Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Куйручуктун карышкыр чапканы
Куйручук Ак-Талаадан түш оой чыгып, Молдо дабанын ашып, Соң-Көлдүн түшө беришиндеги Жолум-Үй кыштоосуна кайрылып келе жатты. Кыштын күнү. Асман бүркөө тартып, кээде кар себелей калгандан уламбы, айтор, бетти-колду чымчыгылап, чыкылдаган суук жок. Ыраакы жолго көп жүрүп дасыккан, алдындагы Карагердин жүрүшү шайбыр. Анын үстүнө бу жол атынын көзүнө үйүр болуп калган.
Сары-Булактын өрдөшүнө бурула бергенде, Куйручук кар бетиндеги карышкырдын изин тааныды. Эңкейип карады. Жалгыз эмес, экөө экен. "Кайбарлар киши жол менен жүргөндөрүн!" деп күбүрөп койду өзүнчө. Аңгыча, жолго жуук торпуда шоңшоюп отурган карышкырды көрдү. Коркуп, качып жөнөмөк тургай, кашабаң ордунан козголуп койбойт. Тимеле, Куйручук менен учурашканы күтүп отургансыйт. Жол - жолоочунуку. Ал карышкырды көздөй түз бастыра берди. "Эмне кылар экен?" деген тейде унчукпады. Кыйкырып, үркүтүп-коркутпады. Жанынан өттү, байкамаксан болуп...
Капырай, кызыгың түшкүр! Жанагы карышкыр куду мергенчинин итиндей аттын артынан ээрчип албаспы... Куйручук кээде карышкырга кылчайып коюп, жол арбытып, жүрүп отурду. Кашабаңдын калып калчудай түрү жок. "Кишиден коркпогон карышкыр кол салат!". Ушинтип укканы бар. Дайыма алыскы жолго камынганда "кереги тийер" деп жан кишиге көрсөтпөй, ээрдин алдына катып жүрүүчү жоон саптуу булдурсун камчыны оң колуна оңтойлото бүктөп кармады.
- Үзөңгүнү чечсемби? - Өзү менен өзү сүйлөштү. - Жок, чечпеди. Анда, атка оңтойсуз, бош отуруп калат. Жырткыч ичиктин этегин бурдаса, окус оодарылып калбайбы?
Жолоочу тобокелге салды. Атты такымга басып качканга да болбойт. Кашабаң ого бетер күчөп, артынан кууйт. Жандуунун өжөрү, көк мелтейи, тайбасы эле - карышкыр!
Дагы кылчайып артын карады. Тай торпоктой, опсуз чоң карышкыр экен. Куйручук жүрөгүнө үңүлдү. Жүрөгү коркпоптур. Көп өтпөй ээрчип келаткан карышкыр жолдон чыга берип, шоңшоюп отура калып, улуп жиберди. Капталдагы коктудан дагы бир карышкыр чуркап чыгып, тигинисине жанашты. Куйручук чыйралып, кайраттана түштү. Эми, жырткычтар аттын оң жагына чыгып, киши менен атты жандап жөнөштү. Кез-кезде ыркыраша калышат. Беркиси канчыгы, коктудан чыкканы дөбөтү турбайбы... Тай торпоктой, опсуз чоң карышкыр экен да!
Бир маалда эки карышкыр кайрадан ыркыраша калышып, саамга буйдала түшүштү. Бул ыркырашуу алардын "Сен биринчи качырбайсыңбы?" деп сүйлөшкөндөрү эле. Ооба. "Ар-р!" деген үн чыгып, канчыгы дөбөтүнүн омуроосуна тиш салды. Канчыгы дөбөтүн кол салууга жумшады. Дөбөт карышкыр канчыгынан алдыга озо чуркады. Шарт бурулуп, качыра берип, аттын үстүнө секирди. Жырткычтардын сүйлөшкөндөрүн угуп, ээрге кыт куйгандай отуруп, камчыны мыкчый кармап келаткан Куйручук жырткычты эки көздүн ортосуна кериле шилтеп калды... Карышкыр "каңк!" дей түшүп, чалкасынын кетти. Төрт аягы көккө серпилип, буттары тыбырап турду. Арттагы канчыгы улуп-улуп жиберип, капталдай качып жөнөдү. Куйручук карга оонаган карышкырды ат үстүндө тиктеп, ой бешикте термелди:
- Анык көк жал турбайбы! Адам ээй, киши жегиси келет!
Кеч кирип баратты. Көз байланды. Эл орунга олтурган маалда ал Сары-Булактагы Чокомбайдын үйүнө түштү. Бай жан-алы калбай, барбалактады:
- О кел, Куке! Төргө өт. Ырас болбодубу! Пейилиңдин түздүгүн карачы! Тамактын үстүнөн чыктың!
Чокомбай жолоочуну жылуу тосту. Казандан жаңы чыгарылган эт буусу өйдө көтөрүлүп, булоолонот. Жай сурашып, дасторкон жайылды. Табактагы насипке кол салышып, анан кеп учугу уланды. Куйручук жолдо келатып, карышкыр чаап алганын айтты. Бирок Чокомбай ишене бербеди.
- Койсоңчу эми? Баягы, көп тамашаңдын бирин айтып отурасың да! Камчы менен көк жал карышкырды өлтүрө чаптым дегениң жомок эмеспи. Карышкыр тургай, эшиктеги жаман короочу да - өлбөйт камчы менен бир чапканга... Бир чапканда эле өлүп калгыдай же чымчык болбосо?
- Эгерде ишенбесең, анда мелдешелиби? - деди Куйручук.
- Мелдешсе, мелдешели! - деди Чокомбай.
Чокомбай дароо макул болуп, экөө кол алышты. Жеңдиргени бир жылкыга жыгылмай болду.
Эртеси багымдатта аттар токулду. Чокомбайдын бир жигитин ээрчитип алышты. Баягы жерге келишти. Мынакей кызык! Өлгөн карышкыр тирилип, туруп кеткенби? Карышкыр түгүл, изи да көрүнбөйт... Деген менен алтүндө кар жааган эле...
- Өлтүргөн карышкырың тирилип кеткенби? - Чокомбай үстөмөндөй сүйлөп, ары-бери бастырат. - Карагерди бере берсеңчи?
- Кетмек эмес. Тээ, аркы дөмпөйгөн жерди тепчи? - Куйручук жигитке жалгыз түп чийдин тушун көрсөттү.
Жигит басып барып, ошо дөмпөйгөндү тепти. Карышкырдын куйругу булая түштү. Бир кулагынан кан сызылып агып, кар үстүнө уюп, тоңуп калыптыр. Үчөө үйгө кайтышты. Куйручук аттан түшпөстөн, чаар бээни байлоодон чечип алып, жолун улады.
Жаңкы жигит карышкырды союп, терисин Чокомбайдын кыштоо үйүнүн күнжүрүш капталындагы эски ноолуга жайганда, бучкагы жерге тийип, эки бүктөлө түштү. Бай көк жалдын терисин тиктеп, кыйлага ойлонуп турду.




  Уккандан уга элегиң көп...

Тамагыңды түгөтпөсөң, айып төлөйсүң...
Сауд Аравиясынын Даммам шаарынын ресторандарында тамакты аягына чейин жебей, калтырып кеткен кардарларга айып саларын ресторандын жетекчиси Фахад Аль Анези билдирген. Айыптын өлчөмү желбей калган тамактын көлөмүнө жараша чыгарылат. "Айып салуу кадамы тамак-аш азыгын үнөмдөөгө чоң жардам берет" - дейт ресторандын ээси.
Мындай айып төлөө Гонконгдун ресторандарында да бар. Алар кардарларына эскертме катары менюга жазып коюшкан. Тамакты аягына чейин жебеген кардар анча чоң эмес суммадагы айып төлөйт, айып баасы 60 центтен 2 долларга чейин.

Тогуз планетадан башка элүү планета бар...
Жер шары адам баласы жашай турган жалгыз гана объект эмес экендигин Американын Вайоминг штатынын Моран шаарында өткөн конференциянын катышуучулары бул сенсациялык ачылыш тууралуу билдиришти.
Тогуз планетадан башка дагы 50 планета бар экендигин астрономдор байкашкан. Окумуштуулардын айтымында, алардын ичинен HD85512b аталыштагы объекттин атмосферасы Жер планетасынын атмосферасына окшош. Ошондой жаңы планета Жер шарынан 3,6 эсе чоң, бирок тартылуу күчү биздин планетадан 1,4 кичине. Планетанын температурасы 26,5 градустан 44 градуска жетиши мүмкүн. Ал жакта бир жыл 60 күнгө созулат, анткени планета күнгө жакын жайгашкан. Эгерде HD85512b аталыштагы объектте жашоого мүмкүн болсо, анда ал жакта жашаган жашоочулардын дене түзүлүшү жана келбети башкача болот дейт окумуштуулар.

Деңизден табылган байыркы сыра жана шампан
Жакында эле Финляндия аралдарынан жана Балтика деңизинин түбүнөн табылган алты шише окумуштуулар тарабынан изилденди. Изилдөөнүн негизинде дүйнө жүзүндө курамы боюнча эң байыркы сыралардан болуп чыкты. Суунун түбүндө 200 жыл жаткан бул сыра Финляндиянын техникалык изилдөө борборунда изилденген.
Финляндиялык окумуштуулар сыранын курамын анализдеп көрүп, курамында кум шекер, ароматталган кошумчалар, ошондой эле хмель бар экендигин аныкташкан. Мындай компоненттер заманбап технология менен жасалган сыраларда гана колдонула турганын айтышкан.
Анализдөөнүн натыйжасында, сыранын даамын кычкыл кылып турган бактерияны байкашкан, ошондой эле изилдөөчүлөр сыранын курамынан дрождорду (ачыткы) табабыз деп үмүттөнгөн. Окумуштуулар деңиздин түбүнөн табылган сыраны "байыркы сыра" деп айтууга негиз жок экенин билдиришти. Алдыда дагы беш айнек идиш изилдөөдө турат, ошолорду текшерип бүткөндөн кийин, сыралар байыркы экендиги аныкталат.
Ошондой эле сыра менен кошо шампан суусундугун кошо табышкан.
Былтыркы жылы Балтика деңизинен спирттик ичимдик табылган. Бул алкоголдук ичимдик Россиянын императору Николай I ге жеткизилмек. Бирок ичимдиктер өз дарегине жеткен эмес. Эксперттердин айтымында, чөгүп кеткен ичимдиктер 1811-1831-жылдарга таандык. Ушул жылдын июнь айында байыркы делген шампан ичимдиги 43,6 миң долларга сатылган.

Даярдаган
Сейил Шералиева