Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Салымбеков менен Осмонов кан куда болушту
Ишемби күнү борбор шаарыбызда, тактап айтканда, Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан экс-генпрокурор Асанбек Шаршеналиевдин "Соң-Көл" аттуу Соң-Көлдөй чоң ресторанында ири үлпөт тою болуп өттү. Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылган бул тойдун ээси ЖКнын депутаты Мамытбай Салымбеков. Тактап айтканда, Мамытбай аксакалдын уулу Шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков ЖКнын дагы бир аксакал депутаты Курманбек Осмоновдун депутаттык мандаттан баш тарткан кызы Нурзат Осмоновага үйлөндү. Ажолукка ат салышып жаткан Курманбек Осмонов өзү Нарынга күйөө бала экенин эске алып, саясатчы кызын кайра эле Нарынга келин кылып берди...

Май талкан доору бүттүбү, же…
Кыргыз саясатынын "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" саясатчылары убакыт өткөн сайын абдан арбып баратканы жашыруун эмес. Мындайлардын жүзү, тактап айтканда, килейген бир армиясы 7-апрелден дагы бир жолу ачыкка чыкты. Мына ошол армиянын катарында сакалдуу болуп калган бир саясатчы бар. Ал Кыргызстандын Казакстандагы элчиси, кыялында уялбай президент болгусу келген "баягы, баягы" Жаныш Рүстөмбеков. Бул адам өткөн жуманын этегинде элчилик кызматтан айдалды. Эми мындан аркы өмүрүн колу бош чиновниктердин катарын толуктап өткөзөт окшоп калды көрүнөт. Чынында, Рүстөмбеков Акаев доорунан бери майлуу жерлерден колу бошобой жүрүп, элге берчүсүн да, элден алчусун да алып бүттү. Ушуну менен май талкан доору бүттү го, кыязы. Же эртең дагы бир майлуу жерден бармагындагы майды жалап чыга келеби? Кандай болгон учурда да, Рүстөмбеков кызматка жулунбай, тескерисинче, "куспай" калганына сүйүнүп, небере жытын жыттап, жыргап эс ала берсе болот.
Ал эми элчиликтин бош калган ээрине минебиз дегендер Атамбаевдин алды-артын тосуп чуркап жүрүшкөнү айтылууда.

Исанын баласына кылмыш иши козголобу?..
Мэрдин уулу катышкан кырсык боюнча өкмөт башчыга кайрылуу жолдонду.
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгында кызы каза тапкан У.Исмаилова аттуу жаран өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, Башкы прокурор Аида Салянова жана Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге кайрылуу катын жолдоду. Кайрылуу катында кырсыкка күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо өтүнүчү айтылган. Маркум Алтынай Турусбекованын апасы Исмаилова мэрдин уулу 9-сентябрда бейтапканадан чыкканын, бирок ага айып коюла электигин айтып, "Азамат Исаев жоопкерчиликтен качууда" деп билдирген.
Эске сала кетсек, 15-августта борбордон алыс эмес Бишкек-Торугарт авто жолунда 3 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Башкача айтканда, Иса Өмүркуловдун баласы башкарган Toyota Land Cruiser машинасы менен Audi үлгүсүндөгү машина кагышып, Audi автоунаасынын ичиндеги 3 адам ошол жерде кайтыш болгон. Бул жол кырсыгына мэрдин уулунун күнөөсү бар экендиги экспертизада аныкталгандыгын 6-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирген.
Эгер аталган жол кырсыгы адилет териштирилип, күнөөлүүлөр жазалана турган болсо, мэр Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Исаев бери дегенде 7-8 жылга эркинен ажыроо мүмкүндүгү айтылууда. Бирок Иса мырза жол кырсыгынан кайтыш болгон балдардын ата-энелеринин алдынан өтүп, кылмыш ишин кыскартууга аракет көрүп жүргөнү ошол кезден бери айтылып келе жатат. Эми бул жол кырсыгы кандай иликтенет аны убакыт көрсөтөт.

Түштүктүн "смотрящийи" Женго кармалды
14-сентябрь күнү Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү делинип, Тажикстандын ордо калаасынан кыргызстандык төрт азамат кылтакка илинди. Алар кылмыш дүйнөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал Ош, Жалал-Абад аймагынын "смотрящийи" Кадырбек Досонов жана Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө шектүү делинип издөөдө жүрүшкөн Садыр Борбуев, Чыңгыз Жумагулов, Шерали Акановдор. Булардын ичинен Женго-Кадырбек Досоновдун криминалдык ишмердүүлүгү көпчүлүктү кызыктырып келет. Жакында эле орусиялык сайттардын биринде ФСБда эмгектенген аты жашыруун адамдын маеги жарык көрүп, анда дал ушул Кадырбек Досонов түштүктөгү баңги жолунун Өзбекстан аркылуу кетүүчү багытын көзөмөлдөөрү, Көлбаев, Анапияевдердин катарындагы криминалдык дүйнөнүн салмактуу өкүлү экендиги айтылган. Криминалга каршы күрөш башталганы баңгибарон Женго Досонов алыскы Сауд Аравияга жер которуп, кайра Ооганстан аркылуу Тажикстанга келген. Учурда бул эргулдарды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип атат.


Эгембердиев жеңди
Ички иштер министринин экс-орун басары полковник Өмүрбек Эгембердиев президенттикке талапкер болуп катталган. Анан эле БШК нын талапкерлигин алып салыптыр деген кабар угулуп калды. Так-даанасын биле албадык, кыязы майда-барат эле нерсе менен болгон иш окшойт.
Мурун, Бакиевдер тушунда бул тыңчыкма полковник ошолордун "куйругун" басып алып орун басардык кызматынан ажыраган. Аны чөгөлөтөбүз дегендер ал оюн ишке ашыра албай калышкан. Кийин беш ирет актыкка жетем деп соттошуп утуп алган Эгембердиев бу жолу да БШКнын чечиминин туура эмес экендигин далилдеп, талапкерлигин кайра калыбына келтирди.

БШК эскертти…
Боршайкомдун үгүттүн жүрүшүнө көзөмөл салууга байланыштуу түзүлгөн жумушчу тобу президенттикке талапкер Өмүрбек Субаналиев эртелей үгүткө киришкенин белгилеп, эгерде мындан ары да талапкер тарабынан мыйзам бузууларга орун берилсе, ал марадан четтетилээри эскертилди. Дал эле ушундай эскертүүнү Боршайком Алмаз Атамбаевдин дагы дарегине жолдоп, анын себебин жергиликтүү телеканалдар, электрондук жана басма сөздөгү жаңылыктардын мазмунунда президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин пайдасына кыйыр үгүт жүрүп жатканы менен түшүндүрдү.
Бирок "Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев күн мурда үгүт жүргүзө баштады" деген БШКнын дооматын Атамбаевдин ыйгарым өкүлү Индира Жолдубаева четке кагып, Боршайкомдун эскертүүсү талапкердин штабына расмий түшө электигин билдирди. Ошондой эле, ал Атамбаев талапкер катары эмес, өкмөт башчы катары милдеттерин аткарып, бул иштерди ММК чагылдырып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлердин үгүт иштери 25-сентябрда башталып, 29-октябрда жыйынтыкталат. Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.

Ажылыкты уюштура албай Орозалиев ойго батты

"Ак жол" партиясынын ана башчыларынын бири болуп жүргөн Табылды Орозалиев жакындан бери Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын милдетин аткара баштады. 13-сентябрь күнү ЖКда ажы башчыларынын арасында экстремизмге аралашкан деп шектелген да адамдардын бар экендигин айтып чыкты. Бул агенттиктин мурдагы чоңу, азыркы эл өкүлү Каныбек Осмоналиевдин "аттары ким экен" деген суроосуна Табылды Орозалиев "Аттарын айтпайм, кысым кылбагыла мага" - деп кабагын бүркөдү. Негизи эле ажылык сапарды уюштуруу ишин Дин агенттигинен муфтиятка өткөрүп бергенден бери бул кызматтагылардын кабагы ачыла элек. Себеби Дин агенттигиндеги айрым кызыл кулактар тээ Акаев заманынан бери эле Кудайдын улуу жолунан байып келгендиги байма-бай айтылып келет. Сопусунуп аткан Осмоналиев деле көп нерсени билсе керек…


Арслан Малиев кыргыз тилин билбейт...
Кыргызстандын президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн 17-18-сентябрь күндөрү Тил боюнча комиссиясы кезектеги экзаменин алды. Ажолукка ат салышмакчы болуп жатышкан Өмүрбек Эгембердиев, Төрөбай Колубаев, Марат Иманкулов, Анарбек Калматов 17-сентябрда кыргыз тилинен сынак тапшырышты. Тил боюнча комиссиясы жазуу иштерин текшерип, талапкерлердин оозеки баяндамасын, көркөм адабияттан алынган тексттин үзүндүсүн окуусун угуп, ар бир талапкер үчүн өз-өзүнчө чечимдерди чыгарды. Натыйжада аты аталган төрт талапкерлер тең мамлекеттик тилди билет деген баа алышты.
Ал эми 18-сентябрда кыргыз тилинен сынак тапшырышкан Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкерлер - Кубанычбек Исабеков, Алмамбет Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Оморов мамлекеттик тилди билет деген баага татышса, Арсланбек Малиевге кыргыз тилин билбейт деген чечим чыгарылды.
Эми кийинки Тил боюнча комиссиянын сынагы 22-сентябрда өтөт. Бул күнү мамлекеттик тилди билүү боюнча түзүлгөн графикке ылайык, президенттикке талапкерлер: Арабаев Калыбек, Бакир уулу Турсунбай, Дыйканов Салмоорбек, Сооданбеков Уланбек, Түлеев Нариман, Үмөталиева Токтайым экзамен тапшырышат.