Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

...каш, кирпик,чачтар уялап түшө баштайт
Бардык оору нервден.
Сифилис - кумарлануу оорусу.
Кийинки убакта оорунун көбөйгөнүнө байланыштуу, кайсы дарт кайдан келип жатканынан башың адашат. Деген менен, ар бир оору өзүнүн белгилерин берип, камырабаган кыргыз элин ооруканага барууга аргасыз кылат. Борбор калаада гана кездешчү сифилис оорусу, эми айыл кыштактарга да тарап бара жатканы баарыбызга маалым. Бул саныбызда аталган оору жөнүндө кененирээк маалымат алуу максатында, медицина илимдеринин кандидаты, ассистент, врач дерматовенеролог Усубалиев Мейкин Бейшенбаевичке кайрылууну туура таптык.

- Сифилис кандай оору жана кайдан келип чыккан?
- Сифилис - бул терини, былжыр челдерди, ички органдарды, сөөк муундарды жана нерв системасын жабыркатчу өнөкөт венерикалык оору. Ал эми сифилистин келип чыгышы 14-кылымдын 30-жылдарына таандык. Бул ооруну козгоочу бактерия бозомтук трепонема. Бактерия спираль түрүндө узундугу 8-14мкм, туурасы 0.2-0.5мкм, ар түрдүү кыймылдарга ээ. Маятник сыяктуу жыйрылып, өзүнүн огунда, жылан сыяктуу кыймылдары бар. Териде 3-4 суткага чейин жашайт. Ысык температурада, мисалы, кайнак сууда тез өлөт, муздакка чыдамдуу келет, мисалы, -70 градуста 9 айга чейин жашоого жөндөмдүү.
- Кантип жана кандай жолдор аркылуу жугат?
- Көптөгөн жолдор аркылуу жугат. Мисалы:
1) Жыныстык катнаш аркылуу - бул 95%ды түзөт.
2) Жыныстык эмес жол менен: медиктер оорукчанды кол кабысыз изилдеп жатканда. Анткени көрүнбөгөн кесик аркылуу, бактериялар кирип кетиши мүмкүн.
3) Эгерде жара ооз көңдөйүнүн былжыр челдеринде жайланышса, анда өбүшүү аркылуу да жугат.
4) Түз эмес контакт аркылуу, мисалы, оорукчандын идиш аягын колдонгондо, тиш доктурлардын оорукчандан кийин колдонгон нерселерин таза жуубай койгондо да жугушу мүмкүн.
5) Кан куюу аркылуу. Сифилис менен ооруган донордун канын куйганда да жугат.
6) Кош бойлуу аялдан балага берилиши мүмкүн. Эгер боюнда бар эне сифилис дартына чалдыкса, же мурун ооруп аягына чейин дарыланбаса. Анда оору балага зыянын тийгизиши мүмкүн.

- Сифилис менен ооруп жатканын кантип билсе болот?
- Бул оору үч мезгилге бөлүнөт. Ага чейин адамдын организминде инкубациялык убакыт өтөт, б.а., бул убакта оорукчанда эч кандай оорунун белгилери пайда болбойт. Ал мезгилде жөн гана трепонема организмге кирип, көбөйө баштайт. Бул убакыт орточо эсеп менен 21-28 күндү түзөт. Жогоруда айтып өткөн инкубациялык мөөнөт бүткөндөн кийин сифилистин биринчи мезгили башталат. Ушул маалда трепонемалар бүт организмге тарайт. Көбүнчө жыныстык жол менен жукканына байланыштуу, жыныстык органдарда диаметри 1см ге чейин жеткен, оорутпаган жалтырак жара же эрозия пайда болот. Муну катуу шанкр деп атап коюшат. Арадан убакыт өткөн сайын шанкр чоңоё берет, кээде кемирчектей катуу болуп калат. Оорукчан дарыланбай жүрө берсе кан айлануу системасы аркылуу бүт органдарга жетет , ал тургай нерв системасына да кирип кетет. Ошентип, сифилистин экинчи мезгили башталат. Мында денеге, колдорго, көкүрөккө, далыга түшкөн ичке кызгылт тактар пайда болот. Алардын өлчөмү тырмактай болуп, кычышууга алып келет. Бул мезгилде көпчүлүк оорукчандарда ириңдүү жаралардын, чоң түйүнчөлөрдүн пайда болуусу жана кээ бир адамдарда каш, кирпик, чачтардын уялап түшүүсү менен мүнөздөлөт. Ушинтип, сифилистин экинчи мезгили дарыланбаса, эки жылдан 4-5жылга чейин созулат. Ошентип, оорукчан адам дарыгерлерге кайрылбаса, анда сифилистин үчүнчү мезгили башталат. Мында териде ички органдарда түйүндөр (гумма), дөңчөлөр пайда болот. Алар жарага айланып, бетте жайланышса, мурундун сөөгү же таңдайдын сөөгүнүн желип тешилишине алып келет. Буттарда чоң жаралар пайда болуп, түйүндөр боордо болсо, чоң кан тамырларга өсүп, же, катуу каноого алып келет. Мындай учурда тез арада операция жасоо керек. Нерв системасы жабыркаганда эрте нейро сифилиске жана бат унутчаак келип, бат же жай сүйлөп, жазуусу бузулуп, мүнөзү өзгөрөт. Галлюцинация болуп адам арыктайт.

Кыргыз Республикасынын статистика боюнча катталган:
1990 1994 1997 2010
86 997 7728 898

Бул оорукчандардын катталуусу гана, ал эми катталбагандардын саны жүздөп, миңдеп саналат. Анткени азыркы убакта менчик ооруканалардын ачылышы менен сифилис менен ооруган адамдардын саны катталбай жатат.
- Кандай дары-дармектерди сунуштайт элеңиз?
Эгерде мен кандайдыр дары-дармектерди атаган болсом, анда оорукчан врачтын көзөмөлүсүз колдонуп алуусу толук ыктымал. Андыктан бул оорунун гана дарысын эмес, башка илдетке каршы турууда врач менен акылдашып алуусу оң.






Арыктагың келеби, анда...

Ар бир толук адамдын эңсегени арыктоо экени талашсыз. Турмуштун татаалдыгын, жашоонун кызыгын ушунда экенине моюн сунбай кое албайсың. Анткени кээ бирөөлөр толо албай ар кандай дары-дармектерди колдонуп жаткандыгын да көрүп эле жүрөбүз. Ошентсе да толук адамдын ашыкча салмактан арылуунун жолдорунун бири - диета. Мунун көптөгөн түрлөрү бар. Мисалы, жалаң быштак жеп же шире ичип арыктоо. ж.б.


АРАЛАШ ТАМАКТАН ТУРГАН ДИЕТА
Диетаны 7 күн кармагандар 3-4 килограммга арыктай алышат.
8:00. Нанүштө - сулу акшагынын үстүнө кайнак суу куюп бир аз демдесе, ботко даяр. Кааласа ага алма, жемиштерди кошсо болот. 50 грамм йогурт же быштак жегенге уруксат.
10:00. Экинчи нанүштө - 2 алма же 1 мандарин, же башка жемиш.
12:00. Түшкү тамак - сууга бышкан майлуу эмес 150 грамм эт (же балык, же тоок эти), 1 жумуртка.
16:00. Алма же 2 мандарин.
18:00 (же 19:00). Кечки тамак - жашылча салаты, майсыз айран. Сууга бышкан 1 жумуртка жегенге уруксат.

БАНАН, СҮТ ДИЕТАСЫ
5 күндүн ичинде ашыкча 2,5 килограммдан арылууга болот. Болгону, бир күндө 6 банан, 3 стакан сүт ичүү керек.


АЙРАН ДИЕТАСЫ
Аталган диета менен 3 күндө 2-2,5 килограмм менен коштошууга болот. Болгону, бир күндө 1 литр айранды бөлүп-бөлүп ичип, жашылчаларды каалашынча жегенге болот.


КҮРҮЧ ДИЕТАСЫ
7 күндө 3 килограмм салмак ташталат. 3 маал сууга бышырылган күрүч желет (кичине тарелка менен). Буга эртең менен сууга бышкан 1 жумуртка, түштө 100 грамм майлуу эмес тоок эти кошулат. Кечинде күрүчкө 1 помидор кошуп жейм десе, өз эрки.


МАНДАРИН ДИЕТАСЫ
Аталган диета менен 5 күндө 4 килограмм менен коштошууга болот.
Нанүштө - 1 чыны кофе же 1 чай кашык бал кошулган чай.
Экинчи нанүштө - сууга бышырылган 1 жумуртка, 4 мандарин.
Түшкү тамак - сууга бышырылган майлуу эмес 120 грамм эт (тоок эти болсо терисин сыйрып салуу кажет), 1 тарелка ачытылган капуста же жашылча салаты.
Түш оогондо - сууга бышырылган 1 жумуртка, 4 мандарин.
Кечки тамак (кечки саат 6дан кеч эмес) - сууга бышырылган майлуу эмес 120 грамм эт, 1 тарелка жашылча салаты.

ЭСКЕ АЛ!
o Диета кармоодон мурда дарыгерден кеңеш алуу зарыл. Бул өнөкөт оорулардын козголбошунун же курчуп кетпешинин алдын алат.
o Оорум жок дегендер да организмине доо кетирип албоо максатында врач-диетологго кайрылып, кеңеш алуулары кажет.
o Диета учурунда күнүгө 1,5-2 литр суу ичүү керек. Суу денедеги шлактарды, ашыкча суюктуктарды чыгарып, арыктаганга жардам берет.


АЧУУ БАДАМДЫН КАСИЕТИ
Бадам ачуу жана таттуу болуп экиге бөлүнөт. Сыртынан экөө окшош, бирок ачуу бадамдын данеги ачуу болот. Ал кээ бир ооруну айыктырууга салым кошот.
o Терини чымыр, өз калыбында жакшы кармоого жардамы чоң. Демек, бадамды дамамат өлчөмү менен колдонсо, адам жаш көрүнөт.
o Дайыма башы ооруп жүргөн адам ачуу бадамга уксус кошуп, абдан эзип башына чаптаса, оорусу басылат.
o Бадамды жеп жүрсө көрүү да жакшырат, жөтөл басылып, какырык чыгат.
o Бал менен кошуп жесе, боордун иштеши жакшырат.
o Майдалап жанчып, сууга кошуп чачты жууса, какач кетет. Бадамды эзип туруп териде пайда болгон тактарга басса (маска), так жоголот.
o Ачуу бадамды майдалап эзип, сыр же шарап кошуп дененин кычышкан жерлерине (аллергияга эмес) сүйкөсө тып басылат.

БЫШТАК ЖАНА АЙРАН ДИЕТАСЫ
3 күн ичинде 2 килограммга чейин арыктоого мүмкүн. Мында бир күндө 5 ирет тамактануу керек. Ар жолкуда 150 граммдан быштак желип, 200 граммдан айран ичилет.


Бетти даярдаган Гүлнур Нуркалиева