгашкан имараттарды өрттөп, стихиялуу күрөш баштаган учурлар да болуп жатат. Бул биздин жарандар үчүн олуттуу жана чоң коркунуч. Муну бул боюнча калтырууга болбойт. Мындай кумар жайларын жаап салууга үндөгөндөр бар. Бирок биз анда маселени тереңдетип жиберебиз, анткени анда бул бизнес жоголуп кетпей эле легалдуу эмес түргө өтүп алат. Андыктан бизде мындай кумар жайларынын ишин чектеп, цивилизациялуу эрежелерди орнотуу боюнча иш-чаралар комплексин көрүүдөн башка жол жок. Андай чараларды азыртадан кечиктирбестен көрүү керек.
Жогорку Кеңеш жаңы мыйзамдарды кабыл алып жана кабыл алынган мыйзамдарды оңдоого тийиш. Мэрлерге, губернаторлорго, акимдерге, салык кызматындагыларга жана милицияга: "Чоочун эл жок, бул шайтандын айлампасына бүгүн силердин жердештериңер, эртең-туугандарыңар, балдарыңар сорулуп кетет", - деп эскертким келет.
Келгиле, биригели, казино-барондордун үй-бүлөбүздү жана жаштарыбызды талоонго алуусуна жол бербейли! Эртең кеч болуп калат".