Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Испанча ырдаган Дима
Кыргыз элинин сүйүктүү актёру, белгилүү алып баруучу Турусбек Жумалиевдин уулу Дмитрий Жумалиев учурда испан тилинде ыр жаздырууда. Жаңы жаздырып жаткан ырын Дима атасынын 50 жылдык мааракесинде ырдап чыкмакчы. Эң кызыгы Дима ырдап жатканда Турусбек Жумалиев испан бийин бийлеп, келген конокторго ата-бала чоң шоу тартууламакчы.

Байдын эрке кызы Назира Айтбекова...
"Ырыс" студиясы менен Динара Эсенгулова биргеликте тарткан "Быйыл сөзсүз күйөөгө чыгам" тасмасында Рахат аттуу жөнөкөй студент кыздын образын жараткан белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова учурда экинчи тасмага тартылуу менен алек болууда. Тактап айтканда, жаш кино ышкыбоздору тарабынан тартылып жаткан "Көк салкын" аттуу тасмада Каныкей деген байдын эрке кызынын ролун ойноодо. Мындан сырткары Назирага бир топ режиссерлор тарабынан сунуштар түшүп, Назира аларга макулдугун берип, мындан ары алып баруучу гана болбостон, актрисалык кесипти да аркалаганы турат.


Карындашына ыр арнаган Алтынбек...
Комузда кол ойнотуп, өзүнүн оргиналдуу үнү менен жай айында көгүлтүр көлдүн жээгинде өткөн "Ысык-Көлдө Кадыр түн" фестивалынын жеңүүчүсү болгон аткаруучу Алтынбек Каленов учурда чыгармачылыктын үстүндө үзүрлүү иштеп, бир нече жаңы ырларды жаздырууга жетишти. Тактап айтканда, ырчы мырзабыз "Боогачың сенин болоюн"- деп обон созгон Токтобек Асаналиев байкеси менен Асанкалый Керимбаевдин "Карындашым" деген ырына дуэт жаздырышууда. Кудай буюрса, эки фольклор багытындагы ырчынын жаңы дуэтине күбө болуп калабыз.


"Көч" тасмасынын жеңиши...
Белгилүү кинорежиссерлор Артык Сүйүндүков менен Бейшен Мамбетакунов биргеликте тарткан "Көч" аттуу кыска метраждуу тасма Казанда өткөн эл аралык кино фестивалдан биринчиликти багындырып келди. Аталган фестивалга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 200гө жакын тасма ат салышкан. Жыйынтыгында баш байгеге биздин режиссерлор ээ болушкан.


Өткөнүн унутпаган Арсен...
"Эмнени же кимди унута албай жатыптыр"- деп кызыга түштүңүзбү? Жо-ок, баары сиз ойлогондой эмес... Болгону Арсен "Эсимде" деген ыр жаздырып жатыптыр. Аталган ырдын тексти Түгөлбай Байзаковго, обону Съездбек Искеналиевге таандык. Бул ырды Съездбек Арсенге белек катары бериптир. Буюрса, аталган ыр жакынкы күндөрү даяр болуп, коомчулуктун сынына коюлмакчы.
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА