КОЛ ТИЙБЕС ДЕПУТАТ… РЫСАЛИЕВ, ТУРГАНБАЕВ ЖАНА БАНДИТ ПОЛКОВНИК
Парламенттик республика болобуз дегенде кубангандар аз эмес болчу. Анткени, бир эмес, эки айбан президенттүү болуп, алар ошол айбандыгын аябай жасап, элди куураткан, элге жек көрүндү болгон. Акаевдин кийинки жылдары, бөтөнчө Бакиев башкарган жылдарда "президент" деген сөздүн өзү негатив түшүнүктү билдирип, дагы да тереңдете айтсак, кандайдыр бир желмогуз сынындагы нааданды билдирген түшүнүк болуп калган. Эл аралык абалда кебелбей, сынынан жазбай турган "президент" деген түшүнүктү тиги экөө бат эле тескери мааниге, элге каршы турган мааниге өткөзүп салышты, жек көрүндү мааниге айландырып тынышты.
Анан "…айранды үйлөп ичүү" турмушу башталып, Текебаевдин демилгеси менен, анын түздөн-түз иштеп чыгуусу менен, Конституциябызда "парламенттик башкаруу" деген маани орун алды да бийлик парламенттин колуна өттү. Президенттин бийлиги кескин түрдө кыскарды, азыр мамлекет башчысы эсептелгени менен, мамлекетин каалагандай башкара албайт. Анткен менен, Роза Отунбаева президент кандай иштеш керектигин көрсөтүп койду, көрсөтүп жатат. Көрсө, президент деле киши экен… баары эле Акаев менен Бакиев боло бербейт экен.
Ошентип, парламенттик башкаруу деген жаңы көрүнүш келип, аны пайдалангандар-депутаттар кайсы рычагды кармаарын билбей, булкуп-жулкуп наркы-терки тартып көрүштү, улак тарткандай кылып тамтыгын чыгарып да жатат.
Парламенттик башкаруубуз эл каалагандай жыйынтыкты алып келе элек, алып келеби, даанасын билген адам жок. Анткени, парламентти куулган президент Бакиевдин санаалаштары башкарып калды. Ал ал болуп, мурун практикасы жок иш тескери кетип жатат, комиссиядан комиссия түзүлөт, бири-бири менен жеке кармаштар, фракциялык кармаштар жүрүп турат, мурундар канап, чепкен жаап, калпак кийгизмейлер депутаттардын арасында күндөлүк адатка айланып калды. Анан да "эркек болсом, эсебиңерди табат элем" деген катындар да бар…
Алардын арасына криминалдар да аралашып алган. Муну жалпысынан, ошол жерде депутат болуп олтурган, Мадылбеков дегени да, Рысалиеви да, Субаналиеви да айтат, президентибиздин да оозунан чыкса керек эле. Бирок, дааналап көзүн чукуй көрсөтүп, аты-жөнүн айткан бирөө жок. Уюшкан кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүп жатабыз дейт да, крим-депутаттын атын айткандан коркушат. Же ошончолук эле коркунучтуубу, бүтүндөй бир мамлекеттин тилин бууп койгончолук коркунучтуубу?! Так-аныгын билсем, тээтиги деп эле айтып коет элем, даанасын билбейм, божомол айтуу түз эле сотко жеткирет, анын кереги жок, мен сыяктуу улгая тартканда, ушуга чейин көп нерсе айтып келгеним деле оңой эместир…
Ооба, парламентте криминалы менен кошо эле берки коррупционерлер да бар, ушул азыр бензинди контрабандалаган деп айтылып жаткан Азамат Арапбаев деген депутат сыяктуулар да бар. Мына ошолорду жоопко тарта албайт экенбиз. Анткени, "депутаттык кол тийбестик" деген калканыч бар экен, ага калкаланып ал да каалаганыңды жасай бер, бирөөнүн тумшугун талкаласаң да, бирөөнүн дүнүйөсүн ээлеп алсаң да, бензинди да башкасын да контрабандаласаң да сага эч нерсе кыла албайт, сасыта айтканда "алигиңе чөп сая албайт"! Ушундай алымсыз мыйзам. Конституциябызда бадырайып турат "жарандарыбыздын баары тең укукта" деп. Анан эле депутаттарга "кол тийбестикти" берип салганыбыз кандай?! Алардын укугу жөн адамга караганда жогору болуп жатпайбы, бизден жогору туруп жатпайбы. Андай укукту алууга болбойт го. Мейли президентке, спикерге жана премьер-министрге кол тийгизбей сыйлайлы дейли, анан 120 адамдын баарын тегиз сыйлагандын пайдасынан зыяны көптүр…
Болуптур, ага деле макул дейли, бирок, күнөө кылса жообун берсин да. Мында да бизге караганда укугу чоң болуп турат. Анткени, бир дагы депутат жоопко тартылбайт, жоопко тартылсын деген чечимди депутаттар эч качан чыгарбайт, анткени, эртеси өздөрү бир ишке кириптер болушу мүмкүн. Эгер жанагы "кол тийбестик укукту" алып салганда, анда ички иштер министрибиз Рысалиев түз он-он беш депутатты баса калып тырпыратып жибермек. Азыр анте албай, "депутаттык мөөнөтү да бүтөр" деп айласыз кол ушалап турбайбы…
Баса, жанагы бензин ташыган машиналар Арапбаевге тиешелүү делинип жатса да, анын кесиптештери Сулайманов, Жээнбеков дегендер, ал турсун төрага Келдибековго чейин коргоп-колдоп жатышпайбы. Эгерде Арапбаевдин бензинди контрабандалаганы чын болсо, анда иштин бүткөнү экен да! Спикери баш болуп контрабандистти коргоп жатса дегеним… Мына ушундай иштер менен биздин мамлекет оңоло албай жатпайбы. Жетекчилер, депутаттар эле таза болгондо, анда бир дагы адам мыйзамды аттап өтүп каалаганын жасай алмак эмес! Жанагы балык дегениң башынан гана эмес, бардык жеринен сасып жатпайбы…
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев колунан келишинче антиподдорго каршы күрөш жүргүзүп жатат. Анан да дайыны жок эле өзүнөн чоңдорго бел бүгө бербеген мүнөзү да бар экен. Анан Келдибеков "кетсин" десе эле, кетип калбашы көрүнүп турат. Рысалиевди кетирип таштап, мурдунан суусу куюлган бир министрге ээ болушса, анан каалаганын жасашса… кой, эл-журт биригип туруп анттирбеш керек. Ушул тапта Рысалиевдей азаматтар бизге аябагандай керек, билгендер билер, ал жанын сайып коюп ишин аткарып жатат.
Аны менен бирге эле ал башкарган тармакта болуп көрбөгөндөй укмуш окуялар болуп келет экен: адамдарды барымтага алуу менен акча өндүрүү, наркозаттар менен соода кылуу, бизнесмендерден акча өндүрүү-рэкеттик кылуу ж.б.
Жазып жатабыз, айтып жатабыз жанагы Абдували Акжолов деген полковнигиң "вор в законелерден" небак эле өтүп кеткен турбайбы. Мурунку муфтийге чейин кордоп турган неменин кылыктары бир эле күндө жарала калган эмес да. Мына ушундай айбандардын кылыктарын алдын алуу керек эмеспи. Милийса тармагында дагы далай коркунучтуу, былык иштер бугуп жаткандыр. Министр мырза эң биринчи иретте ушуларга башын оорутушу керек. Болору болгондон кийин, жер муштап олтуруп калуу биздин жетекчилерге мүнөздүү да болуп бүттү көрүнөт…
ИИМ тарапка айтылып келатат: "Өздөрү таза болбогон соң, өңгөнү тескеп не керек" - деген орундуу суроону. Бул суроо көкүрөктү эзет да турат!
Сөзсүз дечи, ички иштер кызматында эмгектенген нечен бир өрттөй жанган, таза жигиттерибиз бар. Жүрөгү тоодой, элим деген эмгеги зоодой болгону менен, тапканы бүлөсүнө жетип-жетпейт, ошонун айынан көр оокат чыры болот. Андыктан милийса айлыгын көп эселеп көтөрүү керек.
Унутта калтырбай айта кетели, Медет Садыркуловду өлтүргөн боюнча ишти Мелис Турганбаев небак эле ачкан. Анда Бакиевдер "күүсүндө" болчу. Ошондо Мелисти тиги жексурлар жайлап кое таштаган. Өзүнүн тыңдыгынан аман калды окшоду. Бул маселе жөнүндө кийинчерээк шашпай-этпей айтып берерибиз милдет болуп турат.
Кыргызыңда кылымдар айтылып келатат экен, "тобо келтирип топук кылыш керек" деп. Дал ушул сапат бизди өксүтөт да турат.
Эй, айбан жеп-ичкичтер, эмне силер карапайым элден артыксыңарбы, же силерге жараткан каалагандай жеп-ичсин деген укук бергенби?! Силердин айбандык иштериңердин аркасында мамлекетибиз оңолуу жолуна түшө албай келет. Болуптур, жакшылыктын баары келечекте болот дейли, ошондо азыркы орто муундагылар, улуу муундагы адамдар көр оокат түйшүгү менен өтүп кетеби? Алардын жетишкен турмушта жашаганга укугу жокпу?!
Таламайга түшкөн бийлигибиздин биримдиги болмоюн дегеле ишибиз оңолбойт. Тигине, сотторду тандоо процесси жүрө баштады эле, президент менен парламенттин ортосундагы ынтымактын жогунан улам, ал иш өксүккө учурап турат. Бул иште парламент тараптын туура эмес иштери айкындалып жатканы менен, аны эч кимиси моюнга алган жери жок, тескерисинче президентти күнөөлөп олтурушат. Бизде бузулган ишти оңдоп коюу деген болбойт экен го, туура эмес жасасаң да ошого тырмышып тура бериш керек. "Бул жерден айнып кетипмин, ошол иттигимди кечиргиле" деген бири жок. Кемчиликти сезе билгендик дегениңди ийгиликке жол дейт эмеспизби. А бизде болсо ийгилик тарапка жол жабылган боюнча турат. Канттик…
Баратбай АРАКЕЕВ