Амбициясы укмуш, позициясына кантели...
Өзүн чоң саясатчы сезип жүргөн Адил Турдукулов деген неме бар. Аз убакыт Алмазбек Атамбаевде жардамчы болуп иштеп жүрүп, кийин элчиликтен кызмат алган. Бакиевдин тушунда Түштүк Кореядагы консулдук кызматта иштеп жүрүп, Кыргызстанда быйыл пайда болгон. Келе калып эле "мага кызмат бергиле" кыязында баш баканга баш бакканга аракет жасаптыр, ич күйдүлүк кылганын ит билеби, Икрам деген азыркы Атамбаевдин жардамчысы аны алдай берип, айласын кетириптир. Айласы кеткенден КСДП партиясын башкарып аткан Болот Отунбаевге кирген экен. Болот Исакович да бул жигиттин "ойноп кетмей" адатынан кабардар болгонбу, айтор, ал дагы социал-демократтардын короосунан алыс айдап жиберген экен. Ары урунуп, бери урунуп, кызматка илээше албаган Адил мырза ич күптүүлүгүн азыркы бийликти, өкмөт башчыны сындаган макалалары менен чыгарып, ММК беттеринен түшпөй калды. Кыргыз үчүн кыйраткан бир иш жасабай туруп, кыйынсынып атканына караганда, баланын амбициясы аябай эле укмуш окшобойбу. Атаганат, апрель окуяларында Ак үй алдында ары-бери басып койгондо, азыркыдай абалга кептелбейт беле...
Б.Төрөбаев, А.Суракматов, Ж.Кудайбергенов тууган болуп чыгышты...
Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков 17-сентябрда ишемби күнү ордолуу Ош шаарында уулун үйлөндүрүп, чоң той өткөздү. Тойго элге төбөсү көрүнгөн атка минерлер, эл өкүлдөрү катышып, төраганын баласынын үйлөнүү үлпөтүнүн күбөсү болушту. Тойдун шылтоосу менен баштары бириккен чоңдор саясаттан, тууганчылыктан кеп салышып черлерин жазышты. Сөздөн сөз чыгып отуруп, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Азис Суракматов, Жаныш Кудайбергеновдор менен "Республика" партиясынын депутаты Бакыт Төрөбаев ата-тектерин сүрүштүрө кетишип тууган болуп чыгышыптыр. Башкача айтканда, үчөө тең кушчу уруусунан тараган жакын туугандардан экен. Ушул кезге дейре парламентте чогуу иштешкен бирин-бири жакындан тааныган депутаттар, Акматбек мырзанын баласынын тоюна чейин тууган экендиктерин билишпептир. Сыягы, кыргыздар тегин сүрүштүрө келсе, баары тууган болуп чыгат деген кеп бекеринен айтылган эмес көрүнөт. Ии баса, Ибрагим Жунусов дагы кушчу уруусунан экенин, жакын тууганы Алтай Бөрүбаев болорун акыркы кездерде арбын айта баштады. Алтургай, ажолукка аттанган Адахан дагы кушчу уруусунан болорун болжураган жайы бар. Саясатчы дегендерибиз саякатчы болуп кетишти эле, эми минтип санжырачылары чыга баштаптыр. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегениң ушу тура.
Талапкерлердин саны кыскарып жатат...
Президенттик шайлоо жакындаган сайын ажолукка ат салышмакчы болгондордун катары суюлуп жатат. Алгач шайлоого катышам дегендердин саны 80 адамдан ашса, учурда анын саны 50 талапкерге чейин кыскарып, 30 талапкер эле калды. Бул көрсөткүч шайлоо өнөктүгү башталганга чейин дагы бир кыйла кыскарышы мүмкүн. Учурда шайлоого ат салышмакчы болуп жатышкан көрүнүктүү төбөлдөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр, соодалашуулар жүрүп жаткан кези. Айрым маалыматтарга караганда Акылбек Жапаров, Өмүрбек Субаналиев, Адахам Мадумаров, Нариман Түлеевдер биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканы айтылууда. Ал эми коомчулукта Өмүрбек Текебаев менен Камчыбек Ташиевдин жашыруун тандем түзгөндүгү кеп болуп келет. Марат Султанов болсо, Атамбаевге ыктап жатат деген сөздөр бар. Мына ушул өңүттөн алып караганда шайлоого катышчу талапкерлер ич ара биригип отуруп, жыйырманын ар жак, бер жагындагы гана талапкер аламанга ат салыша тургандыгын серепчилер белгилешет. Карап отуруп, "кайран гана кагаздын шору" дегиң келет экен. Анткени узун тизменин бюллетени дагы узун болот эмеспи. Бюллетенге го батырса болот, урнага батыра алышпай балакет болбогой эле...
"Сөөмөй, кулак операциясынын" баш каарманы кармалды
2008-жыл жаңыраар алдында Президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун жубайына адамдын кулак, сөөмөйү жана жаңы жылдык кызуу куттуктоо баракчасы салынган баштыкча белекке берилген. "Биз айтканды угасың, сөөмөйүбүз кезеген жакка басасың" дегенди ишаарат кылган символикалуу бул белекти Жаныш Бакиев жибергенин ыраматылык МЧС өзү деле кыйыр түрүндө айткан жайы бар. Учурунда бул "белектин" чоо-жайын ийне-жибине чейин иликтеген Мелис Турганбаев Жанышка "жакындап" барганда ошол замат кызматтан алынып, куугунтукка кабылган. Эми минтип бул иштин бети ачылып, Пастухов деген үй-жайы жок Кудайдын жазыксыз бир пендесинин кулак, колун кескилеп, бирөөгө белекке берип мазактагандар кылтакка илинип отурат. Бул ишти жасаган Свердлов райондук ИИБинин мурдагы кызматкери Т. Маматов Москва шаарынан мурдагы күнү Кыргызстанга алынып келинди. Маматовдон тышкары бул ишке шектүү делинген Свердлов ИИБинин ошол кездеги начальниги полковник Медетбек Маметов да кармалып, сурак берүүдө. Ал эми начальниктин орун басары Ы. Кулманбетов, катардагы кызматкер Н. Эркебаевдер учурда эл аралык издөөдө. Негизи бул адамдар ошол кезде эле шектүү делинип камакка алынышкан, бирок жогору жактын көрсөтмөсү менен Свердлов райондук сотунун судьясы Гульнара Суталинова (УКМК мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун карындашы), Бишкек шаардык сотунун судьялары М. Жакыпов, Ж. Жакыпбердиева, И. Воронцовалардын чечимдери менен бардыгы тең апакай болуп, акталып чыгышкан.
Коңшуларга көз каранды болбойбуз...
Кытай инвесторлору тарабынан Кара-Балта шаарында курулуп жаткан нефтини кайра иштетүүчү завод 2012-жылы ишке кирет. Заводду курууга кытай инвесторлору 600 миллион доллар жумшап жатышат. Аталган завод ишке кирген күндөн тартып, бир жылда 800 миң тонна күйүүчү май өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот. Эң жогорку сапаттагы А-96 бензиндин түрүнөн тартып, соляркага чейин иштетилип чыгарылат. Өндүрүлгөн продукция эң биринчи кезекте ички базарды камсыздап, андан кийин гана экспорттолот. Кудай буюрса, аталган завод ишке кирсе, 2012-жылдан тартып коңшу өлкөлөрдүн көзүн караган күйүүчү майга болгон көз карандылыктан арылышыбыз толук мүмкүн.
Мадумаров, Жапаров, Субаналиев шайлоодон четтетилеби?
Эмитеден эле көмүскө үгүт ишин жүргүзүп баштаган айрым ажо болом дегендердин талапкерлиги алынып салынышы мүмкүн. Мындай кепти БШКнын мүчөсү Канатбек Абдукадыров 17 - сентябрда КТРКдан коомчулукка жар салды. "Жашыруун үгүт жүрүп аткан бардык билборддор, басылмалар биздин көзөмөлүбүздө. Эгерде үгүт иши башталганда ошол билборддор биз болжолдоп аткан талапкерлер тарабынан колдонула турган болсо, биз автоматтык түрдө анын талапкерлигин алып таштайбыз. БШК азырынча катуу чара колдоно элек. Учурда ал билборддорду ким заказ кылган, ага кеткен каражат талапкердин шайлоо фондунан төлөнгөнбү деген сыяктуу маселелерди тактап атабыз"-дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү К. Абдукадыров. Эгерде БШК айткан сөзүн аткарып, мыйзам менен иш алып бара турган болсо, анда "Бүтүн Кыргызстанын" бүт өлкөгө кызыл-тазыл кылып жайып салган Мадумаровго, акылдуу ойлорун айткан Акылбек Жапаровго, Комиссар Катани экендигин жар салган Өмүрбек Субаналиевге элден эртелеп үгүт ишин баштап алгандыгы үчүн катуу чара көрүшү керек дагы, аларды аламан байгеден ала салдырыш керек.